Карылардан насаат

Уулум, карылыкка жеткенде жигиттик чалпоо мүнөздөн оолак бол. Анткени, карыганда жигиттик кыялыңды кылсаң өөн учурайт. Жигит курагыңда карыларды туурасаң дагы осол сезилет. Өзүн аздектеген карыдан кач. Тышкы келбетин сезбеген кары, түркөй жигиттен дагы бейкаруу болот. Ыпылас карыядан оолак бол, жигиттик доорду олжо деп бил жана ага ылайык иш жаса. Картайганыңда сезип билүүң начарлайт. Көрүү, эстөө, даам билүү, катуу жана жумшак нерсени айрып билүү сезиминен айрылган соң, бул жашоого өзүң да ыраазы болбой каласың. Өзгөлөрдү да шат кыла албайсың. Адамдардын моюнуна түшкөн оор жүк болосуң. Мындай жашоодон ,чындыгында, өлүм ийги эмеспи.

Көйрөңдүктөн алыс бол
Карыган чагыңда жигиттик курч кыялдан, жигиттик көйрөңдүктөн алыс бол. Себеби, карылык өлүмгө жуук болот. Андыктан, тиш кагып калган адамга жаштык чалагайымдык жарашпайт.

Бүтүндөй калайыктын өмүрү күн нуруна окшош болот. Жигиттик доордун күн шооласы чыгышта, карылардын күн шооласы батышта. Андыктан, батыштагы күн шооласы алсыз болуп тез баткан сыяктуу, карылардын өмүрү кыл үстүндө, бычак мизинде турат. Демек, жигиттик жосун жарашпайт.

Карыларга боорукерлигиңди көрсөт
Уулум, ар дайым карыларга мээримдүүлүгүңдү, боору­кер­лигиңди көрсөткүн. Карылык бул — ноокастык, сыркоолук. Эч бир жан аны көрүү үчүн барбайт. Карылык бир илдет, өлүмдөн башка эч бир жан анын дабаасын билбейт. Албетте, адамдар көзү өткөнчө карылык азабынан кутула алышпайт. Эгер адамдар ар кандай баш оору менен сыркоолосо, бул сыркоолуктан кутулууга үмүткөр болот. Бирок карылык илдети күндөн- күнгө кайгы болот. Жакшылыктан үмүт үзөсүң. Уулум адамдын чыныгы кубаты отуз төрт гана жыл.

Адамдын кубаты отуз төрт жылга чейин ар күнү күндөн- күнгө ташып, көбөйүп турат. Отуз төрт жаштан кийин күн көтөрүлүп, так төбөгө келген сындуу адамдын кубаты көбөйбөйт дагы, кемибейт дагы. Андан соң, күн батууга жөнөгөндөй эле адам да өз кубатынан акырындык менен айрыла баштайт.
Кырктан элүүгө тайганда
Кырктан элүүгө чейин адам ар жыл сайын өзүнүн алдан тайганын сезет. Мындай илдет — ылаңды мурун сезчү эмес. Элүүдөн алтымышка чейин ар бир ай сайын өзүндөгү болгон кемчиликти, жетишпеген мандемдүүлүктү аңдап биле баштайт. Мындай мандемдүү кемчиликти мындан мурунку айларда туйган да эмес, сезген да эмес.

Алтымышта мээнет басат
Эгерде, адамдын жашы алтымыштан өтүп кетсе, ар бир саат сайын дарт чалганын, мээнет басканын байкайт. Мындай дарт менен мээнетти мындан бир нече саат бою билген да туйган да эмес.

Жетимишке караганда
Алтымыштан жетимишке караган мезгилде ар бир апта сайын өзүн сыркоо сезе баштайт. Мындай ноокастыкты өткөн жумада эле сезген эмес болуучу. Жетимиштен сексен жашка чейин ар күн сайын өзүн сыркоо сезет. Мындан ноокастыкты кечээ күнү эле сезген эмес болуучу.

Сексенге чыкса
Эгерде адам сексенге чыкса, ар бир саат сайын сыркоолукту, онтоп кыйналууну сезип турат. Мындай сыркоолукту бир саат мурун эле сезген эмес болуучу.

Өмүр дал эле шатыга окшош
Кырчылдаган кубаттуу, оттуу курак өмүрдүн чек арасы кырк жыл. Өмүр дал эле шатыга окшош. Шатынын кыркынчы баскычына чыккандан кийин башың айланып, жогоруга жол табалбай алдастайсың. Андан кийин түшүүгө далбастайсың. Ошентип, баштапкы жайыңа барасың. Ар бир саат өзүн алаксытуу үчүн дайыма куунак болуусу лаазым. Анткени, ал мындай дартты жана мээнетти мындан бир эле саат илгери көргөн эмес. Уулум картаясың?

Эсиңде болсун уулум, картаясың, Бир орунда өмүр кечир. Дегеним, карыганда сапар чегүү — акылдан тайгандыктын белгиси. Өзгөчө кембагал сапар жүрбөсүн, карылык душман болгон сыяктуу эле муктаждык дагы — адамдын душманы. Бул эки душман менен бирге жол жүрүүнүн өзү акылдуулукка жатпайт.

Эл үчүн кыл
Тирүүчүлүктү эч качан курулай бекем өткөзбөгүн. Ал адамдын алсыздыгы менен акылсыздыгы. Эмне жумуш жасасаң да, эл үчүн эмгектен. Ошондо сага акыбети кайтат.

Алия Орозобекова, “Аргумент”, («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий