Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы Мукталы БЕКТЕНАЛИЕВ: «Эми керт башыбыз менен жооп беребиз»

Жалпыга маалым болгондой, Президентибиз Роза Отунбаева жакында эле «Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон. Буга ылайык мамлекеттик статс-катчылардын статусу жогорулаганы менен, алардын жоопкерчилиги да күч алды. Андыктан, биз Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы Мукталы Бектеналиевге аталган жарлыктын негизинде эмне иштерди аткарып жатканы тууралуу сурап кайрылдык.

— Мукталы Абдыбекович, жакында өлкө башчыбыз статс-катчылар институтунун ролун жана жоопкерчилигин көтөрүү жөнүн­дө жарлыгын чыгарган эле. Мунун сиздер үчүн мааниси канчалык?
— Мааниси абдан зор. Анткени, өлкөбүздөгү туруктуу эмес кырдаалда саясий жетекчилер саясат менен алек болушат. Ал эми мамлекеттик мекемелерде статс-катчылар баштаган мамлекеттик кызматкерлер башка нерсеге алаксыбай, аралашпай ишти үзгүлтүккө учуратпай жүргүзө бериши керек. Ошондуктан, Президентибиз биздин ролубузду көтөрүп берди. Бирок, белгилеп койчу нерсе, Өкмөт тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча мекеменин атынан эми биз керт башыбыз менен жооп бере турган болдук. Башкача айтканда, статс-катчылардын жоопкерчилиги мурдагыдан да эки эсе жогорулады.

— Статс-катчы катары министрликте бирдиктүү кадр саясатын жүргүзүү боюнча эмне иштерди аткарып жатасыз?
— Учурда Президентибиздин жарлыгын ишке ашыруу максатында, биз атайын план түзүп, бирдиктүү маданият саясатын иштеп чыгуу менен бир катар фундаменталдуу программаларды аткарып жатабыз. Буюрса, жаңы өкмөттүн курамы түзүлсө, 15-ноябрдан 15-декабрга чейин министрликтин борбордук аппаратында жана жер-жерлердеги түзүмдөрүндө аттестациядан өткөрүү иштерин баштаганы турабыз. Мунун натыйжасында, билимдүү, иш жөндөмдүүлүгү күчтүү, мыкты адистерди тандап алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

— Маданият тармагындагы адамдардын көңүлү жумшак, назик келет эмеспи. Аларды аттестациядан өткөрүүдө тартиптер толук эле сакталабы?
— Албетте, биз өзүбүздүн кызматкерлерге өтө аяр, жумшак мамиле жасаганга аракет кылабыз. Анткени, бизде көбүнчө чыгармачыл инсандар иштешет. Ал эми сиздер билесиздер, чыгармачыл адамдардын көңүлү сиз айткандай абдан назик келип өзгөчө мамилени талап кылат. Андыктан, аларга туура мамиле жасап, көтөрмөлөп, кубаттап, алардын туруктуу иштеп калышына аракет кылабыз. Бирок, ошол эле убакта тартипти да кармап, талапты да коё билебиз. Дагы бир белгилеп койчу нерсе, аттестациядан өткөрүүдө жаштарга өзгөчө көңүл бурмакчыбыз. Муну айтпаганда да акыркы кездерде өз кесибин мыкты билген билимдүү, таланттуу жаш кадрларды ишке тартып жатабыз. Азыр биздин министрликтин кызматкерлеринин 70 пайызын жаштар түзөт. 2006-жылга чейин жаш муундардын биздин тармакка тартылуусу мынчалык эмес болчу.

— Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
— Менимче, мамлекеттик кызматкерлердин айлык-акысынын көтөрүлүшү жаштардын тартылуусуна себеп болду го деп ойлойм. Анын үстүнө акыркы кездерде мамлекет тарабынан маданиятка өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Айталы, министрлик токтоп турган театрларыбызды ишке берүүгө шашылып, ал үчүн атайын А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына 300 миң сом, Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрына 100 миң сом жана айыл жерлериндеги театрларга спектаклдерди коюу үчүн 40-80 миң сомдон каражат бөлүп берген. Буюрса, маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бардык театрларыбыз жаңы сезондун ачылышына даяр болду.

— Учурда драма театрдын кичи залы гана пайдаланылууда. Ал эми чоң залдын ремонт иштери качан аягына чыгат?
— Өзүңүздөр билгендей, кыргыз улуттук драма театрынын ремонт иштерине Президентибиз 8 млн. сом бөлүп берген. Кудай буюрса, келерки жылдын март айларында толугу менен бүтүп калат. Биз муну 27-март — Бүткүл дүйнөлүк театр­ күнүнө карата салтанаттуу ачууга жетишип калалы деп ойлоп жатабыз. Баары биз пландагандай болуп берсе, балким андан да эртерээк бүтүп каларбыз. Ошондой эле, биз дал ушул күндүн урматына мыкты спектаклдер боюнча конкурс уюштуруп, баш байгеге 1 миллион сом койсокпу деп жатабыз. Мындан сырткары, фестивалдар өткөрүлмөкчү.

— Сиздердин министрлик бир нече мыйзам долбоорлорун даярдап жаттыңыздар эле…
— Негизинен айтканда, биздин министрлик негизги стратегиялык 5 багыт боюнча иштеп жатканын айтканбыз. Мына ошол 5 багыттын бири – «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү­лөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору, ошондой эле «Манас» эпосу жөнүндөгү» жана «Байыркы кыргыз жазмалары жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорлору иштелип чыкты. Эми аларды парламент түзүлсө эле, сунуштаганы турабыз.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз туусу”, 02.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий