Атанын акылы

(жомок)

Илгери укмуштуудай бир кооз жерде акылман карыя жашаптыр. Байлык десе байлыгы бар, мал десе малы бар. Бирок бири кем дүйнө деген ошол окшойбу, жараткан ага бир перзент ыраа көрбөптүр. Кудайга миң мертебе жалынып бала сурап, барбаган мазары, баспаган жолу калбаптыр. Күн өткөн сайын баягы кары алдан-күчтөн таят. Бирок эч качан үмүтүн үзбөйт. Бир күнү кемпири экөө кеңешип, атагы алыска кеткен мазарга барып келүүнү туура көрүшөт. Жолго чыгарда акылман, эли — журтунан бата алып жөнөп кетишет. Ошентип, алыскы аралыктагы атагы алыска тараган жайга үч күн, үч түндө араң жетишет. Барып, максаттары кабыл болуусун суранып, кайра кайтып келе жатканда жолдон жалгыз түп даракка кез келишет. Жол азабы көр азабы дегендей чарчап чаалыккан кемпир — чал суу жутмакка баягы дарактын түбүнө отура калышат. Кайдан — жайдан ыңаалаган үн угулат. Селт этип чочуган абышка — кемпир эки жагын караса кичинекей наристе жатат. Качанкы аруу тилектери ишке ашканына кубанышып, көздөрүнөн бакыттын жашы тамат. Айылына келип чоң той берип эле жатып калышты дейт. Азан чакырып, атын карыганда бизге ырыс келди деп Ырыскелди коюшат. Күн өтөт, айлар жылга алмашат. Бала бойго жетет. Атага тең уул эмес, атадан кем уул болуп өсөт. Кашыктап чогултканды чөмүчтөп чачат. Атаганат, болбос бала болду деп, аксакалдар баш чайкайт. Күнүгө майрам куруп, кумар ойноп жаштыгын өткөрөт. Атанын акылын укпайт, эненин тилин албайт. Ошентип жүргөн кезинде баягы акылман дүйнөдөн кайтмак болот.


— Керээзимди айтып калайын кел,-деп оюн-зооктон колу бошобогон баласын араң чакыртат. Атасынын өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганын көрүп кейип да койбойт. Каргылданган үнүн араң жаңсап, баш көтөрө албай жаткан атасын жөлөп да койбойт . Тескерисинче:
— Айтчу сөзүң болсо тез айт, досторум күтүп калды,- деп демитет. Каңырыгы түтөгөн атасы айла жок сөзүн баштайт:
— Жакында сен да мендей болуп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда каласың, ошондо жер­төлөөдө байланган арканга муунуп өл, -дейт да көзүн жумат. Жыл айланбай акылман атасынын айтканы келет. Ырыскелди катуу ооруп, жанындагы достору андан алыстап кетишет. Калтырган байлыктан жок, же ден соолугунан жок аябай кыйналат. Ошондо ойлонот да, атасынын өлүм алдында жаткан кеби эсине түшөт. Ордунан араң жылып, жертөлөөгө түшүп жан-жагын караса илинген аркандан башка эч нерсе жок. Эптеп жетип арканга муунмакчы болгондо, шыгыраган алтындар жерге түшөт. Дүнүйө, чиркин, кимдерди кызыктырбаган. Көзү жайнап оорусу саамга унутула түшөт. Ойлонуп отуруп, эми оокат кылайын деген чечимге келет.

Оорусунан сакайып, үй-жайын оңдоп, эми өзүнө келип калган учурда, баягы достору кайра пайда болот.
— Жок, кеткиле, мен эми такыр башка адаммын. Убагында силерге азгырылып, ата-энемдин тилин укпай капа кылгам. Алардын көзү өткөн соң өкүнүп отурам, -дейт. Өз кулактары менен уккан сөзгө ишенип- ишенбей кумарчы достору көздөн кайым болушат.

Ал эми Ырыскелди ошол күндөн ушул күнгө чейин бардык жеткинчектерге акыл айтып, аларды ага-энесин сыйлоого үндөп, арабызда бактылуу жашап келет экен.

Алия Орозобекова, “Аргумент”, («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Атанын акылы: 1 комментарий

Добавить комментарий