Боз үй керемети

(Башы өткөн санда)
Жайкысын болсо, тескерисинче, күн куйкалаган аптапта да боз үйдүн ичи салкын тартып турат. Анын үстүнө, каалаган учурда капталдан туурдукту түрө салып, шамалдатууга мүмкүн. Боз үйдүн ичиндеги аба эч качан үп тартып, адамдын демин кысылтпайт. Таң эртеңден тартып түндүк жабуу тартылып, ачык тургандыктан, аба тынбай айланып, тазаланып турат. Демек, боз үйдүн өзүнүн түзүлүшү эле кондиционердин милдетин аткарат. Бирок, тоолук кыргыздар азыр шаардыктар корккон өтмө жел (сквозняк) тийип, ооруп калуу дегенди билишкен эмес. Эгерде шаардагы темир менен бетондун куймасынан жасалган көп кабаттуу үйлөрдө адам кысылып, төрт дубалдын ичинде камалып калгандай сезимге дуушар болсо, боз үйдүн ичиндеги микроклиматтан улам өзүн ээн-эркин сезип, чарчаганы жазылып, жерден күч-кубат алгандай болот. Негизи, айлана формасындагы турак-жай адамдын жан дүйнөсүн да кеңейтип, фантазиясын өстүрүп, эркин ой жүгүртүүгө негиз түзөт. Жерге төшөлгөн ала кийиз, шырдак, жүндөн токулган килемдер сыз өткөрбөй, каалаган жерге жата берүүгө мүмкүн. Анын үстүнө мурун боз үйдө кыштаганда кийиздин алдына эрмен, шыбак сыяктуу ачуу чөптөрдү төшөп койгон — ары жылуу болсо, ары ар кандай курт-кумурска жологон эмес. Түркмөндөрдө талаада түнөгөн адам тегерегин эшилген койдун жүнү менен курчап койсо, каракурт, чаян ж.б. зыяндуу, уулуу курт-кумурскалар өтпөйт деген ишенимдин бар экендиги белгилүү. Жайытта оттогон койлор чөп менен кошо жеп салып, туягы менен тепсеп зыян келтиргендиктен, балким, аларда койдон, койдун жытынан коркуу сезими жаралып, ошондуктан кийиз төшөлгөн үйгө жолобошу да мүмкүн. Тез-тез жамгыр себелеп, көк шибер чөп каптап тургандыктан, боз үйдө чаң болбойт. Сыз тартып кеткен учурларда гана маал-маалы менен үйдөгү жыйылган жууркан-төшөк, ала кийиз, шырдактарды күн ачык тийген күндөрү сыртка алып чыгып, кагып, күнгө жайып, анан кайра ордуна жыйып коюшат.

Түзүлүшүндө темир таптакыр колдонулбагандыктан, боз үйгө чагылган да түшпөйт. Тоодо күн күркүрөп, чагылган чартылдаган учурларда мал-жандык боз үйгө ыктап калат. Кыргыздарда чагылгандын «Бир түшсөм учка түшөм, бир түшсөм курчка түшөм» деген анты болот экен деген ишеним жашайт. Курч деп илгери темирди айтышкан. Ошондуктан чагылган жаркылдап жаткан учурда темир тулганы, казанды жашырып, күзгүлөрдү тетири оодарып коюшкан. Эгер кокустан боз үйгө чагылган тийсе да, анын өрттөнүшү мүмкүн эмес, анткени кийиз ар кандай температурада да жалбырттап күйбөйт, быкшып түтөп отуруп эле көсөөлөнөт. Басма сөз беттеринен жапан туристтеринин радиацияны өлчөй турган аспабы кокусунан калпактын алдында калып, зыяндуулукту көрсөтпөй калганын окуган жайыбыз бар. Демек, боз үйдүн кийизи радиацияны да өткөрбөй тосчу касиетке ээ десек болот.

Боз үйдүн эң негизги артыкчылыктарынын дагы бири — анын жер титирөөгө мыкты туруштук бере алганында. Катуу жер титирөө болгон учурда да боз үйдүн жазылып-бүктөлчү керегелери серпилип, туруштук бере алат. Азыркы кезде сактоо кызматтары жер титирөө учурунда үйдөн чыга качууну же столдун алдына кирип жашынууну сунуштайт. Ал эми кыргыздар балдарын жер титиреген чакта отура калууга үйрөтөт. Мындай дал келбестик боз үйдүн коопсуздугу менен байланыштуу — анын ичинде адамды басып калчу оор мебель болбойт, сынып кетип денени кесип жаралачу айнеги да жок. Жер титиреген учурда адам жыгылып түшсө, оор дартка чалдыгат деген ишенимден улам гана балдарды отура калууга үйрөткөн. Боз үйдүн жер титирөөгө туруктуулугу андай алааматка кабылган элдер тарабынан да бааланып келүүдө. Совет доорунун акыркы жылдарында Армениянын Спитак шаары талкаланганда, мындан бир нече жыл илгери Түркиянын Измиринде катуу жер титирөөдөн улам он миңдеген адамдар үйсүз калганда биздин мамлекетибиз гуманитардык жардам иретинде боз үйлөрдү жөнөтүп, аны пайдалангандардын ыраазылыктары маалымат каражаттарында жарыяланган эле. Мына ушундай артыкчылыктарынан улам бир кездеги көчмөн элдер алда качан отурукташып, там үйлөрдө жашаганга биротоло көнүп калса да, боз үйүн жоготпостон сактап келе жатат.

Боз үйдүн адамдын тарбиясы менен аң-сезимине тийгизген таасирин да унутта калтырууга болбойт. Эр жетип үйлөнүп, өзүнчө үй тигип бөлүнгөнгө, же бойго жетип, турмушка чыгып кеткенге чейин балдар ата-энеси менен бир үйдүн ичинде чогуу жашаган. Мындай шартта баары бири-биринин көз алдында болгон, демек, орой, уятсыз сөз сүйлөгөнгө, адепсиз жорук жасаганга мүмкүн болбогон. Балдар улууну урматтаганга, чыгып алып төр талашпай, жыра тартып сөз талашпай өз ордун билгенге тарбияланган. Үй ээси уул балдардын тарбиясы үчүн жооптуу болуп, бир топ катуу эле кармап, малды көзөмөлдөп, отун-сууну камдоого көндүрсө, энеси кыздарын кымырынып-кымтынып жүргөнгө, үй ичиндеги жумуштарды жасаганга үйрөткөн.

Үй-бүлөгө тиешелүү ар кандай маселелер чогуу-чаран чечилген. Ошентип балдар турмуш тарбиясын чогуу алышкан. Кичинесинде балдар эркелеп ата-эненин койнунда жатып, чоңойгондо бир туугандар моюндашып жатып, ынтымактуу өсүшкөн. Азыркы там үйлөрдө ата-энелер уктоочу бөлмөсүндө, балдары өз каанасында болуп, колунда барлар ал түгүл шарт түзүп берем деп ар бири үчүн өзүнчө бөлмөлүү үй салып, чогуу саналган менен алыс жашап калышты. Балдардын бири-бирине жыты сиңишпей, боор бербеген өзүмчүл, оюна эмне келгенин жасаган бейбаш болуп өсүп калышы, бөлүнүп жашоодон чыгып жатканын моюнга алгыбыз келбейт. Демек, боз үй үй-бүлөнүн ынтымагынын да данакери болгон.

Боз үйдө жашоо учурда коомдо актуалдуу проблема катары саналып жаткан гендер саясатын, башкача айтсак, аял-эркектин тең укуктуулугу маселесин да белгилүү бир өлчөмдө чече алган. Эгер боз үйдүн ички мейкиндигинин шарттуу бөлүштүрүлүшүн алсак, анда анын тең жарымы (эпчи жак) аялга таандык экенин көрөбүз. Ушунун өзүн эле тең укуктуулуктун белгиси катары караса болот. Байыртан тартып XX кылымдын башына чейин жергебизге келген саякатчылардын баары кыргыз аялдарынын үй-бүлөдө эркин, тең укуктуу экендигин, жалпы урууга тиешелүү маселелерди чечүүгө катышкандыгын белгилешкен. Көрүнүп тургандай, сырттан жаңылык катары келип жаткан тең укуктуулук саясаты кыргыздардын турмушунда алда канча мурун эле орун алып келген.

Ошентип, боз үй өзүндө адам менен жаратылыштын бири-бирине шайкеш келген байланышын камтып турган, табиятка эч бир зыянсыз, керемет сапаттарга ээ болгон, көчмөндөрдүн сан кылымдарды камтыган тажрыйбасынын негизинде жаралган уникалдуу табылга деп айтсак жаңылышпайбыз.

Мурзакметов Абдымиталип, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф.
«Аргумент» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий