Кыргыз киносундагы өчпөс жылдыз — «Махабат дастаны»

Аталышы: «Махабат дастаны»
Тартылган жылы: 1983-жыл.
Тартылган жери: Арсланбап, Кызылүңкүр.
Сценарийин жазган жана койгон режиссер: Дооронбек Садырбаев.

Алдууга күлө карап таазим этип,
Алсыздын кургатпадың аккан жашын.
Тагдырын адамзаттын камчыланып,
Оо заман кайда кетип баратасын?…деген коңур үндү кайрадан кулагым чалганда таштай каткан жүзүмдөн ылдый кулаган тамчылар эсиме келтирди…Мен бул кинону биринчи ирет көрүп жаткан жокмун. Бирок, көргөн сайын көз алдымдан кетпеген, жүрөк сыздатып, жүүн бошоткон улуу сүйүү баяны адамзаттын табийгат берген эң бир татыктуу белеги-махабат экендигин эскертип да, далилдеп да тургансыйт…

Ырларды аткарган: Калемкас Орозова, Эстебес Турсуналиев;
Башкы оператору: Ү Жээнтаев
Композитору: Т.Казаков
Үн операторлору: А.Ахмадеев
Режиссер: Э.Чокубаев
Оператору: А.Жангазиев
Фильмдин директору: Н.Сидоров
Кеткен каражат: 310 миң рубль
Тапкан каражат: Бүткүл союздук прокаттан 42 млн. рубль.
Ролдордо: Раймаалы-Тууганбай Абдиев, Бегимай-Асел Эшимбекова, Абдилхан-Советбек Жумадылов, Жалман кары-Болот Бейшеналиев,небереси Мурат-Мурат Казаков;
Эпизоддордо:
А.Чокубаев, К.Досумбаев, С.Ахмедова, Ж.Сейдакматова, О.Кутманалиев, Т.Темиркулов, А.Куттубаев, Т.Чокубаева, Ж.Токтосунова, Б.Койсойбосов, Э.Чокубаев;

Каректен нуруң төгүлүп,
Кат-каттап санаам бөлүнүп…
бул ыр саптарын уккулуктуу обону менен жок дегенде бир жолу кулагы чалбаган кыргыз болбосо керек. Ооба, бул улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» романындагы Раймаалы акындын казак кызы Бегимайга арнаган ыры. Ч.Айтматовдун 1980-жылы жазылган бул (алгачкы) ири чыгармасын окуп, таасирленген ар бир окурмандын карегинде калкыган андагы арзышкандардын образын 1983-жылы таланттуу режиссер Дооронбек Садырбаев тарткан «Махабат дастаны» тасмасы ачып берди. Экранга тигилген кары жаштын оюн бириктирип тамшанткан бул кино дагы-дагы көп жылдар бою өз вазийпасын аткара берээрине шегим жок. Бирок, аны көргөн ар бир кыргыз атуулу кадр артындагы түйшүктөргө кызыкпай койбос. Андыктан, сүйүктүү тасмаларыбыздын татыктуу бурчун ээлеп турган «Махабат дастаны» жөнүндө кенен кеп болсун.

Тасма мазмуну
Алыстан көрүнгөн узун-кыска эки караан улам-улам жакындап келе жатты. Бир колуна таягын таянып, экинчи колу менен небересин жетелеген карыя небересинен мерчемдүү жерди сурап, ошол жакка бет алышты…Ушул кенедей бала көзү менен дүйнөнү көрүп өмүр сүргөн Жалман карыя: «Эми мен карт даракка катылбастан, кезинен журттан журтка болгон дастан, айтайын эки акындын махабатын» деп Раймаалы менен Бегимайдын баянын айтып баштайт. Тасманын негизги каармандары Раймаалы менен Бегимай экөө тең өнөр адамдары болот. Бири комузду кол ойнотуп, обон созсо, экинчиси домбраны безелентип, шыңгыр үнү менен кооздойт. Бүтүндөй өмүрүн ырга арнаган Раймаалынын жалгыз ат, жакшы комузунан башка мыдыры жок болсо да ыры менен элдин алкоосуна татыйт. Ал эми солкулдаган селки Бегимайдын таланты аз чөйрөгө гана белгилүү. Ушундай окшош күндөрдүн биринде Раймаалынын уруулаш тууганы алыс-жуукту чакырып той берет. Ошондо эки ашык алгачкы жолу көрүшүп, ыры менен сырын төгүшөт. Муну билген казак-кыргыз бийлери намыстанышып, экөөнү тең мындан ары көрүштүрбөй, Раймаалынын ырына тыюу салышат. Ага моюн бербеген акынды тирүүлөй өрттөмөй болушат. Ошондо да акындын дилинен бермет сымал ашыгына болгон арзуу ыры куюлуп турган тура.

Тасманын соңунда чатырап күйгөн жалынга бой тоскон ашыктар айсыз түндү жарык кылган жылдызга айланып бараткансып, тирүүлүктүн азабына моюн сунуп, бирок түбөлүккө кол кармаша бет алышат.

Уламыштан уланган тасма…
Дооронбек Садырбаевдин өз эскерүүлөрүндө «Махабат дастанын» тартуу идеясы 80-жылдары Токтогулда кино тартып жүргөн учурда жаралгандыгын айткан. Өз чыгармачылыгында кыргыз деп соккон жүрөктөрдү титиреткен эмгек жаратууну кыялданып жүргөн кезинде өз жашоосунда да бир кыска, бирок кызыктуу окуя жүз берет. Санаалаш досу Түгөлбай Казаков менен Тургун Бердалиев болуп тамактанып олтурган жерден үчөө бир жаш кыз менен таанышып калышат. Ал кезде эми алардын кычырап кырктын кырына чыгып турган кездери го. Сулуу менен аркы-беркини сүйлөшүп отурган чакта Дооронбектин оюна төрт сап ыр кылт эте түшүп, жогорудагы Раймаалынын Бегимайга арнаган төрт шиңгилин таштап кое берет. Уламышка жан киргизген идея ушундай жаралат.

Жомокту чындыкка айлантуу
Кыргыздын улуулугу менен жерибиздин сулуулугун бирдей чагылдырган бир тасма тартсам деп жүргөн режиссердун көктөн тилегени жерден табылып, Ч.Айтматовдун өзүнөн уламыштын уңгусун сурап алат да, сценарийин иштеп чыгат. Москвадан тасма тартууга уруксат алууга да жетишет. Тартуу үчүн ыңгайлуу деп Арсланбаптын Кызылүңкүрүн тандап алат. Какаганга муштаган болуп 1983-жылдын жайында бул жерге жамгыр жаабай демейде көк-жашыл болуп турчу табийгат бозомук тартып кетет. Айласы кеткен режиссер күнүнө 2 унаа суу чачтырып жатып, ойдогудай абалга келтирет. Ал эми актер тандоо жаатында Казакстан, Өзбекстандан келген жана өзүбүздөн чыккан аттуу-баштуудан тартып, жөн гана кызыккан кыз-келиндер Бегимайдын ролуна кызуу ат салышат. Бирок, ошол кезде болгону 10- класста окуган, кыргызчаны так сүйлөй албаган Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекованы эч кимдин сын-пикирин укпай бекитет. Ага чейин Раймаалыны ошол кезде баралына келип турган Советбек Жумадыловго ойнотом деген ою эми оңунан чыкпай калат. Анткени, Раймаалы менен Бегимайдын актердук чеберчилиги айкалышпай туруп алат. Башы каткан режиссер Тууганбай Абдиевди «менде кайдагы актердук жөндөм?» деп каршы болгонуна болбой ырдын сырын билгендигин эске алып бекитет. Ал эми эки ашыктын ырлары эң алгач жалаң комуз менен ырдалмак, сценарий боюнча. Бирок, досу Түгөлбай Казаковдун сунушу менен Бегимайга домбра карматышат. Достугун далилдеп Дооронбектин бул эмгеги үчүн чын дили менен күйгөн Түгөлбай уулу Муратты Жалман карынын небересинин ролуна берип, Аселге фонограмма менен окшоштуруп ырдап, домбра кармаганды үйрөтөт. Ыр демекчи, «Махабат дастанына» көрк кошуп барыбызды мукамдуу ырга ыргалткан үндөрдөн Раймаалыны Эстебес Турсуналиев коштосо, Бегимайдын ырларын казак кызы Калемкас Орошова созуп берген. Кино башталганда аягына чейин Жалман карынын образы көрүүчүдөн алыстабайт. Бул Болот Бейшеналиев. Чын чынына келгенде карысын кадырлай билген кыргыздын көөнөргүс сапатын ачып берүү үчүн мындан өткөн татыктуу актер болмок эмес.

Тоскоолдуктар
Убагында бул кинону кыргыз аткаминерлери колдоого албай, «эскини эңсеген тасма» деп атап, андагы окулган куранга, тигилген боз үйлөргө кине коюп чыккан. Бирок, бүткүл союздук республикаларда прокатта айланып, орус телеканалдарынан көрсөтүлгөн тасманы улутуна карабай бардык көрөрмандар абдан жакшы кабыл алышкан. Тасмада Омор Султанов, Алмаш Чойбекова, Салижан Жигитов, Эрнис Турсуновдун ырлары окулат. Жергиликтүү Ноокен, Кара-Суу, Базар-Коргон райондорунун акимдери жардам берип, тигилген бой үйлөр, жылкылар жана жем акысыз болгон. Баары режиссердун оюндагыдай болсо, бул фильмге 1,5 млн. рубль жумшалмак. Кыргызстанда тартылган 2 жылдан кийин гана премьерасы борбор калаадагы «Россия» кинотеатрында орун алган. Минскиде өткөн фестивалда «Эң мыкты режиссура» наамын алган, Асел Эшимбекова «Мыкты аткарылган аялдын образы» үчүн 500 рубль сыйлык берилген.

Дооронбек Садырбаев эскерүүлөрүнүн биринде: «Махабат дастаны» мага түгөнбөгөн түйшүк берди, адамдарга болгон ирээнжүүлүк пайда кылды. Себеби даярданып, кадр тартайын деп атсам эле бир артистим мас болуп чыга келет. Ошол эле учурда «Махабат дастаны» мага өтө бийик атак-даңк алып келди. Ошого карабай кинодо кемчилик көп, көргөн сайын уяла берем. «Кыргыз, кыргыз, кыргыз!» деп ураан чакырат эмеспи, «Махабат дастаны» мына ушул үч сөз үчүн гана тартылган, кыргыз деген сөздү ай-ааламга угузуп, кыргыз деген эл бар экенин билдириш үчүн. «Сүйүү таза, кол жеткис, бийик болсун» деп экөөнүн колун карматып, жетелетип да койгон жокпуз. Бегимай Раймаалынын акындык өнөрүнө кызыгып ашык болуп жатпайбы. «Махабат дастанын» СССРдин бүт республикалары жакшы кабыл алып, гүлгө, куттуктоолорго көмүлүп калгам, бир гана казактар эч нерсе дешпеди, кыязы таарынып калышса керек» деген экен.

Максут Бөрү, «Асман пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 28.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий