Манасчылык касиет жана саясат

«Айгине» маданий-изилдөө борбору өз ишмердигин баштаган алгачкы күндөн тартып манасчылар менен иштешип келатат. Манасчыларды биз кыргыздын руханий туу чокусу болгон «Манас» дастанын алып жүрүүчүлөр катары билебиз. Кийинки кездерде манасчылардын саясатка көбүрөөк аралашып баштоосу, элдин туу туткан ошол руханий көрөңгөсүнө канчалык жана кандай таасир этет? Жакында өткөн шайлоо жүрүшүнө манасчылардын катышышы коомчулук жана манасчылардын өздөрү тарабынан канчалык деңгээлде оң же терс кабылданды? Манасчылар депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүп жатып, эмнени көздөштү? Мына ушундай суроолордун тегерегинде жогоруда аталган уюм кереге кеңешмеге манасчыларды, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, саясатчыларды, кыргызчылыкты алып жүрүүчүлөрдүн башын кошкон ар түрдүү уюмдардын өкүлдөрүн чакырды. Анда эмесе, ошол кеңешмедеги ой-пикирлерди ортого салабыз.

Асан Жакшылыков, Кыргызстандын эл жазуучусу:
— Манас феноменин баарыбыз мээбизге туура кабыл алышыбыз керек. Ошол ыйык, б.а. түбөлүктүү руханий дөөлөттү саясаттан өйдө турган нерсе катары кабыл алышыбыз зарыл. Ал эми ошол бийик нерселерди турмушка ашырыш үчүн, ошол нукту же баарыбыз кабыл алган түшүнүктү туура деп баарыбыз кабыл алсак, ошондо Манас саясатынын биринчи кадамын жасашыбыз ыктымал. Азыр Кыргызстанда Манас саясатын түшүнүү боюнча ар кандай аракеттер бар. Бирок Манас саясатын кандайдыр бир терең мааниде, мейли аны тулку боюбуз менен кайыптык касиетинин түзүлүшү боюнча, же болбосо улуу күч менен Манастын байланышын кабылдоо боюнча көп катмар Манастагы касиетти түшүнө элек. Бирок түшүнүү мезгили келди. Анткени дүйнөнү чоң кризис каптап атат. Бүгүнкү адамдардын айбанчылыгын же адамдардын ачкөздүгүн жер шары көтөрө албай калды. Эми биз каалайбызбы, же каалабайбызбы Манасты чын дилибизден түшүнүүгө, кароого кыргыз эли аргасыз. Ошон үчүн Манасты туюп жүргөн манасчыларыбыз, бүгүнкү саясатты өзгөртүш керек экендигин билип, чын дилинен саясатка кирип аткандыр. Акыркы саясат — кыргыздын саясаты эмес. Ал — Батыштын саясаты. Ал — ач көздүктүн системасынын саясаты. Ал эми кыргыздын саясаты — айкөлдүктүк системасынын саясаты. Ач көздүктүн саясатынын Кудайы — жеке менчик (частный собственность), ал ошого сыйынат. Айкөлдүктүн Кудайы — Теңир, Жараткан Улуу Күч, Дүйнөнүн биримдиги. Дүйнөдө эки көз караш бар. Биринчиси, жеке менчиктиктин башкарышы, өз кызыкчылыгына бүтүндөй дүйнөнү багындырып алып, жеке адам оп тартып аткан заман. Ошол жеке адамдар дүйнөнү басып, жеп кое турган абалга келди. Муну биз азыр мамлекетибиздин төбөсүнө чыгарып алганбыз. Конституциясынын төбөсүндө ошол жеке менчик (частная собственность) кыйшайбас деп турат. Ал жерде эл, мамлекет кыйшайбас (незыблемо) деген сөз жок. Ошондуктан жеке жан бактылардын тузагында калганбыз. Мындан чыгара турган күч — айкөлдүк идеология. Айкөлдүккө мээни тазаламайынча жетпейбиз.

Талантаалы Бакчиев, манасчы:
— Шайлоо учурунда «Каганат» саясий партиясы тарабынан Жогорку Кеңешке Дөөлөт экөөбүз талапкер болдук, болгондо да биринчи катарда. Улан Исмаилов болсо «Замандаш» партиясы тарабынан. Биз эмнени көздөдүк эле? Эгер мансап күтөлү деген ой болсо, манасчы деген атыбыз өчсүн. Биз манасчылар сүйлөшүп, кеңешип туруп бир бүтүмгө келдик — үнүбүздү бийликке жеткирүүнү. Анткени 2009-жылы октябрь айында Манас боюнча Кытай маселеси чыкканда баспаган жерибиз, чертпеген эшигибиз калган жок. Ошондо биздин башыбыздан өйдө-төмөн өттү. Түнү менен иштеген, баспай калган учурлар болду. Ошондо биздин көздөгөнүбүз — манасчылык өнөр менен Манас дүйнөсү, Манас эпосу дейбизби, Кыргызстанда өзүнүн татыктуу ордун алса, улуттук статуска ээ болсо деген элек. Керек болсо, мыйзамга киргизели деп долбоорун иштеп чыкканбыз. Ошонун баары талаада калды. Азыр дагы ишке ашпай турат. Кокус Жогорку Кеңешке барып калсак, колубуз узарып, ошол үнүбүз жетеби деген ой болчу. Биздин көздөгөнүбүз манасчылыкты, Кыргызстандын ыйык жерлерин коргоого, сактоого алуу болчу.

Табылды Актан, Кыргыз Республикасынын эл артисти:
— Манасчыларды саясатка киришине болот же болбойт деп илеп белгисин койгон болбойт. Ар бир коомдун өзүнүн саясаты бар. Чынын айтыш керек, манасчылар саясий партияга киришиптир деген жаңылыкты укканда, жаным чыгып кете жаздады. Мен Уландан өткөн улутчулмун. Эмне үчүн улуу, ыйык Манасты сасык саясатка аралаштырат деп. Айтканын айтып алып, кайра ойлондум. Манасчы кайда болсо манасчы. Манас уга турган эл болсо. Манасты элге угуза турган, жүрөгүнө куюп бере турган манасчы болсо эмне үчүн болбосун деп. Дегеле Манасты саясатка аралаштырганга ыраа көрбөйм, алтын берсе дагы. Манас менен атак-даңк издеп, соода кылып аралаштырууга ынай бербейм. Манас кандай болбосун айтылып келген, айтыла берет.

Дөөлөт Сыдыков, манасчы:
— Мен саясатка аралашып калганымдын себебин айтайын. Ошто согуш болуп жатканда Токтогулдан баштап Алайга чейин манас айттык. Ошол Алайга барганда бир баатырдан сыр болгон, ал сыр Уланга берилген. Биз ошондо күбө болгонбуз. Ошол сырдан, айтылган аяндан улам саясатка аралашуу болду. Балким, азыр эртедир. Мүмкүн биз чындап эле саясатты терең билбейбиз, түшүнбөйбүз, чындап эле такшала элекпиз. Бирок эртеби, кечпи ошого барабыз. Биз ары ойлонуп, бери ойлонуп кыргызга кызмат кылалы дедик. Тилекке каршы, өткөн жокпуз. Жаран катары бизге саясатка аралашканга эмне үчүн болбойт? Манас ата өзү саясатчы болгон. Кырк уруунун башын бириктирип, бир туунун астында үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнаган. Манастын ошол жолун улап кеталбай атпайбызбы.

Улан Исмаилов, манасчы:
— Мен ушул кадамга эмне үчүн бардым? Мен Каракол шаарына барганда менден сурашты: «Ой, Манасты Кытайга эмнеге тарттырып жибердиңер?» деп. Биздин барбаган жерибиз калган жок. Барганда «чоңдор» жаман айтпайт экен, барсаң мактап эле, эртең келгиле деп жиберет экен. Карапайым эл болсо түшүнбөйт. «Сен анда эмнеге манасчы болуп жүрөсүң? Кайсы арыңа манасчы болуп жүрөсүң?» — дешти. Бул биринчи себеп. Экинчи себеби, мен улутчулмун, болгондо да акыл калчай турган улутчулмун. Башынан улутчул болгом, боло берем. Манасчы болуп туруп, улутум үчүн күйө албасам, мен манасчы эмесмин. Улут дайыма тепселип келатат. Кыргыздар өздөрүбүз тепсеп келатабыз. «Биз кыргызбыз да, ошон үчүн кечигип келебиз, же биз кыргызбыз да, колубуздан эч нерсе келбейт» деп. Эмне үчүн келбейт? Кезинде дүйнөнү дүңгүрөткөн эл болгонбуз. Батыштын тарбиясын алгандар ушундай сөздөрдү айтып атып, басынтат, элдин жашоосу абдан жаман. Маселен, шаардыктардын 20% жакшы жашабаса, калганы дээрлик начар. Ушул нерсенин баары мени саясатка түрттү. Эң башкысы, Манаска кызмат өтөсөм дедим. Анткени баары эле Манас деп кыйкыра беришет. Маселен, саясатчылар саясий упай топтош үчүн Манас деп кыйкырышат, бирок эч нерсе кылышпайт. Элден айланса болот, манасчыга болгон көз карашы түз экенин шайлоо учурунда байкадым.

Кусейин Исаев, философия илимдеринин доктору:
— Манастын Манас болалбай жатканы, биринчиден, Кыргызстандын аймагында улуттук мамлекет жок. Улуттук мамлекет болбогондон кийин, демек, улуттун рух дөөлөтү, жан дүйнөсү, руханий байлыгы алигиче саясаттын төрүнөн орун ала элек. Эмне үчүн улуттук мамлекет жок? Анткени, биз 150 жыл колония болгонбуз. Акыркы 70 жылдан ашык убакыт үч муундун өмүрү таптык күрөшкө каршы күрөшүш керек болгон, ой-пикирдин бардыгы таптык карама-каршылык болгон. Мына ошол таптык күрөштүн чоң чордону биздин мамлекетибизде ж.б. Советтер Союзу учурундагы мамлекеттерде өкүм сүрүп жатат. Ошон үчүн акылдууларды камап жатабыз, эркин болобуз дегендерди атып атабыз. Эмдигиче коомго эркиндик бериле элек. Мына мунун баары бара-бара жоюлчу оокат. Бул биринчиси. Биз качан улуттук мамлекетти түптөйбүз? Мамлекет өзү үч элементтен турат. Бул жалгыз эле душмандар менен күрөшүш эмес. Биринчиси, ички жана тышкы саясатты жүргүзө турган — коом, экинчиси, ошол мамлекеттин уңгусун түзө турган — улут, үчүнчүсү, мамлекеттин бүт ойлонуу курамын түптөй турган — руханий дөөлөт. Мына ушул үч нерсе пайда болмоюнча бирдиктүү улут жок мамлекет болбойт, кечээгинин калдыгы менен жашай беребиз.

Мен жакында Манастын киндик каны тамган жерин көрүп, тоосуна чыгып, көлүнөн ооз тийип, дарыясына жүздү жууп келдим. Буга чейин Манас жомок, миф деп келген. Көрсө, 100% акыл-эсибизди жок кылып айтылган саясат экен. Манас — тарыхый инсан. Кыргыздар чачырап турганда чогултуп, эл кылып, мамлекет курган. Манастын духу бүгүн да тирүү. Манасчылардын саясатка аралашышы керекпи? Менимче, керек. Кыргыздын өмүрүндө, жашоосунда манасчылар, жомокчулар, санжырачылар эң урматтуу, сыйлуу, падышанын деңгээлиндеги адамдар болгон. Эл аларды түшүнчү. Бүгүн манасчыларды бийлик түшүнбөй жатканы улуттук деңгээлде билимсиздигибиз, тайкылыгыбыз. Манастын духу — Манастын идеологиясы дегенге эртедир-кечтир жетебиз. Учурунда жогорку окуу жайларына Манас таануу сабагын киргизели дегем. Биз Манастын духун түшүнүшүбүз үчүн Куранды мусулмандар кандай окутса, Манасты биз дагы үй-бүлөдө, бала бакчада, башталгыч класстарда окутушубуз керек. Антпесек Манасты үйрөтө албайбыз.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий