Базыл баатырга – 300 жыл

Кыргыздын тарыхында белгилүү уруулардын бири жедигер деп аталган. Жедигер уруусунан тарагандар республиканын түндүгү менен түштүгүндө көп учурайт. Бирок, жедигерлердин басымдуу көпчүлүгү учурда мекендеп турган жери Жалал-Абад облусунун азыркы Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай айылы, Таш-Көмүр чөлкөмү десек болот. Чындыгында жедигер уруусунун түпкү теги “Манас” эпосунун доорунан башталганы белгилүү. Көчмөн эл катары карт тарыхта айтылгандай кыргыз элинин жоокерчилик замандардагы далай-далай кызыл кыргындардан чачылып-төгүлүп жүрүп олтуруп Тагай бий бабабыздан кийин көпчүлүк уруулар кайрадан жаралуу тагдырын башынан кечиришкен. Мындай тарыхый тагдыр жедигерлерди дагы өз сыдыргысынан өткөргөн.

Жети уруу жедигерлердин жеринде
Кыргыз эли байыртан келе жат-кан улут деп аталса дагы, өз тарыхый мурастарына маани берип турган учур дал ушул биздин мезгилге таандык. Эгемендиктин шарапаты менен элибиздин  өткөн тарыхын изилдеп, жазууга кеңири мүмкүнчүлүк ачылды. Советтик доордогу идеологиянын таасиринен  жат көрүнүшкө айланган ата-бабалардын уруу таржымалы кайрадан иликтенип, санжыра кайрадан салттуу жолуна түштү. Натыйжада  айрым унутулган тарыхый ысымдар соң­ку муундагы урпактарга чейин таанылып, тарыхтан өз ордун таап, кыргыз элинин даңазасын көтөрүп, байыркы аталган тарыхыбыздын булактарынын улам  тамыры көбөйүп, тактоолор менен баюуда.

Санжырада айтылгандай бүгүнкү күндүн жедигерлери да кыргыз элинин бир тамыры катары өсүп-өнгөн эл. Республикалык деңгээлде белгилүү атуул­дардан коомдук ишмер, Совет бийлигинин 1937-38-жылдардагы репрессиянын курмандыгы болгон, Кыргыз АССР Юстиция Эл Комиссары (1927-1928) Ташмухамед  Худайбергенов, айтылуу төкмө акын Ашыралы Айта-лиев, таланттуу обончу, ырчы Шамшыбек Өтөбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы шайланышынын депутаттары болгон Маматалы Үмөталиев,Тургунбай Анаркулов, Акылбек Арстанбековдун ысымдарын сыймыктануу менен атоого болот.

Ал эми эл арасында ажаат ачууга жараган жедигердин заманбап инсандары огеле көп. Булардын баары мындан 3 кылым мурдагы жедигердин чыгаан уулу Базыл баатырдын урпактары экендигине сыймыктанышат. Базыл баатырдын кыргыз жеринин түштүк элин калмак баскынчыларынан бошотуудагы эрдиги кыргыз тарыхынан өз ордун алышы келечек муундарга тарбиялык мааниси зор, дегеле мындай даректүү тарыхый инсандарды өз  бийиктигинде кемелинен кетирбей ыйык тутуу мыйзам ченемдүү көрүнүш. “Өлгөндөр баркталмайынча, тирүүлөр даңкталбайт” демекчи, өт­көндү унутпоо, бабалардын басып өт­көн жолун баалоо, татыктуу улантуу кийинки муундун ыйык милдети.

Ушундай максатта жакында жедигердин дагы бир мыкты уулу  Эсенжан Мусурманкуловдун демилгеси менен элдик эпосубуздагы айтылуу Олжобай менен Кишимжандын жери, Ноокен районунун Шамалды-Сай айылында Базыл баатырдын 300 жылдыгына карата чоң урмат менен маараке өткө­рүлүп, басмадан жаңы жарыкка чыгарган “Базыл баатыр” аттуу китептин бет ачар аземинин салтанаты бийик деңгээлде өттү. Аталган китепти аздыр-көптүр кыргыз тарыхына агып кирген булак  катары кабыл  алууга толук арзыйт. Анткени китептин башкы каарманы элибиздин дагы бир тарыхый инсаны Базыл баатыр. Китептин автору Үмөталиев Маматалы Солтон уулу колдон келишинче тарыхый булактарды изилдөө менен Базыл баатырдын  чыныгы элдик баатырдык бейнесин элестүү берүүгө аракет жасаган.

Салтанатка келген эл  баарынан дагы ушул китептин жарык көргөнүнө ыраазылык айтышып, автордун колунан кол тамга алып жатышты. Анткени элдин соңку жаңы мууну Базыл баатырдай бабасы тууралуу эми тереңирээк билет деп сүйүнүч кылышты. Китеп деген түбөлүктүү руханий курал экендигин  айтышып, авторго  ыраазылык билдирүүнү да унутушкан жок.

Бул мааракеге Бишкек шаарынан, Нарын, Ысык-Көл, Сары-Өзөн Чүй жа­на түштүк аймактарындагы жедигер уруусунан өкүлдөр келип катышты. Койлондон кооз жедигердин  элинде 49 үйгө конок алышып, кыргыздын нак­та салт-санаасын таанытышты. Көр­сө санжыра элди боорлоштуруп, бириктирет деген чын экен. Кыргыздын түндүгү менен түштүгүнүн эли бул күнү бир боордой кучак жая көрүшүп, амандыкка шүгүр айтышып, чын ыкластан берилген бир туугандык сезимде болушту.

Шамалды-Сайдын элинде бул күнү таң супасынан бирге шаңдуулук кошо ойгонуп, маараке үчүн атайын даярдалып, Курманбү Анаркулова баштаган чебер колдон чыккан аземдүү боз үйлөр тигилген аянтка агылышты. Эң алды менен келген меймандар Базыл баатырдын күмбөзүнө барып куран окуп, таазим кылышты. Ал эми маараке  башында кыргыздын салты менен келген меймандарды касиеттүү дасторкондун наны менен тосуп алышты.

Маараке салтанатын Тургунбай Анаркулов салтанаттуу ачып, алгачкы сөздү, тарых илиминин доктору, профессор Өскөн Осмоновго ыйгарды. Өскөн Осмонов кыргыз тарыхынын кыйырынан кеп козгоп келип, Базыл баатырдын тарыхый инсан экендигине окумуштуу катары далилдүү фактыларды келтирүү менен олтургандарды муютту. Ошондой эле Базыл баатырды кыргыз тарыхында өз ордун берүү менен окуу жайларда окуу программасына киргизүү максаты келечектүү иш экендигин билдирди.

Базыл –  улуттук баатыр
Базыл баатырдын ысымы тарых-ты изилдеп жүргөндөргө белгилүү болсо да көпчүлүк окурмандар билбеши мүмкүн. Баатыр наамы эл тарабынан катардагы адамдарга эле ыйгарыла бербейт эмеспи. Чын эле Базыл баатыр ким болгон? Аны жөн гана бир уруунун эмес, кыргыз эли үчүн эрдик көрсөткөн улуттук баатыр катары баалоого мезгил жеткендиги чындык. Ал калмак баскынчыларынан түштүк элин куткарууда эбегейсиз эрдик көрсөткөн. Калмак баскынчылары 1700-жылдардын орто ченинде кыргыз жеринен куулуп, биротоло жок болгон. Анда сөз учугун баатырдын тегинин таржымалынан баштасак.

Базыл баатыр жедигер уруусунан чыккан, ата-теги Долон бийден башталган тарыхый инсан. Долон бийден Ак уул (оң), андан Адигине, Тагай. Тагайдан Койлон, Койлондон кооз Жедигер, Жедигерден Мөңкө, Мөңкөдөн Карадөң, Карадөңдөн Ханкочкор, Кудаке.

Кудаке кадимки “Олжобай менен Кишимжан” кенже эпосундагы баш каармандардын бири катары окурман журтчулукка аты тааныш. Мунун чындыгын белгилүү этнограф, түрколог С.М.Абрамзондун изилдөөлөрү далилдеп турат. Мына ошол Кудакеден тогуз уул, эки кыз болгон. Эң улуу уулу Атаярдан Базыл баатыр төрөлгөн экен. Болжол менен алып караганда Базыл баатырдын туулган мезгили 1710-жылдын жаз айлары экендиги айтылат. Эң кызыгы Бишкек баатыр менен таяке-жээн болгондугу.

Кудакенин арманынын аягы жана жээни Бишкек баатыр
Ошо Кудаке өз балдарынан элди жоодон сактай ала турган, кол баштай турган бычакка сап, өрттөй уул чыкпай калганына өмүрү өр таяп баратканда арман кылган экен. Бирок небереси Базылдын баатыр чыкканы ал арманын жууп кеткендей болот. Кудакенин тагдырындай арман ошо кезде Чүйдөгү солтодон чыккан Кенен баатырда дагы болгон экен. Бирок Кенен баатыр Кудакеден жашыраак курагы болгондуктан намыс алаар баа­тыр уул төрөй турган аялзатын табууга жанына санчы-сынчыларын ээрчитип жер кыдырып келатып, капысынан жедигер туугандарга учураша кетүүнү туура табат.

Кыргызда сулуу аялдан баатыр уул туулбайт деп коюшат эмеспи. Кудакенин үйүнө түшкөн жолу Кенен баатырга капыстан издегенин жолуктурат. Сынчылардын көзү түшүп айтуусу менен Кудакенин кызы Көпуулдун колун сураттырып, буга Кудаке да түшүнүп, салт-санаа менен кызын Кенен баатырга узаткан экен. Жыл айланбай Бишкек баатыр төрөлүп, жедигерге жээн болгону ошондон.

Эл оозунда “Кыргыз Кызарт ашып, казак кайың сааганда” деген унутулгус сөз айтылып калган. Анын себеби ошол 1720-жылдарда  Орто Азияда калмактардын зомбулугу басып, элди эзүү эң оор чегине жеткен. Ыксыз алык-салыктар менен калмактар баш көтөргөн адамды бутуна басып, элдин колунда эмне болсо ырайымсыздык менен тартып алып турушкан. Көкөйгө көк таштай тийген калмактардын мыкаачылык, баскынчылыгы элдин жүрөгүнүн үшүн алып, кыжырын кайнаткан. Мына ошондо Кудаке бий акылгөй жакшы үмүт менен Айкөл  тоонун чокусуна чыгарып, эч ким билбес жайга эки миң атты бактырып турган. Ал жерде килемдей болгон кооз гүлдөрдүн ар түсү менен өз-өзүнчө өскөнү таңкалтырып, эл оозунда  “Килем-Ата” аталып калган.

Илгери ошондой табиятынын сулуулугуна сырттан келген бирөөнүн көзү тийип, боз үйлөр ташка айланып калган дешет, ошондонбу үйдөй болгон таштар жатат. Бул жерди Нияз баатырдын конушу болгон деп да жүрүшөт. Булактар агып, карагай арча, бетегелүү, бейиштей жер, эң кызыгы бардык жагынан тоолор менен тосулган ылымта, далдоо жер, жоо келсе аткан огу тийбеген касиети бар. Азыр бул жерди заманбап ишкер жигит Абдымамат Мураталиев кароого алган.

Мына ушул жерде жогоруда айткандай Кудаке бий тандалган аттарды бактырып, кыргыздын жигиттери да калмактардан жерибизди бошотууга чыгар бекен, ошого жарап калар деп чоң үмүт менен камданган тура. Ошол тилеги кабыл болуп, өрттөй тайманбай өсүп келаткан, олбурлуу, баатыр белгиси бар небереси Базылга батасын берип, жоо кийимин кийгизип, жанына тирикарак жигиттерден тандап, жоо жарагын таратып берип, тоо арасында эч кимге билдирбей аскер ишин үйрөттүргөн. Натыйжада Базыл баатыр кол топтоп, калмакты кыргыздын түштүк аймагынан кууп чыккан. Курмандыксыз жеңиш болбойт эмеспи.  Базыл баатырдын агасы Нияз баатыр  калмактар менен болгон катуу кармашта каза табат. Нияз баатырдын ааламдан өткөн жери деп Анжияндагы Асаке жерине коюшкан экен. Азыр Асакеде Нияз баатырдын эстелиги турат. Ошол жерде Нияз баатыр деген кыштактын аты дагы бар. Азыр эми ал жер Өзбекстанга карап калган. Бирок тарых деген тарых, бул чындык жууса кетпей турган, муундардан муунга айтыла бере турган окуя.

Шекспирдин трагедиясы деле ушундай болгон…
Кыргыз журту калмактардын кы-сымынан арылып, жайкерлик турмушта жашап калат. Базыл баатыр да жоокерлерин үйлөрүнө таратып, жылдар өтөт. Орто Азиядан калмактар  чыгып кеткени дайын болгонсуп, эл арасы тынчый түшөт. Бирок, каскактай болуп Чаткалдын тоолорунда беш жүздөй чамасындагы үй-бүлөлүү калмактар бекинип калып калган экен. Акыры кыргыздардын жеринде тынч жашай албасына көздөрү жетип жашырынып, Шамалды-Сайдын тушунда Кыр-Кечүү кечмелигинен өтүп бара жатышып, Базыл баатырга жакшы жолдош боло жүргөн Сарыке аттуу адамды кармап алышып, кыйнап, жергиликтүү абалды сурап билишип, Базыл баатырдын бейкам жаткандыгынан пайдаланышып, айылына кол салышат. Элдин алдын тоо таяна качырганга араң үлгүрүшүп, үлгүрө албагандарын калмактар чаап, кырышат.

Алардын эң негизги көксөгөнү Базыл баатырды өлтүрүп, өчүн алуу болгон. Бирок кантип? Аңгыча Базыл баатырдын уулу Байдын эки тестиер кызы бекинишкен бадалдан серейип коркуп чыга калышат. Калмактар төөнү чөгөрүп, кыздардын биринин чачын бирине байлаштырып арта салып, төөнү тургузуп жиберишкенде чучуктай чыңырган кыздардын үнү сөөккө жетет. Айласыз Базыл Баатыр, уулу Бай кошо калмактарга тике түшүп келүүгө аргасыз болушуп, катуу кармаш менен, чөөлөрдөй асылган көп калмактын колунан жарадар болуп каза табат.

Бул 1759-жылдар болчу. Эл-журту чоң ызаат менен баатырды  Бедире-Сайдын оозундагы мазарга эки кичинекей небере кыздарын эки жагына коюп, жанына Бай уулун жерге жашырышат. Муну угуп олтурган адам Шекспирдин трагедияларынан бул окуя эч бир кем калышпагандай экенин жүрөгүнөн өткөрөт…

Эки кылым өткөндөн кийин…
Ошондон туура эки кылым өткөн соң Базыл баатырдын сөөгүн Шамалды-Сайдагы Чүйүт-Сай мазарына көчүрүп келүү зарылдыгы пайда болгон. Себеби, 1958-жылы Майлуу-Суу шаарынын курулушу менен Базыл атанын күмбөзү турган көрүстөн дагы тегизделүүгө дуушар болгон. Ошондо жедигердин аксакалдары кеңешип, баатырдын сөөгүн жогоруда аталган Чүйүт-Сай мазарына көчүрүп келүүнү туура табышкан. Ага айылдагы Сарыбай, Сүйөр, Муса, Ысман, Акай, Боронбай, Мөөлөн, Осмонбай, Кожо ата, Ташимбет, Сатар деген аксакалдар салттуу барышып, каада менен баатырдын сөөгүн көчүрүп келишкен.

Эски мүрзөнү ачканда баатырдын түбөлүк жайындагы сөөгүнүн эки жагында эки кичинекей наристелердин сөөгү кошо чыккан. Алар кыз балдар экени моюнундагы кошо коюлган мончокторунан билинген. Сөөктөрдү көчүрүп келгенде да жерге куду мурдагысындай коюшкан. Мунун өзү баатырга деген элдин терең урматы, сыйы эмей эмне!

Бул окуяны Ороз уулу Сатар деген адамдын күндөлүгүнөн 1996-жылы көчүрүлүп алынгандыгын “Базыл баатыр” китебинин автору Маматалы Үмөталиев эскертет.

Баатырдын арбагы бир которулул алгандай болуп…
Драматург Сыдык Акматов сөзүндө Базыл баатырды каратаандай каптап келген бир кездеги калмактардын зордук-зомбулугунан куткарган Манас атанын жолун жолдогон соңку баатыр деп атоо менен, кайталангыс эрдигине баа берип, мындай деди: “Бул окуя гректердин драматизминин апогейи эмеспи… В.Шекспирдин канча кылымдардан бери дүңгү­рөтүп келе жаткан трагедиясы көз алдыбызга тартылат…

Базыл баатыр менен катарлаш жашап өткөн Жайыл баатыр бир райондун, Бишкек баатыр борбор шаарыбыздын атын алып жүрөт. Базыл баатырдын урпактары да келечекте баатырга татыктуу наамын ыйгарат го деп ойлоймун.” Бул сөздүн чындыгы бар. Улуттук баатыр дегенге татырлык тарыхый орду бар инсандарга ошондой бийик баасын адилеттик менен ыйгарыш кичүү муундун милдети.

Китептин автору М.Үмөталиев  бул күнкү кубанычын жашырган жок. Бул китептин жарык көрүшүн сүрөөнгө алган Э.Мусурманкуловго ыраазылык билдирип, өзүнүн төмөндөгүдөй ыр саптары менен сөзүн аяктады:

Үч кылым урпагынан үмүт кылып,
Кубанып кээде кейип, кээде сынып…
Кароол-Дөбөдө көз салып Базыл баатыр,
Олтургандыр бул күнү ичи жылып.

Ата арбагы кубансын, күлүп жүрсүн,
Урпактары кулакка илип жүрсүн.
Бир атанын балдары бир боордугун,
Санжырадан үйрөнүп, билип жүрсүн.

Чын эле арбак билет деген чын болсо Базыл баатыр атанын арбагы бир которулуп алгандыр, урпактарына ыраазы болуп, батасын бергендир, ылайым ошондой болсун. Жашоодо адам ача албаган касиеттүү сырлар көп эмеспи. Ким билет, балким ошондойдур, чын эле 17-сентябрдан 18-сентя-брга караган түндүн бир оокумунда Шамалды-Сайда эки ирет жер титиреди. Муну Базыл баатырдын аяны деп мааракеге келген аксакалдар баш болуп кеп кылып жатышты.

Маараке салтанатта математика илиминин доктору Салмоор Алымкулов, Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы Улан Өсөров, “Койлон ата” коомунун төрагасы Акылбек Арстанбеков, жедигердин жээндеринин атынан, солто уруу­сунан келген, Бишкек баатырдын урпагы Эсенгелди Асылкулов, Чүй облусундагы Жедигер айыл округунун башчысы Болот мырза, кочкордук жедигерлерден келген Шамен Сыдыков, Майлы-Суу шаарынын мэри Тургунбай Арипов, бишкектик Майрам Адашканова, Шамалды-Сай айыл округунун башчысы Ороз Чыналиев ж.б. расмий чакырылган коноктор, жергиликтүү атуулдар сөз сүйлөдү. Шамалды-Сай айылынын тургуну, жедигер кызы Абиба Сарыбаева Базыл баатырга арнаган ырын тапшырды. Анда төмөн­күдөй  жүрөккө жакын саптар бар экен:

Базыл атам балбан, баатыр, олуя,
Аруулукка урпактары жол ула.
Тууган жердин аска-зоосу жаңырсын,
Арбак тирүү, азыр турат ал уга!

Кылымдарды кучагына камтыган,
Базыл атам урпагы өссүн жалпы улам.
Опол тоодой оодарылып алат го,
Урматтаса улуу тоолук артынан.

Бул күнү ар ким өз көкүрөгүндөгү жакшы сөзүн айткысы келип турду. Маараке салтанаттын дагы бир өз­гөчөлүгү – учурдагы шайлоо саясатынын күчөп турган күндөрүнө карабай таза өткөндүгү. Эл муну өзү каалады, саясат тууралуу эч кимди сүйлөтүшкөн жок. Бул  иш чаралар жакшылык жөрөлгөсүнүн башталышы гана болмокчу. Салтанаттын аягында Базыл баатыр тууралуу  чети оюла элек дагы көптөгөн маалыматтарды топтоо менен келечекте жарык көрө турган “Базыл баатыр” аттуу экинчи китепти жарыкка чыгаруу, Шамалды-Сайда Базыл баатырдын эстелигин тургузуу жана күмбөзүн калыбына келтирүү иштери тууралуу пикир-сунуштар айтылды. Койлондон кооз Жедигер уруусунун журт атасы аталган, кылымдын жашын кирпигине сүрткөн эң улуу аксакалы Макиш ата Базыл баатырдын бардык урпактарына, жалпы элге ак батасын берди. Мааракени Базыл баатырдын сүймөнчүк урпактары болгон мектеп окуучуларынын концерттик программасы коштоду.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 30.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий