Гүлсүн Мамашева, КРнын Эмгек сиңирген артисти : «Саясатчылар көрбөй жатканды чыгармачыл адамдар сезет»

Мээр төккөн эне, активдүү аял, нарктуу ак элечек апа, эң негизгиси эл сүйгөн ырчы, кайталангыс талант ээси Гүлсүн Мамашева эжекебизди маектешүүгө чакырдык. Дээринен сөз асылын тандап сүйлөп, акыл калчап, ой жүгүрткөн эжекебиздин айтчу кептери арбын экен. Көп ойлорун ортого салды.

Гүлсүн эже, сиз маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бирисиз. Ошол эле учурда коомдо кандай кырдаал болбосун активдүү үн кошуп келесиз. Бүгүн сиздин ой-толгоолоруңуздан уксак…
Мен нарктуу карыйын деп буга чейин журналисттерге берген маектеримде айтып келчүмүн. Ошол тилегимди аткаргансып келатам. Бирок мен нарктуу, барктуу карыш үчүн менин өлкөм нарктуу болуш керек экен. Эгерде өлкөмдө жакшылык болбосо, өлкөмдө ызы-чуу болсо, менин жашоомдо, ой-жүгүртүүмдө да өзгөрүүлөр болот экен. Быйылкы жыл өтө оор жыл болду. Жалаң мен үчүн эмес кыргыз элине да, бизге боор тарткан башка өлкөлөр үчүн да. Эки чоң трагедияны башыбыздан өткөрдүк. Кандуу 7-апрелде Кытайда болчумун. Кытайдан чыгып келатканда окуя башталып, чек арада 3 күн туруп калдык. Чет жерде жүргөндө эки эсе кайгылуу болду. Кудайга жалынып турдук. Өмүрүмдүн көп бөлүгү кеткендей сезилди. Жалал-Абад менин кичи мекеним. Экинчи трагедия болгондо бир жума ыйладым. Кудайдан кечирим сурап, бул окуяга ар бирибиздин күнөөбүз бар, биз ошондой бийликти шайлаганбыз деп жалбардым. Чынында, ар бирибизде күнөө бар эле. Биз бийликте турган кишини күнөөлөй берүүгө үйрөнүп алганбыз. Тескерисинче, ар бирибиз өзүбүзгө суроо беришибиз керек болчу.

Артисттердин баары эле сиз айткан нарктуу карылыкка тегиз жете алышпасын турмуш көрсөтүп жатпайбы. Аны кантип камсыздаса болот?
Чыгармачыл кишилердин ой-жүгүртүүсү, дүйнөгө көз карашы эркинирээк болот. Муну туура кабыл алышыбыз керек. Бул жаратылыштан берилген нерсе. Алла Таала чыгармачыл пенделерге өтө күчтүү, токтото албаган энергия берет экен. Бирок муну акыл менен башкаруу керек. Эл кол чаап аябай эркелетип турган мезгил, көп болсо 10-15 жылга созулат. Жылдыз оорусу, белгилүүлүк жаштык менен кечирилет. Көпчүлүгү жылдыз оорусу менен ооруп калышып, ошол учурду маңыздуу өткөрө албай калышат. Биз, кыргыздар, мындай экенбиз: радио же теледен бир чыгарма берсек, ошону эл кусуп жибергиче көрсөтөт экенбиз. Ошолорду аяп, элдин табитин бузбай, эл тажап кеткенче экранда жүрө бербей өзүбүз да акылдуурак болушубуз керек. Мен гезитке көп чыга бергенди жактыра бербейм. Эфирге чакырышса да аны-мунусун сурап жатып араң барам. Биз ордубузду билишибиз керек. Сулуулук, жаштык, баягы кол чабуулар баары өтөт. Нарктуу деп айтканым ушул. Кези келгенде акылдуулукка токтолушубуз абзел.

Уулуңуз Марат ырдап чыкты эле. Ырдап чыкканга чейин сиздин бир топ сынооңуздан өтсө керек эле?
Балам ырдайм дегенде көп жылга чейин каршы болдум. «Ырдасаң ырда, ишиңди таштаба»-дедим. Искусстводо ким күчтүү болсо озот, күчү жоктор калып калат. Көчөдөгү ырчылардай болбосун деп Улукмырза Полотовдо окутуп, 2-3 ай үнүн такшалттым. Азыркы кезде консерваторияда сырттан окуп жатат. Алматы шаарында өткөн романстардын сынагында 1-орунду жеңип келди. Апрелде Москвада чоң сынактар болот экен. Ошого чакырышыптыр. Бул баламда ооздукталбаган энергия бар. Азыр бир аз токтолуп калып ырдаганы жакшы болду. Үнү дагы жетилип калыптыр. Москвадан келген профессорлор үнүнө баа бериптир. Негизи балдарым, жашоо, турмушум кудайга шүгүр десем болот.

Сиз ырчыдан мурун энесиз да. Дегеним, көчө бербей ажылдап, митинг, пикеттердин көркү болгон аялдар тууралуу эмне дейсиз?
Бул көрүнүш 90-жылдары башталган. Кыска ойлуу саясатчылар, жеке амбициялары үчүн кыргыз аялдардын кулк-мүнөзүн бузуп, бүт дүйнө жүзүнө шылдың кылды. Бизге үлгү болгон кыргыздын Курманжан датка, кыз Сайкал өңдүү, кыргыздын аялдары ушундай болуш керек деген түшүнүктү айрым саясатчылар бузду. Ошол аялдар акылы толук эмес аялдар. Балдарым, эшик-төрүм дегенди билбеген аялдар. Ушуларды пайдаланып жатышат.

Коомдо дайым эле саясатчылар, серепчилердин пикирлери жаңыра берет. Ал эми маданият ишмерлеринин үнү көмүскөдө калып келет…
Маданият тармагындагы кишилер өтө сезимтал, эмоциялуу болобуз. Кээ бир саясатчылар, серепчилер көрбөй жатканды, мүмкүн биз көрүп жатабыз. Биздин оюбуз менен эсептешкен киши жок. Мен, мисалы, шайлоонун жыйынтыгы ушундай болорун күн мурун эле билгем. Керек болсо жогорку деңгээлдеги кишилерге чейин барып айткам. Бирок ага тиешелүү жооптуу маани берген адамдарды көргөн жокмун. Мен жашап жаткан коом менин жашоомо ыңгайлуу болуш керек. Муну ар бир адам ойлонушу зарыл. «Биз кайда баратабыз?» — деп ар бирибиз өзүбүзгө суроо коймоюнча, мага десе дүйнөнүн мыкты деген президентин койсо да бизди эч ким оңдой албайт.

Сиз кыргыз телеканалында көп жыл эмгектенген адамсыз. УТРКнын Коомдук телеканалга айланышын кандай кабыл алдыңыз?
Радиотелекөрсөтүүнү каалагандай иштетпей жатышат. Буга чейин бийликтегилердин колунда болуп келген. Мен талапкерлердин өткөн теледебатында байкадым. Мындай эркин эфир эч качан, эч кимге берилген эмес. Бул жолу абдан эркин болду. Кубат Оторбаев мүмкүн болушунча, колунан келишинче ыңгайсыз суроолорду берип, суроо-жооп кылып жакшынакай сценарийлерди түзүшүптүр. Мен бир гана нерсеге түшүнө албай койдум. Мүмкүн ага акылым жетпей жаткандыр. Байкоочу кеңеш дегенге түк түшүнбөдүм. Себеби анын курамында телекөрсөтүүнү түшүнбөгөн кишилер бар экен. Журналистиканын, телеканалында, радионун ашканасын билгендер барыш керек ал жерге. Алар баягысын баштаганын сыртынан угуп калдым. Жең ичинен бирөөнү шайлап, биягында ызы-чуусу чыгып. Булар телекомпанияны биз эле башкарып алабыз деп ойлонбосун. Телерадио деген Кыргызстандагы эң татаал организм. Өзүң деле иштеп билип калдың. Тиштүүлөр, азуулуулар азуулууларды сындырган. Барып эле өзгөртүп жиберебиз деген туура эмес. Ал жерде таланттуу кишилер, алардын кыял-жоруктары бар. Алардын кыялдарын көтөрүп, эсептешиш керек. Ким коомдогу ооруларды коркпой алып чыга алат? Ошол таланттуу журналисттер, жүрөгү түктүүлөр алып чыгат. Аларды акырын тазалай баштайт. Себеби тигиге же буга жакпай калат. Байкоочу кеңештин азыркы курамына тескери көз караштамын.

Сизден «Эмне үчүн Эл артисти наамын ала элексиз?» — деп көп сурашат. Негедир унчукпайсыз…
Эл арасында жүргөндө дайыма наам тууралуу сурашат. Мен ушуга эч жерде жооп бербейм. Себеби мен наамдан кемсинсем да эч кимге арызданбай эле коёюн деп гезит-журналдардан сураганда жооптон качып кетем. Азыр эми айткым келип турат. Мезгил дагы жетти, кандай бийлик мага кандай мамиле жасады эл түшүнсүн, билсин. Акаев мага 3 күндүн ичинде «Эмгек сиңирген артист» наамын берген. Анан үйүм жок десем үй берген. Бул кишини качып кетти деп жакшылыгын айтпай койбосом болбойт. Бакиевге кирген жокмун, бутум тарткан эмес. Отунбаевага киргенде өзүмө эч нерсе сураган жокмун, эл ичиндеги болуп жаткан окуяларды айттым. Маданият тармагындагы оош-кыйыш, наамдар тууралуу оюмду билдирдим. Рыскелди Момбеков деген жакшы жигит министр болуп, тез арада бизди жакшы жакка оңдоп келаткан дедим. Маселени жеринде чечкен сапаты бар экен дедим. Наамга болсо документтерим даяр турган. Садык Шер-Нияз деген инибиз мен мыйзамдын негизинде иштеймин дейт. Бир сөз менен айтканда тизмеден чийилип, наамга жарабай калыптырмын. Ушунун баарын элге айтып коюшум керек. Садык Шер-Нияз: «Силер мени суранып алып келгенсиңер, мен таза иштешим керек» — дейт. Аны министрликке 5-6 достору эле суранып алып келбесе, мен качан суранганымды эстей албай турам.

Гүлсүн эже, ар бир адамдын жүрөгүндө ийги тилек, максаттары жашайт. Сиздин кандай ой-тилектериңиз бар?
Мен шайлоо үгүт маалында аймактарга барып эл менен жолугушуп жүрдүм. Көрсө, эл дагы деле өзгөрбөптүр, Болуп өткөн кайгылуу окуялар сабак болбоптур. Ушуга ичим түтөдү. Эмне тууралуу айткым келгенин сезип жатсаң керек. Эми мен Кудайдан да суранам. Меккеге зыярат кылып, кыргыз элимдин ынтымагын, биримдигин, жан дүйнөсүнүн тазаланышын суранып келейин деген тилегим бар. Ылайым элибиз жакшы тарапка умтулуп, жакшы сапаттарга ээ болсун.

Маектешкен Сахиба Кадырова, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий