Жарк этип келген чыгарма

Тарыхты дайыма жеңгендер жазат” дейт эл лакабы. Мунун өзү – тарых эч убакта эки тарапка бирдей калыс жазылбайт дегенди билдирмекчи. Тагыраак айтканда, жеңилгендер ар дайым жексур образында көрсөтүлөт деген сөз. Бирок, доор дегениң тим тура бербей, бат эле аласалып-алмашып кетмеги бар тура. Ошого каниет. Анткени, жаңы доор келсе тарых кургур өзүнүн чындыгын издеп, карайлап, акыры аны тапмакчы болуп, атүгүл таап алып да жатпайбы. Ошол чындыкты издегендер кимдер? Албетте, тарыхчылар, жазуучулар, өткөнгө дилгир ар бир таланттуу инсан, акыры түбү жалпы эл өзү эскинин дүмүр­чөктөрүн бирден чогултуп отуруп, бөксөнү толтурмагы турган иш. Жалпыбыз буга нечен ирет күбө болуп келатабыз.

Жакында өзүм да ошонун дагы бир ажайып күбөсүнө дуушар болдум. Ал күбө – “Мисмилдирик” аттуу таңкалычтуу роман. Авторун мен угуп да, билип да көрбөгөн экемин. Аты-жөнү – Арслан Капай уулу Койчиев дейт. Адеп мени тузактаган “Мисмилдирик” деген сөз болду. Бул сөздү биресе укканым бар, бирок мааниси бүдөмүк, эсимде даана калбаптыр. Сөздүк­төрдөн карасам – жок. Акыры автор өзү бир жерден түшүнүк берээр деген ой менен китепти окуп баштап, аягына чыкканчакты колумдан түшүрө албадым. Сөз чынынан бузулбас – менин курагымда, төтөн жа-зуучу болсом, колго алган эле китепти тирмейип окуй албайсың.

“Мисмилдирик” – тарыхтын чындыгын таамай изилдеген, таланттуу китеп болуп чыкты. Болгондо дагы өт­көнүбүздүн илимде болсун, адабият менен искусстводо болсун анча таасын чагылдырылбай, бүдөмүк тартып келген этабын, башкача айтканда, 1916-жылкы көтөрүлүштүн өзүн эле эмес, анын алдындагы кыргыз турмушунун социалдык, психологиялык кеңири панорамасын окуучунун көз алдына эң бир таасын тартып бергендиги курсант кылды.

Сураштырсам автор Би-би-си радиосунун Лондондогу кыргыз редакциясынын продюсери, кара жаак манасчы Сапарбек Касмамбетовдун күйөө баласы, кесиби тарыхчы, биринчи көркөм чыгармасын элине тартуу кылган 40 жаштын тегерегиндеги токтогулдук жигит болуп чыкты. Касиеттүү жериңден айла-найын Токтогул дедим ичимден, “дагы бир талантты кыргызга тартуу кылган экенсиң!”

Романдын ичине кирсең Бетегелүү Чоң-Таштын чөйрөсүндө жашап, күн өткөргөн Кудаян болушундагы бир ууч элдин типтирүү образдарын дапдаана көрүп багасың. Алар Нарбото деген найзалуу жигитти ээрчип, калмакка барып жылкы тийип, өлүп-тирилип, андан соң орус берселиндер (переселенцы) менен тымызын тирешип, суу баскан мыкты жерлеринен айрылып, акыры зомбулук, кордукка чыдабай, Ак падыша аскерге алам дегенде көтөрүлүп чыгышат.

Колониализмдин майдадан чоңго дейреки саясий дагы, социалдык-турмуштук дагы типтүү белгилеринин бардыгы чыгармада күнү бүгүнкүдөй  жаңырып турганы кубандырат. Камбар болуш баш болгон каармандардын тили, сүйлөгөн сөздөрү, ой жүгүрткөнү, кыял-жоругу, отуруп турганына чейин ишенимдүү, көркөм чындыктын дал өзүндөй берилген.

Тил демекчи, “Мисмилдириктин” көркөм тили өзүнчө эле чоң сөзгө татый турган феномен десем болот ко. Бүгүнкү жаш жигит XIX кылымдагы кыргыздардын оозеки тилин жанында угуп турган сымал эч нерсесин бузбай, бурбай бергени мени таңкалтырды. Мындай сөз байланыштарды Төлөгөн Касымбековдон эле окуйбуз го деп жүрсөм, көрсө кызыл тилдин чеберлери XXI кылымдын кулундарынан деле чыгат экен. Чынын айтайын, Арслан Койчиевдин адабий көркөм тилине менин жазуучулук сугум түштү, кумарым артты. Мен деле романдарымда Үркүндүн окуяларын сүрөттөдүм эле, бирок көбүнесе азыркы тил менен жазып койгонумду түшүндүм.

“Мисмилдириктин” автору (баса, бул сөз “тукумкурут” деген маанини берди) демейдегидей орус эле карательдерин каралап-көөлөп, кыргыздарды койдон жоош, кинесиз кылып жымсалдабайт. Жаны күйгөн кыргыздар жүрүштү биринчи баштап, адегенде кутурган балчелекчи орусту өлтүрүшөт. Ошентип, учкундан жалын тутанат.

Токмок шаарын курчоодо кыргыздардын энөөлүгүнө зээниң  кейийт. Ал шаарда пулемёт бар экенин чалгындап билип албай туруп эле найза менен келтекчен атка минип жөнөшөт да, пулемёт чайкаганда кыргыздар жүздөп, миңдеп боо түшүшөт. Кайра качкандан намыс кылган жигиттер жетип туруп пулемётчуну жаткыра чапмак болуп, кайтадан-кайта сүрмө топ болуп жөөлөй беришип, бир эле пулемёттон көпчүлүгү ажал табат.

Киши суктангыдай кылып жазуучу образын мыкты түзгөн баатыр Нарбото да ошол бөөдө өлүмгө барып, Арчатору тулпары менен кошо жантаслим болот. Андан кийинки кездешкен көркөм образдарга жүрөктү титиреткен окуяларга, адамжандын ички дүйнөсүн аңтарган философиялык ой толгоолорго, дегеле айтып жатып жанчыдагыс Бедел трагедиясына романды окуган окурман өзү күбө болоор дедим.

Басмада көп жыл иштеген бир жолдошум айтат: “Кээ бир китепти жыргап окуйм, көпчүлүгүн куурап окуйм” деп. Анын сыңарындай “Мисмилдирикти” өзүңөр окуп көргүлө…

Сөз соңунда бир айтаарым – Арслан иниме адабияттагы Ак жол, Көк асманды кааладым. Күнүмдүк иштерге көп буйдалбай, калемиңдин сыясын суутпай, Кудай берген талантты кор кылбай, тынымсыз өркүндөтө көр!

Казат Акматов, “Кыргыз туусу”, 28.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий