Сулайман Тоодо сыр түгөнбөйт экен

Кийинки жылдары Сулайман Тоосундагы Ак үйгө келгендерди жылуу тосуп алып, бата-дуба кылып олтурган бул инсанды көбүбүз таанып калдык. Ал киши Бишкектен чыгарган «Ыйык Сулайман Тоосунда катылган сырлар» деген китеби менен дагы бир жолу таанышканы кыйла мартаба сезилген. Алымбек Култаев аксакал минтип баштайт: «Мен өзүм Сулайман Тоонун шайыктарынын башчысы болуп иштеп баштаган 2002-жылдан бери көп кызык маалыматтарга кабылчу болдум».

Ошол кызыктарды (уламыш, ырым-жырым жөрөлгөлөрдү ж.б.у.с.) окурманга сунуш кылат автор. Мусулмандар үчүн эң башкысы Оштогу бул тоонун Сулайман пайгамбарга кандай байланышы барын, анын вазири Асафбинтурхиянын тоонун түбүндөгү үйүн далилдүү баяндайт. «XVI кылымдан баштап Сулайман такты деп атала баштаган» (15-бет). Сулайман пайгамбар жер жүзүнүн Австралия жана Индонезия аралдарында болуп, ал жакта «Сулайман аралдары» деп да аталган жайлар бар экен. Оштогу тоого да 124 миң пайгамбардан 366 пайгамбар келип кеткенин жазыптыр мында.

Ошентип, бул китепке автор А.Култаев эл кызыгып келген кээде бүдөмүк түшүнүктөргө да кайрылат. «Азаб жана таза рухтардын Сулайман тоосуна да келип турушу анык» — деп (23-бет) жазып, мүрзөлөрдө өлүктөр да сүйлөшүп, зыяратка келгендердин да саламын угуп турат имиштейт. Жабраил периште Мухаммед пайгамбарыбыз менен Бурак деген атты минип Акса мечитинен асмандын жети кабатына чыкканын, анда башка пайгамбарларга жолукканын келтирет. Алла Таалага барып, анын үмөттөрүнө элүү ракат намаз окууну парз кылганы маалымдалат. Муса пайгамбардын кеңеши менен кайра кирип, беш убак намаз парзына макулдук алып, Алла Тааладан ар бир ракатка он намаздын сообун алган экен. Ислам ибадаттарына ыклас койгон пенделерге өтө кызыктуу ушундай түшүнүктөр бул китепте кеңири.

Китепте А.Култаев тоонун көптөгөн фотосүрөттөрүн жарыялаган. Бирөөнүн үстүндө кара боек менен арабча жазуу турат — тоонун эки тарабынан көрүнгөн бул тамгалар «Аллах» деп окулат дейт. Аны биз түшүнө албадык. Тоонун таштарынын үстүнө кызыл боек менен жазыптыр. Үңкүрлөр да көрүнөт: «бешик эне», «даван аттары», «тамчы үңкүр» деп түшүндүрөт. Тарыхый мүрзөлөр, сызылып аккан булактар, суу дарбаза, Бабурдун үйү (андагы манжа, тизенин чуңкур болуп калышы ж.б.) фотолордо көрүнүп турат. Меймандардан Би-Би-Синин өкүлдөрү, Тажикстандын мурдагы президенти Первез Мушарраф, окумуштуулар, зыяратчылардын фотолору тоого кызыгуу көп экенин далилдейт.

Ош жөнүндө адабияттар көп экен. Анда төрт илимпоздун аттары келтирилет. Көбүнчө фарс тилинде жазышкандар башта Ош китеби жөнүндө жазылгандар ооздон оозго айтылыптыр. Авторун да билишпептир, себеби алар соопчулук үчүн жазылчу экен. Азыркы тарых илимдеринин кандидаты Махмуд Хасаний көбүн өзбек тилине которуптур.

Байыртан Ош пирим аталып келаткан бул шаардын тоосунун, суусунун сыры көп айтылат ушул китепте. Аягында Алтайдагы кыргыздардын бул ата конушка эңсөөсү «Манаста» мындай келтирилиптир:
Алтай тоодон келдим деп,
Азиреттин Кара Тоо.
Анжиянды жерим деп,
Отуз-Адыр башы бар.
Айылы конгон бул жерге,
Бай Жакып баштап барганы.

Китептин автору кайра толуктап, иретке келтирип бастырам деген ниети дурус жөрөлгө. Уламыштар да кыскарып, такталып, иргелет эле. бирге иштеген музейдин окумуштуулары да көмөктөшөт.

Т.Кенжеев, «Ош шамы» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий