Кыргыз Эл баатыры Күлүйпа Кондучалова: «Кайра-кайра ыйлап келе берчүбүз»

Бул да бекеринен эмес. Аялдардын ичинен 30-жылдарда эле өзгөчө көрүнгөн Анвар Куттубаева эжекебиз эле. Анын бой-келбети, тарган турпаты, үнү бардык жагынан келишкен адам эле. Ал жараткан кейипкерлер өз учурунда өзү менен кошо кеткен кайталангыс искусство.

Күлүйпа жогорудай Анвар эже жөнүндө кеп кылып өттүңүз. Ал кезде сиз ашып кетсе 15-16-дагы жаш кезиңиз. Айтымыңызга караганда ал киши жараткан образдар арадан агып-агып элүүдөн ашык жылдар өтсө да көз алдыңызга даасын тартылып турса керек. Ошол таланттын театры сүйүүсү эң мыкты болгондуктан сиз сыяктуу жаш көрүүчүлөргө унутулгус элес калтырып жатат да. Ушул ойду дагы кеңейте кетсеңиз?
Жарайт. Анвар эжеде табыгат тартуулаган таланты бар киши болчу. Ал кишинин теартрдык билими деле жок эле. Жогоруда айтып өткөндөй кебете, сын-сыпаты да келишкен айперидей адам болчу. Биз окуп жүргөн мезгилде биринчи музыкалык-драмалык спектакль Жусуп Турусбековдун «Ажал ордунасы» коюлуп калды. Анын музыкасын Власов, Ферелер менен бирдикте Абдылас Малдыбаев жазган. Ошол учурда Анвар Куттубаев жогорку, орто жана жаш муундардын бардыгына бирдей таасир калтырган. Ал аткарган Зулайканы угуп залда олтурушканы көпчүлүктүк бир да бирөө көзүнө жаш албай кеткен эмес. Дагы бир кызык, нерсе «Ажал ордуна» канча коюлуп Анвар канча ойногон сайын кайра-кайра эле барып көрүп ыйлап келе берчүбүз. Сахнадан көрүүчүлөргө таасир калтыра турган спектаклдер анчалык деле көп болбойт. Бирок, дагы кайталып айтайын «Ажал ордунда» Зулайканын ролун Анвар эже шумдуктай аткарчу.

Жусуп Турусбеков жараткан 15-16 жаштагы татынакай кыз чейрек пуд унга сатылган абалын кадимкидей көз алдыга тартар эле. Анын жакшынакай да үнү бар эле, ошол 1916-жылы башынан өткөргөн окуя чындап эле турмуштун өзүндө болуп жаткандай берилчү. 1939-жылы даярдалып, ошол жылы Москвадагы он күндүккө барган «Айчүрөк» операсын алалы. Ал эч нерсе деп деле айтпай сахнанын бир жагынан экинчи жагына басып эле өтүп кетишти эле өзүнчө керемет болчу. Чачынын учунан бутуна чейин келишкен, ар бир көрүүчүсүн суктанткан кайталангыс образ эле. Ошол кездегидей анын аткаруусун көрүшкөн адамдар муну «Айчүрөк» дебей Каныкей деп деле койсо болмок экен деп. Бул да болсо бир, эки эле кишинин баасы эмес, бүтүндөй элдин баасы болчу. Анткени, ошол спектаклдеги кейипкердин ажарын ого бетер ачып, аны келиштире ойноштун өзү эмне деген касиет! «Манас» эпосунда да Калиман да шумдуктай сүрөттөлөт эмеспи. Спектаклде Калыйманга анчалык деле чоң орун берилбеген. Бир аз, бир аз эле кирип чыккан жерлери бар. Бирок кеп анын чоң-кичинелигинде деле эмес экен. Кийин өзүм маданият тармагында иштеп калганымда ошондогу таланттарды эстеп жүрдүм. Кичинекей роль жок, кичинекей артист бар» деген сөздүн терең сырын ошондо түшүндүм. Ошондогу кичинекей образдары менен Анвар ушул убакка чейин күнү бүгүнкүдөй элесимде турат. Өзү да абдан адамкерчиликтүү, мүнөзү жумшак, адамдык мамилеге мыкты киши болчу.

Сиз жакшынакай сөз айттыңыз. Калыймандын ролу чоң деле эмес эле деп жатпайсызбы. Ал киши сахнанын бир жагынан экинчи тарабына басып өткөнүндө эле өзгөчө искусство, өзгөчө талант бар эле деп. Демек, артисттик өнөргө жаралган киши экен го?! Ал кишинин өң, бой-мүчөсү бардыгы тең искусствонун адамы экенин далилдеп турганына токтоло кетсеңиз. Ошондо сиз ашып кетсе 17-18 деги кезиңиз. Ошол элес сизде өмүр бою сакталып калгандыгы өзү эле канчалык!
Ооба, сакталып келе жатат, менимче талант, чыгармачылык жигер дегендин өзү ушул эмеспи. Театралдык искусствонун жаратуучулардын айрымдарынын аттары анча айтылбай жатканын жогоруда белгилеп өткөм. Анын бири Касымалы Эшимбеков деген артист болгон. Анын таланты дагы баа жеткис болчу. Муну кыргыздын Тарханову, кыргыздын Москвини деп Москва же башка жактардан келип көрүшкөндө орус жолдоштор айтышып, ушундай деп баа беришкен.

Өз мезгилинде.
Ооба өз кезинде. Бул дагы биздин араббыздан эрте кетип калды. Ал дагы мен көргөндөн Жантошовдун «Карачачында» ойногон. Мен бул жерде окуп жүргөндө Гоголдун «Текшерүүсү» кыргыз тилинде сүйлөдү. Ал 1934-жылы коблуп, Эшимбеков Городничийдин ролун аткарды. Ошол аткарган ролду ушул күнгө чейин элестеп турам.

Инвар эже сыяктуу дейсизби?
Ооба, Гоголдун чыгармасын жалпы журт билер. Бирок ошону кыргыз кебетеси менен өзүнчө бир келтиргени тири укмуш эле да!?

Айтып, сүрөттөп отуруш да кыйын деңизчи?
Айтып олтуруш да көп нерсе. Ошол эле кыргыз драматургиясы «Ажал ордунда да» Бектурдун да ролун аткарган. Өзүнүн кичинекей эле үнү бар. Бирок ошого карабастан жакшы атк арчу. Бизге белгилүү Бектур деген ким. Ал кыргыздын көптү билген, кеменгер карыясы. Анын үстүнө элинин башына айтып бере алгсы кайгы — кап түшүп турган убакта кеменгер дам адам кандай болуп эмне иш иштеши керек? Бул өтө чоң роль эле. Ал эми Эшимбеков ошол образды ошол деңгээлде алып чыгып көрүүчүлөргө жеткизе алган. Андан кийинки чоң ролдун бири Гаджибековдун «Аршмалалан» эле. Жалпы жонунан «Аршымалалан» жакшы ойнгогон.

Ошондо Эшимбеков кимдин ролун ойногон? Эсиңиздеби?
«Аршималаланда кыздын атасы Султанбек деген бектин ролун аткарган. Бул комедиялык роль да. Эч нерсени айтпаганыбызда да Эшимбеков типтүү Азербайжан бегинин эле дал өзү. Ал кишинин бир өзгөчөлүгү өзү таап алган ролунан эчкачан чыкчу эмес эле. Касымалыны аткарганда залда отургандар күлө турган жерине күлүп, уга турган жеринде дем алуусуна чейин тыңшап сезип жана ар бир көрүүчүнү сездирип турган образды жаратып залдагылары ээрчитип жүрүп отурар эле. Гоголдун Текшерүүсүн ушул убактарга чейин коюп жүрүшөт. Бирок жалпы ансамблди алганда ошол кездегиндей коюла элек болуш керек го деп ойлойм. Алардын ичинен да Эшимбеков түзгөн образ мыкты эле.

Ансамблдук жөнүндө кеп кылган соң, Эшимбековдун соң Аскердин ролунда өң-келбети келишкен, үнү дагы булак суусундай Абдылас Малдыбаев да эң жакшы аткарар эле. Дагы Майнур Мустаев, Сайра Кийизбаевалар аткарышчу.

Сиз жогорудагы «Аршималаланда» жакшы ролдордун бирин Абдылас Малдыбаев аткарган деп айтып өттүңүз. Үнүн дагы булактын шыңгырындай деп салыштырдыңыз. Мына ушул киши туурасында да айтып өтсөңүз. Мейли анын артистик, ырчылык, композитордук, адамдык жагынан болсо да?
Искусствобуздун, өзгөчө музыкалык искусствобуздун өнүгүшүндө анын алган орду эбегейсиз. Абдылас Малдыбаев кыргыздын музыкалык маданиятынын торолдушунда калыптанышында, өнүгүшүндө эң чоң кызмат кылган адам. Муну бир эки ооз сөз менен айтып баа бере албайбыз. Бекеринен биздин эң чоң театрыбыздын аты Абдылас Малдыбаевдин наамына ыйгарылбаган. Менин Абдылас аганы окуп жүргөн кезимде анын «Эсимде деген обонун баштап биллем. Бул 1930-жылдардын ортосунда болуш керек. Ал кезде мына бул Дзержин бульварынан өткөндө баштап аяк кыргыз жаштары «Эсимдени» ырдап өтүшчү. Ошол 30-жылдардын ичинде бүтүндөй кыргыз жашкарысынын ыры Абдылас баштаган «Эсимде» болчу. Ал жеке гана музыкасын чыгарбай өзү да өз ырын мыкты аткарган эле да. Ал кишини артист, ырчы жана эң башкысы композитор деп билебиз. Ошондой эле эң биринчилерден болуп «Ажалордундада» Бектур карыянын ролдун аткарып чыкты. анны менен катар көптөгөн-көптөгөн ырлардын жаза баштады. Анысы жөрүндө көп эле сөз болуп келүүдө. Ошол эле 30-жылдары «Айчүрөк», «Манас» опералары жаралды. Алар менен катар «Токтогул» операсы да пайда болду. Бала кезимде «Эсимдесиң» укаандан баштап Абдылас аганы акыркы сапарга узатканда чейин бирге иштеп, бирге жүрдүм десем болот. Ошондуктан Абдыластын 35-жылдардан башталган чыгармачылык жагы түздөн-түз көз алдымда өтүп, алардын көпчүлүгүнүн аралышына күбө болдум. Мысалга, баарына белгилүү эле «Айчүрөктү» алалы. Ал Москва болуп өткөн он күндүктө аябагандай чоң ийгиликке жетишип кыргыздын атын да, баркын да көтөргөн чоң спектакл болдубу. Муна ошол спектаклдин көркүн чыгармалардын бири Күлчоронун ролу. Аны аткарган Абдылас агабыз көп кырдуу киши эле, биринчиден композитор-обончу, аткарчуусу-артист болчу. Ал өзү чыгарган чыгармаларын өзүнүн мыкты аткарган али күнгө чейин да жок. Атруучу жагынан дагы анын өтө мыкты сапаттары бар эле. Мисалы үчүн бул туурасында мурда да айтып жүргөм, бүгүн да ойлойм, Абдылас аткарган Күлчоро менен Сыргактар ошол киши менен кошо кетти. Бул өзгөчөлөнгөн кейипкерлер, адата кыргыздар». Манасты» угуп отурушканда көз алдыга келген Сыргак, Күлчоро баатырлардын нак өздөрү болчу.

— Күлчоро менен Чыргакты Малдыбаев машина жеткерген деп жатпайсызбы. Мен сиздин сөзүңүздү кунт кое тыңшап отурам. Ошол Абдыластан кийин ошол деңгээлде ошол образдар чыккан жок деп айтып жаткандай түшүнүп жатам.
— Чоң таланттар булар табигатында кайталангыс. Ал сыңары Абдылас деген талант да кайталангыс. Бул сөз бекерден-бекер чыгып жаткан жери жок. Абдылас аткарган Сыргак, Күлчоро Абдылас менен кетти, деп жаткандыгым, ал ошончолук деңгээлге жеткирилди деген сөз. Үн жагы болобу, башка жагы болобу ал образдарды аткарган бар, бирок жалпы денгээлге көп жагынан жетпей келет. Ал кишинин дагы бир мыкты жагы бар эле, ал дикцияга музыкалык айкалыштарды, сөздөрдүн тактыгы менен угумдуулугуна бөтөнө мани берер эле. Дагы бир адамдын эркине баш ийбей турган сапатАбдыластын сырткы калети да келишимдүү адам эле да. Бул жагынан алганыбызда да кудай тала андан нерсесин аябаган эмес экен.

Ырас, азыр бизде чоң-чоң таланттар бар. Биз аны тактайбыз. Эми ошолор Абдылас сыяктуу агаларынын, өткөндөрдүн жолун жолдосо абдан жакшы болоор эле. Аткаруучуга сөздүн мааниси өтө керек, ушуга ал киши башкача көз менен кароочу. Бул ал кишинин аткаруучулук чеберчилигине кирет. Эгер ал кишинин ырларынын же аткарган ролдорун башка артисттер тарабынан аткарылып дикция жагынан алсак, жеткизбей турса, ага аябай жаны кашайып кетер эле. Артыкча опералык артисттерге ушул жагынан чоң кине койчу. Ал:
— Ырдаган учурда сөздүн тактыгын, үндүн ачыктыгын, ойдун жагымдуулугун жеткирбейсиңерби? Озуңарга бир нерсе сунуп алгасыңарбы, -деп ачууланып сүйлөөр эле.

— Абдылас ага жөнүндө жогоруда жакшынакай ой айтып өттүңүз. Ооба, ал иш чындыгындаб эле чоң ырчы десе чоң ырчы, чоң аткаруучу артист десе чоң артист экен. Мына ошол эле Абдылас агабыз сыяктуу Сайра эжени да эскере кетсек. Ал кишини да илгертеден эле жакшы билесиз. Ал кишинин искусствого келиши, алдагы өткөргөн жемиштүү өмүрү. Сиз менен карым-катнашы кандай болду эле? Ушул жөнүндө кеп сала келип, ырчы, катарында кандай эле? Кеп учугун эми ушуга бурсаңыз?
— Кыргызда көзү өтүп кеткен таланттуу уул-кыздары жөнүндө кеп болуп жатат. Анын ичинде аттын кашкасындай болуп Сайра Кийизбаева да көрүнүп турат. Ал кыргыз опера искусствосунун жаратышкандардын эң биринчилерден болуп кирпичтерин кынашкандардын биринен. Ал 1936-жылы театрга келди. Кыргыздын опера искусствосун өнүктүрүүдө анын ээлеген орду чоң. Бул дагы арабызда жакында эле кетти. Сөзсүз ал орду толгус жоготуу болду. Ал театрга келишинин алгачкы жалдарында эле Жоомарт Бөкөнбаевдин «Алтын кыз» аттуу музыкалуу драмасындагы чоң ролду аткарганынан баштап жакшы билебиз. Сайра катышпаган бир дагы опералык спектаел жок. Кыргыздын аткаруучулук искусствосу жагынан жеке гана республикабызда эмес союз боюнча аты таанылып 50-60 жылдардын ичинде чыгармачылык талантында таазим этүүчүлөр өтө көп болду. Ошол жылдары сайрага союздары бирден-бир мыкты аткаруучу деп баа берилген, биз дагы ошондой баалап келебиз. Сайранын опера ырчылык талантына байланыштуу дагы бир нерсени өзгөчө белгилей кетейин. Жогоруда Абдылас менен эки-үч роль Анвар менен Калыйман, ал эми Кизбаева менен Айчүрөк, Каныкейлер кетти деп айтар эле. Кизбаева сахнага чыгып Айчүрөк менен Каныкейлерди аткарганда сахна толо түшчү. Аткаруучулардын мыктылыгы дал ошол. Көпчүлүк убактарда чоң ролду артисттер тейтелектетитп майдалап жиберген учурлар өтө көп болот. Кыргыз опера искусствосунда ал катышпаган опера негизинен жок.

— Алардын ичинен да өзгөчө эсте калгандарынан айта кетсеңиз?
— Эсте калгандардан «Айчүрөктөн», «Каныкейдин» ролдорун мыкты аткарды. «Манас» операсында Каныкей бир эле жолу бычыгат. Бир жолу чыкса да Каныкейдин жөнөкөй эле Манастын аялы эмес, мыкты акылман, кеңешчи,…………. Айдакер жолдошу экен дана көрсөтүп турат. Жеке эле кыргыз операларында эмес ошол жылдардын ичинде бир катар классикалык опералар коюлду. Алардан мисалга алсак, «Чио-Чио-Сан» операсын эле алалы. Анда Питерфлейдин ролун буга окшоп союз боюнча да эч ким аткарган жок деп айтсак да болот. Өз кезинде эң мыкты аткаруучулардын бири деп алынган. Ошону үчүн жалпы эле Орто-Азия музыкалык искусствосунун атынан 1953-март айында Москва дагы чоң театрдын сахнасында ырдаган. Ырыс, эле азыр мыкты аткаруучулар бар, алар өздөрүнүн таланты менен эл аралык сыймыктарга жетип жатышат. Сайранын аткарган эң мыктыларынын бири ушул. Анткени, угуучулардын жүрөктөрүнөн кеңири…….жеткендиктен алардын бири дагы көзүнө жаш албай кетишпеген. Алар жеке гана спектаклдерде ролдорду мыкты аткарышкан эмес, ошондой эле коомдук иштерге да көөбүрөк катышкан, алар коомдук ишмерлер да болушкан. Бул жерде жеке гана сайра жөндө сөз болуп жаткан жери жок. Ал Абдылас Малдыбаевич да, жана ушул сыяктуулар. Ошол эле Абдылас депутат да болуп шайланган ошону менен бирге сайра өзүнүн талантын педагоктун жакка да буруп, кыргыздын маданий кадрларын өсүшүнө да белгилүү өлчөмдөр салым кошо алды. Ал профессор деген наамга жетип жаңы ачылган институтта иштеп жүрдү. Кыскартып айтканда жогоруда аттары аталган кишилерди ошонун ичине Сайра Кийизбаеванын эмгеги бөтөнчө зор.

“Кыргыз руху” («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий