Кожомкул — теңдешсиз балбан

Өмүрү жана өнөрү улам кийинки муундарга өрнөк боло турган тарыхый инсандардын бири — Кожомкул балбан 1888-жылы Суусамыр өрөөнүндө жарык дүйнөгө келип, 1955-жылы 67 жаш курагында өмүрдөн өткөн.

Айтылуу балбан кечээ, жакынкы убактарда эле жашап өткөнүнө карабай, эмнегедир, эл ичинде анын боюнун узундугу, салмагы тууралуу эки ача маалымат бар экен. Биринде: баатырдын бою 2 метр, 30 сантиметр болгон деп айтылса, экинчисинде: 1 метр, 97 сантиметр болгон деп айтылат. Салмагы бир жерде — 203 кг., экинчи бир жерде — 164 кг. болгон делет.

Ал эми бут кийиминин өлчөмү — 52, колдорунун манжаларынын узундугу — 26 см., баш бармагынын туурасы — 4 сантиметр болгондугу айтылат.

Ал боорукер, жоомарт адам болгон
Эмнеси болсо да, Кожомкул балбан кермуруттуу улан кезинде эле келишкен кең далылуу, керилген узун бойлуу, кимдин болсо да көзүнө дароо урунган, жылдыздуу улан болуптур. Ошол «тентек» кезинде эле тегерек-белдеги «мен кыйын» деген балбандардын бирин калтырбай көпөлөктөй көтөрүп чаап, аты алыс-жуукка аттын кашкасындай таанымал боло баштайт.

Ошондой күндөрдүн биринде Кожомкулду Токтогул өрөөнүнөн чыккан кайсы бир манап тойго чакыртат. Каруусунда күчү ашып-ташып, кармашаарга теңдеш таппай турган улан акыры тойго жөө жөнөйт. Андай болгон соң, «жол азабы — көр азабы» деген болот. Бет алдыдан урган шамал, ызгаарды жиреп, бурганактаган борошого, көнөктөп жааган нөшөргө жолугат. Айтор, улам бир уңкур-чуңкурга жашынып, айылдын боорукер адамдары камдап берген анча-мынча азыгын гүлазык кылып, акыры той өткөргөн байдын үйүнө кирип барат.

Эшиктен кирип келген маңдайы жарык, заңкайган уланды көрүп эле, мындай адамды буга чейин эч качан көрбөгөн байдын оозунан келмеси ыргып кеткенсийт. Ордунан тура калып, мейманына озунуп салам айтып, берерге ашын, айтаарга сөзүн таппай калат.

Мейманы узагандан кийин байбичеси байын зекип:
— Кайдагы бир жаш балага эмнеге эле анча элпектене калдың? — дейт имиш. Анда байы:
— Э, байбиче, сен анын ийнинде артылып жаткан арстанды көргөн жоксуңбу?! — деп таң калыптыр.

Ошол тойдо Кожомкул балбан тойго келген кыйынмын деген балбандардын бирин калтырбай, ай-буйга келтирбей алып ыргыта бериптир да, жеңиши үчүн алдына 50 кой тартууга алыптыр. Бирок, жаш балбан анын бирин да айлына айдап кетпей, өрөөндүн колунда жок кембагалдарына бөлүп берип, сапарын улап кете берген дешет. Ошондон тарта анын балбандыгы менен кошо эле ашкан жоомарт, боорукердиги тууралуу аңыз узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына тарайт.

Казактын Чолок балбанын жыкканы
Ошентип, 1920-жылдарга чейин Кожомкул Кыргызстандагы «мен балбан» дегендин канчасынын «тамырын тартып», бирок өзүнө теңдеш бир да атаандаш жолуктура албай жүргөн кезде, казактан чыккан Чолок балбан менен күрөшүүгө чакырык келет. Бирок, чындыгында Кожомкул ал күрөшкө анчалык деле көңүлдөнгөн эмес дешет. Анткени, ал ошол кезде айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеп жаткан чагы экен. Кыргыздын салтында эл бийлеп турган адам оюн-зоокко аралашып, эли-журтка этин көрсөтпөшү керек. Бирок, жогорку тараптагылардын «күрөшсүн» деген талабы болуп, акыры ынанат да, күрөштүн 23-мүнөтүндө Кожомкул Чолок балбанды көтөрүп чабат.

Ошол күрөштөн кийин Чолок балбан менен Кожомкул жакын жолдоштордон болуп калышат. Атүгүл бир жолу казак балбаны Кожомкулду Иван Поддубный менен күч сынашууга чакырат. Бирок, кандайдыр себептерден улам бул күрөш болбой калган дешет.

Кожомкул жылдырган үйдөй таш
Кожомкулдун күчү тууралуу ар кандай имиш-имиштер, уламыштар айтылып жүрөт.

Ошондой окуялардын дагы бири 1930-жылы болуптур. Бир күнү суусамырлыктардын атчан тобу Чүй өрөөнүн карай жөнөп, бирок, Төө-Ашуунун белине келгенде ары өтө албай абдаарып калышат. Анткени чоңдугу кудум боз үйдөй болгон таш жолду бөгөп калган экен.

«Кыргыз туусу», 24.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий