Айнектей таза Чет-Нурам!

Кыргызстан Жазуучулар жана Журналисттер союзунун мүчөсү, он алты ыр жыйнактын, тогуз көркөм котормо китептин автору, көптөгөн макалалардын ээси Байтемир Асаналиев 70 жашка толду.

Өмүр бою басма сөз кызматында эмгек өтөгөн кадырман агабыз бул куракка куржуну толо ыр, көкүрөгү толо сыймык менен келди десек жаңылбайбыз. Башкача айтканда юбиляр СССР басма сөзүнүн жана Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги, Т.Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Туулуп өскөн Нарын районуна караштуу Үч-Нуралык жердештеринин сыймыгы.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Байтемир агайды кутман курагы менен куттуктап, ден-соолук, чыгармачылык ийгилик, кыргыз элинин кадырман адамдарынан болуп жүрүшүңүзгө тилектешпиз!

70
«Ыр куржунду» ыйыгыма көтөрүп,
Кээде күүлүү, кээде күрс-күрс жөтөлүп…
Жетимиш жаш кол булгалап чакырып,
Жетип келдим мен да тынбай көшөрүп.

Келгенимде жетимиштин айлына,
Кең тасмалын жайып салды алдыма.
Ар түрдүү даам… анын баары жан азык,
Окурмандар, оюңарга алгыла…

Карылык каалгамды чертип калды
Карылык каалгамды чертип калды,
Кайда барсам, артымдан ээрчип калды.
Көп суктанбай жүрсүн деп сулууларга,
Көз тунарып, каректин курчун алды.

Карылык капысынан байырлады,
Кандай оор… жаштыгымдан айырганы…
Кара көз каш какканды быякка кой,
Кайдыгер каалап алган жарым дагы.

Ажырап албарс миздүү курагымдан,
Адаштым жүз чайыган булагымдан.
Кыз-келиндин күмүш үн күлкүлөрү,
Кыйгач кетип каңырыш кулагымдан.

Эми мен нарктуу кары болсом экен,
Көр жеме, майдалыкты койсом экен.
Балдарыма барктуу ата болуу менен,
Байбичемдин сынына толсом экен.

Карылык каалгамды чертип калды,
Кайда барсам, артымдан ээрчип калды.
Кайран жаштык — жайлоо эле жашыл ыраң,
Карылык кайра эрибес аппак карбы?!.

Биздин муун
Бир өмүрдө баштан көптү өткөрдүк,
Чүкө сымал өйдө-төмөн өкчөлдүк.
Жашоо аттуу айлампадан чыгалбай,
Ачуусун да, таттуусун да жеп көрдүк.

Көөп кетпей, көп катары жашадык,
Көп учурда кетти бизден каталык…
Кээ күндөрү шапар тепсек шарактап,
Кээде ыйладык көзүбүзгө жаш алып.

Максат коюп, чоң сапарга аттанып,
Ата Журттун нанын, тузун актадык.
Наам, сыйлык алыш үчүн жулунбай,
Намыс-арды аруу, таза сактадык!

Ушак айтып жүрөгүңө так салып,
Улууларды капа кылып какпадык.
Колко кылбай колдон келген жардамды,
Досчулуктун жолун туура сактадык.

Айтып бердим биздин муун жөнүндө —
Ала жүрсүн билбегендер көңүлгө!
Биз жашадык ак эмгекти туу тутуп,
Бир берилген ушул кыска өмүрдө.

Кадырман айылымдын адамдары
Кадырман айылымдын адамдары,
Калкагар тообу деймин караандары.
Жүздөшүп, баарлашып барганымда,
Жүрөктүн кусасына табам дары.

Карысы ата-салтын бекем туткан,
Жаштары акылдарын муюп уккан.
Айлыма тез-тез каттайм.
Антпегенде —
Айырмам болот беле келгин куштан?

Куюлтуп бешенеден берметтерин,
Кулпунткан ушулар да тууган жерин.
Көңүлдү коргошундай көлкүлдөтөт,
Тыңдасаң карылардын нуска кебин.

Аптапта күнгө күйүп, кышта тоңуп,
Ата Журтка суроо эмес, илеп болуп.
Эмгектен зор эстелик жасап жатат
Алдыга тоодой максат, тилек коюп.

Көп жашап, көсөм болгон карысы бар,
Жаштарында жалын да, намысы бар.
Эл-журт деп тегин жерден аталбайт да,
Эмнени кааласаңар — баарысы бар.

Айнектей таза Чет-Нурам
Перилер таңда бет жууган,
Бейиштин жери Чет-Нурам!
Берешен Кудай белекке
Бергенби бизге деп турам.

Сулуулар келип бет жууган,
Суулары тунук Чет-Нурам!
Тоңдурбай элин сактоого
Тоолордон Теңир чеп курган.

Чет-Нура суусу шаркырап,
Шарынан ыр-күү, шаң чыгат.
Берметтей тунук өзөндү
Бериптир бизге тартуулап.

Башталып башы мөңгүдөн,
Балбан суу болот мөңкүгөн.
Өзөн суу күчү эмеспи,
Өрөөнгө эгин өндүргөн.

Аруу кыз келип бет жууган,
Ажайып аймак деп турам…
Абасы арча жыттанган,
Айнектей таза Чет-Нурам!

Алла Таалага кайрылуу
Кудайым эл тилегин берер бекен,
Акылдуу, калыс ажо келер бекен?
Өз журтун «өз», «өзгө» деп бөлүп-жарбай,
Баарысын өзөгүндөй көрөөр бекен?

Өзүмчүлдүк оорудан туруп алыс,
Кара кылды как жарган болсун калыс!
Күн карама, ээрчиме, мылжың эмес,
Күчтүү болсун ажодо хандык намыс!

Байкуш эл убададан бүттү тажап,
Байлыгын ким көрүнгөн жеди талап.
Алтындын кусуру урар акыр бир күн,
Айтылат андайларга каргыш, наалат.

Айланды жумушсуздар бүгүн кулга,
А балдар сатылууда жарым пулга.
Араба сүйрөп жүрөт базарларда,
Айрымдар жете албай бир кап унга.

Аял шамы
Аял экен үйдүн шамы,
Аял экен үйдүн шаңы.
Күлүп турса маңдайыңда
Жашооң кызык, турмуш жаңы.

Эркексинбей кезеп таяк,
Биз аларды сүйөлү аяп.
Ал жок болсо, бала түгүл,
Жетимсирейт идиш-аяк.

Ооруп калсаң башың жөлөп,
Мээримине жумшак бөлөп,
Акылыңа акыл кошот —
Кыйындыкта болуп жөлөк.

Сыйкырга бай аял сөзү,
Сырга мелт-калт аял көзү.
«Эң чоң байлык — ак жоолук» — дейт,
Калети жок чын сөз ушу!

«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий