Залкар жазуучу Өскөн Даникеевдин жубайы Зина эже: «Мен Өскөндүн биринчи кеңешчиси, биринчи редакторумун»

Өскөн Даникеев деген ысым мага тээ эжелеп окуй баштаган кезимден бери эле тааныш. Анткени, атамдын китеп текчесинде ирээти менен тегиз жыйылган жүздөгөн китептеринин арасынан «Кыздын сыры», «Көкөй кести», «Көз ирмемдеги өмүр», «Арман» жана башка китептерин кирип-чыккан сайын көрүүгө болоор эле. Ал эми анын өмүр баяны, чыгармалары менен мектеп курагымда тааныштым. Окуучулук кезде жазуучулардын чыгармаларын гана окуп, өздөрү бизге кол жеткистей сезилчү эмес беле. Анда бет маңдай отуруп бир дасторкондон даам сызып, көзмө-көз сүйлөшүү оюма да келбеген чыгаар. Бүгүн мага Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин өмүр жолунда жарым кылым бирге жашаган байбичеси Зина эже менен маектешүү бактысы буюрду.

— Эже, алгач алтын тоюңуздар кут болсун демекчимин. Айтыңызчы, ушул жарым кылым убакыт ичинде кандай күндөрдү башыңыздардан өткөрдүңүздөр?
— Турмуш деген турмуш. Турмуш жолунда элүү жыл бирге өмүр сүрүү да оңой эмес. Бул жылдар аралыгында башыбыздан эмне деген гана күндөр өткөн жок: турмуштун ачуусу да, таттуусу да… Чынында, биздин баш кошконубузга элүү жыл эмес, мына, элүү үч жылга карап барат. Эсимде, 1958-жылдын 9-август күнү эле. Үйлөнүү тоюбуз Чүй боорундагы айылыбызда өткөн. Эми азыркыдай кайда, бирок, ошо кездеги өлчөм менен алганда оо, бир топ эле эсте калаарлык үйлөнүү той болгон. Бирге окуган улан-кыздар, айылдаш курбулар. Шатыра-шатман түшкөн шаан-шөкөт, оюн-күлкү. Кандай ырахат, ырыстуу күн эле! Ал менин эч качан эсимден кетпейт, дайыма көз алдымда.

— Агайдын жетимчилик турмушта чоңойгонун билебиз, ал учурда ким колдоо көрсөттү эле?
— Өскөн он бир жашында ата-энесинен ажыраптыр. Адегенде оорудан атасы көз жумуп, үч айдан кийин апасы кете бериптир. Анан жетинчи класска чейин туугандарынын көзөмөлүндө, эжесинин колунда жүрүп айылда окуп, андан соң Фрунзедеги №5 гимназияга келип аны алтын медаль менен аяктаптыр. Ал жерден Москвага тоо-кен инженерлик окуусуна тандашып, аны да ийгиликтүү аяктап келип шахтада иштеп калат. Ал кезде Москвадан бүтүп келгендер чанда кездешчү да. Ошонусуна карап көп өтпөй эле Теңир-Тоодогу Ак-Көл руднигине жетекчи кылып дайындашат. Шахтада иштегендерге айлык көп төлөнчү. Экөөбүз таанышкандан кийин мен мектепти бүткүчө бир жыл күтүп калды да. Ошол аралыкта айлыгын чогултуп, калыңга да, тойго да, башкасына да жеткидей каражат жыйнап коюптур.

— Демек, сиз мектепти бүтүп эле турмушка чыккан экенсиз да?
— Ооба, мен мектепти бүткөн жылы баш коштук. Ага чейин мен врач болууну эңсечүмүн. Баш кошкондон кийин Өскөн деле «каалаган окууңа оку, мен жубайымдын билимдүү болушун каалайм» деди, бирок, ойлонуп көрүп, филолог болууну тандадым. Мединститутка тапшырсам кыйналып калчубаймын.

— Ал кезде агай кен адиси болсо, анда чыгармачылык карьерасы качан башталды эле?
— Негизи, бала кезинен эле чыгармачылыкка жакын болгон экен. Ата-энеси каза болгондо аларга арнап жазган ырлары дагы деле сакталып турат, аларды окусаң жөн эле ыйлагың келет. Сүрөттү да кичинесинен эле мыкты тартып, комузда ойночу экен. Бирок, Москвадан келген адистер күтүлбөгөн эле жерден ушул адистикке тандап кетишиптир. А чыгармачылыкка болгон кызыгуусун мен кийин байкап жатпаймынбы. Жаңы үйлөнгөн жылдары кечке чейин жумушунда болот да, кечинде келип чайын ичип-ичпей эле ары карап чиймелегенге өтчү. Андайда мен таарынып: «Ай, бери карап кичине биз менен кобурашып отурсаң боло?! Сен эмне, жазуучу болмок белең?» дечүмүн. Ал кезде мен адабиятка болгон кызыгуусуна маани бербепмин. Өзү тоо инженери болсо, анан кайдагы адабият? Көрсө, ошондо бүтүндөй ынтаа, дити менен чыгармачылыкка берилип калган экен. Кийин аңгеме, повесттери биринин артынан бири жарык көрүп, аты оозго алына баштады. Мен анын биринчи кеңешчи, биринчи редакторумун. Бул өзүнүн сөзү. Колуман келишинче жардам эткен болом. Кантсе да филолог, басма жагында анча-мынча тажрыйбам бар эмеспи. Алгач жаза баштаганда үтүр-чекиттин каерге коюлаарын да жөндөп билчү эмес. Аларын оңдоп, анча-мынча ойлорумду айтып калсам алгач актанган болот, анан меникин туура көрөт.

— Чыгармаларында сиздин прото­тибиңиз барбы?
— «Кыздын сыры» повестиндеги учкай атала кеткен Зыйнаштын образын менден алыптыр. Такай жардам берип, көңүл буруп жүргөн чын эле бир кызы болгон экен. Кийин жеңелери айтып калышчу, «биз ошол кызды алат го деп ойлочубуз» деп. Көрсө, Өскөн ошол эле учурда мени менен сүйлөшчү экен.

— Агайдын мүнөзү кандай? Чыгармачыл адамдарга таандык сезимталдык, жумшактык сапаттар анда деле барбы?
— Өскөн улуу-кичүүгө бирдей мамиле жасайт. Жеринен жөнөкөй, сезимтал киши. Кандай гана учур, шарт болбосун, өзүн токтоо кармайт. Дамамат кабагы жарык, жүзүнөн жылмаюу кетпеген Кудайдын бир момун пендеси. Ушул күнгө чейин бирөөнүн көңүлүн оорутуп катуу сүйлөп же башка эркектерчилеп «энеңди урайын» дегенин кулагым чалган эмес. Анан да адамга жакшылык кылганды жакшы көрөт. Политехте студенттерге сабак берип он беш жылдай иштеп калды. Ошондо бир күнү сабактан чыгып келатса эшикте бир бала ыйлап турган экен, кызыгып эмне болгонун сураптыр. Көрсө, бир орус мугалим «бар, айылыңа барып кой бак» деп экзаменден «2» коюп чыгарып жибериптир. Атайын убактысын бөлүп тиги балага бир жумадай консультация берип жүрдү. Ал кезде эки алгандар кайрадан комиссияга экзамен тапшырышчу. Тиги бала да кайрадан экзамен тапшырып, «5» алып чыгыптыр. Бир жолу көчөдө баратсак бир жигит шыпылдап келип биз менен учурашты да: «Агай, мени тааныган жоксуз, ээ?» деп калды. Көрсө, ал баягы бала экен. «Ошондо сизге бир жакшылык кылам деген элем. Айтыңызчы, эмне кылып берейин? Бишкек шаары боюнча ремонттун чоңу болуп иштейм» дейт. Анда да агайың унчукпайт. Мен: «Ка-ап, үйүбүздү бир жыл мурун эле евроремонт жасатып албадык беле. Аябай жардам бергиң келип жатса анда подъездибизге ремонт жасатып бер» дедим. Ошентип, өзүбүздүн эле подъездди эмес, үйдүн толук алты подъездин тең оңдоп-түзөп берди.

Өскөн өзү жетим өскөн үчүн турмушу оор балдарга жан тартып турат. Политехте окуган аз камсыз болгон алты балага көп жылдардан бери өз чөнтөгүнөн стипендия берип келет. Кеп ал беш жүз сомдо эмес, алардын көңүлүн көтөрүп койгондо болуп жатпайбы.

— Канча балаңыздар бар? Балдарынын арасында ата жолун жолдогондору барбы?
— Эң улуу кызыбыз Нурида элүүдөн өттү. Андан кийинки кызыбыз да кырк жетиге келип, небере жытын жыттады. Кийинки уулубуз чиновник болуп жүрөт, эң кичүү уулубуздун өзүнө жараша бизнеси бар. Ошентип, төрт бала, тогуз небере, үч чөбөрөбүз — биздин кулач жеткис кубаныч, эрмегибиз. Алардын чыгармачылык жактан атасын тартканы болбоду. Бир гана кенжебиз Азим мектепте окуп жүргөндө бирдемелерди чиймелей койчу. Атургай чакан-чакан эки аңгемеси «Пионер» гезитине да чыккан. Кийин таштап койбодубу.

— Абышкаңыздын сизди өзгөчө таасирленткен белеги эмне болгон?
— Жаш кезибизде туулган күнүмдөбү же майрамдардабы, мага ыр белек кылганды жакшы көрчү. Жазып, жаздыгымдын астына бастырып койчу. Ошол ырлары менде дагы деле сакталуу. Кийин «Бакир» повестинин гонорарын алганда «Красная Москва» деген чоң кутунун ичине түрдүү көлөмдөгү үч флакон салынган атыр алып келип берди. Негизи, көп эле белек берген, бирок, негедир ошол белеги аябай эсимде калыптыр.

— Азыр деле чыгарма жазабы?
— Агайыңар быйыл жетимиш алтынын тамагын ичип отурат. Чыгармачыл ишмерлигинен дагы деле кайра элек. Жаш кездегидей күч-кубат кайда дейсиң, ошентсе да калеми колунан түшпөйт. Алдын ала айтуу кыйындыр, быйылбы же эмки жылыбы, жаңы бир чыгармасын окуп калаарсыздар…

Маектешкен Азиза Сатимбекова, «Леди кг» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий