«Кыска, нуска өмүр сүргөн көп кырдуу талант…»

Баарыбызга белгилүү, өткөн кылымдын 1960-жылдары Советтик жазуучулар менен журналисттер, анын ичинде кыргыз калемгерлери турмуш чындыгын кеңири, терең изилдөөгө жигердүүлүк менен киришкен. Ошол кезде адабиятка аралашкан муунду биз сөз кыла турган Калыгул Токтомамбетов өңдүү жаш таланттардын чоң толкуну, жаңы генерациясы толуктайт. Калыгул Токтомамбетов, Токтосун Самудинов, Кубатбек Жусубалиев, Мелис Абакиров, Мырзаян Төлөмүшөв, Дайырбек Казакбаев, Төлөгөн Мамеев өңдүү калемгерлер бир учурда жана бирдей чөйрөдө төрөлгөн. Дал ушул интеллектуалдуу, жогорку билимдүү муундун чыгармаларынан, алар чагылдырган темалардан профессионал кыргыз адабиятындагы жаңы тенденция байкалат. Демек, 60-жылдардагы адабияттын, журналистиканын өнүгүшү мурдагыдан түшүмдүү болгондугу — тарыхый-реалдуу кубулуш.

Ырас, Калыгул Токтомамбетовдун ысымы азыркы окурмандарга аздыр-көптүр гана таанымал. Анткени, анын аты азыркы адабий процессте унутта калтырылып келет. Биз ошол кумга сиңген суудай көмүскөдө калган баалуулукту ачып көрсөтүү — милдет деп билебиз.

Азыркы жаш муундарга таланттуу журналисттин жашоо образы, жалындуу чыгармачылыгы үлгү боло алат жана көңүл бурууга толук татыктуу.

Калыгул Токтомамбетов жаңы генерациянын сабында такшалып, 60-жылдардагы журналистика жаатында бир топ алгылыктуу эмгектерин калтырган. Ал чыгармачылык ишке орто мектепте окуп жүргөн өспүрүм кезинен аралашып, ар бир макаласында дыкаттык, дилгирлик тааныткан. Негизинен калемгерлер, жалпы эле көркөм дүйнөнүн адамдары бири-бирине окшобогон, кайталанбаган өзгөчөлүккө, шык-дараметке эгедер болушу кажет. Жанрдын талабына жараша ар биринин өзүнчө ой-жүгүртүүсү, өзүнчө жазма стили болууга тийиш. Калыгул Токтомамбетов калемгер катары мына ушундай өзгөчөлүккө ээ болгон. Ал студенттик жылдарынан тарта Кыргызстан Комсомолунун Борбордук Комитетинин жооптуу кызматкери болгон жылдар аралыгында да демилгелүү, жалындуу, актуалдуу макалаларын үзбөй жазып турган. Анын макалаларында сөз кылууга арзырлык орчундуу, олуттуу темалар, актуалдуулугун жоготпой турган ой-пикирлер, сунуштар, демилгелер камтылган. Дегеле, Калыгул Токтомамбетовдун билгичтиги, журналисттик методу тамыр сыяктуу жайылып, бир башкача ажайып дүйнөнүн эшигин ачкандай. Бул азыркы журналистикага үлгү, сабак болоорлугунда шек жок.

Жаш журналисттин ар бир макаласында камтылган ойлор, идеялар биригип келип, бара-бара анын таланттуу, келечеги кең, турмушту кылдат жана чебер сүрөттөй билген жазуучу болоорун ырастап турган. Калыгул Токтомамбетов журналистика жаатында тынбай изденген. Эмнегедир ал өзү да өмүрүнүн кыска экендигин сезгендей ар дайым ашыга эмгектенген… Тырмак алды алгачкы табылгалары райондук жана республикалык басма сөздө анын балакатка толо элек курагынан жарыялана баштаган.

Калыгул Токтомамбетовдун өмүр жолу чыныгы журналисттин, таланттуу жазуучунун образын түзүп турат. Жаштайынан калеми курч талант өзүнүн чыгармачылык багытын, баасын жакшы билген жана адабий процесске жеткилең, сын көз карашта мамиле жасаган. Жазуучу жалпы эле чыгармачылык жана адамдык жолунда таза, идеалдык позицияны тутунган.

Кейиштүүсү, Калыгул Токтомамбетов өтө кыска өмүр сүрдү. Жарык дүйнөдө бар болгону жыйырма беш жыл гана жашаган автордун чыгармачылык мурасы жупуну экени табигый көрүнүш. Бул биринчиден, анын өмүрүнүн кыскалыгынан болсо, экинчиден, ал ар дайым чыгармачылыгына профессионалдык бийик жоопкерчилик менен мамиле кылганынан улам болсо керек.

Журналист, жазуучу Калыгул Токтомамбетов жашоодогу реалдуу көрүнүштөрдүн баалуулугун, кайталангыс кереметин жазгысы келген. Аны издеген, табууга аракет кылган. Жаштык куракка таандык максималдуулук менен өзү издеген теманын өнүгүшүн, эмгектери узак мезгилдер жашап калышын каалаган. Анын басма сөздө жарыяланган же кол жазма түрүндө калган чыгармаларын окуган соң, ал кандайдыр бир бурулушту эңсеп, штампка айланбаган өзгөчөлүккө, өз алдынчалуулукка умтулгандыгын баамдоого болот.

Жашоодо кыска өмүр сүрүп, анын таланты, дарамети, журналисттик жана жазуучулук жүзү толук ачыла албай калган. Баамдаган адамга, тереңден түшүнгөнгө бул өтө эле аянычтуу!.. Ушунчалык тубаса талантка ээ болуп туруп, бирок ошол жөндөмдү толук ачып бере албай калыш өкүнүч эмей эмине?!

Жаркын талант өзүнүн жыйырма беш жылдык кыска өмүрүндө прозада, поэзияда күч сыноо менен бирге драмалык чыгарма жаратууга да умтулган. Балким, жаркын жаш талант өз пьесасы кыргыздын борбор шаарындагы театрлардын биринде коюлушун эңсеген чыгаар… Тилекке каршы, калемгердин драмалык жанрда жазылып, толук сакталып калган чыгармасы жок. Болгону, «Жайлоодо» аттуу бир көшөгөлүү, эки сүрөттүү пьесасынан үзүндү сакталып калган.

Замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда, Калыгул Токтомамбетов өтө токтоо, маданияттуу, бир сырдуу, көп кырдуу адам болгон. Адам катары өтө жогору сапаттарга ээ болгондуктан ал калемдеш жолдоштору арасында кадыр-барктуу, чоң урмат-сый үстүндө жүргөн.

Калыгул Токтомамбетов 1941-жылы 3-июлда Кемин районундагы Чым-Коргон айылында туулган. Ал көп кырдуу талант эле. Журналист, жазуучу, акын жана комсомолдук жооптуу кызматкер…

Ал алдына көп аруу тилектерди койгон. Бирок, аттиң… Жаш өмүр трагедиялуу үзүлгөн. Ал күтүүсүз кырсыктан улам, 1966-жылы 21-ноябрда көз жумган. Анын артында Бактыбек аттуу бир гана туягы калган. Тагдырдын татаалдыгын көрүңүз, тулпардан калган туяк да мезгилсиз көз жумуп калган.

Кезинде Калыгул Токтомамбетовго замандаштары чын дилден жылуу пикирлерин билдиришип, алдыда андан чоң чыгармачыл инсан чыгаарына ишенишкен. 1960-жылы Шатман Садыбакасов да Калыгул Токтомамбетовдун чыгармачылыгына карата жылуу пикирин билдирип, кат жолдогон экен.

Калемгердин чыгармачылыгына тереңден үңүлүп карап, саресеп салганыбызда, мазмундук, формалык жана жанрдык жактан көп кырдуулуктун учкундарын баамдайбыз. Биринчиси, анын журналисттик сапары болсо, экинчиси, прозаик жана акын катары калтырган баалуу эмгектери болуп саналат.

Анын тестиер балдар үчүн жазган аңгемелери өтө кызыктуу жана оригиналдуулугу менен өзү теңдүү калемдештеринен айырмаланып турган. Ал ошондо эле өтө сергек, чоң даярдык менен жаза баштаган экен. Жазуучулук багажы студенттик кезинен тарта эле тубаса жана табигый болгондугун баамдоого болот. Калыгул Токтомамбетовдун чыгармачылыгындагы чоң бир бөтөнчөлүк катары анын көркөм тилинин байлыгы көбүрөөк көңүл бөлүүгө арзыйт. Жазуучулук көркөм дүйнөдө эң ириде, тил касиети чоң мааниге ээ экени белгилүү. Мына ушул жагынан алсак, жаш калемгердин көркөм тили анын чыгармачылык сапарында жаркыраган жылдыз сымал жанып турат. Анан калса, аңгемелеринин сюжеттерине, композиция түзүү, образдарды тандай билүүсүнө таң бересиң. Ал тубаса көрөңгөсү, көркөм түшүнүгү, дүйнөлүк жана орус адабиятын көп окугандыгы аркылуу мезгилден озуп, өз замандаштарынын көчүн баштады. Аз болсо да саз көркөм мурасы анын атын өчүрбөй, окурмандарды азыркыга чейин өзүнө тартып тургансыйт. Өзүнүн бийик, кайталангыс жазуу стили, иштөө методу менен Калыгул Токтомамбетов өз жөндөмүн, күчүн, аракетин, талантын андан ары байытып, тереңдетип, аны ар түрдүү формаларга, стилдерге кеңири жол ачуучу ачык системанын деңгээлине чейин өнүктүрүп, өстүрүп, идеялык-эстетикалык жаңы ачуулары боюнча жогорку көркөм мурасты калтыра алды. Көркөм сөздүн жаш өкүлү мүнөз проблемасын да, жанрлардын да (повесть, аңгеме, пьеса, публицистика ж.б.) табиятын түшүнүп, аларды артында из калтыра тургандай деңгээлде татыктуу иштеп чыккан. Таланттын бардык чыгармаларында терең философия деңиздей жайкалып турат. Актык, тазалык, бийиктик, нарк-нускалуу баяндар, анан да башкысы, дүйнөлүк адабияттын улуулугуна таасирленген жандуу, сапаттуу, өлбөс-өчпөс болуп жашап калчу темалар калемгердин эки өмүр жашап калышын айгинелейт.

Ал анчейин байкала бербеген, бирок, өз учурунун анык таланты, новатору катары кыргыз окурмандары менен кырк жылдан ашуун мезгил өтсө да, кайрадан жолугушуп, адабий табылгалары түбөлүк жашап калууга тийиш.

Чыгармачыл таланттын артында анын атын өчүрбөй, узак жылдар бою жашай турган баалуу сөздөр калат тура. Тубаса талантка эгедер бул адам жашоодон эрте кетип, замандаштарын кейишке батырганы менен анын артында кайталангыс чыгармалары, эч нерсеге алмашкыс нускалуу ой-туюмдары калды. Ал кыска, бирок нуска өмүрүндө керемет дүйнө жаратууга үлгүрө алды…

Нурзада ОСМОНОВА

P.S. Калыгул Токтомамбетовдун чыгармачылыгы кеңири талдоого алынган макаладан кыскартылып, жарыяланып олтурат. Буюрса, эртедир-кечтир макаланын толук варианты да колуңуздарга тиет деген ойдобуз. Анткени, таланттуу кесиптешибизди эскерүү — адамдык милдет болоор…

«Пресс.kg» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий