Cулуулук, бекем эрк жана талыкпаган эмгек

Сахнада чимирилген, келбети көздүн жоосун алган балериналарга тамшанып койгонубуз болбосо, бул искусствого кызыгып театрга башбаккандардын саны аз экени талашсыз. Кыйла кызыгууну жараткан кесиптин ырахатынан да азабы көп экен. Убакытты, талыкпаган эмгекти талап кылган кесиптин ээлери эмне дейт?

Бардыгы аксөөктөрдөн башталган
Балет (француз тилинен которгондо — бийлейм дегенди түшүндүрөт) — музыка менен бий айкалышындагы сахналаштырылган искусство. Балетте бир сюжет камтылып, элге бий аркылуу жетет. Балет ар бир адамдан эркти, ийилчээктикти, күчтүү техниканы талап кылган кесип. Бул кесип мындан 500 жыл мурун 16- кылымда Италияда пайда болгон. Байыркы замандагы балет менен бүгүнкү күндөгү балеттин айырмасы: ал кезде балетти ак сөөк адамдар өздөрүнүн черин жазып, конокторго мактаныш үчүн бийлик ордолорунда музыка коюп, драма, бий көрүп, поэзия угууну салтка айлантышкан.

Баарынан да балериналарга анан бармакка кыйын
Балериналардын чачы, колу өзгөчө камкордукту талап кылат. Ал үчүн алар витаминге бай азыктарга ыктап, суусундукту, ширени көп ичишет. Салмагы 50 килограммдан ашса карьерасы бүтүп калышы мүмкүн. Алар кийген бут кийим паунта деп аталат. Атайын заказ менен тигилип, бармак жагына катуу кездеме салынат. Бийчилер дайыма паунта менен жүргөндүктөн бара-бара балериналар өнөкөт ооруга кабылышат. Бардык балериналардын өнөкөт оорусу — халюс вальгус. Тактап айтканда, бармагынын сынып кетиши, тырмактарынын ириңдеши.

Бут эле эмес моюнга да кам көрүү зарыл. Эгер балериналар ангинага кабылса моюндун келишимдүүлүгү бузулат. Ал үчүн алар эч качан муздак суу, балмуздак жешпейт. Бийчилер үчүн эң коркунучтуу нерсе — өнөктөшү өйдө көздөй ыргытып, кайра тосо албай калганы. Адатта абадан жерге түшкөн бийчинин жүлүнү үзүлүп, омуртка сөөктөрү сынып, майып болуп калышы да ыктымал. Баарынан да эң чоң курмандык — бойго бүтүрбөө. Анткени балериналардын карьерасы 18 жаштан 33, ашып кетсе 35 жашка чейин эле созулат. Орто жолдон балалуу болуп, кайра калыбына келүү үчүн көп убакыт кетип, карьерасы үзгүлтүккө учурайт. Ошондуктан балериналардын көбү кырктын кырына чыкканда төрөшөт.

«Өлөрманын артып отургандар көп»

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстери Акан Аманбекович НУРТАЗИН менен кыргыз балети тууралуу маек курдук.

— Акан мырза, карьераңыздын алгачкы кадамдары кандай башталды эле?
— Менин ушул жерде иштегениме отуз жылга жакындап калыптыр. 1973-жылы тогуз жашымда Москвадагы хореографиялык окуу жайдан бизге сынак жарыяланган. Биздин мектептен он эки окуучуну тандап алышкан болчу. Сегиз жыл Москвада окуп, ошол жакка калууну деле сунушташкан. Бирок болбой өз элиме кызмат кылайын деп Кыргызстанга келе бердим. Искусстводогу өкүл атам Чолпонбек Базарбаевдин жардамы менен ушул деңгээлге жеттим десем жаңылышпайм. Ал кезде биздин театр да Орто Азия боюнча күчтүү театрлардын бири болчу.

— А театрдын бүгүнкү абалы кандай?
— Азыркы абалы жакшы деп айтуудан алысмын. Айлык акынын аздыгынан мыкты таланттардын көбү чет жакка иштегени кетип жатат. Россияда кичитеатрларда иштегендер эми биздин айлык акыга эзели иштебейт. Хореографиялык орто окуу жайдын студенттери жакшы жардам берип жатат. Өздөрүнө да тажрыйба топтоп, бизге да колдоо көрсөтүп кызматташуунун жакшы жолун таптык. Аларсыз азыр бир да спектаклди кое алмак эмеспиз. Мурда театрдын кызматкери жыйырма жыл иштегенден кийин мыйзам боюнча автоматтык түрдө пенсияга чыкчу. Азыр болсо өлөрманын артып улгайса да кызматын өткөрүп бербей отургандар бар.

— Муун алмашуу жок экен да анда?
— Ооба, жокко эсе. Мисалы, бизге жаш бийчилер келет, убакыттын өтүшү менен аларды категория боюнча кызматынан көтөрүп айлык акысын көбөйтүү керек. Жаш адисти көтөрө турган кызматта ордун бербей улгайган балерина отурат. Анан жаш балеринабыз айлык акыны көтөрбөйсүңөр деп кетип калат. Улгайгандар кыйратып бийлей алышпайт. Денесин бырыш баскан, бутунун учунда тура албаганын көрүп аргаң кетет. Мындан биздин театрдын кадыры төмөндөп жатканын кантип танабыз? Кээде көрүүчүлөр мени четке чакырып алып, «эмнеге мындай балериналар бийлешет, колунун бырыштары көрүнүп калыптыр» деген дооматтарын айтышат. Өз эрки менен кызматын өткөрүп берип кеткендер да бар. Азыр ушу муун алмашуу маселесин кабыргасынан койдук. Бизде эң жаш балериналар 15-16 жашта, эң картаңы 50-60 жашта. Балет — жаштардын кесиби деп айта берип тилим тешилди.

— Көрүүчүлөрдүн саны арбын элеби?
— Эл даңкылдаган музыкадан тажашканбы, балетке кызыгып киргендер көбөйдү. Операга караганда балетти түшүнүп кабыл алуу көрүүчүгө жеңил. Бир да спектаклди калтырбай көргөн көрүүчүлөрүбүз да бар. Балериналарга кызыгып, кимиси кайсы күнү чыгаарын да жаттап алышат.

«Бутуңду кайрысаң ишиңдин бүткөнү»

Балерон Талант ОСМОНОВ он алты жылдан бери балет менен алектенип келет. Талыкпаган эмгегинин акыбети кайтып, жакында эл аралык фестивалдан байгелүү орун алып келди.

— Талант, жакында эле чет өлкөдөн олжолуу кайтыпсыз, жеңишиңиз кут болсун!
— Чеченстанда болуп өткөн Махмуд Эсенбаев атындагы экинчи эл аралык фестивалга барганга маданият министрлиги, Россиянын элчилиги колдоо көрсөттү. Атаандашуу мен ойлогондон алда канча күчтүү экен. Баш-аягы он эки өлкө ат салышып, жыйынтыгында үчүнчү орунга ээ болдум. Маданият министрлиги атайын келип жакшы сөздөрү менен кошо диплом тапшырды. Башында болоор-болбос үмүт кылганым менен мындай жеңиш менен кайтам деп ойлогон эмесмин.

— Сиз үчүн балет эмне?
— Кичине кезимде балетке кызыкканым менен маани берчү эмесмин. Окуу жайга келгенде кызыгуум ойгоно баштады. Ушунча убактымды коротуп эмгектенгенден кийин акыбети кайтсын деп баш-отум менен балетке берилдим. Балет — менин кесибим.

— Билишимче жумушуңуздун кооптуу жактары көп болсо керек?
— Физикалык эмгекти, убакытты өзгөчө талап кылган жумуш. Ар кандай күтүүсүз жагдайларга даяр болушуң керек, чогуу бийлеген өнөктөшүңөн да көп нерсе көз каранды. Анын салмагы оор болсо же туура эмес көтөрүп алып белиңди оорутуп алсаң көпкө кыйналасың. Балериналарга караганда эркек бийчилерге эки эсе оор. Бутунун учу менен бийлегени аз келгенсип, өнөктөшүңдү көтөрүүгө туура келет. Жаза басып бутуңдун бармагын сындырып же кайрып алсаң бир-эки айга «жарактан чыгасың». Бийчи бутунун жардамы менен нан таап жейт. Бутуңду оорутуп алсаң ишиңдин бүткөнү ошол.

— Балеттен башка эмне менен алектенесиз?
— Азыр негизги кесибим бий болгондуктан көп убактымды ушуга жумшайм. Он алты жылдык эмгегим талаага кетпесе дейм. Кошумча иштер менен алектенип каражат табуунун аракетиндемин. Анткени, азыр бойдок болгонум менен эртеңби же бүрсүгүнүбү, үй-бүлө курушум керек. Ал эми балеттин аркасы менен эч нерседен кем болбой жакшы жашоо мүмкүн эмес.

Эгиз кыздар азыр бийден сырткары кошумча билим алышууда. Ошентсе да театрдан алыстабай, бош убактысын бий менен өткөрүшөт. Апасынын орундалбай калган кыялын ишке ашырган Алтынай менен Күмүшай маданиятка чоң салым кошуунун аракетинде.

Балерина Алтынай, Күмүшай Сыдыкбаева: «40 жыл мурда тигилген костюм менен бийлейбиз»

— Силерге балерина болууну ким сунуштады эле?
Алтынай: — Апам жаш кезинде балерина болууну кыялданчу экен. Бирок кийин башка окуу жайга тапшырыптыр. Азыр агрардык университетте математикадан сабак берет. Биздин балерина болушубузга апам менен таежемдин салымы чоң. Экөө кеңеш берип ушул жолго үгүттөштү. Аябай машакаттуу кесип экенин аралашканда билдик.

— Күмүшай сага караганда токтоо окшойт?
— (Күлүп) Элдин баары ошентип айтышат. Кайда барбайлы, кандай кырдаал болбосун улуусу катары биринчи сөз баштап сүйлөп кетем. Күмүшайга караганда шайырмын, бул менден токтоолугу менен айырмаланат. Экөөбүздү окшошсуңар дегендерге түшүнбөйм, жакшылап караган кишиге анча деле окшош эмеспиз. Экөөбүздүн табитибиз да бири-бирибиздикинен асман менен жердей айырмаланат.

— Күмүшай кара тору, сен ак жуумал болгонуңар болбосо, окшош экенсиңер…
Күмүшай: — Жакында эле Түштүк Кореяда фестиваль болуп өттү. 4-октябрдан 11- октябрга чейин өткөн фестивалга 24 өлкө катышты. Кыргызстандын атынан барып келдик. Ал жактын аба ырайы ысык, күн төбөңдөн куйкалап турат экен. Кореядан күнгө күйүп келип кара тору болуп калганым болбосо, тескерисинче Алтынайга караганда мен акмын.

— Башка өлкө менен биздин театрды салыштырдыңбы?
— Бизде да маданиятка көп көңүл бурулса деп кыялдандым. Чынын айтканда, опера- балетке көп маани берилбейт. Кореяда жүрүп биздин өлкөдө мындан ары да дүйнөлүк деңгээлдеги фестивалдарга катышууга, талантыбызды өстүрүүгө жакшы шарттар түзүлсө деген ой келди. Чет мамлекеттен келген балериналардын костюмдары мыкты экен. Кыргызстанда маданиятка көп көңүл бурулбай жатканы мени дагы бир жолу түйшөлттү.

— Силердин костюмдарыңарды ким каржылайт?
— Керектүү костюмдарды театрдан алабыз. Бирок кырк жыл мурда тигилген костюмдардын сапаты деле начарлап калды да.

— Өз кесибиңер менен тапкан каражатка жан багуу кыйын го?
Алтынай: — Азыр 3700 сом менен үй-бүлөнү эмес, кара жанды багуу оор. Экөөбүздү тең ата-энебиз багат, башыбыз бош, санаа азыраак дегендей. Бирок тапкан каражатыбызды ата-энебизге өткөрүп беребиз. Биздин үйдө атам башчы, бюджет анын колунда. Өмүр бою театрдан тапкан акчанын көзүн карабайлы деп экинчи билим алууга кириштик. Азыр Күмүшай экөөбүз тең улуттук университеттин экономика бөлүмүндө окуп жатабыз.

— Чет мамлекеттен чакыруу түшсө барасыңарбы?
— Азыр он сегиз эле жаштабыз. Буюрса, келечекте ийгиликтерди жаратып көзгө көрүнөбүз деген үмүтүбүз бар. Эгер чет мамлекеттен чакыруу түшүп калса баш тартпай барып иштеп келебиз.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий