Мамбеталынын айткандары

РЕДАКЦИЯДАН: Автор Мамбеталы жөнүндөгү маалыматты редакцияга жакында эле алып келди. Санат, терме, накыл, салттуу жана терең ойлуу сөздөрдү айткан Мамбеталы Ашымбаев 1897-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Сыртында жарык дүйнөгө келген. Бир үйдүн жалгыз баласы болгон. Ал жашынан ырга, кунарлуу кепке ынак болуп, укканын жаздым кетирбей көкүрөгүнө токуган. Манасты түш жоруп айтып калган. 16-17 жаш курбалында улуу манасчы Чойкеден «Манас» үчилтигин үйрөнгөн.

1939-жылы Москвада өткөрүлгөн кыргыз адабияты жана искусствосунун декадасына катышып, Кремлде «Алмамбеттин жомогун» айткан. Ал «Манас» айтуудан бөлөк көптөгөн элдик кенже эпосторду билген. Сөзмөр, акын, манасчы учкул ойлуу сөздөрдү көп айткан. Анын айткандарын уулу жазуучу Калканбай Ашымбаев көркөм ыкмага салып, оюн кеңитип, асыл ой түрмөктөрүнө чөгөргөн.

Автордун «Акылмандын каухар таш» аттуу жарык көрө элек чыгармасынын биринчи бөлүгү «Мамбеталынын айткандары» деп аталат. Сиздерге ошол бөлүмдөн тааныштырып жатабыз.

«Мындан артык не керек?»
Төр бербей, чатырап, алагүү
тартып олтурган топтун үстүнө жупуну кийинген, көзгө комсоо көрүнгөн, сары чийкил абышка салам айтып кирип барат. Баласы курдуу жигиттер төрдө, сакалдуулар иреге тарапта экен. Мамбеталыга чай куюлбай калат. Не дегенде, мурунку меймандар чай ичип бүтүп, ичимдикке өтүшүптүр. Анын үстүнө кайнаган чай түгөнүп калган шекилдүү. Үй ээси шашкалактап, ка-рыяга коньяк сунат:
— Кечигип келдиң, абышка, менин тоюмда бир алып бериңиз…

Азыркы айрым сөзгө жок жаштар «аксакал, аба, ата, аке-үкөнү» коюп «абышкага»оозу эп дей түшөт эмеспи.

Мамбеталы нандан ооз тийип, үн катпай олтуруп алат. Анда төрдө олтурган күлчүгүй жаш жигит демите дабыш салат:
— Ичпейсиңби, абышка, сага мындай коньяктан артык эмне керек?

Мамбеталы күлүмсүрөп, обдула берет:
— Балам, уулум менен жашташ көрүнөсүң, ошол себептен балам дейин. Үй ээси айткан абышканын бири болсом, мансабыңа карап, «аксакал» атамакмын. Улууларды жаш келинче босогого камап коюп, төрүмө алчактатмакмын. Бирок мен балам дейин, дале «упчу эмген» бала бойдон окшойсуң, уруксат болсо, унута элегимде эсиңе салып коёюн, кереги тийип калар.

Эл дуулдап:
— Айтыңыз, Маке, айтыңыз, — дешип туш-туштан жаалап жиберишет.
— Айтсам ушул, балам, «мындан артык не керек?» дедиң. Карган мендей чалга көр оокаттын, көп тамактын тыйынча баркы жок. Төр силерге буюрсун. Мага жүрөгү таза, калк тагдырына кабыргасы кайышкан, сөз билги, нарк билги адамдар керек. Карыга абийир кымбат. Мени тойго чакырган адамдын дасторконуна ушул ак тилекти билдирейин деп келгем. Парзымдан кутулдум.

Жакшы олтуруп, жайынча мейман болуңуздар, — деп бата тилеп, чыгып кеткен экен.

Үй ээси ким?
Аялы менен акыйлашкан жигит карыядан акыл сураптыр:
— Айтыңызчы, аксакал, деги кимибиз үй ээси болобуз? Аял мага баш ийиши керек го.
— Кимиңердин кабагыңарда жылдыз жанып, үйдөгүлөрдүн жүрөгүнө таң атырып, көргөн-билгендин көөнүнө чырак асып турса, ошол үй ээси. Кимиңердин кабагыңарда иңир жабылып, бирок‚ үй ичи жылтыр-мылтырга толуп турса, ал мүлк ээси.
Өлүм арзан, жашоо кымбат
Мамбеталыга жаш жигит муңун төктү. Колуктусу энесине өч чыгып, заманасы курулуп, айласы түгөнгөнүн, не келинчеги, не энеси эпке көнбөй, күнүгө ыйкы-тыйкы менен өмүр өтүп, элдин бетин карай албай калганын кан какшайт:
— Бул көрөкчө өлүп тынайын, жүрөгүмдү уу-кайгы мыжып бүттү.
Анда Мамбеталы:
— Бир аялдын азабынан өлсөң анда акылдан адашканың. Сен өлгөн соң ал башка бирөөгө баш байлайт да, сен биротоло унутулуп каласың. Андай өлгүң келсе, эл намысы үчүн жан кыярлык жерде иште. Анда сен түбөлүккө унутулбайсың. Өлүм арзан, жашоо кымбат, — деген экен.

Акыл кайдан жаралат?
— Ата, акыл кайдан жаралат? — деп калды күзгүгө каранып олтурган кызы. Анда атасы:
— Акыл бир эле күндө быша койбойт. Ал тер менен өнүп, жаш менен сугарылып, күлкү менен орулуп алынат. Акылды күзгүдөн эмес, китептен издейт, — деген экен.

Акылдуунун белгиси
Небереси чемичке чагып, автобустун ичин булгап баратканын көрүп, атайлап тим койду. Бир оокумда көгөөн көз, сары жигит чылым кармаган колу менен зекиди:
— Эй бала, автобусту ыпыр-сыпырга толтурба!
Мамбеталы баласына дегени бул:
— Бул акылды көңүлүңө түй, балам. Мындай жерде үнүңдү күчөтпө, чылым түтөтпө, турган жериңди ыпласка чөмүлтпө. Акылдуулук көпчүлүк жайда таанылат.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 08.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий