«Темирландын теги кыргыз»

Жазуучу Асыкбек Оморов буга чейин «Чынгызхан» тарыхый китебин жазган. Эми Аксак Темирге «асылып» «Темирлан» аталган жаңы чыгармасын жаратыптыр. Төмөндө ушул китеп тууралуу учкай сөз болду.

Асыке, Темирлан тарыхтагы таасын инсан. Ал сиздин оюңузча ким экен?
Анын теги кыргыз. Чынгызханда Бууданчардан тарап отуруп, Эрдентүп барлас менен Тоодой барлас деп монгол тилинде (кыргызча баарлаш) айтылат. Темирландын тушунда баарлаш уруусу ар кайсы элге сиңип кеткен. Булар түпкүлүгү барып чериктерге такалат. Абулгазыга кайрылсак, ал 1269-жылы Таластагы курултайдан кийин чериктер бүтүндөй Ферганага (Бухара, Самаркан) тарап кеткенин жазып жатпайбы. Чынгызхандан 181 жыл өткөндөн кийин Темирлан чыкпадыбы. Анын армиясынын негизги бөлүгүн ушул чериктер, катагандар түзгөн.

Азыркы учурда Чынгызхан, Темирлан, Атилла өңдүү тарыхый инсандарды кыргыздан тараткан эпидемия күч. Сиз да «ооруп» калган жоксузбу?
Эми алар кыргыз болсо кыргыз дейбиз да. Себеби далилибиз бар. Мен Атилла, Чынгызхан, Темирлан, Осмон империясы жөнүндө китептеримди 1978-жылы Монголиядан бир «Жигулинин» баасына сатып алган байыркы китепке таянып жазып жатам. Андан тышкары, 18 жыл бою кызматыма байланыштуу ушул тарыхый окуялар болуп өткөн жерлерде, бир нече чет өлкөлөрдө болдум. Ал жактардан да бул темаларга кайрылган, атагы таш жарган тарыхчылардын, жазуучулардын, илимпоздордун көзүнө илинбеген, же атайылап кайсы бир идеологиянын (М: советтик идеология) көшөгөсүнүн артында калган, окусаң оозду ачырган кызыктуу фактыларды ийне менен чогулткандай жыйнап жүрдүм. Ошолор булардын тегин кыргыз кылып чыгарып атпайбы.

Чынгызхан, Темирлан өңдүү канды суудай агызган, доордун багытын, тайпа-тайпа элдин тагдырын буруп жиберген тарых күүсүндөгү адамдардын атын укканда азыр да дене бойдун дүркүрөп кетмейи бар. Адам башынан пирамида тургузган Темирландын тарыхтагы орду каякта?
Чынгызхандын укум-тукуму так талашып жүрүп акыры бири-бирин жеп бүттү. Аяк-башына акыл-эс жетпеген улуу империя бир нече хандыктарга бөлүнүп кетти. Анын тукумдарында өздөрүнө тийген аймактарды жыргатканы да болду, кыйратканы да болду. Жалпы алганда, чынгыз тукумунун чыгааны Батый, акылдуусу Кубулай. Калгандары майдаланып кетет. Кубулай бери болгондо үчкө бөлүнүп кеткен кытайды баш коштуруп, чайпалбас да төгүлбөс улуу империя кылып кетти. Азыркы кытай турган турушу менен Кубулайга милдеттүү. Азыркы «Чынгызхан» тууралуу отуз сериялуу, масштабы боюнча теңдешсиз кинонун жаралышы тегин жеринен эмес. Ал эми Батый Чынгызхандын керээзи боюнча акыркы деңизге чейин жетип, ага монгол атын сугарып кайткан адам.

Аксак Темирге келсек, ошол Батый негиздеген Алтын ордонун күлүн көккө сапырып, өзү билип-билбей үч жүз жыл бою монголдордун арканы муунтуп турган Орусияны куткарды. Муну алар ачык жазышпаганы менен моюндарына алышат. Ошондой эле султан Баязедди талкалап, Европаны түрктөрдүн тырмагынан сууруп алды. Эгер Аксак Темир согушпай эле бүтүндөй Евроазия, Кавказ, Жакынкы Чыгыш ачса алаканында, жумса колунда турган Алтын Ордонун ээси хан Токтомуш, Батыш Европаны титиреткен султан Баязед II менен биригип кеткенде, анда бүгүнкү тарых башкача өңүттө кетээр беле, ким билет. Анткени булардын теги бир эле да. Ошентип Азиянын бул арстаны Евроазияны, Жакынкы Чыгышты, Кавказды жалмап бүтүп, эми Кытайга тиш салмакчы болуп (200 миң кол менен) баратканда мерт болгон. Бир сөз менен айтканда, Темирлан өз доорунун, өз заманынын улуу жаангери эле. Ал эми согуш өнөрүнө келсек, бир ууч кол менен Алтын Ордо өңдүү Чынгызхандын өзү түптөгөн, ошол учурдун теңдеши жок күчтүү армиясын талкалаган талантына тан бербей кое албайсың. Ошондой эле маданиятта да бул кишинин орду бар. Ал азыркы Самаркан шаарын гүлдөткөн. Чаап алган жерлеринин байлыгын пилге жүктөп келип ушул шаарга салган. Не бир колунан көөрү төгүлгөн усталарды, чеберлерди алдырып келип иштеткен…

Аксак Темирден адамзатка эмне калды?
Темирландын бийлиги Улуу Моголистан династиясы катары кечээки эле күндөргө чейин келип жетти. Анын укум-тукумунун көрүнүктүүсү Улугбек, Бабур. Улугбек акын десең акын, бир сөз менен алмадай башына астрономия, математика, медицина, архитектура өңдүү ар тараптуу илимдерди батырган улуу илимпоз болгон. Жер күндү айланып жүрө тургандыгын Коперниктен эки кылым мурда аныктаган. Анын Самаркандын Кухак деген дөңсөө жерине салынган обсерваториясы (бийиктиги 10 м. Ичиндеги цилиндри 45 м.) болгон.

Тилекке каршы, баягы бак талаш, так талаш оорусу Улугбектин дагы түбүнө жеткен. Аны баласы, ашкере динчил Абдуллатиф өлтүргөн. Кызыгы, Улугбектин жылдыз санагында аны өз баласы өлтүрөт деп жазылыптыр. Турмушта да ошондой болду. Караңгы динчилдер, баягы обсерваториясын талкалап салышып тарыхка да, илимге да кыянаттык кылышпадыбы. Ал эми акын, Индияны чаап алган улуу колбашчы Бабур баяны бир ооз сөз менен айтчу иш эмес. Айтор, «Темирлан» китебимде мурда-кийин айтылбаган көп жагдайлар арбын. Окурмандардын колуна тийсе өз баасын берээр.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий