Тянь-Шандын темир айымы

Кыргыздын атын алыска, даңкын далайга чыгарган инсандарыбыз аз эмес. Алардын бири Кыргызстандын тарыхында, маданиятынын басып өткөн жолунда ташка тамга баскандай өз изин калтырган Күлүйпа Кондучалова учурда Бишкек шаарынын ардактуу жашоочусу, эки кыз, бир баланын энеси, беш неберенин чоң эне, таянеси жана тогуз чөбөрөнүн чоң энеси жана чоң таенеси. Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри жана Маданият министри Күлүйпа Кондучалованы — «Тянь-Шандын темир айымы» дешет. Кыргызстандагы профессионалдык искусствонун гүлдөшү анын ысымы менен байланыштуу. Анткени, Күлүйпа Кондучалованын мезгилинде маданияттын биринчи карлыгачтары учуп чыкты. Кинематографияда да бир топ жакшы ийгиликтер жаралды. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Күлүйпа Кондучалова 90 жашка чыкты. Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева, Күлүйпа Кондучаловага «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген наам ыйгарып, «Ак Шумкар» төш белгисин такты. «Эң негизгиси, эч нерсени унутпаш керек. Азыркы муун биз өткөргөн, биз жасаган нерсени туюшса экен деп тилейм», — дейт К.К. Кондучалова.

Күлүйпа Кондучалованын биографиясы
1920 жылы Күлүйпа Кондучалова Чүй областынын Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында, кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Айылдык мектепте, андан кийин Фрунзедеги педагогикалык окуу жайында окуган. 1938-жылы окууну бүтүп, Куланактагы толук эмес орто окуу мектебинде эки жылга жакын окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1940-жылы Кыргызстан ЛКСМ Тянь-Шань облкомунун лектору болуп эмгектенет… 1958-жылы К.К. Кондучалова Кыргызстандын Маданият министри болуп, 22 жыл иштеди. Улуттук маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошуп, ошол убактагы жаш таланттардын (Бүбүсара Бейшеналиева, Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Болот Миңжылкиев, Төлөмүш Океев, Нуртай Борбиев ж.б.) көбүнүн жылдызын жандырган.

Сыйлыктары:
К. Кондучалова I и III даражадагы»Манас» орденинин ковалери, Ленин орденинин ээси, Эмгек Кызыл Туу ордени, «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» , «Эмгектеги кайраттуулугу үчүн» , жана «1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы кайраттуулук эмгеги үчүн» медалдары менен сыйланган.

Зейнеп Шакеева: «Күлүйпа Кондучаловна сөөмөйү менен курсакка бир сайып…»
Э кинчи баламды төрөгөндөн кийин ушул окуя болгон. Кондучалова аябай талапты катуу койгон министр болчу. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң концерт болмок. Даярдыгыбызды көргөнү келиптир. Анан мен ырдаганы чыксам, токтотуп коюп, шашпай басып келди да «Шакеева, курсакты жогот» деп, сөөмөйү менен курсакка бир сайып атпайбы. Жаман эле болуп кеттим. Төрөгөндөн кийин аялдын денеси бир топто өз калыбына келет эмеспи. Жаңы эле төрөгөнүмдөн кабары болсо дагы, эч нерсени уккусу да, билгиси да келген жок. Талап деген талап да, аткарбаска аргаң жок. Негизинен эле, «семирбегиле» деген талап катуу болчу.

Ирина Оролбаева, кызы: «Атам Токмоктогу балдар үйүндө чоңоюптур»
Атамдын бир туугандары жок, Токмоктогу балдар үйүндө чоңоюптур. Атам абдан сулуу, билимдүү жана шайыр адам болчу. Финансы техникумун бүтүрүп, Жалал-Абадда иштеп жүргөн кезинде апам менен таанышкан экен.

Атамдын биринчи аялы каза болуп…
Атамдын биринчи аялы каза болуп калыптыр. Андан Диас аттуу бир баласы бар. Биз аны Дима дейбиз. Экөө үйлөнгөндөн бир жылдан кийин Гүлжамал аттуу кыздуу болушат. Биздин үйдө аттарыбыз орусчага ыктап кетет. Мен төрөлгөндө атам атымды Ирина деп коюптур. Үйдөн конок үзүлчү эмес. Биринчи «особнякта» жашап, андан кийин азыркы Эркиндик бульварындагы үйгө көчүп келгенбиз.

Атам туура эмес диагноздун айынан каза тапты
1961-жылы атам катуу ооруп, туура эмес коюлган диагноздун айынан каза болду. Ошондо атам болгону 50 жашта эле. 40 жаштагы апам 3 баласы менен жесир калды. Атам өлгөндөн кийин үй-жумуштарын таенем кылып, апам кыям жасаганда эле ашканага кирчү. Кыям боюнча алдына киши салдырчу эмес, бирок, апамдын тамакты мыкты жасарына эч ким ишенбейт. Үйгө коноктор келип калганда, бир нерсе сурамак түгүл, алардын үстүнө кирчү да эмеспиз.

Күлүйпа Кондучаловна: «Ата-энем жетимчиликти башынан өткөргөн экен»
Ата-энем Кондучал менен Токсумак бизге башкача мамиле жасашар эле. Анткени, экөө тең жетимчиликти баштарынан өткөргөндүктөн, бизди эч нерседен кем кылбаганга аракет кылышчу. Боз үйдөн жаңы тамга көчүп киргенибизди бүдөмүк билем. Менин оюмча, 1924-жылдар болсо керек. Үйдө орус меш бар болчу. Ага нан бышырбасак да, суук боло калганда жанына барып жылынчубуз.

Үстү саман менен жабылган мектеп
1928-жылы Кара-Жыгач айылында мектеп ачылды. Алгач, үстү саман менен жабылган, эки бөлмөлүү жер төлөдө окудук. Cуук болгондо үйдөн отун, тезектерди алып келип жагып, жылынып алчубуз. Кийин-кийин, октябрга жакын биздин айылга чыныгы мектеп курушту. Мектептин ачылышы биздин айылдын эли үчүн чоң жаңылык болду. Жаңы салынган мектепке жакынкы үч айылдан балдар келип, бардыгы 40 окуучу, 3 мугалим болду. 1932-жылы төрт жылдык башталгыч классын бүтүрдүм.

«Мен тамга тааныган мектептин бир жак башы дүкөн болуп калды»
Менин биринчи тамга таанып, билим алган мектебимдин имараты азыр да элге өз кызматын кылып келет. Тактап айтканда, мен окуган мектептин бир жак башы дүкөн, экинчи тарабы компьютердик-клуб болуп калды.

«Бүбүсарага караганда Сайра Кийизбаева ачык эле»
Чыгармачылыктагы кыздардан Бүбүсара Бейшеналиева жана Сайра Кийизбаевалар менен жакын мамиледе болуп, сырыбызды бири-бирибизден жашырчу эмеспиз. Бүбүсара… Эң күчтүү, акылдуу жана улуу актриса. Бир жолу ага: «Бүбүсара, артисттердин жарымы ушу сендей болсо, мен көп ойлонбойт элем» — деп айтып күлүп калганы эсимде калды. Өзүнүн жеке маселеси менен менин кабинетимдин эшигин бир да жолу ачпады. Сырын ичине катып, ооруганын да мага айтчу эмес. Катуу ооруп калганын, доктурлардан укчумун. Ал эми Сайра Кийизбаева ага караганда ачык эле.

P.S. Бул жерде Кыргыздын тарыхында калган адамдар жашашкан: Т. Усубалиев, К. Үсөнбеков, Т.Тургунов. ж.б. Күлүйпа Кондучалованын үйү да ушул кабаттардын биринде.

Төлөбүбү Касымалиева, «Обон» («Кыргыз гзиттер айылы»), 12.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий