Эл акыны Эрнис ТУРСУНОВ – 75 жашта

Эрнис Турсунов: өзү жалгыз
Филология илиминин доктору, профессор, КРнын эл жазуучусу Кеңешбек Асаналиев узак жылдар бою кыргыз адабиятынын алптары А.Токомбаевдин, Т.Сыдыкбековдун, Ч.Айтматовдун, К.Тыныстановдун, А.Осмоновдун чыгармачылыгын такай изилдеп, “жиликтеп”, талдап, илимий жыйынтык чыгарып келген ири окумуштуу, чыгаан адабиятчы-сынчы. Анын “Адабий Ала-Тоого” 2005-жылы № 8, декабрь-январь айына жарыяланган Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун чыгармачылыгына карата терең жана кеңири анализдеп жазган сын макаласын адабий мурас катары акындын 75 жылдыгына байланыштуу жарыялоону туура таптык. Анткени, мурда-кийинби, чыныгы калемгердин чыгармачылыгына калыс бааны ким айтканында, ким жазганында. Эмесе, окумуштуу-сынчынын кыскартылган түрүндө жарыяланган макаласына көңүл буруңуздар.

Жашырып эмне кереги бар, юбилейге арналган адабий кечелерде сүйлөнчү баяндамалардын калыптанган шаан-шөкөтү, туруктуу эрежелери, ал турмак темирдей бекем стандарттары өкүм сүрүп турганы белгилүү. Мен деле бүгүнкү салтанаттын “күнөөкөрү” Эрнис Турсунов жөнүндөгү сөзүмдү ошол көнүмүш жол-жоболордун бирине салайын деп ойлодум. Бирок, бул менин мажестигим болуш керек. Эрнис Турсуновдун чыгармачылык турпатын андайлардын бирине да окшоштуруп да, орноштуруп да сыйдыра албай койдум.

Бир гана жекече мисал. Кыргыз радиосунун жекшемби күнкү программасында бериле турган Эрнис Турсуновдун эскерме-аңгемелери бар, укканыңыздар бардыр, эсиңиздерге сала кетейин, автор кудум дасыккан дикторлорчо өзү окуйт, кудум актёрлорчо үнүн кубултуп, текст­тин мазмунуна ылайык аткарат. Бул аңгеме-эскермелердин персонаждары, маселен, № 5 кыргыз орто мектебинин атактуу завучу, кыргызча так сүйлөгөн Михаил Алексеевич Рудаков, көрүнүктүү окумуштуу-адабиятчы Медина Искендеровна Богданова, балкар элинин улуу акыны Кайсын Кулиев, кыргыз театрынын ишмерлери Советбек Жумадылов, Жалил Абдыкадыров, саясий-коомдук ишмерлер Абдыкайыр Казакбаев, Султан Ибраимов ж.б. Айтор, ушундай ар түрдүү кесиптеги кыргыз, татар, казак, балкар, орус, украин элдеринин Кыргызстанда иштеген, кыргыз маданиятына, өндүрүш, чарбасына, коомдук өнүгүшүнө эмгек сиңирген ишмерлер жөнүндө атайы иликтеп жазылган радио-аңгемелер.

Үстүртөн байкап көрсөк, Э.Турсуновдун калеми тийбеген адабияттагы жанр калбаптыр: либретто, драманын түрлөрү, аңгеме, повесть, роман, жазуучулук иликтөө, философиялык, турмуштук, пейзаждык, сүйүү лирикасы, батыш-чыгыштын байыркы жана азыркы учурдагы дүйнөлүк лириканын, эпикалык поэ­зиянын котормолору, айтор, ушунун баары жазуучунун адабий ишмердигинин мейкин талаасы. Бул эмне, адабий жанрларды “чөп башылап” беткелди, үстүртөн пайдаланган, кыргыз адабиятында боло жүргөн кадыресе көрүнүшпү же ар бир жанрдын ички табиятын, мүмкүнчүлүгүн таанып-билип, ар бирин өз-өз ордуна коё билген чыныгы профессионал мамилеби? Ушунун маани-жайын байкап көрүү максатында гана Э.Турсуновдун котормолорунун айрымдарын гана атап өтөлү: А.С.Пушкин “Евгений Онегин”, “Борис Годунов”, Н.В.Гоголь “Үйлөнүү”, Н.А.Некрасов “Орус жеринде ким жыргайт”, Уильям Шекспир “Антоний жана Клеопатра”, Бертольд Брехт “Сычуандагы акпейил адам”, Назым Хикмет “Махаббат баяны”, Эдуардо де Филиппо “Цилиндр”, анан булардан тышкары турган мусулмандардын ыйык китеби “Куран” менен христиандардын ыйык китеби “Библия”.

Көрүп турасыздар го, мындай учурда эмоцияңды билгизбей карманайын десең да, кармай албай өзүнөн-өзү эле “ыргып” кетет экен. Чынында да эмне деген чыгармалар, ким деген авторлор! Бир эле Пушкиндин “Евгений Онегин” романына үч жолу кайрылып, (1977, 1988, 2004-жылдары) кайрадан иштеп чыгуунун өзү эле котормочунун анчейин өз ишине жоопкерчилик мамилеси гана эмес, баарынан мурда, бул улуу чыгармага болгон Эрнис Турсуновдун акындык дилинин нукура тазалыгын айгинелейт.

Мусулмандардын ыйык китеби “Куран”, христиандардын ыйык китеби “Библия” жөнүндө сөз башка. Алар жөнүндө бирдеме айтуу мага кыйын, бир гана айныгыс билгеним, ыйык китептердин кыргызча которулушунун өзү эле окуя, талашсыз тарыхый көрүнүш-факт. (“Куранды” түрк тилдүү булактарга салыштырып, Э.Турсунов он беш жыл которуп, комментарийлеп чыккан, жаңы котормо басууга даяр. Котормону Ислам университетинин мударистери редакциялаган. Ред.). Ушул жогоруда келтирилген тизме эле, жалпы сомосунан берилген мүнөздөмө. Эрнис Турсунов кыргыз сөз искусствосунун өнүгүш тарыхында У.Абдукаимов, О.Орозбаев, С.Бектурсунов өңдөнгөн профессионал котормочулардын катарында турган адабий ишмер деп аташка толук негиз берет.

Мен бир нерсени атайы сактап айтпай, жогорудагы калың тизмеге да киргизбей отурам. Эрнис Турсунов менен Сүйүнбай Эралиев (азыркы терминология менен айтканда, булар чебер акындардын тандеми) экөөнүн котормолорунун негизинде түзүлгөн “Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы” деген көлөмдүү томдо “Тозок” (он биринчи ыр) деген бөлүмчө бар. Э.Турсунов азыркы учурда Алигьери Дантенин “Кудайдын тамашасы” (“Тозок”, “Кыл көпүрө”, “Бейиш”) деген поэманын үстүндө иштеп жатса керек. Бул чыгарманы орус тилине которгон М.Л.Лозинский минтип жазган: “Ойлонулган ойдун чексиздиги жана анын ишке ашырылган архитектуралык ырааттуулугу боюнча, образдардын көп түрдүүлүгү, ар башкачалыгы жана өзүнүн реализминин өлчөмсүз күчү боюнча Дантенин поэмасына европалык адабияттарда теңтайлаша турган бир да чыгарма жок”. (Данте Алигьери “Божественная комедия”, изд. “Наука”, М., 1968, стр.5). Бул котормо үчүн М.Л.Лозинский Сталиндик сыйлыктын (кийин “Мамлекеттик” болуп аталган) биринчи даражасына, болгондо дагы М.Шолоховдун “Тынч Дон” романы менен бир катар татыктуу болгон. Көрсө, Э.Турсуновдун котормочулук ишмердиги “чөп башылаган”, жадаганда кадыресе “журт” которгон көчмөндүк эмес, бул өзүнө бекем ишенген, эстетикалык адеби бар акындын максаттуу, системалуу түрдө бараткан көзөмөл багыты.

Эрнис Турсуновдун адабий портретин түзүүдө анын драмалары жөнүндө айтпай коюуга болбойт. Ал ушул кезге чейин жети драма, үч опералык либретто жазыптыр. Драмалык чыгармалардын сюжети, образдык курулушу, адабий тексти канчалык даражада иштелбесин, баары бир анын таалайы, тагдыры акыры келип сценада чечилээри белгилүү. Эрнис Турсуновдун чыгармаларынын канчасы сценада жашап, канчасы ага жетпей калганын билбейм, себеби тагдыр ошондой болду. Ар түрдүү себептер менен замандын эң актуалдуу маселесин козгогон жүрөк трансплантациясы жөнүндө “Замандаш” деген драмасынан башка бирин да көргөнүм жок. Ушундан улам драмалары жөнүндө эчтеке айталбайм. Ошондой болсо да Э.Турсуновдун тажрыйбалуу такшалган драматург экенине мен эч шек кылбайм. Буга Уильям Шекспир менен Бертольд Брехт, Карло Гоцци менен Назым Хикметтин жана башкалардын драмаларын көркөм которуу негиз болуп берет. (Ал баш-аягы классикалык жыйырма бир драма которгон – Ред.).

Өткөн кылымдын 80-жылдарынын баш ченинде болуу керек эле. Колума Эрнис Турсуновдун “Бадахшан” деген китеби тийип калды. Чынын айтыш керек, анда ал китепке анчейин “ат үстүнөн” карап баа берген эмесмин. “Ажал айтып келбейт” жыйнагынан (2004-жыл) кайрадан окусам, ошол новелла, аңгеме, повесттер жазуучунун алдына ачык түрдө койгон максаттуу, адабий багыты экенине көзүм жетти. Бул жыйнакка топтолгон чыгармаларга жанрдык дефиницаны мен ыйгарып жатам, автордо аныктамалар эч биринде жок. Эмне үчүн? Көрсө, автор ошондой эле өзүнүн чыгармачылык ой чабытын кандайдыр жанрдык канондор менен чектебей, баарынан мурда, адам жана анын тагдыры жөнүндөгү баянын эркин чыгарууну көздөйт экен. Бардык эле учурда мындай аракет иш жүзүнө, тиешелүү жыйынтык чыгат деген ойдон алысмын. Ошондой болсо да, автор бир эле чыгарманын көркөм составында сюжеттик жана образдык түзүлүштөн тартып, очерктик, публицистика, документалдуулукка чейин пайдалануудан баш тартпайт.

Адамдын жеке тагдырына бир максаттуу, көзөмөлдүү багытталган иликтөөлөрдүн натыйжасында постсоветтик мезгилде Эрнис Турсунов өзүнүн чыгармачылыгында жаңы сапаттык деңгээлге көтө­рүлдү десем, мындан да ачыгыраак айтканда, жазуучунун таланты накта ушул мезгилде көп тараптуу жана бүткүл күчү менен ачылды десем, түк аша чаппайм. Буга ачык  далил катарында жазуучунун  “Ата Журт” (1990-ж.), “Балбай” (2002-ж.), “Боронбай” (2004-ж.) романдарын көрсөтсөк жетиштүү. Менин оюмча, жеке адамдын тагдырын көркөм изилдөөнү негизге алган Э.Турсуновдун эстетикалык кредосу дал ушул аталган романдарда өзгөчө ачыкка чыкты.

Бул чыгармалар кыргыз элинин тагдырындагы эң бир маанилүү мезгилди, эгерде, жалпы сомосунан схемалаштырып айтсак, бир жагынан Цин империясы, Кокон хандыгынын үстөмдүгү, экинчи жагынан орус падышачылыгынын өтө кылдат, тымызын жүргүзүлгөн басып алуучулук саясаты ачыккан жана мезгилди, ошондой эле такай жүрүп келген уруучулук кагылыш уланып, өздөрүн “хан”, “баатыр” деп жарыя­лагандардын арасында кандуу салгылаш, уруу-урууга бөлүнүү ого бетер күч алып турган мезгилди камтыйт. Э.Турсуновдун эстетикасынын бирден-бир принциби адамдагы арамзалык менен ак ниеттикти, каракчылык менен эрдикти апачык түрдө бетме-бет коюп, антономия катарында көрсөтүү “Ата Журт”, “Балбай”, “Боронбай” романдарында өзүнүн апогейине жетет.

Көрүнүп тургандай, чыгарманын өзү (кийинки экөө) тарыхый инсандардын өз аты менен аталып жатат. Демек, автор чыгармасын “тарыхый” деп белгилеш керек эле, антпейт, жөн эле “роман” деген дефиниция менен аныктайт. Бул кокусунан эмес. Автордун тарыхый окуяга, тарыхый инсанга өзү сыяктуу “тарыхый роман” жазган башкалардан принципиалдуу айырмаланган өзү­нүн жекече көз карашы, жекече көр­көмдүк концепциясы бар. “Тарыхчы болуп туулбайт, болуп алат. Ал эми акын болуп туулат” деп байыркылар айткан сөз бар. Мындай деп айтууда тарыхчынын баасын, билим мартабасын кемитүү жок, сөз бул жерде акындыктын өзгөчө жаралышы, табияты жөнүндө гана баратат. Ошонун сыңарындай, акын, жазуучу, драматург Эрнис Турсунов тарыхый окуяларды үйрөнөт, таанып-билет, тарыхый инсандардын өмүр баянын, тагдырын иликтейт, албетте, архивдик документтерге, санжыраларга, элден уккан оозеки аңгемелерге таянат.

Акындын биринчи ырлар жыйнагы мурда эле жарыяланса да, 1970-жылы “Жигиттер” деген наам менен жарыкка келген жыйнакты Эрнис Турсуновдун акындык башталышы деп эсептейм. Ал эми “Бийиктик” ырлар жыйнагы (1973-ж.) менен, мен билгени, акын ошол мезгилдеги аты аталып, дүңгүрөп калган таланттуу акындардын катарына (О.Султанов, Т.Кожомбер-диев, Ж.Мамытов) кошулуп, ошол мезгилдин салты, эрежеси боюнча Жазуучулардын пленумунда, съездинде аты кадимкидей аталып туруш керек эле. Андай болгон жок, ал турмак жалпы тизмеге да кошулбады, сан жагынан эбегейсиз өсүп кеткен жазуучулардын көпчүлүк шарданында жүрдү.

Орус философу жана адабий сынчысы Василий Васильевич Розановдун “атак-даңктан куру калганды тагдыр өзү сактап калат” деген сөзү бар. Дал ошонун сыңарындай, эч кимге билинбей, билгизбей, куду дал өзү айткандай “бака болуп чардабай”, жазган ырлары бөтөнчө постсоветтик мезгилде жараткан ырлары жыйнакталып, топтолуп, “Автопор-трет” деген ыр берметтерин түзгөн. Акындын бул ырлар жыйнагын китептин тагдыры жана элегиялык маанайы боюнча, орустун эң бир сонун лириги Афанасий Афанасьевич Феттин “Кечки оттор” (“Вечерние огни”) деген атактуу жыйнагына салыштырат элем. Эмне үчүн?

Биринчиден, “Кечки оттор” беш жолу жарыяланганга чейин (ал өтө аз сандагы тираж менен чыгып турган), ушундай шумдук лирика бар экенин аз сандуу окурмандар гана, болгондо да Лев Толстой, Владимир Соловьев, Страхов, Полон-ский, Чайковский сыяктуу тандалган профессионалдар гана билишкен. Буга себеп, ошол учурдагы Фетке каршылашкан адабий сын, айрыкча акындын өзүнүн адабий антогонисти Надсон дегендин карасанатай иш-аракеттери болгон. Эрнис Турсуновдун ошол учурда Надсон өңдөнгөн адабий антогонисти (душманы деп эле айтайынчы) болгон деп айта албайм, бирок “Жазуучулар союзу” деп аталган партиялык департаментте түзүлгөн иеархиялык жол-жобонун бул ишке түздөн-түз тиешеси бар дешсе нагыз жетиштүү. Анткени, “Жигиттер”, “Бийиктик” деген ыр жыйнактары жетимишинчи жылдардагы кыргыз поэзиясынын, чынында эле бийиктиктеринен экени “Авторпортреттен” даана көрүнүп турат. Бул жыйнак өзүнүн бүтүндөй туруш-турпаты менен дүйнөнүн, жашоонун, улуу турмуштун сулуулугун даңазалаган, дүйнөнүн нукура сулуулугун сөз менен сүрөткө түшүргөн, болгондо да сулуулук нурунан жаралгандай тунук лирикадан турган китеп. Жок, мен бул жерде Эрнис Турсуновдун жеке тагдырына кийлигишип, кандайдыр-бир параллель издеп жаткан жерим жок. Ошондой болсо да, акын өз башынан акындык ылаазаттуу тагдыр өткөрбөсө, кадимки реалдуу аялдын образын көктөн түшүп келгендей Афродитага, Шекспирдин кыялынан жаралган Клеопатрага, жер жүзүнүн не бир көркөм дастаны тең келбеген Нефертитиге, асмандагы Чолпон сыяктуу жаркыраган Татьянага,  мээрбан асылкеч, бардыгынан улук Каныкей, бирде нур, бирде мал, бирде шоокум Айчүрөккө, накта айтканда, аялзатын дүйнөдөгү идеалдардын деңгээлине көтөрүп сү­рөттө­бөйт эле.

Акын үчүн:

Өмүр деген өлгүчөктү машакат,
Өкүндүрүп, кубандырып жашатат.
Бирде жетпей, бирдемеден өксүтүп,
Бирде кетет кемеринен аша чаап.

Сөзүмдүн жыйынтыгында Эрнис Турсунов өзүнүн чыгармачылыгында дүйнөлүк поэзиянын асманындагы Чолпон жылдызды ориентацияга алып, ошого карай багыт алган. Ошондой гана бийиктикке багыт алуунун чыгармачылыктын өнүмүн, натыйжасын берерин ал жакшы түшүнөт. Буга далил жогоруда айтылган Эрнис Турсунов өзү окуп, өзү аткарган радио аңгемелерден тартып, романдарга чейин, опералык либреттолордон тартып, драмага чейин, өздүк лирикадан тартып, дүйнөлүк поэзиянын котормолоруна чейин бир гана максатка, жазуучу болуп туулган инсандын накта жазуучулук милдетин так, таза ишке ашыруу максатына гана кызмат кылат.

Кеңешбек АСАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу», 19.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий