«Манас Ордо» – элибиздин касиеттүү кут ордосу»

Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин башкы директору Ормошбек Чоюнбаев менен маек.

– Ормошбек Жетигенович, мае­гибизди кыргыз рухунун туу чокусу – «Манас» эпосу, ыйык мазар, Ордо-комплекстин түптөлүш тарыхынан баштасак?
– Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплекси – маданият, туризм, илимий-изилдөө, «Манас» эпосун элдин калың катмарына жайылтуу,  Манас таануу боюнча илимий борборго айландыруучу, кыргыз элинин руханий, маданий, материалдык баалуулуктарын, каада-салттарын, биримдигин, улуттук ынтымакташтыгын өнүктүрүүчү жана арттыруучу, «Манас» эпосун дүйнөлүк маданияттын ажырагыс бөлүгү катарында даңазалоону активдештирүүчү, эл аралык туризмди өнүктүрүү багытында иш жүргүзүүчү мамлекеттик мекеме.

Аскар Акаевдин тушунда  ЮНЕСКОнун колдоосу астында 65 өл­көнүн катышуусу менен 1995-жылы 25-29-августта «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракеси мына ушул ыйык жерде белгиленген. Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплекси мына ошол улуу салтанатта түптөлгөн. Кийин ыйык жайга «улуттук» макамынын ыйгарылышы анын КРнын Өкмөтүнүн каржылоосу астында өнүгүшүнө жол ачты. Ыйык жайга улуттук макамынын ыйгарылышында кыргыздын чы-гаан атуулу, коомдук ишмер Болот Шердин эмгеги чоң.

– Эпос боюнча караганда  Манастын кабыры Эчкилүү-Тоодо жашырылган. Сиз болсо   Манастын күмбөзүндө эле жашырылган деген ойду  түз эле айтып келатасыз?
– Белгилүү чыгыш таануучу В.В.Бартольддон баштап, П.П.Иванов, М.Е.Массон, Б.М.Зима сыяктуу орус окумуштуулары Манастын күмбөзүн изилдөө боюнча кыйла эмгек жасашкан.  Ошондон улам алардын эмгектерине көп кайрылабыз.Ал эми Манастын күмбөзүн археология­лык казууларды  жүргүзүү учурларындагы сырдуу көрүнүш­төргө көңүл бурбай келатабыз. Бул туурасында эл арасында көп айтылат.

1937-жылы Б.М.Зиманын жетекчилиги астында алгачкы ирет археологиялык казуулар жүргүзү­лөт. Казуу иштерине Таш-Арык, Орто-Арык, Ак-Жар айылдарынын тургундары катышкан. Каза баштаганда “кайт-артыңа” деген күңгүрөнгөн үн угулган. Илимпоздор ага көңүл бурушкан эмес. Кийин алардын арасында өлүмгө учурагандар көп болгон. Казуу мезгилинде күмбөздүн чыгыш бөлүгүнөн кыштан кыналган табыт табылган. Изилдей келгенде, бул табыт мурда эле  ачылып,тонолгону билинет. Андан  аялдарга тийиштүү буюм-тайымдар табылат. Ошондон улам орус окумуштуулары: «Бул жерден эркекке тийиштүү эч нерсе чыккан жок, табылган буюм-тайымдар аялдардыкы, ошондуктан бул күм­бөз аялга тийиштүү» – деген бүтүм чыгарып жиберишкен.

Кийинки жылы күмбөздү СССР Илимдер академиясынын Археологиялык институтунан А.Н.Бернштамдын жетекчилиги астындагы Жети-Суу археологиялык экспедициясы изилдейт. Бул жолу 1937-жылдагы казууда күмбөздүн жер таманынан табылган табыттан  тышкары 11 метр тереңдиктен зор эркек адамдын сөөгү табылган. Антропологиялык изилдөөлөрдө бул адамдын боюнун узундугу 2,5 метрден ашык болгон, баш сөө­гүнүн өзгөчөлүгү жана 50-60 жаш курагында каза тапканы аныкталган. Окумуштуулардын берген баасы боюнча ал алп мүчөлүү өзгөчө жаралган адамдын сөөгү болгон.  Бул биринчиден.

Экинчиден, эгерде Манас атанын сөөгү ушул жерге коюлбаса, анда бул жай калкыбыз эзелтеден кастарлаган касиеттүү ата мазарга айланбайт эле. Миң жылдан ашуун мезгилдерден бери сакталып, жаратылыштын түркүн катаал шарттарына туруштук берип, кулап, урап жок болуп кетпей, касиетин жоготпой, дарттууга шыпаа болуп, жалпы элибизге улуу рухий күч-дем берип келатат. Бул бекеринен эмес да!

«Манас» эпосунда айтылгандай, Манас атабыз Коңурбайдан алган жаратынын айынан 50-60 жаш курагында дүйнө салган эмеспи. Ошондо акылман Каныкей энебиз топурагын Анжиан, Кокон тараптан алдырып, эчки жүнүн кыркмалап, ак баткакка салдырып, чийиндүүсүн келтирип, алты миң эркечтин майына бышырып, кыш кынатып, айкөлүнүн күмбөзү алты кылым өткүчө бузулбай турсун деп салган эмеспи. Айкөлдүн сөөгүн ушул эле күмбөздүн тереңине жашырып, караламан калкка Эчкилүү-Тоого коюлду деген сөздү атайын тараткан чыгаар!  Кас санаган душманы көп Манас атабыздын сөөгүн кордотпоонун бирден бир жолун акылман Каныкей энебиз ушундан тапкан болуп жүрбөсүн?

Археологиялык изилдөөлөр күмбөздүн кышы малдын жүнү кошулуп, эчкинин майын кошуп жууруп, бекем бышырылгандыгын көрсөткөн. Муну «Манас» эпосу музейине коюлган күмбөздүн эзелки кыштарынан баамдоого болот. Алардын биринде эчки-текенин, биринде баланын изи түшкөн калыбында «Манас» эпосу музейинде сакталып турат.

– Улуттук комплекс КРнын Өк­мөтүнүн каржылоосу, жалпы элдин жардамы астында өнүгүп келатат. Сиз жетекчиликке келген 2005-жылдан бери аны жакшыртуу боюнча көзгө көрүнөөр­лүк бир топ иштер аткарылды. Ошолорго да токтолуп өтсөңүз?
– Манас атанын айкелин оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бакай, Каныкей, Кошой, Ак балта жана кырк чоронун эстеликтерин жасалгалоо боюнча  көп иштер аткарылды. Ар бир эстеликтин постаменттери мрамор плиткалар менен, кырк чоронун эстелиги түгөл жез менен капталды. Бул иш кыйла түйшүк менен үч жыл дегенде бүттү. Жалпысынан 45 фигурадан турган  «Айкөл Манас» архитектуралык-скульптуралык ансамблин түнкүсүн түрө көркөмдүү көрсөтүүчү жарыктандыргычтар орнотулду. Комплекстин жарыктандыруу системасы толук оңдолуп, жакшыртылды.

«Манас» эпосу музейи реэкспозицияланды. Биринчи кабатта улуу кыргыз каганатынын картасы көркөмдөлүп, элестүү жасалды. Эпосто айтылгандай Каңгайдан Эренге чейинки кең аймакты ээлеген бул эзелки мамлекетибиздин картасы көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырып, эпосубузга, элибиздин тарыхына болгон кызыгууларын күчөтүүдө. Музейде улуу манасчылардын элес-айкелин коюу улантылууда. Саякбай Каралаевдин элес-айкелинин жанына быйыл Сагымбай Орозбаковдун элес-айкели коюлду. Элдик дарыгерлер борборунун имаратын башта эки кабаттуу куруу каралган. Ошол долбоор боюнча кайрадан тургузулуп, эки кабаттуу жайга айланып, конок үйү ачылды. Түлөөканага 100 орундуу жайкы жай курулду.

Учурда  Ордобузда экспозициялык жана Ч.Айтматовго арналган зал салынып жатат. Убактысы, маалы келип калгандыктан, Ордобуздагы болгон курулуштарыбыздын бардыгы капиталдык оңдоодон өттү. Бир топ жыл мурда ал кездеги Талас районунун акими И.Айдаралиевдин жана айыл кеңешинин башчысы К.Курманалиеванын жетекчиликтери менен Каныкей апабыздын булагынын көзү ачылып, элибиз каттай башташкан эле. Азыркы кезде булакка зыяратчылардын үйү, түлөө­канасы салынып, булак тегеректери көрк­төндүрүлдү.

– Ордобузга келип-кетип жаткан зыяратчылардын агымы туу­ралуу да сөз кыла кетсеңиз?
– Буюрса, келген элдин агымы жыл санап өсүүдө. Мындан 5-6 жыл мурун 25-30 миңдин тегерегиндеги зыяратчылар келсе, кийинки жылдарда 100 миңден ашууда. Келген куда-сөөктөрүн, конокторун Талас элинде сөзсүз түрдө «Манас Ордого» алып келүү жакшы салтка айланган. Жыл сайын ордобузда 1000 ден ашык түлөөлөр өткөрүлсө, ал эми Таластын баш-аягынан үйлөнүү үлпөтү менен келген жаш жубайлар Манас атабыздын күмбөзүнүн алдында бата алышып, алгачкы турмуш жолуна аттанышы салтка айланган.

– Улуттук комплекстин астында ачылган Коомдук Манас академиясы кандай иштеп жатат?
– Коомдук Манас академиясынын иштегенине үч жыл болду. «Манас» эпосун иликтөө жана эл арасына жайылтуу боюнча бир топ иштер аткарылды. Академик Абдылдажан Акматалиев, профессорлор Советбек Байгазиев, Сулайман Рыспаев, жазуучу Кален Сыдыкова, манас иликтөөчү Бактыбек Максүтов, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов коомдук академиянын ардактуу мү­чөлөрү болуп саналышат жана бул багытта баалуу кеп-кеңештерин берип келатышат.

Улуттук комплекстин илимий кызматкерлери коомдук академиянын ишине жигердүү аралашууда. Илимий кызматкерлерибиз тарабынан «Манас Ордо», «Манастын күмбөзү», «Манас» эпосу музейи боюнча үч китеп чыгарылды.

Улуттук комплекстин Манас таануу боюнча кеңешчиси, Кыргыз эл мугалими Б.Исаков, О.Чоюнбаев авторлошуп жазышкан «Манас таалими», «Айкөл Манастын калыптанышы» китептери жарык көрдү. Жыл сайын Коомдук Манас академиясынын бюллетендери чыгарылат. Ага Академиянын ардактуу мүчөлөрүнүн, Манас изилдөөчү­лөрдүн эмгектери жарыяланат.  Б.Исаковдун «Жарылганды жоо алат», «Пейил оңолбой, иш оңолбойт», профессор С.Байгазиевдин «Балдарга Манас баатыр жөнүндө» китептери жарыкка чыкты. Б.Исаковдун «Манас» эпосу боюнча балдарга арналган китептери чыгарылды. Мына ушул китептер жана китепчелер улуттук комплекстин каржылоосу менен басмадан жарык көрдү.

Жакында Ордодо кыргыздын белгилүү акыны Шайлообек Дүй-шеевдин “Эки дөөнүн күрөшү” китебинин бет ачары өткөрүлдү. Бул китепти да “Манас Ордо” каржылап чыгарды. Себеби – Шайлообек Дүйшеев Кошой менен Жолойдун күрөшүнүн жаңы вариантын  элдик эпикалык үлгүдө жазып салбадыбы! «Манас Ордодо» жаш манасчылардын мектеби иштейт. Аны КРнын эмгек сиңирген артисти Асанкан Жуманалиев жетектейт.

– Ормош Жетигенович, эл ичинде мурдагы Президенттер А.Акаевдин жана К.Бакиевдин тактыдан таюу тагдырын Манас атанын ыйык дөөлөттөрүнө кесирлик мамилесине байланыштырып айтып жүрүшөт?
– Менимче, анын да чындыгы бар сыяктанат. «Манас Ордодо» жасалган 12 канат Хан Өргөө Аскар Акаевдин учурунда кастарланбай, анын 60 жылдык маарекесинде ага белекке тартууланган. Мына ошол иш туура эмес болгон дешет көп адамдар. Ыйык деп эсептелген Хан Өргөөнүн белекке тартууланышы Акаевдин ооматы бүтүп, тактыдан тайышына себепкер болгондугу эл арасында көп айтылат.

Кийин резиденциядан Хан Өргөөнү алдырган соң, Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылындагы белгилүү уста Жунушбайга жасаттык, кийиздерин жаңылап, жакшырттык. Ал эми кийинки президент Курманбек Бакиев Таласка эл менен жолугушууга келгенде «Манас Ордого» тигилген Хан Өргөөдө ичкилик ичилди. Мындай көрүнүштөр А.Акаевдин учурунда да болгон. Мансапка мас болгон немелер сөз укмак беле. Ыйык  жайдын ыйык мүлкүнө жасаган жосунсуз жоруктары үчүн элден жана Теңирден  жаза алышты деп жүрөт эл. «Хан  өргөө» деген сөз –  анын туруктуу орду “Манас Ордо” дегенди билдирет. Ал  Ордонун өзүндө  гана тигилиши керек.

Курманбек Бакиевдин учурунда «Манас Ордого» салкын мамиле жасалды. Иш сапар менен Таласка келген учурларда ал  ыйык жайга зыярат жасоого да кайрылчу эмес. Кароол Чокуну казуу иштери да ошол учурда жүргүзүлбөдүбү. Ыйык жайга, Манас атанын рухуна  кесирлик менен салкын мамиле жасоо  Бакиевдин адам катары жеке өзүнүн жана анын режиминин ойрон болушуна алып келди деп ойлойм.

– Кароол Чокуну казуу иштерине кененирээк токтолсоңуз. Ал иштердин артында К.Бакиев өзү турат деген сөз ошол убакта көп айтылды эле го?
– Кароол Чокуну казуу иштерин грузин окумуштуулары А.Акаевдин учурунда да аракет жасап көрүшкөн. Кароол Чокунун бир нече жеринен казуу иштерин жүргүзүшкөн. Бирок, кандайдыр бир себептер менен казуу иштери токтоп калган. Ал эми Бакиевдин учурунда ал кездеги мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун, коопсуздук кеңешинин катчысы Т.Мамытовдун жеке көзөмөлү алдындагы казуу иштери башталган. Казуу иштери президенттик администрациянын коомдук байланыштар бөлүмүнүн башчысынын жетекчилиги менен Бишкектен келген сакчылар тобунун кайтаруусу менен жүрдү. Буга чейин казуу иштерин  баштоо Тарых институтунун жана Маданият министрлигинин жогорку жетекчилер менен бирге болгон бир топ талаш-тартыштарынан кийин башталган эле. Казуу иштери башталганда алардын сөзү менен иштеринде айырма чыгып, ал бизди кооптондурган. Ал ортодо коомчулукта нааразы пикирлер арбын болуп, казуу иштери токтотулган. Көрсө, Кароол Дөбөнүн алдында кылымдан-кылымга, укумдан-тукумга кыргыз элинин учугун улап келе жаткан “Өмүр дарагы” бар тура…

– Баса, Манас атанын касиети сыр көрсөтүп, ал окумуштуу сөрөйлөрдүн абалы жакшы болбой калыптыр деген сөздөр айтылып жүрдү эле?
– Академикмин деп өзүн атаган бир грузиндин буту тулуптай шишип, муздак суу куюп олтурганын көп ирет көрдүм. Казуу иштери жүрүп жатканда дарыланам деп Тбилиси, Москвага кетип, кайра келди. Бирок, саламаттыгы оңолгон жок. Казуу иштери токтотулгандан кийин бул адамдар, бийликтин көрсөтмөсүн күтүп, Бишкекте дагы эки айдай болушту. Жанында жакын жүргөн адамдын айтуусу боюнча, академикмин деген грузин окумуштуусу басмак түгүл олтура да албай калгандыктан, жанындагылары сандалга жаткан  калыбында самолётко салып  алып кетишкендиги белгилүү.

– Эл арасында апрель окуясынын болоорун «Манас Ордого» келген кээ бир касиеттүү адамдар алдын ала айткан дешет. Бул боюнча эмнени угуп, билдиңиз эле?
– Эми биз пенде болгондон кийин учурунда айтылып жаткандарга убагында туура баа бере албайт экенбиз. Өткөн жылдын этегинде касиеттүү адамдар аркылуу К.Бакиевге аян кабар берилгендиги чындык. Бул аянды алган адамды ошол кездеги губернаторубузга беттештирип, жазылгандарын бүт бойдон тапшырткан жайым бар.

Ал кабар андан ары дарегине жеттиби, жокпу, аны билбейт экем. Кыскача айтканда, «Колуңдан иш келбей, элиңди тентитип, үй-бүлөңдү башкара албай калдың! Кантип мамлекетти башкарасың?! Оңолбосоң, орду-түбүң менен жок кылам!» деген маанидеги аян берилген.

– Ормошбек Жетигенович, саясаттагы көз карашыңыз, позицияңыз боюнча бийлик тараптан кысымга алынган учурларыңыз болду беле?
– Өзүм ыйык жайда иштеп, жетекчилик иште жүргөндөн кийин саясат десе эле башмалдак атып далбастабайм. Бирок, белгилүү көз карашым, позициям бар. Мурдатан эле Талас облусунан «Ата Мекен» партиясын түзгөндөрдүн катарындамын. К.Бакиевдин учурунда «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү болгон мекеме-уюмдардын жетекчилерине ачык эле куугунтуктоо, кысымга алуу иштери жүргөн. Губернатордун орун басары «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Койсун Курманалиева ал куугунтуктун негизинде иштен алынган. Бийлик төбөлдөрү аны жөн эле кызматтан албастан, бизди кайраштырып, чабыштыруу арам иштерин көздөшүп, ага менин кызмат ордумду сунушташкан.

– Апрель революциясынан кийин рейдерлик аракеттер бир топ жерлерде болду. Андай жорукка жамынып «Манас Ордого»  келгендер туурасында да кеп уктук эле…
– Заманыбыз козголуп, эл бир нукка түшө албай турган учурда  жер жерлерде  толкуган  топту өз кызыкчылыгы үчүн  түрдүү багытка тукурган чагымчыл күчтөр пайда болот тура… 2010-жылдын апрель окуясынан кийин «Талас­тын ОБОНдору» (отряд баб особого назначения) деген атка конгон  аялдар тобуна киргендер Ордонун жетекчилигине келип, түрдүү коркутуп-үркүтүүлөр менен кошо республикалык, облустук деңгээлдеги жетекчиликке «Манас Ордонун жамаатынан» деген, Ордодо иштеп көрбөгөн адамдардын аты-жөнү менен бир нече жолу чагымчыл арыздарын жазышкан. Бул боюнча  облустук администрация тарабынан текшерүүлөр болуп, алардын жазган бир дагы фактысы аныкталган  жок.

Бакиевдик бийликтин убагында Талас жергесинде да, Талас облусунун жетекчилигинин көрсөтмөсүн аткарган, оппозициялык маанайдагы адамдарга каршы багытталган аялдардан “ОБОН” тобу болгон.  Мына ошол “ОБОНдогу” аялдар тобу  2008-2009-жылдары “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаев Талас жергесине келгенде жумуртка менен ургулап, ал эми Роза Исаковна Отунбаева Бакай-Ата районуна келгенде, колунан жетелеп, талоонго алып, машинага салышкан. “Битке эрегишип көйнөгүңдү отко салба” деп андай тетири ойлуулардын ою менен боло берсек, Ордонун ишин өксүтүп аларыбыз бышык.

«Сен мага тийбе, мен сага тийбейм» деп жүрө берүү мен үчүн баштатан жат. Андыктан элибиздин кут ордосунун иши таза Жана ырааттуу жүрүшүнө тоскоол болгусу келген чагымчыл адамдар менен күрөшүп келгем жана мындан ары дагы ошол позициямдан  тайбаймын.

– Ормош Жетигенович, эми темабыздан четтеген бир суроо-бизде парламеттик шайлоо кандай өттү?
– Мамлекеттик ресурстар колдонулган жок. “Кабинада” таза өттү. Добуштарды эсептөө таза болду. Шайлоого келбегендердин добуштарын уурдап пайдалануу болгон жок. Бул жакшы жагы. Жаман жагы да көрүндү, угулду.  Үгүт иштеринин маалында  добуш алуу үчүн электоратка алдыртадан акча таратмай, арак бермей “оорусу” мурдагы таз кейпибизден ашса ашты, бирок кем калган жок. Акчалуу партиялар акчанын кудуретин колдон келишинче эле пайдаланышты. Кийинки шайлоолордо ушуга жол бербей турган, талап шарты катуу мыйзам актылары кабыл алынышы керек деп ойлойм.

– Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңиздерде ийгилик арта берсин.

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу», 26.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий