Садык Шер нияз, маданият жана маалымат министри: «Кескин өзгөрүүлөрдөн алысмын. Менин мүнөзүм бунтардык мүнөз эмес»

Жаңы келе турган ЖКга маданият тармагы бир кыйла мыйзам кабыл алынышы керектигин сунуштаганы турат.

— СССРдин эл артисти, КР эл сүрөтчүсү С.Чокморовдун айкели алигиче тургузулбай келет. Агасы Сүйөркул абанын айтымында каражат деле бар болчу, марафон уюштурганбыз, маданият министрлиги ал чогулган акча макетке эле жеткен деп жатат. Тилекке каршы, маданият тармагын жетектеген министрлер тез-тез алмашып, бул чечилбей келатат. Сүйөркул аба Садык Шер-Ниязга гана ишенем дейт.
— Албетте, Сүймөнкул Чокморов агайыбызга эстелик тургузуу тууралуу айта турган болсок, маданият министрлигинин кыргыз маданиятына эмгеги сиңген улуу инсандарыбызга эстелик тургузулса дегенде эки көзүбүз төрт. Кечээ жакында эле Абдылас Малдыбаевдин уулу да атама айкел тургузулса деген оюн айтып кетти. Кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө чоң салымы бар бир далай инсандарыбызга эстелик тургузулбай келүүдө. Бул каражаттын эле тартыштыгынан болууда. Ар бир инсандын эмгегин баалоонун тарбиялык мааниси чоң да. Эстелик тургузуу боюнча Маданият министрлигине атайын акча каражаты каралган эмес. Сүймөнкул Чокморовдун айкелин тургузууга каражат бөлүп берүү боюнча өкмөткө кат жөнөткөнбүз. 2007-жылы марафон өткөрүлүп, 287 250 сом каражат түшкөн экен. Ал каражаттан долбоордун негизинде, А.Кожогуловдун автордук тобуна 155 миң сом берилиптир. Бүгүнкү күндө 132 250 сом акча «Экобанкта» сакталып турат. Эстелик тургузуу демилгесин биз кош колдоп колдойбуз. Сүйөркул абанын мага ишеним көрсөткөнүнө рахмат, ал ишенимди актоо министр катары бир эле менин колумдан келбейт. Бул тууралуу ММКлар, жалпы коомчулук биргеликте иш алып барышыбыз зарыл.

— Маданият өнүкпөй, мамлекет өнүкпөйт дейт эмеспи, бүгүнкү күнү маданият тармагын өнүктүрүүнүн кандай пландары бар?
— Өкмөт улам алмашып, бирде убактылуу өкмөт, бирде техникалык өкмөт деп түзүлүп, «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип» кетип атат. Стратегиялык чоң планды багыттап койсок , жаңы өкмөт шайланып, башка министр келип калса, ал багытты колдойбу- колдобойбу деген суроо болот. Ошондуктан кыска мөөнөттүк, тактикалык үч-төрт айлык планды алганбыз. Анын ичине театр жаатындагы маселелерди камтыдык. Бүгүнкү күндө дээрлик бардык театрларга каражат жумшалып, жасалгаланууда. Борбордогу, 3-4 жылдан бери токтоп калган Кыргыздрамалык театрынын кичи залы ачылды, чоң залы март айларында ачылат. Белгилеп кетчү жагдай- мурда 24 млн сом каражат керектелет деген иш- чарага чарбакерлик мамиледен улам 8 млн сом жумшалууда. Бул боюнча драмалык театрдын директору Марат Алышбаев баштаган инсандар театрдын жаркырап ачылышынын камын көрүшүүдө. Жаштар театры бир катар жылдардан бери оңдолбой келген. Оңдоп, буюрса 2-3 айдан кийин жасалгалуу жаштар театрына кирип калабыз. Айылдык маданият очоктору боюнча, китепканалар тууралуу мыйзам тууралуу пландарыбыздын 70-80 пайызын аткара алдык.

— Боз үйдү, бозону, калпагыбызды казак боордоштор өзүлөрүнүкү кылып патенттештерип алыптыр. «Манас» эпосу кытайлык кыргыздардын энчиси деп ЮНЕСКОдо катталды…
— «Түгөнгөн сайын түтөгөн, түбүнөн бери күчөгөн» деген кеп куру сөз эмес да. Учурунда Волгадан бери Кытайдын чектерине чейин зор аймакта көптөгөн элдер жашаган да, улуу кыпчак эли, улуу найман, нойгут эли жок болуп кетти. Улуттун улут катары сакталып кала турган өзгөчө касиети болуш керек. Улут маданиятын сактап кала алса, ал улут катары сакталып калат. Саясаттын башкы булагы да идеология менен маданият. Ошол аймактан канча республикалар өсүп чыкты. Мисалы Казакстан, Өзбекстан. Бир кезде ошол мамлекеттер пайда боло элек кезде кыргыз каганаты жашаган. Глобалдаштыруу процессинде мамлекеттин жоголуп кетиш коркунучу бар. Маданиятыбызды сактасак, мамлекетибиз сакталып калат. Көтөрүлгөн маселелер менен катар руханий туу чокубуз болгон «Манас» эпосу баштаган биздин көркөм өнөрлөрдү сактап калмайын, аларды өздөштүрмөйүн мамлекеттүүлүгүбүздүн жоголуп кетүү коркунучу бар деп эсептешибиз керек.

— Жаңы келе турган парламент маданиятты өнүктүрүүгө багытталган кандай мыйзам кабыл алса деп эсептейсиз?
— Бул боюнча эки мыйзамдын долбоору даяр болуп турат. Биринчиси «Манас » эпосу боюнча мыйзам. Бул мыйзамдын долбоору даярдалып, мурунку парламенттин окуусунан өтүп, президенттин колу коюлбай, токтоп калган. Экинчиси, элибиздин рухун, духун көтөрүүгө багытталган байыркы кыргыз жазуулары жөнүндөгү мыйзам. Бул албетте, абдан чоң талаш-тартышты пайда кыла турган мыйзам. Көпчүлүк каршы чыгышы да мүмкүн, бул туура эмес дешээр. Бирок ошол каршы чыккандарга алдын-ала айтып коёюн бул коркоктук позиция. Себеп дегенде ал жазууларды Энесайдын боюнда жашаган ата-бабабыз, кыргыздар жазган Орхон-Енисей жазууларын рун жазуулары, Енисей жазуулары деп эмдигиче атын ыйгарбай келебиз . «Ээси келсе бээсин бер» деген жакшы сөз бар. Атын ыйгаралы, жок дегенде өзүбүздүн мамлекетте жазуулар байыркы кыргыз жазуулары деп аталышы керек.

— Чыгармачыл адамдарга мындан ары кандай камкордук болот?
— Эртең эле баары жакшы болуп кетет деген ойдон алысмын. Бирок колубуздан келген камкордук менен камсыз кылууга талбай күрөшө беребиз.

— Сиз келген учурдан бери тармакка кандай өзгөртүү киргизе алдыңыз?
— Негизи кескин өзгөртүү, кескин бурулуштардан алысмын. Менин мүнөзүм революциялык, бунтардык мүнөз эмес. Мурдатан келаткан ишти ырааттуу жүргүзүп, көзөмөлдөп улуу көчтү туура баштап кетсек. Маданият канча жылдардан бери калыптанып калган тармак. Үч айдын ичинде өзгөрүп кетет деген сөз бул утопия. Маданият министрлигиндегидей, маданият тармагындагыдай абройлуу кишилер эч бир тармакта жок. Маданият тармагында жок дегенде 150 киши президентке эч тоскоолдуксуз түздөн-түз кире алат. Ошондой чоң тармакты, кадыр- барктуу инсандарыбыз баштаган тармакты өзгөртө салам деген осол кеп.

Кундуз ИСМАИЛОВА, “Адилет пресс” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий