Жыргалбек Касаболотов: «Кыргызстандагы негизги кыймылдаткыч күч — кыргыз эли»

— Өткөн жумада Орусиянын Президенти Дмитрий Медведев «Ар-Намыс» партиясынын жетекчисин жекече кабыл алып, ал Орусиянын борбордук телеканал­дары аркылуу тынбай чагылдырылып турду. Ошону улай эле «Ата Мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаевдин беделине шек келтирген материалды орусиялык НТВ телеканалы көрсөттү. Буга чейин Д. Медведев Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшүнө каршы пикирин билдирген эле. Жыргалбек мырза, сиз буга кандай баа бермекчисиз?
— Орусиянын да, Кыргызстан менен өнөктөш болгон башка өлкөлөрдүн да бийлик өкүлдөрүн биздеги быйылкы окуялар түздөн-түз чочулатат. Биринчиден, эгерде Кыргызстанда парламентаризм ийгиликтүү ишке ашып кетсе, анда ал КМШнын башка өлкөлөрүндө да ушундай эксперименттерге кызыгууну жаратат. Бул ошол мамлекеттердин башында тургандардын баарын тең кооптондура турган көрүнүш. Экинчиден, бир киши менен сүйлөшкөнгө караганда бүтүндөй парламент менен сүйлөшүш кыйыныраак. Парламентте канча топ болсо ошолордун баары менен, алардын артында турган коомдук күчтөр менен да эсептешүүгө туура келет. Президенттин жеке өзүнө кайсы бир маселе боюнча жардам бере коюп, же көз каранды кыла коюп, өз каалаганын ишке ашырганга көнүп алган тышкы күчтөр үчүн бул, албетте, анча жагымдуу көрүнүш эмес. Медведев парламенттик башкаруу формасын улам-улам сынга алып жаткандыгынын бир себеби, балким, ушунда.

Орусияда тышка таасир эте ала турган маалымат каражаттарынын дээрлик баары өкмөттүн көзөмөлү астында. Демек, азыркы болуп жаткан окуяларда Кремлдин тиешеси жок дегенге ишениш кыйын.

«Ар-Намыс» партиясынын жетекчиси ушул убакка чейин өз эне тилин жөндөп үйрөнө албаганы, өлкөнү ХИПК программасына киргизем деп аракет кылганы эле көп нерсени айтып турат. Кыргызстанды биротоло өзүнө көз каранды кылыш үчүн Орусияга ушундай орусташкан, башчысынын эски аскердик образына таянган, улуттук кызыкчылыктардан башка жактын кызыкчылыктарын жогору койгон партия сөзсүз керек. Бирок, Кремль кайра эле илгерки катасын кетирип, кыргыз элинин маанайын түшүнбөй, Бишкектин же чоң шаарлардын, анын ичинде орус тилдүүлөрдүн масштабында гана жыйынтык чыгарууда. Бул туура эмес. Башкалар каалайбы, каалабайбы, Кыргызстандагы негизги кыймылдаткыч күч — кыргыз эли. «Ар-Намыс» тээ баягы «мандемдүү тандем» түзгөн убактан баштап эле көп кишилер анча ишенбей калган.

Парламенттик башкаруу Кыргызстандын жашоосун дароо гүлдөтүп жиберет деп деле эч ким айткан жок. Ал тургай стратегиялык жактан коркунуч келтирген жактары да бар. Болгону азыр анын объективдүү себептери бар, аны эч ким тана албайт. Биринчиден, өлкөдөгү көптөгөн прогрессивдүү күчтөрдүн бир кишинин үй-бүлөлүк башкаруусунан үч көчкөн журттай көңүлү калды. Экинчиден, элди баштап кете ала турган көрүнүктүү лидер чыга элек, чыкса да көрүнө элек. Чыкпаганы үчүн жанындагы эркектердин бири да жоопкерчилик алганга жарабай, Роза Исаковнаны алдыга түртүп чыгарып отурушат. Эми калгандары шайланабыз дешти, шайланышсын, күчтөрүн сынап, парламентте иштеп көрүшсүн. Ыркырашпай-чыркырашпай, биринин быкыйын бири чукубай, ынтымакка келип, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгына иштеп бере алышабы же жокпу, кеп ошондо. Иштеп бере алышса, ийгиликке жетишсе азыркы кыйынчылыктар деле бир күнчөлүк болбой калат. Болбосо диктатор келет, же, тышкы башкарууга түшөбүз. Таза, өз идеясына берилген, мамлекетчил диктатор болсо да эч нерсе эмес, ал эми тышкы башкаруудан Кудай сактасын.

— Москвалыктардын геосаясий кызыкчылыгы ачык эле көрүнүп калды деген пикирлер да айтылып жатат го?
— Москвалыктардын геосаясий кызыкчылыгы эч кимге эч качан жашыруун болгон эмес. Дегеле, эч кимдин кызыкчылыгы жашыруун болбой калган. Колдонгон ыкмалары гана жашыруун болушу мүмкүн.

— Ансыз да өзгөрүлө берип кадыры кеткен Башмыйзам эми кандай учурда өзгөрүшү керек? Дегеле, «Башмыйзамды өзгөртүп беребиз деген айрым партияларды колдоп жатышат» деген пикирлерди кандай кабыл алдыңыз?
— Азыркы жазылган Башмыйзамдын деле кемчиликтери толтура. Бирок, «сая албаган ийне тандайт, саптай албаган учук тандайт» болбой, колдо болгон нерселерди пайдаланып, ошолорду улуттун кызыкчылыгына иштеткенге көнүш керек. Элдин баарына кашкайып кемчилиги көрүнүп калганда гана, айрым принципиалдуу жоболорун алмаштырса болот. Бирок, кандай болгон күндө да, Башмыйзамды өзгөртүүнүн демилгечилери саясатчылар эмес, күргүштөгөн жалпы эл болушу керек.

— Парламенттик башкаруу системасы Кыргызстандын коңшу өлкөлөрүнө кандай таасирин тийгизе алмакчы? Парламенттик башкаруу Кыргыз мам­лекеттүүлүгүн жоготууга салым кошушу мүмкүнбү?
— Парламенттик башкаруу системасынын таасирин жогоруда азыноолак айтып өттүм. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн жоготууга башкаруу системасын айтпаган күндө деле алда канча коркунучтуу нерселер салым кошушу толук мүмкүн. Биринчиден, тилибизди, бирдиктүү маалымат мейкиндигибизди, улуттук маданиятыбызды жана баалуулуктарыбызды жоготуп атабыз. Экинчиден, чек арабыз тактала элек. Үчүнчүдөн, кыргыздар тышка көчүп, өлкөнүн ичинде башка улуттардын үлүшү көбөйүп демографиялык абал башка жагына өзгөрүп баратат. Төртүнчүдөн, экономикабыз бүт бойдон тышкы күчтөрдүн пайдасына иштеп келатат. Бешинчиден, улутка үлгү болуп, аны бириктире турган күчтөр, катмарлар, идеялар калыптана элек. Ага караганда, кыргыз элин бөлүп-жара турган нерселер көбүрөөк болуп атат. Биз түндүк-түштүк деген ит оорусун таштай албай, жарымы хизбут, жарымы баптист болуп, кыргыз-киргиз болуп, сарыбагыш-бугу болуп бөлүнүп жатабыз. Айта берсе сөз көп. Башкаруу системасы өзүнөн-өзү эле мына ушул айтылган маселелердин баарын чечип жибере албайт. Жардам берип же кедергисин тийгизиши гана мүмкүн, ошондо да кимдер бийликте турганына жараша болот.

— Биз көз каранды эместигибизге карабай, бир маселе чечүү үчүн деле Россияга баш багып турабыз. Эмне үчүн Россиянын кол баласы болууга каршы ачык күчтөр жок?
— Россиянын кол баласы болом деген ачык чыккан күчтөр толуп атат. Батыштын кол баласы болом дегендер да толтура. Ислам дүйнөсүнүн кол баласы болгусу келгендер андан бетер. Кыргыздын кулуну болуп, кыргыздын кызыкчылыгына кызмат кылам дегендер аябай аз болуп атат. Андай сезимдер, ойлор акыркы жылдары гана аздыр-көптүр системалуу түрдө пайда боло баштады. Бирок, кыргыз улутчулдугу азыр түйүлдүк абалда. Ал руханий, интеллектуалдык, уюштуруучулук жактан азырынча бечел, жаш баланын там-туң басканындай таасир калтырат. Өз ара ынтымагы да жок, бирин-бири түшүнүп да бүтө элек, бирин-бири укканды да үйрөнө элек. Ошентсе да, болгонуна шүгүр дейли. Анткени, прогрессивдүү улутчул кыймылдар болмоюнча Кыргызстан сыяктуу кичинекей мамлекеттер эч качан өзүн сактап кала албайт.

Россия — дүйнө тарыхындагы эң күчтүү империялардын бири. Империянын негизги белгиси — өзү басып алган элдердин жашоосунун түзүмүн жана сапатын өзгөртөт. Мисалы, Чынгызхан дүйнөдөгү эң күчтүү кол башчы, эң көп жерлерди басып алган, бирок, анын өлкөсүн империя деп айтканга болбойт. Анткени, ал монгол тилин таңуулаган эмес, динин тараткан эмес, өнөрүн үйрөткөн эмес, басып алынган элдердин жашоосун түп-тамырынан бери өзгөрткөн эмес. Ал эми Россия кыргыздарды отурук жашоого өткөрүп, мыйзамдын күчүнө салуу менен өз тилин кеңири жайылтып, билимге тартып, өз өнөрүн үйрөттү. Бул түздөн-түз империянын белгилери. Кыргыз элинин тагдырына мынчалык чукул, кескин, терең таасир эткен башка империялар буга чейин болгон эмес. Бирок, бир кезде тийгизген таасирине карап жалаң ошол тараптын көзүн карап отура берсек, бара-бара өз алдынчалыгыбызды жоготобуз. Анткени, илгертен бери жашоонун мыйзамы ушул — алдуусу алсызын багынтып, чоңу кичинесин жутат. Жуткурбаш үчүн кичинеси алда канча өжөр, акылдуу, ийкемдүү, шамдагай болушу керек. Ошондо гана аман калып, кийин өзү чоңойгонго шарт түзүлөт.

— Шайлоо алдындагы Россиянын жогорудагыдай мамилелери кыргыздардын улутчул адамдарынын каршы сезимин козгошу мүмкүнбү?
— Кыргыз элинин улутчул сезими ансыз деле ойгонду. Аны үч нерсе түртүп ойготту: Максимдин афералары, Манастын ЮНЕСКОдо Кытайдын атынан катталышы жана Ош окуялары. Эми мындан ары кыргыз элинин кызыкчылыгын түшүнбөгөн ар бир одоно кадамдардын баары кыргыз улутчулдугунун күчөшүнө гана түрткү болот. Эми мындан ары ошол улутчулдукту оң тарапка буруп, туура иштерге пайдаланууда гана турат, маселе.

— Мурдагы мамлекеттик катчы О. Ибраимов «Мүмкүн ал жакка барган биздин саясатчылар катуу убада беришип, Кыргызстанды конфедерация кылабыз же туура эле алдыңызга басып беребиз деген сыяктуу сөздөрүн айтып ишендирип салышкандай» деген пикирин «Азаттыкка» билдириптир. Буга кандай дейсиз?
— Биздин саясатчылардын ал жакка барып эмне убада бергенин жанында карап турбагандан кийин айтыш кыйын. «Жарымы жалган, жарымы чын, жанында турган киши жок» деген сыяктуу сөздөр көп. Бирок, чет өлкөгө барып, алардын башчысы менен сүйлөшкөнүн уялбай пиарга айландырган партиялар улуттук намысы жоктугун, саясатчы катары жетилип бүтө электигин гана көрсөтүп турат. Элине башчы болгусу келгендер биринчи иретте өз элинен колдоо күтөт. «Бөтөн жерде султан болгуча, өз жериңде ултан бол» дейт. Өз элин теңине албай башка жактан колдоо күткөндөр ошол жакта сүргүндө кала турган кыргыздын анты болчу эле. Абайлашсын. Аша чабышпасын. Кыргызга кесир кылбасын!

— Биз учурда азыркы бийликке оппозициялык күч жок деп баа берип келатабыз. Бирок, көп нерсе шайлоодон кийин башталчудай… Сиз конфликтолог катары айтсаңыз, президенттикти жактаган саясий партиялар шайлоодо упай албай калса, «андай болбосо, мындай кылам» деген кежир пландарын башташпайбы?
— Президенттикти жактаган партиялардын башчылары — өздөрү президенттик дымагы бар адамдар. Бирок, ошол дымагы буга чейин жетиштүү даражада бекемделген эмес. Бекемделсе ушул убакка чейин эл өзү эле алып келип президенттикке шайлап коймок. Болбогон үчүн азыркы эрежелерге айласыздан көнүп, парламенттик шайлоого катышып атышат. Анан башында шахмат ойногонго макулдук берип, кайра орто жолдон эрежеге нааразы болуп, «жок, мен шахмат ойнобой, шашка ойнойт болчумун. Утсам мынабу шахматты шашка кылам» дегени — чындап келсе баланын оюну. Кандай пландарын баштаган күндө деле бүгүн эл саясий оюндардан чарчады. Обу жок оюндарды башташса, чогулуп келип өпкөсүн үзүп, өтүн алып коюшу мүмкүн.

Коркунуч башка жакта. Эгерде кайсы бир атаандаш партиялар бир топ элдин добушун алып, бирок, бирөө түндүктөн, бирөө түштүктөн өтпөй калса даана регионализм ошондо башталат. Ошондуктан, бардык жактан тегиз өтүп, парламенттен орун алып, бирин-бири сындаса да парламенттин ичинде сындап, маселени ошол жактан чечкени жакшы. Парламентке бир илинип алгандан кийин эч кимисинин кеткиси да келбей калат. Болбосо катарына «Акжолдун» мүчөлөрүн толтуруп алгандан уялбай, дагы эле бийликке тырмышкан саясатчылар ошондо принципиалдуу болуп чыга келет дейсиңерби? Чыга келбейт. Жүрсө да элдин көз алдында болот. Бир бузулган адам кайра оңолуп кетиши кыйын. Бирок, көпчүлүктүн көз алдында кармап туруу менен андай адамдарды да коомдун кызыкчылыгына иштетсе болот. Жок дегенде жакшы аттуу болгусу келип иштей тургандар чыгат.

Президенттик дымагы барлар президенттик шайлоого катышсын. Эч ким кой дебейт. Пайдалангысы келсе, жоопкерчилигин өзүнө алса, элдин ишеничине ээ болсо президенттин ыйгарым укуктары азыр деле толтура. Бир гана нерсени эсепке алыш керек : мындан ары бийликти, мамлекетти менчиктеп алуу, элдин башын айландыруу эмнеге алып келерин эки президенттин тагдыры көрсөттү. Ошону жакшы өздөштүрсө, убагында келип, убагында кетсе, өз милдетин так аткарса эч кимдин каршылыгы жок.

Маектешкен Азима АКУНОВА, «Аргумент.KG» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий