Нарсулуу Гургубаева

Нарсулуу ГУРГУБАЕВА Ош облусунун Кара-Суу районунда туулуп өскөн. Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтунун бүтүрүүчүсү. Учурда Москва шаарында эмгектенет.

 

Нарсулуу Гургубаева жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Нарсулуу Гургубаева, акын: “Жашап келем жашап болбос калаада, Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз…”

Олжобай ШАКИР: «Заказ менен жазылган чыгарма окурманга сиңбейт»

НАРСУЛУУ Гургубаева: «Жакындарыма берген убадама туруп алдыда сөзсүз бактылуу болом»

Ак жарык издеген акын

 

Ырлар

«АЛЫСТАГЫ АК ЖАРЫК» ырлар жыйнагы, 2016-ж. жарык көргөн (pdf түрүндө)

 

* * *

Көңүлүңдү таштап келген көчөгө,
Аялыңдан каткан акчаң жылытпай.
Өз үйүңдөн жарыгы али өчө элек,
Издейсиң сен жайлуу орун, жылуу жай.

Уул-кызың уу-чуу салган бөлмөдө,
Көз кубантаар сендик буюм кезикпей.
Жашырасың жалгыз башың өлбөгөн,
Аргасыздан, арсыз, арзан гезитке.

А гезит не? Көчө, кече, чыр, сурак,
Жайнаган бу алдым- жуттум, сойкулук.
Жана да бу көйрөң артис ырчыга,
Үйлөнгөнү ой жетпеген той кылып…

Күндө ушул айтылаар сөз дүйнөгө,
Күндө ушул угаар сөзүң дүйнөдөн.
Сен аргасыз мени эстейсиң үн дебей…
Унчукпоону мен өзүңдөн үйрөнгөм…

 

ЭНЕМ АЙКАНГА

Билем эне, мен мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы,
Аял болуу андан кыйын куруп кал…

Тилегиң ай байлык, бала, көшөгө,
Өмүрлүк жар ичпеген да, чекпеген..,
Күткөнүбүз үчүн балким, экөөлөп,
Бүгүн эне мен бакытты жек көрөм…

Сурабачы неге, кантип, кандай деп,
Өмүрүмдүн сен түшүнбөс бул жагын
Ансыз деле каталарым канды жеп,
Ооруга оору, ойго ой кошот, муңга муң.

Биз мезгилди бирге жашап атабыз,
Эки башка дүйнө менен, ой менен.
Жарыктыгым сенин батаң катасыз,
Мен чамасы жаңылганды оң көрөм.

Мен чамасы жаңылганды оң көрөм…

 

* * *

Мен өмүрдөн кеткен кезде күз гүлдөп…
Өксүйт азы, өксүйт бирок чын дилден.
Арасында ажал сезип өзүн бир,
Бирөө болот күйгөндөрдөн көп күйгөн

Ошол бирөө кездешүүгө кеч келип,
Өзүн аяп, өзүн өзү жек көрүп,
Жыйнай албай шамал жулган ойлорун,
Амал издеп тураары чын четте бир.

А мен болсо кеткен менен өмүрдөн,
Көксөөсүндө калып кетип көп ырдын.
Тегиз тиктеп адыр-будур дүйнөгө,
Көздөрүндө жанып турам Теңирдин…

 

* * *

Куттуу үйгө кабар айтпай, чакыртпай,
Келдим досум шамал буруп боз жолдон.
Сапарлашым — алчалуу күз, жашыл жай,
Санаалашым тили каткан боз торгой.
Кези менен кээде сени эскерип,
Кеп бөлүшсөм деп тилегем кечте бир,
Айтсам дегем арман сырым жашырбай,
Кетсем дегем көөдөн бугун көмкөрүп…
Келдим бүгүн, олтур досум козголбо,
Атымды алба, айай көрбө боор толгоп.
Мен болгону туругу жок селсаяк,
Азабымды жашырса жер жашырып,
Мени айаса жалгыз гана жер айайт…
Ошол жашоо… Менде кайдан өзгөрүш…
Баягы мен багыт тапкан жок жолдон,
Баягы мен барга айланган жоктордон…
Тикенектей тилегимди көп көрүп,
Тикенектей тилегимди жек көрүп,
Тикенектей тилегим көз ачырбай,
Турмуш мага тирмийген бир боз коргон!
Бүгүн досум олтур шашпа, шаштырба,
Ортобузда от тутансын чатырап,
Маектерден магдырасын жашыл бак,
Олтур досум, бүгүн олтур козголбой.
Кези менен кээде мени эскерип,
Кеп бөлүшсөм деп тилеген кечте бу,
Үнүңөн-ов мезгил менен кооздолгон,
Үйүңөн-ов балаң менен кештелүү.
Бакыт болуп түшкө кирээр боз жолдо,
Балаңдын бу балжыраган дептери!
Балаңдын бу баасы «жаман»(2) дептери.

 

* * *

Сыйын алып, сынык чыны албастан,
Чыгып кеткен аял өңдүү үйүңөн.
Кетем сенден көлөкөмдү эш кылып,
Ааламыңа сыйбай калган күнү мен.

Менин атым чымчыганда эсиңди,
Жараткандан мага бүтүн бак сурап.
Жашайсың сен өзүң менен өзүң бир,
Жар күтсөң да мендей, менден жакшыраак.

Кол серпсең да бийиктерден бийикке,
Бирок сага мунун баары кем өңдүү.
Сагынасың жаз жыттанган чачымды,
Сагынасың күн жыттанган денемди.

Сыйын алып, сынык чыны албастан,
Чыгып кеткен аял өңдүү үйүңөн.
Кетем сенден көлөкөмдү эш кылып,
Ааламыңа сыйбай калган күнү мен…

 

* * *

Күлкүгө суз, күйүткө суз, жашка суз,
Күн өткөрүп сенсиз, ансыз, башкасыз,
Жашап келем жашабас бул калаада
Кол чатырсыз, үй дарексиз, акчасыз.
2010-ж.

 

* * *

Кечирим оо сен азыр сурабаган,
Туюлат айтылбаган каргышымдай.
Кечирем бүгүн, эртең, кийин, анан.
Болгону сурап үлгүр жалгызым ай.

Мен сенден кече электе, кете электе,
Ак жол де эркин жетсе текеберим.
Калганга кадырлаш көп, кечелеш көп,
Жолу оор, жолу катуу кеткендердин.

Билем мен сүйүш, айаш жалынычтан,
Айыпты мойунга алыш кыйын азап,
Мен сага кетпей туруп жаны душман,
Сен мага болгону бир жылуу башат.

Андыктан кечиктирбей кечиргин де,
Кем сөздүү, кексе пейил жарымкудай…
Сендейден кечиш, чыны, кесир, күнөө,
Сендейден кетүү бирок карызымдай.

Сендейден кетүү бирок, карыз чындап…
2008

 

* * *

Бул өмүрдүн жазы бар да, күзү бар,
Бийиги бар, баткагы бар, тузу бар.
Жазын жаздай, күзүн күздөй жат билген,
Бир мезгилдин менде калган изи бар.

Ар бир күнү кызыл канат көпөлөк,
Ал мезгилдин аты өзүнө төп эле.
Мени сүйгөн жигиттердин ичинде,
Мен сүйүмүш эткендер да көп эле.

Кыял болсо бактуу, шактуу, бутактуу,
Кадамдарым мизинде ойноп бычактын,
Сүйүүгө окшош нерсени издеп түндөрдө,
Үнүн ээрчип кетеер элем сүтактын.

Көркү менин көйнөгүмдү түзөгөн,
Ошол жылдын күзү өзгөчө күз эле.
Анан мага кезикти эле бир адам,
Ашпаган бир максат болуп жүзөгө…

Бул өмүрдүн жазы бар да, күзү бар,
Бийиги бар, баткагы бар, тузу бар.
Күнүн күндой, гүлүн гүлдөй жат билген,
Ошол күздүн менде дале изи бар…
2007

 

* * *

Узак жолдо учу түбү карарган,
Каргыш тийгир кадам сайын жаңы адам.
Оо мен сени тааный албайм, сен мени,
Изде, тааны көп ичинен жан аргам.

Тааны дагы сурай көрбо атымды,
Аяай көрбө аарчылбаган жашымды.
Деңиз жыттуу шамалды ырда сен мага,
Аралды ырда жайын, кышын жашылдуу.

Сага чейин жашыл арал, деңизсиз,
Азы арзыды, көбу мени жеңишти.
Атым сурап, аарчыгандар көз жашым,
Кайра мага көз жаш болуп беришти.

Узак жолдо учу түбү карарган,
Каргыш тийгир, кадам сайын жаңы адам.
Оо мен сени тааный албайм, сен мени,
Изде тааны, сен мени тап, жан аргам.
2007-ж.

 

* * *

Өмүрүңө, кимдер башын бакпаган,
Мен келишим бир күн керек болуучу.
Каргыш айт же карыздар бол жакшы адам,
Сага чейин келген ушул жол үчүн…

Кайдан, кайда сапар алдым баркы жок,
Өзүм гана акылымда өзүмдүн.
Бараткам мен жок ичинде барга окшоп,
Жетегинде желкеленип сезимдин.

Оо мендейге тагы менен ай таза,
Деңиз менин кабагыман чайпалат…
Бар ичинде жок экеним байкаса,
Сендей гана адам мени байкамак.

Өмүрүңө, кимдер башын бакпаган,
Мен келишим бир күн керек болуучу.
Карызмын мен кадыркечим жакшы адам,
Сага чейин келген ушул жол үчүн…
2007-ж.

 

* * *

Салам сага шамалы оор түндүктөн,
Сабыры бек жашоодогу Жарыгым.
Онтоп жолдор экөөбүздү бир күткөн,
Ооруп келди мага бүгүн жаңы күн…
Алик алба, укчу мени үн дебей,
Жомоктошоор жоомарт маанай жок бүгүн.
Узак өмүр тиленчү элем күндө мен,
Келди мынтип жашагандан коркчу күн.
Асман менен ар бир мүнөт түнөрүп,
Күүгүм түшпөй, күнүм бүтпөй телмирем.
Сендик болбой калган үчүн түбөлүк,
Каттуу көрбөй турам азыр жерди мен.
Келип турат кетким, кечким өмүрдөн,
Кулагым бар бийиктерден төмөнгө….
Адам чиркин, миң күн жашап төгүлгөн,
Бир күн менен өлөт окшойт өлөөрдө…
Адам чиркин, жашоо күтүп төгүлгөн,
Бир күн менен өлбөсө экен өлөөрдө….

 

* * *

Төрөлбөгөн балдарымдын атасы,
Жөрөлгөнүн жөндөп түздөп катасын,
Мендик бойдон өтүш үчүн бүгүн сен,
Мендик бойдон бүлө күтүп жатасың.
Мендиксиң сен, мендик эмей эмине?!
Кемтиксиң сен менсиз айтаар кебиңен.
Мага арналчу сөздөрдү угуп колуктуң,
Менин демим тыңшап азыр демиңен…
Жомоктосоң сен мен сүйгөн жактарды,
Көлөкөсү көзүңдө ойноп ак шамдын.
Ойун баспай, ордум баскан ал кургур,
Мен сүйлөөчү сөздү таппай жаткандыр…
Төрөлбөгөн балдарымдын атасы,
Жөрөлгөнүн жөндөп бүгүн катасын,
Мендик бойдон өтүш үчүн дүйнөдөн,
Мендик бойдон бүлө күтүп жатасың…

 

* * *

Алыстыкты жазыш азыр кандай оор,
Алыстыктан арзыш сага андан оор.
Сан ичинде саргалдактай кылайган,
Санаа сыркооң менен, журтум, аман бол!

Келем дебей сенден кетүү күч алып,
Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып…
«Аманбыз» дейт үнү менен апамдын,
Кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык.

Ошол үндөн кайрат алып талыккыс,
Биз мезгилге карыз тузбуз, калыспыз.
Эртең кайра кулайбыз деп бооруңа,
Бүгүн сага алыстыктан алыспыз.

Кайтабыз деп кайралып да, бүлөнүп,
Сенден кеттик, кеткен себеп жүйөөлүү.
Сен аман бол себеби жок кырсыктан,
Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү!

Бул дүйнөнүн бүлк-бүлк соккон жүрөгү…
2009-ж.

 

* * *

Жашалбаган жашоо кандай таттуу да,
Ыйланбаган көз жаш кандай таптаза.
Адам таппай жакшылыгын айтууга,
Балким мага эртең бирөө кат жазат…

Узун жазат, шашпай жазат жүрөктөн,
Сурайт менин ден соолугум абалым.
Жооп жазыш үчүн балким сүрөттөп:
Бүгүн ооруп атам, бүгүн жаманмын.

Ооруп атам, ооруп… Жалгыз башымы,
Батыралбай ушунча кең дүйнөгө.
Жалгыз туткан жалгыздыктан жашынып,
Олтурамын өзүмө-өзүм сүйлөбөй.

Олтурамын сүйлөбөй да эстебей,
Эңшерилткен эски сүйүү кайгысын.
Мындан ары мындай улуу кек менен,
Мени Кудай менден гана айрысын!

Менден гана… Башка эч качан эч кимди,
Мага Кудай бербесин да албасын!
Мына дагы жүрөк согуп чечкинсиз,
Мына дагы түшүп барат кан басым.

Жашалбаган жашоо кандай таттуу да,
Ыйланбаган көз жаш кандай таптаза.
Адам таппай жакшылыгын айтууга,
Балким мага эртең бирөө кат жазат…

Жалгыздыгы бөксөрсүн деп ушунун,
Балким мага бирөө узун кат жазат.

 

* * *

Карабай ойду, тоону, туш тарапка,
Өзүңдөн өзүң качкан күндөр келет…
Башыңды басып түшүп муштай асман,
Жолуңдаң жол издейсиң ый көрө элек.

Жаныңда жайдаңдаган ким бирөөлөр,
Көшөрүп көрбөйт ыйың, тиштенгениң.
Тулкуңду куру намыс сүйдүрөгөн,
Тунартып бүткөнү чын ичтеги өлүм…

Кумсарып максатыңдын куну качкан,
Кудайың көптөн бери үндөй элек.
Ай ыйлап асманыңда угузбастан,
Күн өлөт жүрөгүңдө, гүлдөр өлө…

Сүйүү өлөт…
Сүйүү үчүн, арман үчүн,
Боштукка келгениңди билген күнү.
Жек көрүп, жектеп жашап калганың чын,
Арт жакты көздөй кетчү издериңди….

 

* * *

Башынан башаламан бул өмүрдо,
Биз азыр жат эмеспиз, өз эмеспиз…
Сүйүлгөн, сүйгөн үчүн күнөөлүүдөй,
Болгону тагдырлашпыз, көчөлөшпүз…

Жашоонун туура көргөң катасы үчүн,
Жашайбыз эки өйүздө жалгызсырап.
Бизге азыр бүтүн болуп жашаш үчүн,
Дүйнөнүн бүтүндүгү аздык кылат…

Мен азыр сенин ыйың кошо ыйлап,
Кайгырсам көрөм сенин кайгырганың…
Азаптан экөөбүздү бошотчудай,
Бактысын тилейм кээде жалгыздардын…

Билбеймин кайда барам, кагылайын,
Өзүңө буйрубаган сүйүүм менен?!
…Сен менин үзүлбөгөн жалбырагым,
Мен сенин жалбырагың үзүлбөгөн…

Бар туруп бул дүйнөдө жартыбыз биз,
Өтөбүз өксүк бойдон сүйүү издеп…
Башкалар жашап эми бактыбызды,
Башкалар эми биздей сүйүлүшөт…

Мен сенин үзүлбөгөн жалбырагың,
Сен менин жалбырагым үзүлбөгөн…

 

* * *

Ушул жашоо… Талаа болуп күнөстүү,
Калаа болуп… Бекет болуп башталып…
Капыс анан өчкөн эле жүрөктөн,
Мени ээрчиткен, мен ээрчиген ак жарык.

Жүрөктөгү ошол жарык өчкөндө,
Өзүм кошо өчпөйүн деп тырыштым.
Терезеден тиктеп жашап көнгөндөр,
Терезеден мени тиктеп турушту.

Жандагандар караңгыны эп көрбөй,
Башка жактан жарык издеп кетишти…
Балким мага керек эмес кеткендер,
Балким мага өчкөн жарык жетиштүү.

Караңгыда өзүмдү өзүм жетелеп,
Өзүмдү өзүм издедим да, жоктодум.
Теңир менин сылаган жок бешенем,
Өзүм да ага бешенемди тосподум…

Билгенимен биле элегим көп эле,
Жарыгы жок көптү көрдүм, түшүндүм.
Мен кагылган ушул эски көчөлөр,
Бүгүн менден чейрек кылым кичүүдүр…

Ушул жолдон! Уюп калган муң-зарга,
Буюктурган бурганактар, куюндар…
Үңүлүшүп үнү бүткөн жылдарга,
Мени көрөт мен көрбөгөн кылымдар.
Үңүлүшүп жарыгы өчкөн жылдарга,
Бизди көрөт биз көрбөгөн кылымдар…

Декабрь 2015-ж.

 

* * *

Өзүндөн, өзгөлөрдөн, өзүмдөн да,
Кеткем мен жолду тандап жөнү бөлөк.
Бул жолдо сага айтылган сөздөр жалган,
Айтылбай калган сөзүм төгүндөлөт.

Бул жолдо сырым жалган жүрөктөгү,
Чындыгым билем көбүн сүйүндүрөт.
Билгенин айтса айтышат, бирок мени,
Билем деп айта албайт кийин бирөө.

Бул жолдо ыйым жалган, күлкүм деле,
Эсимде калбайт кайгым, кубанычым.
Жан көрсөм, бирок кокус мүнкүрөгөн,
Жанында башын жөлөп тураарым чын.

Жөөлөшөт, түртүп өтөт жолдогулар,
Жөөлөндүм, үндөбөдүм… Күндү ээрчидим…
Эстедим кечкенимди бар жогунан,
Бактысын көтөралбай күндөшүмдүн.

А бирок ушул жолго, каран калган,
Каяктан келгенимди эстей албай…
Эр жүрөк көрүнүштү анан маган,
Эсинен, эсендиктен кечкен жандар…

…Мени эми күтпөгүлө, күйбөгүлө,
Кайрылбайм, кайтпай калдым ушул жолдон.
Бактылуу болуш үчүн бул дүйнөдө,
Бакыттын эмне экенин билбеген оң…

Декабрь 2015-ж.

Соц тармактар:

Нарсулуу Гургубаева: 2 комментария

Добавить комментарий