Заман залкары

Нурак АБДРАХМАНОВ, КРнын эмгек сиңирген артисти, ЮНЕСКО байгесинин жана бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси: “Карамолдонун сыйкырдуу комузун кырк жыл издедим…”

“Карамолдо жана анын комузу…”
Бул окуя 1967-жылы болуптур.  Бир күнү айтылуу комузчу Карамолдо ишке (филармонияга)  келсе, анын пенсияга чыкканын кабарлап: “Эми, жашыңыз келип калган экен. Эс алыңыз”, – дешет. Элдин арасында, сахнада жүргөн кишиге бул катуу тийген экен.

Ошондон чыгып эле асман-жери аңтарылып, заманасы тарып, кайда баратканын деле аңдабай жүрүп отурат. Бир убакта Киев көчөсү менен Кызыл Октябрь кө­чөсүнүн  кесилишинен өтүп баратып машиненин алдына кирип кетет.

Көргөн элдин айтымында жарыктык кишинин тебетейи бир жакка, комузу бир жакка ыргып, өзү алда кайда барып түшөт. Ошондо ал кишини тааныгандар: “Э, Молдоке, амансызбы?” – деп колтугунан жөлөп-таяп тургуза койсо, оң буту шалактап жүрөт дейт: “Э, кокуй, Молдоке, бутуңуз болбой калган го?” – дешет. Анда Молдоке: “Э, бут кара жерге кирсин, комузумду карагылачы?! Аман бекен?” – деп чебеленет дейт. Айткандай эле комузун алып келип колуна карматышат. Ошондо аспабын кабынан чыгарып, айланта карап көрүп: “А, Кудай, комузум аман экен!” – деп  эми эле кумсарган өңүнө кызыл чуркап, жандана түшкөн экен.

Бул – бир чети улуу комузчунун комузга болгон сүйүүсү, кыргыз комузун өзүнөн да жогору коюп, урматтаганы. Экинчиден, чыны менен эле өзү өңдүү, анын комузу да кайталангыс жасалган, өтө касиеттүү комуз болгон.

Карамолдонун уулу Сабырбек байкебиздин айтымында, ал комуздун тарыхы мындайча болуптур.

Бир жылдары Таластын атка минерлери Райхандын мааракесине арнап, комуз чаптырып тартуу кылышат. Келген-кеткен төрдө илинип турган комузду дыңылдатып, кылын чертип көрүп эле анан: “О, бул укмуш комуз экен, мага бер? Мага бер?” – дей башташат. Бир күнү анан Райхан Карамолдо атабызга көтөрүп келип: “Э, Молдоке, элдин баары эле ушуну талашып жатат. Өзүң бир байкап көрбөйсүңбү?” – дейт. Чертип көрүп эле атам (Карамолдо) жактырып, чечекейи чеч боло түшүп, коюн союп, костюм-шымын кийгизип конок кылат. Ошол боюнча, өмүрүнүн акырына чейин ошол комузду колунан түшүргөн эмес экен.

50-жылдардагы техника менен жазылып алынган Карамолдонун күүсүн ук да, азыркы – заманбап техника менен жазылган күүлөрдү ук. Айырмасы асман менен жердей. Анын добушунда кол тие электе эле адамды арбап турган сыр, кандайдыр жандуулук бар. Музыканы ойногондо андан бетер – тим эле керемет үн менен “сүйлөп”, “ырдап” турган сыйкырдуу. Музыканы түшүнгөн адам аны дароо байкайт. Мисалы, менин атам Карамолдонун күүлөрүн укканда сакалынан жаш куюлуп, ыйлап отуруп угар эле.

Кийин Карамолдо атабыз өлгөндө комузу да жоголуп кетиптир. Төркү үйдө илинип турган жеринен эле табылбай калган экен. Сабырбек байке ары издеп, бери издеп, тууган- туушкандарынан, таяке-жээндеринен сурамжылап, атүгүл айрымдарын урганга чейин барыптыр. А бирок алган киши кайта кайрып берген эмес.

Эгерде ошол комуз ушу азыр менин колума же дагы бир комузчунун колуна тийип калса, же ошого тете үндүү комуз жаралып калса, анда кыргыз комузу дүйнө элине “дүң” болуп тарайт эле. Чыңгызыбыз, “Манасыбыз” сыяктуу ал да кыргызды  бир катуу дүңгүрөтөт эле…

Ошол комузду кайра табам деп изденгениме туура 40 жыл болду! Бүтүндөй бир өмүр. Бирок, андан бери канча комуз чаптым, канчасы кайра сындырылып, ыргытылды. Канчасы бирөөлөргө берилди. А бирок, издегеним табылбайт, көксөөм суубайт, көңүлүм толбойт. Чет өлкөлөргө гастролго чыксам да убактым бекер кетпесин деп өгөө, балкамды, жыгачымды кошо көтөрүп алып, Лондондо болобу, Токиодо болобу, беш жылдыздуу отелдерде отуруп алып түнү менен комуз чаап отурган күндөрүм болду. Ошентип жүрүп, быйыл Карамолдонун комузунун үнүнө нак окшобосо да, ошого жетип-жетпей токтогон комуз чыкты.

Мына жакында, 24-октябрда улуттук филармонияда концерт берейин деп чечкенимдин бир себеби ушул.

Эне-Сай тамгаларынан түзүлгөн ноталар
Экинчи бир себеби, кыргыздын улуу музыкалык аспабы – комузду үйрөтүүнүн ыкмалары, кадимки “до”, “ре”, “ми…” ден башка, жаңыча ноталар менен китебим чыккан. Ошонун бетачарын да бирге өткөрүүнү туура көрдүм.

1974-жылы Ак-Талаада балдардын музыкалык мектеби ачылып, мени ага музыка мугалими, анан директор кылып коюшту. Комузду окутуп баштасам, кадимки нота менен балдар чайнала турганын байкадым да, кантип таасирдүү, тез үйрөтүүнүн жолдорун издеп калдым. Анан Эне-Сай тамгаларын негиз кылып алып, ошолор аркылуу нота түзүп, үйрөтүүгө кириштим.

Бул китебимдин чыгышы да Кудайдын жардамы менен болуп калды. Бизде бир америкалык фонд бар экен, бир жыйында шакирттерим менен чыкканымды көрү­шүптүр. Ошол фонддун жетекчиси бир күнү чакырып: “Сиздин талантыңызды жогору бааладык. Балким сизге колдоо керектир?” – дейт. “Керек, – дедим. – Нукура кыргызча түзүлгөн нотам бар. Ошону китеп кылып чыгарып, элге таратсам жакшы болот эле…”  Ошентип, кыргыз болбосо да кыргыз комузун сыйлап, китебиме демөөрчү болуп беришти. Аны эми музыкалык окуу жайларга эле эмес, жалпы билим берүүчү мектептерге да киргизсе болот, үйрөтүүгө өтө ыңгайлуу. Менин шакирттерим  да пайдаланып жүрү­-шөт.

Ошондогу шакирттеримден Гүлжан Карабаева 4-класста окуп жатып, кыргыз телеберүүсүндө бир сааттык жеке концертин берген. Рахат Көчөрбаев деген жигитти да кичинесинен үйрөттүм эле, комуз кон­курс­тарында жеңүүчү болуп жүрөт. Азыркы үйрөтүп жаткан кичинекей шакирт­теримди да эл билип калды. Эл тура калып кол чаап жүрүшөт. Ошолорду алып, мен ооруп калдым эле, Рахат Парижге барса, кенедей комузчуларды балдардын фестивалынан да бөлүп, чоңдордун фестивалына катыштырышкан экен. Көрүүчүлөр туруп алып кол чабышты дейт.

Дүйнөлүк скрипачтын ыйы жана арманы…
1993-жылы Бишкекте Роза Отунбаеванын уюштуруусунда  ЮНЕСКОнун бир жыйыны өткөн. Жыйын үч күнгө созулуп, үчүнчү күнү биз концерт бердик.

Ошондо мен Токто-гулдун “Чоң кербезин” чертип, ырдап жатсам эле бир саксаңдаган орус тура калып, отура калып эле: “Браво-о!..” – деп кыйкыра баштады. Эл мени карабай эле баягыны карап калышты. Сахнадан бери чыккандан кийин: “Ушундай эл аралык коноктор келген жерге мас орус кайдан кирип алган?” – деп балдарга арызданып, бөлмөмдө кийимимди которунуп жатсам, баягы “мас орус” кирип келсе болобу?! Кучактай калып эле өпкүлөп, башка тилде бирдемелерди эле айтып жатат. Мен качып, түрткүлөйм баягыны. Аңгыча артынан дагы бир орус кирип келип: “Байке, чочубаңыз. Бул  – дүйнөлүк фестивалда биринчиликти жеңип алган кадимки  скрипач  – Михо Пагащник деген болот”, – деди. Ошондо мен кайра аны кучактадым. Ошол айтты: “Жакынкы жылдарда бүт дүйнөнү комуздун музыкасы капташ керек”, – деп. Ошол музыкант  И.Арабаевдин музыкалык факультетинде окуган студенттер менен жолугушууда: “Эгерде мен экинчи жолу кайра туулсам, анда эч качан скрипкада ойнобойт элем, комуз чертет болчумун”, – деп, көзүнө жаш кылгырып, ыйлап туруп айткан экен.

Андай “ыйлаган” адамдарды дүйнөлүк конкурстарда жүргөнүбүздө далай көрдүм…

А биз өзүбүздүн колубуздагы дөөлөтүбүздү, байлыгыбызды байкабай, батыштын маданиятына умтулуп эстрадага, оркестр менен симфо-нияга далалат кылып жатпайбызбы. А бирок биз алар менен дүйнө элин таң калтыра албайбыз. Дүйнөнү кызыктырган – биздин “Манасыбыз” менен комузубуз.

Мен комуз мектебин ачсам деп өмүр бою тилек кылып, ак эткенден так этип келем. Атүгүл шаардын чок ортосунан бир ыңгайлуу жер таап алып, ошону сатып алганга каржы таппай жүргөн кезим. Эгерде кыргыздын комузу, руханий байлыгы, келечеги үчүн ушунча көп мыкты, бай азаматтардын ичинен бирөө-жарым “жарк” этип чыга калып: “Мына, агай, ушуну кыргыз комузу үчүн жасап жатам!” – деп демөөрчү болуп койсо, анда тарых бетине бадырайып аты жазылып калат эле.

Калганын мен бала-бакырам менен, баягы Чыңгыздын Дүйшөнүндөй болуп тырмалаңдап, эптеп бир мектеп тургузуп коёт элем.

“Колдо бар алтындын баркы жок…”
Эл артисти боло элекмин. Көп жылдардан бери ушул комуз менен “Манас” эч кандай мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлбөй келет.

Мисалы, мен 65ке жакындап калдым, алигиче Эл артисти наамын ала элекмин. Андан көрө аны менин жарым жашыма жете элек, кечээ эле ырдап чыккан эстрада ырчылары алып жатышат. Болбосо, ЮНЕСКОнун атайын сыйлыгын биринчилерден болуп алып келген мен. Менден кийин “Кыз бурак” тобу  коллективдүү “Манас” айтып утуп келишти. “Манас” менен комуздун кудурети канчалык экенин ушундан улам деле баалоого болмок.

Бир кытай дарыгери: “Монголияда көмөкөй менен кырылдап ырдаган ырчы бар экен. Мамлекети ошол ырчысын колдоп, төөсүнө мингизип алып, чөлдөрүн кыдыртып ырдатып, аны диск кылып дүйнө жүзүнө таратып, сатып, ошондон ырчы абдан бай адамга айланып, өлкөсүнө да киреше түшүп турат экен. Киреше түшкөнү ошол, туристтер ошол ырчынын баскан-турган жерлерин, ал жүргөн чөлдөрүн көрүш үчүн Монголияга агылып келе баштаптыр. Силер дагы ушундай бир форма тапсаңар болот эле да?” – дейт. “Токто, коё тур, – дедим мен, – Анын көмөкөйүнөн он эсе күчтүү үн бере турган касиеттүү комузду табайын, андан кийин жазалы, саталы. Андан аркысын анан көрө жатарбыз”.

ЮНЕСКОну таң калтырып, сыйлыгын алган комуз
2001-жылы Алматыда түрк тилдүү элдердин музыка симпозиуму болгон. Ошондо окумуштуулар  мени чакырып барышты.

Илимий  сөздөрүн айтып жа-тышып, мисал келтирген кезде мен чыгып комузун да, темир комузун да чертип, “Манас” айтып, ыр ырдап баштадым. Жети-сегиз номер көрсөткүчө кетирбей туруп алды. Ошондо биздин окумуш-туулар: “Бир топ жылдан бери Самаркандда ЮНЕСКОнун конкурсу жүрөт. Жибергенибиздин бири да ута элек. Ушу сиз утуп келет окшойсуз”, – деп калышты. Айткандай эле кийинки жылы бардым. Биринчи күнү Атайдын, Мусанын, Калмураттын, Токтогулдун ырларын ырдадым. Экинчи күнү эле анан: “Калыстар чакырып жатат”, – деп калышты. Көрсө, мени мурда көрүп, билгендер бар экен, ошолор айтса керек, бир жарым саат бою жалаң күү черттиришти. Ошондон кийин ЮНЕСКОнун “Салттуу музыканын устаты” деген сертификатын беришти.

Токиого барганыбызда үч өлкөнү бириктирип, аралаштырып концерт бердиришти. Индия менен Арабия биякта калып эле, эл бизге туруп алып кол чаап жатышты. Ошондо Чыңгыз агабыздай болгон атактуу адамы бар экен, ошол айтат: “Тогуз жылдан бери дүйнөнү төрт көтөрүп дүйнө элдерин чакырып келебиз, бирок кыргыз комузу өзгөчө орунда турат экен. Силер бул өнөрдү билгичтик менен сакташыңар керек”, – деп.   “Эмнеден сакташыбыз керек?” – дейм мен. “Батыштын шоу-музыкасынан. Эгерде жаштардын баары ошол жакка ооп, мунун учугу үзүлө турган болсо, миң жылда да кайра таппайсыңар”.

Атаганат десеңчи…

Жазып алган Жыпар ИСАБАЕВА

Жарыя, жарыя!
КРнын эмгек сиңирген артисти, ЮНЕСКО бай­гесинин жана бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси Нурак АБДРАХМАНОВ жаңы ыр-күүлөрүнүн жана жаңы китебинин бетачар концертин тартуулайт.

Улуу комузчунун кырк жылдык эмгегинин үзүрү болгон комуздун керемет, мукам добушун тыңдап, эл аралык фестивалдардын жеңүүчүлөрү А.Кутманалиев, Р.Аманова, Г.Байзакова баштаган таланттуу шакирттеринин кереметтүү өнөрүнө күбө болуп, 24-октябрда Улуттук филармониянын чоң залында саат 17.00дө өтчү концертке келип кетиңиз.

Концертти “Камбаркан” улуттук-этнографиялык ансамбли коштойт.

«Кыргыз Туусу», 19.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий