Эл эмгектен эскерет

Калемин курал кылган Аалыке да  өмүр бою алдыңкы катарда болуп, турмуштагы кемчиликтер,  кемпайлыктар менен күрөшүп өттү. Акын ошол күрөштөрдө такшалды, залкар акын болду. Тандап алган ак жолунан тайбай, адамдык бийиктигин, улуулугун өмүрүнүн акырына чейин сактады. Турмушундагы кандай гана добулдар болсо да акты – ак деп, караны – кара деп, бабаларыбыздан мурастап калган калыстыгынан тайган жок. Акындын улуулугуна таазим кылып, анын өрнөктүү өмүрүн келечек муундарга сабак кылып, көөнөргүс  мурасы болгон поэзиясынан сезимдерди байытып, улуттук маданиятыбыздын кенчи катары сакташыбыз керек.

Түбөлүк өмүр
Жалпысынан баа бергенде Аалыкенин  дүйнөлүк кесипкөйлүк деңгээлде жараткан көөнөрбөс поэзиясы анын классик экенин айгинелеп турат. Манастан бери келе жаткан бай кыргыз тилин поэзиянын тили менен байытып, профессионалдык  деңгээлге көтөрдү. Кыргыз тилинин сулуулугун, кооздугун   улуттук колоритке сугарып  байытты. Бул поэзиядагы чыгаандык Аалыкенин өзүнө гана таандык стилди жана “почеркти” айгинелеп турат. Ошондуктан көп акындар мурун Аалыкенин поэзия мектебинен таалим алдык дешчү.

Чындык
Чындык – бул турмуштагы акыйкаттык, адамдын ар-намысы, ак дили, бул жашоодогу түз жол. Аалыке ар дайым чындык үчүн күрөшүп өттү, чындык  улуу акындын кредосу эле:

Ааламды жеке билсе да,
Алтындан үйгө кирсе да,
Асмандан жылдыз аралап,
Ай нурун кармап минсе да,
Бакытка тойбойт адамзат.

Кылымды кыйла көрсө да,
Кызыкты өзү бөлсө да,
Кырчындай жаштан айрылып,
Кырк миң жыл жашап турса да,
Өмүргө тойбойт адамзат.

Жанында өлүм турса да,
Жалантып кылыч сунса да,
Жабыгып жүрөк кансырап,
Ирмелбей көзү тунса да,
Өмүргө тойбойт адамзат….

Бул философиялык ырында Аалыке адам баласына тиешелүү чындыкты айтса, андан кийин коомдук, саясий, илимий чындыктарды ырларында таасын берген. Негизи улуу акындар улуу чындыкты гана ырдап келишкен, турмуш өзү чындык, ал эми акындар анын жарчысы. Аалыкенин “Октябрдын келген кези” деген ырынан өмүрүнүн акырына чейин жазган ыр саптарын окусаңыз, ошол көөнөрбөс ыр берметтеринин өзөгүн түзгөн кызыл сызыктай чындыкты гана окуй аласыз. Буга  колубуздагы акындын 90 жылдык тоюна арналып чыгарылган “Токтолбойт толкун түбөлүк” деген  тандалган ыр жыйнагынан сезимдерди козгогон лирикадан, философиялык насаат ырларына көз кумарын кандырып, көңүлүңдү эргитесиң.

Күрөш
Жашоонун өзү күрөш, күрөш адамдын ким экенин чагылдырып турат. Адам эмне үчүн күрөшүп жатканын билиш керек, ансыз өмүр кунарсыз.

Аалыкенин бүт өмүрү күрөш менен өттү. Ал күрөш улуу акындын өмүрүндө тандап алган ак жолу, түз жолу үчүн болду. Ал жолдон тайган жок, ал жол гана акынды бийиктикке алып барды. Чындык үчүн күрөштү, акыйкаттык үчүн күрөштү, тил үчүн күрөштү, дил үчүн күрөштү, сулуулук үчүн, улуулук үчүн күрөштү.   Тап күрөшүнүн жарчысы болду, тоталитардык режим менен күрөштү, андан кийин бюрократизм, шовинизм, улутчулдук менен күрөштү. Ал күрөштөн чарчаган жок, өмүрүнүн акырына чейин күрөштү. Өмүрүнүн акыркы  күндөрүндө жалган жалаа, негизсиз күнөөлөргө жылмайып гана  тим болчу. Мунун өзү дагы күрөш экен, көрсө акын ошентип жеңиптир.

Кыргыз поэзиясынын шедеври болгон ыр менен жазылган “Кандуу жылдар” романы үчүн канча күрөштү.Төрт жолу басылып, төрт жолу алынган, 1916-жылкы Үркүндөгү кыргыз тарыхын чагылдырган улуу чыгарма азыркы күндө китеп дүкөндөрүндө чаң басып жатпай, ар бир үйдүн китеп текчесинде турса  жакшы болоор эле.

Кызылдай чындыкты чагылдырган “Мумия” китеби үчүн канча күрөш болду эле.

Чындык үчүн күрөшсө, ал адамдын улуулугун айгинелейт. Ошондуктан Аалыкени күрөшчүл акын дешкен. Бекеринен “Балка” деген жашыруун ысымды тандап албаса керек  улуу акын, себеби тап күрөшү, коомдогу өзгөрүш акындын жаш, курч мезгилине  шайкеш келип, өзү кедей- кембагалдардын катарынан өсүп чыккан жаш жигит чыгармачылыгын курал кылып, коомдогу жат көрүнүштөр менен катуу күрөшкөн, ал ошол учурдун талабы эле. Эң алгачкы ырлар жыйнагы да “Чабуул” деген ат менен чыкканы эле Аалыкенин күрөшкө чыкканын айгинелеп турат. Акындын саясий сатиралары курч болгон, ал чалкан чаккандай, күйдүргү чучукка жеткен куйкум сөздөр менен жазып келген.

Аалыке уруучулук, жердешчилик, былыk-чылыктар менен күрөшүп келди, кыргыз элинин биримдиги үчүн күрөштү.

Ак калпактуу кыргызды
алты бөлүп сүйлөйсүң,
Көө толтуруп оозуңа,
көрүнгөнгө үйлөйсүң,
Антпесең тилиң ооруйбу,
антпесең ажал тооруйбу?

Элден чыккан ишмерди,
ээлеп коё каласың,
Жек жаатыбыз болчу деп,
кыр көрсөтүп каласың
Антпесең ишиң аксайбы,
антпесең тамак жакпайбы?…

Өмүрүнүн акыркы жылдарындагы ырларында касиеттүү карылыктын жышааны сезилип, өзгөчө насаат, акылман философиялык ырлары улуулукту, сулуулукту, дүйнөдөгү эң бир бийик сезим  махабатты даңазалап, наадандык, көөдөндөгү көңдөйлүктөр менен күрөштү.

Аалыке өмүрү өткөнчө күрөшүп өттү, ал эми ырлары түбөлүккө күрөшө берет.

Баатыр
Баатыр деп элибизде эр жүрөк, тайман-баган кайраттуу адамды даңкташат. Баатыр адам эки сүйлөп калп айтпайт, карасанатайлык кылып бирөөгө жамандык кылбайт.

Эр намысы бийик болот. Аалыке баатыр адам эле, бет алганынан кайра тартчу эмес, дайыма жеңип чыкчу, анткени чындык өзү тарапта экенин ар дайым жакшы билчү. Акындын бийиктиги ошондо болчу. 75 жаш курагында Социалистик Эмгектин Баатыры болду. Бул сыймык акынга оңой жол менен келген жок. Талыкпай поэзия майданында жарым кылым эмгектенип, өлбөс-өчпөс мурас калтырган акыныбыз эл-журтуна Ала Тоодой кызмат өтөдү, бул улуу акынды ашкере мактагандык эмес. Эли менен тагдырлаш болуп, анын кайгысын кошо  көтөрүп, кубанчын кошо бөлүшүп жашоо ар бир эле адамдын колунан келе бербейт эмеспи. Ал үчүн эл-жерди сүйгөн зор жүрөк керек эмеспи.Ошол эли- журтуна кылган  эмгеги бааланып, төшүнө Алтын жылдыз тагынды. Ал чоң сыймык конгондон баштап Аалыке жаңы дем  менен иштеп, залкар ойлорго ширелген мазмундуу ырларын жаратты.

Өмүрүнүн акырына чейин колунан калеми түшпөй  эмгектенди.  Балким оору болбогондо дагы жашап, дагы эле чыгармаларын жарата бермек. Көп ойлору ишке ашпай, көп ыр саптары жазылбай калды. Ажал тооруп турганын сезип, кайратын жоготпой, карылык насааттарын айтып, баатырларча көз жумду. Акылы  тунук, сезими таза бойдон кетти кайран киши….

Канчалык баатыр болсоң да, болк этет экен жүрөгүң,
Түнөрүп күтүп жаткансып, түбөлүк жатчу түнөгүң.
Эзилип кетип баратат, эл үчүн бүткөн жүрөгүң,
Кыйнабай көрсө болбойбу, эл үчүн соккон жүрөгүн…

Бийиктик
Аалыкенин чыгармачылыгынын бийик-тиги, анын поэзиясынын лирикалык ажарынын сулуулугу кооздугунан турса, ошондой эле бийиктикке жеткирген  драмалык чыгармалары акындын кара сөз жанрында да чеберчилигин айгинелеп турат.

Тарыхый революциялык темадагы “Күндүн чыгышы”, Улуу Ата  мекендик согушка арналган “Ант”, ”Тергөө жүрүп жатат” сыяктуу драмалары кыргыз театрынын репертуарын байытса, “Өлбөстүн үрөнү” классикалык чыгарма болуп калды.

Ал эми “Днестр терең деңизге куят”, “Солдат элек”, “Күүнүн сыры” сыяктуу прозалык чыгармалары жеке эле кыргыз китеп окуучуларын эмес, көп тилдерге которулуп, окуган адамдарды кайдыгер калтырган жок.

Ошондой эле котормочулук жаатында да Аалыке зор эмгектерди жаратты. Горькийдин, Шевченконун, Гётенин жана башка дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын эркин которуп, кыргыз окурмандарына тартуулаган эле учурунда.

“Манастын” китеп болуп чыгышындагы чоң салгылаштарда ийгиликке жетиши, тил боюнча көтөргөн маселелери үчүн куугунтукталганын кээ бир адамдар унутуп калышса, архивдик документтер аны далилдеп турат. Акындын коомдук иштери, кыргыз улуттук маданиятынын жана искусствосунун өнүгүшүнө кошкон зор салымдары өзүнчө бир изилдене элек чыгармачылык өмүрү. “Өмүр бизден өтүп кетсе,  эл эмгектен эскерсин” деген учкул сөзү акындын өзүнө түбөлүк эстелик коюп кеткенин айгинелейт. Бул Аалыкенин бийиктиги анын адал эмгек, ар- намыс, өлбөс чыгармаларынын бийиктигинде бекем турат…..

Сөз зергери
Ким болсо да кетээри чын дүйнөдөн,
Эмгек, сүйүү, күйүү калат эстелип.
Бул чексиз жол жекелерге энчи эмес,
Бардык жандар өтө турган кечмелик…

Аалыкени сөз зергери деп  бекеринен айтышпаса керек. Ырларын окуп отурсаң сезимдерди козгогон, куюлушкан сөз берметтери шуруга тизгендей, бир сөзү да ашык эмес же кем эмес, укмуштуудай чеберчилик менен куралган ыр саптарынан   ырахат аласың.

Аалыкенин ырлары музыкалуу, кайсы ырына обон чыгарсаңыз да куюлушуп турат. Ушунчалык элестүү ырларын окуганда тоону, сууну, чөлдү, гүлдү көз алдыңа элестетип, ар нерсенин добушун угуп турасың.

Биздин жер чиркейлердин жумурткасы,
Ааламга кыял менен салыштырсак.
Бул аалам кайдан бүткөн, табылабы,
Акылды чагылгандай кагыштырсак?..

Ааламга чабыттаган акындын кыялы бизди дагы ойлонтот, ал чексиз экенин билебиз, чиркейдин жумурткасын анын өзү деле көргөн эместир, бирок  ыр саптарындагы салыштырууну кабыл алабыз…

Өмүр жолу – комедия, драма,
Машакаты  сансыз түркүн сураба.
Бирөө миңдин кубанчы үчүн жашаса,
Кимдир бирөө керт башы үчүн убара…

Мындай философиялык насаат ырлары Аалыкенин кийинки поэзиясына таандык, себеби касиеттүү карылыктын, акылмандуулуктун белгиси.  Зергерлер алтын  эриткендей, акындар сезимди сөздүн кудуретине, ойдун бийиктигине балкытып, ырахатка бөлөйт.

Бул Аалыкенин ырларындагы касиеттер анын чыгармачылыгы тереңирээк изилденсе сөзсүз  айкын болот.

Таазим
Аалыке улуу да, узак да жол басып өтүп кетти. Артына элине түбөлүк көөнөр­бөс зор мурас калтырды.

Жакшыны жаман десең эч кирдебейт,
Бийикти жапыз десең эч баш ийбейт.
Улуулук акылмандын баскан жолу,
Акылы жетпесе аны эч ким билбейт….

Акындын улуулугуна эли-журту таазим кылып, түбөлүк поэзия чабытында эргиген акындын эстелигин 90 жылдык мааракесине арнап тургузушкан эле.

Өзү жашаган үйү мемориалдык музей болуп ачылып, анда акындын өмүр жолун жана чыгармачылыгын кеңири баяндаган стенддер, кол жазмалары, сүрөттөрү жана буюмдары сакталган.  Улуу акындын үй музейинин эшиги поэзия сүйүүчүлөр үчүн ар дайым ачык.

Залкар акын Аалы Токомбаевдин улуулугуна ар дайым таазим кылуу менен анын мөлтүр булактай тунук поэзиясынан  сезимдерди байыталы.

Чыкса дагы, батса дагы балбылдап,
Күн билгизет өмүрүнүн акканын.
Каалар элем келсе дагы, кетсе да,
Адамдардын күн сыяктуу батканын….

Асанкожо  Айтыкеев,  Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссер.
«Кыргыз туусу», 05.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий