Ыйык жер. Байдөөлөттүн керемети

Аскараалы Абдылдаев — бүгүнкү күнү 86 жашта. Ал Тогуз-Тородо 63 жыл айыл чарбасында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Айыл чарбасынан тышкары кыргызчылыкка байланыштуу айта турганы арбын аксакалдын төмөнкү баяны окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ишенебиз.

Тогуз-Тородо Тагай, Бөрү деген эки эл турат. Мен тайданмын. Кировдо 5 жыл деректир болгом. Талаачылык, мал чарбачылыктын сырын жакшы билем.

Биздин өрөөн ыйык жерлерге бай. Киров айылынын үстүндө Жылаңач-Бугу деген мазар бар. Бир кезде дал ошол жерде Манастын сөөгү коюлган деп аңыз кылышкан, ошол жерде. Манастын оозу, Манастын үңкүрү деген жерлер бар. Төбөсүндө мүрзөдөй топурак, казан бар дешет. Бирок ал жерге мен өзүм барган эмесмин.

Ошондон ары көздөй Көкташ мазары деген бар. Өзүм 62 жыл чарбада иштегем, анын 53 жылын ошол Көкташтын айланасында иштедим.

Көкташ мазарында илгери Байдөөлөт деген эшен турчу экен. Өзүнүн уругу Тагай болот. Анын маңдайында Нарын суунун өйүзүндө, Токтогул жагында Ак-Колот деген мазар бар. Көкташ Камбар-Ата ГЭСинен кырк чакырым алыстыкта жайгашкан. Чоң боз үйдөй көк таш. Тикесинен турат. Жанында мүрзөлөр бар. Ошол көк таштын түбүндө Байдөөлөт эшен боз үй тигип, жайы-кышы турчу экен. Аркы Тогуз-Торо, Жумгал, Сары-Камыштан төрөбөгөндөр, оорулуулар, баласы токтобогондор келип, шыпаа алышчу экен. Кийинки жылы ыраазычылык билдирип, бата алып кетчү дешет.

Ташка айланган теңге
Ошол кезде Кокон хандыгынын убагы. Мадели хан Тогуз-Торого чеп салган. Ошол борбордо 30 дай аскери менен бек, кожоюн турган экен. Анын максаты элден салык алып, ханга жөнөтүп туруу болгон. Анан ага эл Бакдөөлөт калпа элден ыраазычылык катары акча-тыйын алаарын ушактайт да. Он үйлүү тууганы менен тураарын, бай экендигин айтышат. Бирок ал бай эмес экен. Аны уккан бек айдап кел деп эки аскерин жиберет. Барса, үйүндө жок. Байбичесинен, балдарынан сурашса, намазга кеткенин айтышат. Ак-Колотто теректер, мүрзөлөр бар. Ал киши Көк-Таштан аркы ошол өйүзгө өтүп окучу экен. Барышса, көпүрө жок. Тиктеп турушса, намазын бүтүп суунун үстүнөн кепиччен басып келет. Коркуп кетишип: «Таксыр, сизди бек чакырып атат», — дешет аргасыз. «Болуптур, кеч болуп кетти. Эртең менен кеткиле», — дейт. Меймандарды боз үйгө киргизет. Байбичеси тарткынчыктап, үйдө мейман коноктоорлук эч нерсе жок экендигин айтып шыбырайт. Байдөөлөт эч капарсыз: «Казан аса бер», — деп коет. Аңгыча бир бүркүт бир уларды кууп келип, так очоктун жанына түшүрөт. Бышырып, экөөнү коноктошот.

Эртеси ойгонуп, шам-шум кылган эки аскер: «Жүрүңүз таксыр, баралыбы?», — деп кайрылса, «Силер бара бергиле, артыңардан барайын», — деп Байдөөлөт калып калат. Барбай койсо ит болдук го деп экөө кетет. 5 сааттык жол. Эки аскери жетип, кожоюнуна Байдөөлөт эшендин жакында келээрин кабарлайлы дешсе, Байдөөлөт алардан мурун жетип, бек менен сүйлөшүп отурган болот. «Мына таксыр, келдик», — дейт Байдөөлөт беймарал. Таксыр чакырган себебин билдирет. «Биз бай эмеспиз, бирок алчуңузду айтыңыз, беребиз. Шариятта мындай, «улук кудай эмес, бирок кудайдан кем эмес» — деп айтылат. Буйругуңузду аткарабыз», — деп жооп берет. Ичинен кымылдаган бек жылына канча салык төлөп туруулары керектигин билдирет. «Камтама болбоңуз. Айткан күнүңүздө келип турат», — дейт Байдөөлөт. Бек анда: «56 жылдан бери дегеле төлөбөптүрсүз. Берип кетпейсизби?», _ дейт. «Канча?». «Баланча теңге». Байдөөлөт калпа колун жазса, ошончо теңге түшөт. Батасын берип кетейин дейт. Бакдөөлөт калпа кеткенден кийин сүйүнгөн бек теңгени сандыгына катат. Эки-үч күндөн кийин канча теңге берди экен деп караса, бергени таш дейт. Бир керемет болуптур.

(Уландысы кийинки санда)

Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА Филология илимдеринин кандидаты, «Айгине» маданий изилдөө борборунун илимий кызматкери,
«Адилет пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий