Маданият жана маалымат министри САДЫК ШЕР-НИЯЗ: “Бөгөт коюу – жакшы ыкма эмес…”

Учурдагы Маданият жана маалымат министрибиз байыркы кыргыз жазууларын сактап калуу боюнча мыйзам кабыл алыш керектиги жөнүндө демилге көтөрүүдө. Ага ушул жана башка суроолор менен кайрылдык.

Айтсаңыз, министр болуп дайындалганы ишти эмнеден баштадыңыз?
– Ырасын айтканда, мен кызматка өтө оор учурда дайындалдым. Мендеги алгачкы максат – маданият чөйрө­сүндөгү ынтымак менен биримдикти сактап калуу болгон. Менимче, бул максатыма жеттим. Ал эми ишти эмнеден баштагандыгым жөнүндө сурасаңыз, мен боордош түрк эли менен болгон маданий байланышты чыңдоо менен баштадым. Түркияга эки ирет барып, жемиштүү кайтып келдим. Алардын биринде келерки 2011-жылы өтүүчү иш-чаралар үчүн 10 млн. сом бөлдүрүп, кийинки барганыбызда “Түрксой” уюмуна 390 миң сом карызыбыз бар экен, аны кечтирип келдик. Мындан сырткары, Кипрге 4 баланы бекер окутуп келүүгө келишим түздүк. Ошондой эле, Түркиянын эң көрүнүк­түү окуу жайларынын бирине бир студентти жиберип жатабыз. Ал 5 жыл бою бекер билим алып, бекер жашап келет. Муну менен бирге сыймыктануу менен айта турган нерсе, театрларыбызга жан киргизүүгө жетиштик.

Театр жөнүндө сөз баштап калдыңыз, көпчүлүккө белгилүү болгондой, кыргыз драма театрындагы оңдоо иштери үч жылга уланды. Сиздин оюңузча, эмне үчүн 3 жылга созулду?
– Менин жеке пикиримче, мада-ният чөйрөсүндө туура эмес багыт калыптанып калгандай. Башкача айтканда, оңдоп-түзөө иштерин ага кетүүчү каражат которулгандан кийин гана башташ керек деген ойго жетеленип калышкан. Ошол сыңары, кыргыз драма театрына алгачкы иштер үчүн акча которулган, анан токтоп калган. Бирок, буюрса бул иштер түз жолго салынды. Себеби, жакында эле театр жетекчилери менен жолугушуп, бир топ маселелерди чечип алдык. Үч жылдан бери токтоп турган Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын кичи залдары 15-октябрда ишке киргени турат. Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театры да 10-15 күндөн кийин  премьерасын койгону турушат. Алар ошого даярданып, азыр театрдын артисттери өздөрү ремонт иштерин жүргүзүп жатышат.

Сиздин оюңузча, ремонт иштерин артисттердин өздөрү  жасап жатышы уят көрүнүш эмеспи?
– Жок, мен андай деп эсептебейм. Биз бул көрүнүштү өтө кубануу менен кабыл алышыбыз керек. Анткени, артисттер өздөрү белдерин бекем бууп, жан дили менен берилип иштеп жатышы – ынтымакта, биримдикте, кеңешип жасаган иштин акыбети кайтарымдуу болорун далилдеп берип жатат. Экинчи жагынан аларда ишине болгон ишеним пайда болууда. Күн сайын тынымсыз иштешип, тезирээк бүткөрүп, оюн коюуга шашылышууда. Анын үстүнө бардык театр ишмерлери мамлекетти карап отура бербей, өзүбүз аракет кылып иш кылалы деген демилгени толугу менен колдошууда. Себеби, сиздер билесиздер, азыр мамлекетте каражат ченелүү. Анын көбү өлкөбүздүн түштүк аймагындагы жарандар үчүн жумшалууда.

Ушул эле багытта дагы бир суроо. Үч жылга созулган ремонт иштеринин айынан, кыргыз драма театрынын ишмерлери жумушсуз калып, башка жактардан иш издеп башташкан эле. Мындай көрү­нүштүн кайталанбашына кепилдик бере аласызбы?
– Албетте, бул өзүнчө бир чоң көйгөй. Кезегинде ошол эле драма театрдын кичи залдарын оңдоп ишке берүүгө мүмкүнчүлүк болгон экен. Бирок, тилекке каршы, кетирилген кемчиликтерден улам ушундай иштер болуп отурат. Эми жаңыдан жандана баштаган театрларда артисттер ойноп баштаса, сиз айткан маселе аз-аздан чечилет деп ишенем.

Байыркы кыргыз жазууларын сактап калуу үчүн атайын мыйзам кабыл алыш керек деп жатасыз, муну канча убакта ишке ашырса болот?
– Бул мыйзамдын долбоору иштелип жатат. Ал тургай дээрлик 90 пайызы бүтүп калды десек да болот. Мыйзам министрликтин талдоо, мониторинг жана укуктук колдоо башкармалыгы тарабынан иштелип, башында Бакыт Бакчиев турат. Буюрса, биз аны ашып кетсе бир айдын ичинде толук бүткөрө­бүз. Эгер, бул мыйзам кабыл алынып калса, Кыргызстанда идеологиялык жактан чоң бурулуш болмок. Анткени, биз миңдеген жылдар мурун ата-бабаларыбыз жазган, пайдаланган жазууларды унутта калтырып, ага жоопкерчиликсиз менен мамиле кылып келдик. Менин оюмча, буга чейин айтылып келген Орхон-Енисей жазуулары мындан ары байыркы кыргыз жазуулары деп аталып, ошентип, сакталып калышы зарыл.

Акыркы кездерде кино тармагына жакшы эле көңүл бурулуп жатат окшойт, бул багытты өнүктүрүү үчүн дагы эмнелерди жасайын деп жатасыз?
– Мындан төрт-беш ай мурун “Кыргызстан – кыска метраждуу кино тасмалардын өлкөсү” аттуу долбоорду алып чыкканбыз. Анын оозго алынган дол-боор болуп калгандыгы абдан кубанычтуу. Буюрса, жаман эмес, жаш таланттарыбыз анча-мынча ийгиликтерди жаратып жатышат. Алар менен канчалык тыгыз байланышта болууга аракет кылбайын, министр болгону кайра алыстап баратам. Анткен себебим, кинематографисттердин өзүнчө агенттиги ачылган. Алар өзүнчө иш алып барып, менин көңүлүм көбүнчө театрларга бурулууда. Бирок, ошондой болсо дагы, жан дүйнөмдө кинонун ээлеген орду чоң. Бул багытты өнүктүрүү үчүн, ал тармакта иштеген кызматкерлерге жакшы шарттарды, жаңы мүмкүнчү­лүктөрдү ачып бериш керек. Ал үчүн биз бардык аракеттерди колдонобуз.

“Кыргыз Туусуна” келген каттардын биринде: “Элдин келечегине балта чапкан мас-маданият кап-тоодо” деп жазылыптыр. Анда күнүмдүк, жеңил-желпи ыр, бий, клиптердин тартылышы ж.б. көбөйүп баратканы жөнүндө айтылып, ага бөгөт коюлуш керек деген пикирин билдириптир. Сиздин оюңуз…
– Менин оюмча, бөгөт коюу бул жакшы ыкма эмес. Анын коркунучтуу жагы да болушу мүмкүн. Башкача айтканда, биз тыюу салып, бөгөт коюу жолу менен искусствонун бир багытын таптакыр жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ал эми коомду чыныгы искусствого үндөө, албетте, биздин министрликтин милдети. Ошондуктан, биз ошол жоопкерчиликти өз мойнубузга алабыз. Маданий бай мурастарыбызды сактап калуу үчүн стратегиялык багытты иштеп чыгалы деп жатабыз. Дал ушул учурда аталган багыттагы талдоолор жүргү­зүлүүдө.

“Манас” эпосун бүткүл элге таандык эпос катары таанытуу боюнча ой-пикириңизди билдирип жүрө­сүз? Эмне үчүн мындай деп ойлоп жатасыз?
– “Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине Кытай Эл Республикасы тарабынан киргизилип калышын кайрадан карап чыгуу министрликтин стратегиялык багыттарынын бири. Бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Жакында эле, комиссия мүчө­лөрү чогулуп, кеңешме өткөрдүк. Анда көпчүлүгү “Манастын” үчилтигин тизмеге киргизүүнү сунушташууда. Бул ойду мен да колдойм. Себеби, үчилтик ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилбей калышы толук мүмкүн. Эгер ушундай боло турган болсо, биз “Манасты” жоголуп кете турган эпостордун катарына кирбей тургандыгын далилдеп, аны керек болсо, Казакстан, Россия, Тажикстан ж.б. өлкөлөргө да тиешелүү дүйнөлүк эпос катары таанытып, “Манасыбызды” Кытай эли тартып алды деп таарынбай, тескерисинче, кыргыздар жашаган көп өлкөлөргө белгилүү болгон дүйнөлүк эпос деп сыймыктансак болот.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”, 15.10.201-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий