КЕРИМБАЕВДИН КЕРЭЭЗИ

Классика – бүгүнкү же эртеңки эмес, түбөлүктүү. Обончу, ырчы Асанкалый Керимбаевдин дээрлик бардык эмгектери муундан муунга өтүп, ыр ышкыбоздорунун авазында жаңырып келет. “Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер?!” дегендей, КРнын Эл артисти 1999-жылы 10-декабрда 49 жаш курагында эли менен коштошкон эле.

Обончу аз жашаса да, кылымдарга кыргыз менен чогуу күн кечире турган көөнөрбөс обондорду калтырып кетти.

ӨЗБЕКСТАНДА КОЙ КАЙТАРЫП ЧОҢОЙГОН
Атактуу обончу Кетмен-Төбөдөгү кадимки Керимбай болуштун небереси. Атасы Ысакжан болочок талант эки айга толгондо эле бул жарыкчылык менен коштошот. Үйдүн туусу кулагандан кийин чиедей 3 эркек баласы, 1 кызы менен калган эне көптөгөн азап-тозокко кабылат. “Болуштун үй-бүлөсү” деген шылтоонун негизинде Совет бийлиги жесир аялды балдары менен Өзбекстанга кубалаган.

Ошентип, Асанкалый аганын жеткинчек кези Өзбекстандын адырларында кой кайтаруу менен өткөн. 8 жашка келгенде туулуп-өскөн мекени – Токтогулга кайтып келип, мектепке кирген. Өзбекстанда бир аз болсо да жашап калганданбы, өзбек тилин жакшы билчү.

Бармактайынан ыр-күү көлүнө малынып, өмүрүн чыгармачылыктын чыйырынан издейт. 6-7-классынан тарта өнөргө аралашкан Асанкалый ага чыгармачыл адамдар менен бирге айыл кыдырууну адат кылган. Ал өспүрүм куракка келгенде таланты ташкындап турган Рыспай Абдыкадыровдун ырлары чоң таасирин тийгизген десек туура болот. Жаштайынан ыр ышкыбоздорун ээрчип, алардан өнөр үйрөнүүнү каалаган өспүрүм орто мектепти бүткөн соң Токтогул элдик театрында эмгектенип калат.

“АСАНДЫН ТҮБҮНӨ ООРУСУ ЖЕТТИ”
Обончу, журналист, Асанкалый аганын группалаш досу Түгөлбай Казаков мындайча эскерет:
– Асан экөөбүз Токтогулдан таанышканбыз. “Сен билим алышың керек, макул болсоң, экөөбүз чогуу окуйлу” деп, колумдан келишинче бал тилге салып жатып Асанды көндүрдүм. Ошентип, Искусство институтунун маданий агартуу иштери факультетине тапшырдык.

Калыйбек Тагаев, мен, Асан үчөөбүз жатаканада бир бөлмөдө жашачубуз. 4-курста болсок керек, Асан биринчи эмгегин Калыйбекке уялып жатып араң көрсөтүптүр. Анда Калыйбек “койчу, кантип ушундай обон болсун?” деп коюптур. Ал кезде Калыйбек обон чыгаруу жагынан такшалып калган. Какен Алмазбековдун “Кайдасың?” деген ырына чыгарган обонуна Калыйбек тарабынан жакшы баа берилбей калган соң Асандын шагы сынып калат. Бирөөдөн катуу сөз укса, көңүлү чөгүп, көпкө капаланчу. Келсем, шөлпөйүп бөлмөдө отурат. Эмне болгонун уккандан кийин: “Асан, сен капа болбо. Көрөсүң, бул обонуң элге алынган атактуу ырлардан болот”,- дедим.

Экөөбүз аккордеонду көтөрүп алып Кыргыз радиосуна барып, “Кайдасыңды” жаздырдык. Музыкалык редакциянын башкы редактору Таштанкул Бөрүбаев “аккордеон менен ырдаганга Рыспай Абдыкадыровго жана Аксуубай Атабаевге гана уруксат берем” деп, жаздырган ырыбызды өчүртүп салды. Бул киши радиодон кеткенче мен дагы, Асан дагы ырларыбызды Кыргыз радиосуна жаздыра албай жүрдүк.

Асан окууну бүтпөй калды. Анын окууга келбей калган күндөрү бар экен, ошол да себеп болду окшойт, окуудан чыгарып салышты. Анан аскер кызматын өтөгөнү кетти. Аскерден келип институтту аягына чыгарып, Токтогулдагы элдик театрда, борбордогу эл чыгармачылык үйүндө, телерадиодо иштеп жүрдү. Атактуу ырчы кайсы жерде ким болуп иштебесин, өзүнүн адамгерчилиги, таланты менен эл оозуна алынып, кадыр-барк күтө билди.

“Акыркы учурунда аракка берилип кеткен. Баш жазганга арак бербей, атайын өлтүрүшкөн” деген кептин канчалык чындыгы бар экенин сураганыбызда, обончу төмөнкүчө жооп берди:
– Бизге чейин чыгармачылык деген нерсе көлкүгөн эле арактан турган. Арак ичүү жетишкендик катары эсептелчү. Ошонун саркындысы биздин муунга да тийди. Кайсы жерге гастролдоп барбайлы, арак менен тосуп алышчу. Чыгармачыл адамдар бошоң келишет эмеспи. Ошонун сыңары Асан дагы бир аз көңүл чөксө же иши ойдогудай болбосо, арак иче коюп жүрчү. Ал эми “баш жазууга арак бербей, атайын өлтүрүшкөн” деген кеп чындыкка коошпойт. Анткени Асандын үйүндө ичимдик дайыма турчу. Асандын түбүнө оорусу жетти. Студент кезде эле анын кан басымы жогору эле. 90-жылдардан кийин кант диабети жабышты.

“АК БУЛУТТАР” – АСАНДЫН ТАГДЫРЫ”
Керимбаев туурасында досу Бөкөнбай Боркеев төмөндөгүлөрдү айтып берди:
– Тирүүчүлүктө адамдын кадырын, талантын баалабайт экенбиз. Чындыгында, Асанкалыйдай талант сейрек жаралат. Экөөбүз көп жылдар бою жакын санаалаш болуп жүрдүк. Асандын канында болуштун тоң моюндугу, ток пейилдиги, мырзалыгы бар болчу. Кээде тамашакөй, куудул да болуп чыга келер эле. Бир жолу бирөөнүн күлкүлүү жоругун эстеп, аябай күлдүк. Асан эзилип, эч токтобойт десең. Ошентип эле кыйшайып бара жатат. Көрсө, кан басымы көтөрүлүп кеткен экен. Тез жардам чакырып, араң алып калганбыз.

Асандын биринчи аялы Айнаш болгон. Бири-бирин аябай сүйүп, сыйлашып турушчу. Ак булуттар деген ыры Айнашка арналган. Ал укмуштай сулуу, акылдуу, жөнөкөй аял болчу. Бирок экөөнүн ортосунда бала болгон жок. Ошондуктан эки жолго түшүштү. Тагдыр жолу аны экинчи жубайы Дамира менен бириктирди. Дамира өзү айткандай, “үч корбашы” төрөп, көксөөсүн басты. Уулдарына ысымды Рыспай Абдыкадыров койгон.

Дамира аяшым оокатка тың, чарбачыл айым болду. Бизнес дегенди ал Союз учурунда эле баштап, абышкасына машина алып бергенге да үлгүрдү. Бирок, билишимче, Асандын чыгармачыл жан дүйнөсүн жакшы түшүнө алган жок. Асандай сезимтал адамды түшүнүү баарыбыздын эле колубуздан келе бербейт.

“Телеберүүгө келбей калды”
– Ошол күндөрү “Шерине” деген телеберүүмдү тартуу үчүн чапкылап жүргөм. Анын башкы коногу Асанкалый Керимбаев эле. Күтсөм, келбеди. Кабар алайын дегеним менен, чолом тийбей жатты. Аяшым соода-сатык менен Нарынга кетип, Асандын жалгыз экенин билчүмүн. Тааныштардан 11-декабрь күнү Асандын дүйнөдөн кайтканын уктум. Алдымдан жер көчө түштү. Үйүнө барсам, байкушум моюну меш жакка бурулуп, колу сунулган боюнча жаткан экен. Жанында эч ким жок, жалгыз жатып үзүлүп кетиптир. Ошондон эки ай мурун эле аялы экөө менин үйүмө конокко келгенде:
– Боке, мен эки айдан кийин өлөм,- деген эле.
– Эмне болуп кетти?
– Түшүмдө Рыспай мага аккордеонун таштап кетти.
– Өлчү, анан көрө жатарбыз,- деп тамашага салып койгом.

Көрсө, бул мага айткан акыркы сөзү экен. Каза болгондо Майрамбек Осмонов келип: “Боке, Асан аке “эгер мен өлсөм, зыйнатымда “Ак булуттарды” угузуп тургула” деп айткан”,- деди. Айла канча, керээзди аткарбай коюу – арбакты сыйлабагандык. Сөөктү жүктөп Токтогулга жөнөгүчө студияга барып “Ак булуттарды” жаздырып келгенге үлгүрдүм. Ошентип, зыйнатында “Ак булуттардын” муңдуу кайрыгы угулуп турду.

“Асандын өзгөчөлүгү”
– Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу, аткаруучу Асанкалый Керимбаев өз заманынын таланты болчу. Наамын кошо айтып жатканымдын себеби, бул наамды ал сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө алган. Башка обончуларга караганда жүрөккө жете турган жагымдуу да, жугумдуу да ырларды өзүнөн ашыра эч ким ырдай алган жок.

Ала-Арча көрүстөнүнөн орун буюрбай, Кетмен-Төбөнүн эл көп барбаган жеринде жалгыз томсоруп жаткан бейитти барган сайын байкап келем. Анын жалгыздыгы ошол бейиттен эле билинип турат.

Чогуу-чаран бапыраңдап жүргөнү менен, биз анын жан дүйнөсүнүн жалгыздыгын тымызын сезип жүрдүк.

– Чыгармачылыгы аксап, өзү аялынын көзүн карап жашап калганы да сокку болду. Асан тирүү болсо, эчен шедеврлерди жаратмак. Буюккан обондору чыга албай оргуштап, муунтуп, кыйнап жатып жаралбай калды. Асан жан дүйнөсүнүн жабыркаганынан жакшы чыгарма сомдогонго алы келбей, өлүм жөнүндөгү ойдон алыс кете албай жүргөнүн да сезип жүрдүм. Бир күнү жумушка телефон чалып буркурап ыйлап алды:
– Бөкө, карачы, Рыспай кандай муңдуу обондорду чыгарган?

Жубатып, көңүлүн көтөргөнүм менен, ичимден сызып калган элем. Ошондон кийин тез эле каза болуп калды. Аттиң, дүйнө…

Ушул жерден Боркеевдин жубайы Анара эже сөзгө аралашты.
– Мен дагы Асанды жакшы билген адам катары «Ак булуттар» жөнүндө айтып кетким келет. Мени ырдаткысы эле келе берчү. Бир жолу “эми мага сахнага чыкканга кеч. Бирок сенин “Ак булуттарыңды” ырдап берейин” деп ырдап бердим. Ырдын орто жерине келгенде аны карасам, көзүнүн жашы төгүлүп турган экен. Ырдап бүткөндө чөгөлөп ырахматын айтты да, үшкүрүп алды. “Эмнеге ушул ырымдын багы ачылбай калды? Менден башка эч ким ырдабайт. Сенин бул ырды түшүнгөнүңө ырахмат” деди. Кийин бул ырда Асандын жеке тагдыры жатканын сезип калдым. Эмнегедир менин көкүрөгүмдө да ушул ыр тура берет. Бир жакшы ырчы мыкты аранжировка менен ырдап чыкса, бул ырга экинчи өмүр берет эле. Ырдын саптары да жүрөккө жете тургандай таасирлүү жазылган:
Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди.
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.

“60 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН ӨТКӨРГӨНҮ ЖАТАБЫЗ”
Атактуу талант, өчпөгөн жылдыздын артында Керимбаев деген фамилияны унутта калтырбай турган үч уул бар. Улуусу Жанат Улуттук телевидениедеги “Үй-бүлөлүк лото” лотереясын ойнотуп, алпаруучу болуп жүрдү. Ошол эле учурда Орусиянын КВНинин Премьер-Лигасында ойноп жүрдү. Бул жигиттин жүзү элге тааныш болгону менен, Керимбаевдин баласы экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Жанаттан кийинки эки уулу деле чыгармачылыктан алыс кетишкен жок. Биздин маектешибиз обончунун ортончу уулу Канат төмөндө­гүлөрдү айтып берди:
– Биз үч эркек бир тууганбыз. Улуусу – Жанат, 27 жашта, ортончусу – мен, 25темин, анан Санат, 24тө. Атам бизге маанайына жараша мамиле кылар эле. Көңүлү ачык турса, эркелетип, чекебизден сылачу. Маанайы чөгүңкү болсо, жанына жолочу эмеспиз. Үй тапшырманы аткаруу деген иштерге такыр аралашкан эмес. Ал жагы апамдын моюнунда болчу. Атам өзүнүн кагаздарынан бошой албай эле чиймелеп отурчу.

Санат кичине кезинде атама аябай окшош болчу. Аны көргөндөр “бул балаңды өзүң эле кусуп алгансың го” деп тамашалашчу экен. Атам өзүнө окшош баласын эмес, жанына дайыма мени ээрчитип жүрчү. Азыр атама Санат эмес, мен окшошуп калгам.

Бир туугандарымдын учурдагы иши туурасында айтсам, Жанатты бул жактан Казакстандын КВН командаларынын бирине чакырышкан. Анан ал жактан Орусияга кетти. Азыр СТС телеканалындагы “Даёшь, молодёжь!” долбоорунун автору жана сценарийин жазат. Кыргызстанга 2-3 айда бир жолу келип турат. Мен “KG Club” юмор клубунда администратор болуп эмгектенем. Санат ыр чыгарат, обон жазат. Атамдын жолун Санат менен Жанат жолдоду. Атам ушул жылы 60 жашка чыкмак эле. Биз 60 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдык көрүп жатканбыз. Өлкөдөгү окуялардан улам 2011-жылга жылдырдык. Концертте, буюрса, Жанат менен Санат атамдын “Ак булуттар” деген ырын аткарып чыгышат. Баса, атамдын ырларын ырдап чыккысы келген ырчыларга бир да чыгармасын сатпайбыз. Болгону, атамды сыйлап, бизден бир ооз уруксат сурап коюшса болду.

Нуржамал Жийдебаева, Сүйүн Кулматова,
«Супер-инфо», №415 15-21-октябрь, 2010-жыл.

Соц тармактар:

Добавить комментарий