Сүйөркул Чокморов: Токулган токтомдор, тургузулбаган эстелик

Аттиң ай, бири кем дүйнө. «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» деп айтып келебиз. Бирок атагы ай- ааламга кеткен замандашыбыз, КРнын эл сүрөтчүсү, СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун элеси көпчүлүктүн эсинде болгону менен, колубуздан келгенди да жасабай, элесине татыктуу таазим кыла албаганыбыз өкүндүрөт. «Эстелигин тургузабыз» деген 1997-жылдан бери өлкөдө бир канча өкмөт башчы алмашты, маданият тармагынын канча министри алмашты, бирок Сүймөнкул Чокморовго айкел тургузулбай келатканы келаткан. Эстелик тургузуу маселесин 70 жылдыгына карата бүтүрүү демилгесин көтөрчү агасы Намырбектин да көзү өтүп кетти.

— Сүйөркул аба, Намырбек агай «Сүймөнкулумдун эстелиги көзүмдүн тирүүсүндө туруп калса болоор эле» деп көп айтчу эле. Жазмыш ушул экен, ал кишинин да көзү өтүп кетти. Ошол айкел тууралуу сиздин аракетиңиз кандай болуп жатат?
— Туура, көзүм тирүүсүндө айкелди көрсөм экен деп агабыз далай аракеттерди кылды. Канча ирет маданият министрлигине кат жолдоду, барып да жүрдүк, бирок тилекке каршы, эч майнаптуу иш аткарылбагандыгы өкүндүрөт. Султан Раевден көптү үмүт кылаар элек. 70 жылдык мааракесине чейин бир иш аткараар дегенбиз. Бирок айткандарыбызга баш ийкегенден башка эч бир жылыш болбоду.Тээ 1997-жылдан берки токтомдордун иш жүзүндө аткарылбагандыгы Сүймөнкулду кайра-кайра өлтүргөндөй болууда. Айкелди өз каражатыбызга деле тургузсак деп ойлогонбуз, бирок пенсиядагы адамдар үчүн чоң каражат табуу, чындыгында, кыйын болот экен. 2 жолу марафон уюштурдук. Кыргыздын уучу кур эмес экен. Кудайга шүгүр, көп эле каражат топтолгон. Марафондун комиссиясынын мүчөсү, агам Намырбектин көзү тирүү анда бар болчу. Анда чогулган 400 миң сомдун дайын-дарегин кимден сурайбыз эми, билбейм.

— Мамлекеттен каражат сурап кайрылдыңыздарбы?
— Мамлекеттен каражат деле сураган жокпуз. Болгону марафондо жыйналган каражаттын кайда катылганын таап бергендер болсо болот эле. Сүймөнкулдун Бишкек шаарындагы өнөрканасы да киши ыйлагыдай абалда. Мамлекет үчүн кызмат кылган адамдын эмгеги акталбай калганы мени эле эмес, мен кыргызмын деген жарандын баарын ойлондура турган маселе. Утур бир алмашкан жетекчиге кайрылып, ишти чечип берүүсүн өтүнүп жүрүп, эч майнап чыгара албадык. 2006-жылы марафон уюшулуп, бирок айкел тургузуу иши кечеңдеп келүүдө. Экс-министр С.Раевдин айтуусуна караганда марафондон түшкөн каражат макет курууга гана жеткен.

«Караш-караш» кинотасмасындагы образы менен айкел орнотулса деген тилегибиз бар.

— Маданият министри алмашканынан кабарыңыз бардыр…
— Албетте, маданиятты түшүнгөн адам келгенине сүйүнүп калдык. Эмики үмүтүм утур алмашкан жетекчиде же кайра-кайра токулган токтомдо эмес, маданият министирлигин жетектеп аткан Садык Шер Нияз инимде.
Кыргызды Ч.Айтматов өз чыгармасы менен дүйнөгө таанытканын мойнубузга алганыбыз менен ошол чыгармалардагы адамдардын бейнесин ачып берүүдө негизги ролдо Сүймөнкул болгонун жашырганыбыз болбос.

1997-жылдан берки токтомдор аткарылбай, айкелдин макети жасалып, бирок иш аягына чыкпаганы өкүнүчтүү. Албетте, токтомдор токулуп, бирок иш жүзүндө аткарылбаса, ага убараланып не… Айкелдин алигүнчө тургузулбаганы кимдин күнөөсүнөн? А балким Сүйөркул ага айткандай айкелдин тагдырын жаңы маданият министрлигинин жетекчиси чечип, кылымга тете эрдик көрсөткүсү бардыр.

Кундуз Исмаилова, «Адилет пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий