КОЖОМКУЛДУН ЭРДИКТЕРИНЕН

15-октябрь – даңазалуу Каба уулу Кожомкулдун каза болгон күнү. Суусамырдын визиттик карточкасы болгон айтылуу балбандын жаш кезинен эле жылкыларды куйруктан силкип токтотуп, кулундарды колтугуна кысып чакырым жерге көтөрүп, ат такаларды жалгыз колдоп кабыштыра ийип, чала кургаган тал-теректерди суусун чыгара кармап, көлөмү торпоктой болгон таштарды көтөргөн эрдиктери эл эсинде сакталуу. Андыктан биз Кожомкул алпты эскерип, таң калтырган эрдиктери тууралуу кеп козгомокчубуз.

АЙТА КЕТСЕК…
Эл арасында Кожомкул балбандын эрдиктери жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып келет. Кээ бирлери көрүп айтса, кээ бирлери апыртып айтып жүрүшөт. Биз төмөндөгү маалыматтарды Кожомкул жөнүндө жарыяланган китептерден жана чөбөрөсү Орозалы Кожомкуловдун айткандарынын негизинде даярдадык.

КОЖОМКУЛ-БӨЛТҮРҮК БЕТТЕШИ.
Балбандар Кожомкул менен Бөлтүрүктүн беттешүүсү да тарыхта калган окуялардан. Окуя 1932-жылдын жай айларында болгон. Кара-Коого (азыркы Кочкор) Суусамырдан ат алмаштырып минип Кожомкул келсе, Бөлтүрүктү Ысык-Көлдөн араба менен алып келишет. Ошондо калың койдун арасында даңкайган ириктей болуп Кожомкул менен Бөлтүрүк көпчүлүктөн бөтөнчө бөлүнүп турган дешет. Күрөш башталарда күтүүсүздөн элдин арасынан Куйручук чыгып: “Токтогула! Элге тамаша керек болсо, силерге жан керек. Жашоо керек”,— дейт.

Ошентип, күрөш болбой калат. Анын ордуна Куйручук устаканадан жаңы жасалган эки таканы алдыртып, эки балбанга сунат. Кожомкул жаадай ийилген таканы бир колдоп катуу кыса бергенде така куурайдай бырт дей түшөт. Экинчисин Бөлтүрүк кысса, ал да чорт сынат. Анан суу талдын аяк-башын таарытып, экөөнө эки тутамдан сунат. Экөө тең талды кысканда, алар тарамыштай тарам-тарам болуп, суу тал кургап калат.

ЦИРК БАЛБАНЫ.
Бул окуя Кожомкул Кара-Балтада жер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүргөндө болгон. Аны балбандын өзү мындайча эскерген: “Бир күнү цирк балбаны менен күрөштүрүү үчүн базарга алып барышты. Базардагы аянтка чыктык. Эл көп экен. Цирк балбаны жакын келип, кол алышпай эле моюнга чаап, колго чаап жатты. Эл ызы-чуу түшүп, кыйкырык. Мен да бир аз ызаланып калдым. Анан ал мурдагыдай чаап кетмекчи болгондо, колу колума уруна түшүп, шап кармадым да, ийинге салып жерге көтөрүп урарда орус балбан тарап аралашып, токтотуп калышкан.

ҮЙҮНӨ ЖЕТПЕЙ ЖАҢЫ ӨТҮГҮНҮН ТАМАНЫ ТҮШҮП..
Кожомкул Кара-Балтада эки ай иштегенден кийин айылына барып келүү үчүн суранат. Жаңы өтүк кийип, жолго чыгат. Жолдон Ак-Суу элинин болушу Мырзакмат тосуп: “Сиздин келе жатканыңызды угуп, тосуп чыктым. Эл Суусамыр жайлоосуна көчүп бара жатты эле. Жолго бир чоң таш түшүп, көч өтө албай, эки күндөн бери капчыгайга тыгылып, убараланып жатабыз”,- дейт. Ал тууралуу Кожомкул мындай деген: “Ташты карасам, жогору жагынан отуруп, анан тепсе болчудай экен. Көрпөчөмдү алдыма төшөнүп, эки колум менен жер таянып, “О, Алла” деп тептим эле, таш кулап, сууга түштү. Анан өйдө турдум. Баягы болуш ак куру менен бетимди аарчыса, кан. Жаңы өтүгүмдүн таманы да түшүп калыптыр…”

ЧОЛОК БАЛБАН МЕНЕН КАРМАШ
Кеңеш бийлиги орногондон кийин кыргыз-казак кембагалдарынын салтанаты болот деп Кожомкулду Казакстанга алып барышат. Кожомкул эңишке Шолак балбан менен чыгат. Кыргыздар аны Чолок балбан дешет. Ушул кармашта Кожомкул атаандашынын колун кийин иштебей калгыдай кылып сындырып алганы белгилүү. Эңишип жатып колун ээрге такап, сындырып салат. Казактар арданып, балбанды сабамакчы болушат. Ошондо Чолок балбан элине: “Баатырга тийбегиле, аны мен баары бир жеңе албайм. Ал куугунтукка эмес, мактоого татыктуу”,— дейт.

Ошентип, эңишке түшкөн эки балбан ажырагыс достордон болуп калышкан. Андыктан Кожомкул анын колун сындырып койгонуна көп кейичү экен.

БАКАНДЫ ЖЕРГЕ 1 МЕТР КИРГИЗЕ САЙГАНДА…
Кожомкул Кетмен-Төбөдөгү базардан келе жатып суусап, жолдон бир боз үйгө кайрылып калат. Үйгө кирсе, бир абышка отурган болот. Ал оозун кыбыратып: “Кайдан келе жатасың? Кайсы элденсиң?”— дейт. “Күрүчбек элиненмин. Кетмен-Төбөдөн келатам”,— деп жооп берет. Анда абышка: “Түркмөн элинде аласам бар. Ой-ой!”— деп бир-эки кыйкырып коёт. Эч нерсе бербей турганына көзү жеткен Кожомкул түңүлүп, сыртка чыгат. Анан бир атты жетелеп жөнөйт. Бир аз узагандан кийин артынан 5-6 атчан кууп келатканын байкайт. Бирөө жакындап келип бакан менен чапмакчы болот. Бирок Кожомкул баканды анын колунан жулуп алып, коргонуп, тигилерди жолотпой жүрө берет. Белге чыгып, жанагы баканды жерге 1 метрче киргизе сайып, жолун улайт. Бир убакыттан кийин артына караса, жанагы кишилер баканды жерден жула алышпай тегеректеп турушканын көрөт.

КӨТӨРГӨН ТАШТАРЫ.
Кожомкулдун көтөргөн, жылдырган, кулаткан таштары Суусамыр, Байрак, Жоо-Жүрөк, Кең-Суу жайлоолорунда, Кетмен-Төбө өрөөндөрүндө бар. Көтөргөн таштарынын салмактары, узун-туурасы ченелгендерине токтолсок.

22 жашында Суусамырдын Арамза деген төрүндө бийиктиги 1 метр 60 сантиметр, туурасы 1 метр 89 сантиметр ташты көтөрүп, жерге күч менен уруп киргизген. Салмагы 680 килограмм бул ташты эл “Кожомкулдун ташы” деп билет.

1906-жылы көтөргөн ташынын узундугу 1 метр 57 сантиметр, туурасы 1 метр 7 сантиметр болгон. Бул таш 1965-жылы ченелген. Ал эми 1924-жылы көтөргөн ташын Дене тарбия институтунун студенти Нургүл Эламиева 1961-жылы ченеген. Анын узуну 1 метр 47 сантиметр, туурасы 2 метр 3 сантиметр болгон. Ошондой эле дагы бир ташты Кожомкул айылындагы Чаргымбайдын күмбөзүнүн жанына ат мамы болсун деп орноткон. Анын салмагы 690 килограмм болгон.

ЖЕҢИШКЕ КАРАЙ 12 КАДАМ.
Кайсы жыл экени белгисиз, 1-Май майрамында Чаекте Абдрахман менен Кожомкулду эңишке түшкүлө десе, экөө тең макул болбой коюшат. “Анда ат көтөргүлө” дешип, байтал алып келишет. Ошондо Абдрахман бээни көтөрүп 3 кадам басат. Кожомкул 12 кадам басып жерге коёт.

АЮУГА ТУРУШТУК БЕРГЕНДЕ…
Бул окуя Кожомкул Чүйдөн Суусамырга сапар алганда болгон. Караңгы түшүп кеткендиктен, балбан жолго түнөөгө аргасыз болот. От жагып коюп, уйкуга кирет. Анан бир убакта атынын кишенегенинен ойгонсо, аюу отко таш ыргытып жаткан болот. Бир убакта аюу ага чабуул жасайт. Ушул жерден айтып койчу нерсе, айрымдар “Кожомкул аюу менен күрөшүп жеңген” дешип, апыртып, жомок сыяктуу айтышат. Чынында, Кожомкул аюу менен күрөшкөн эмес, жөн гана ал кол салганда туруштук берип, мизин кайтарган.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ…
Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп алган. Ал эми Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, Төө-Ашуудан атын көтөрүп өткөн.

ЭСТЕЛИК ЖӨНҮНДӨ
Бишкектеги Спорт Ордосунун алдында жайгашкан Кожомкулдун ат көтөргөн эстелигин көпчүлүк көрүп жүргөнү менен, ал тууралуу баары эле биле бербеши анык. Бул эстеликти “Кожомкул” фондунун жана “Байтур” корпорациясынын президенти Тынчтыкбек Конушбаев (сүрөттө) 2004-жылы 14-декабрда тургуздурган. Салтанаттуу ачылышына аттуу-баштуулардан ЖКнын спикери Абдыганы Эркебаев, Маданият жана спорт министри Өкмөтбек Алмакүчүков, жазуучу Асанбек Стамов өңдүү инсандар катышып, сөз сүйлөшкөн. Мындан тышкары балбандын туугандары, Суусамырдын тургундары да чакырылган.

Эстеликтин архитектору Сергей Байназаров болсо, скульптору – Базарбек Сыдыков. Бийиктиги – 14 метр, салмагы – 3 тонна. Ал Казакстандын Жезказганынан алынып келинген жезден жасалган. Эстеликти жасап тургузууга баш-аягы 3,5 миллион сом жумшалган. Корогон каражаттын баарын жогоруда аталган белгилүү жеке ишкер Тынчтыкбек Конушбаев өзү көтөргөн.

Базарбек Абдураимов, «Супер-инфо», №415 15-21-октябрь, 2010-жыл.

Соц тармактар:

Добавить комментарий