УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ

Оморов Асыкбек Мамбетакунович — жазуучу тарыхчы. Кесиби боюнча Фрунзе политехникалык институтун, Новосибирскиде Мамлекеттик аэрофото-сүрөткө тартуу, картография жана геодезия инженерлер институтун бүтүргөн. Инженердик геологиялык экспедиция башчысы болуп иштеп, Якутия (Саха), Монголия аймактарында үзүрлүү эмгектенген. 30 жылдан ашык «Чынгызхан», «Темирлан», «Осмон империясы жана бүгүнкү Түркия» жана «Атилла» деген тарыхый инсандар туурасындагы материалдарды, Евразиянын 16 мамлекеттеринен баалуу тарыхый булактарды чогулткан.

Анын «Чынгызхан» аттуу илимий-популярдуу чыгармасы илим жана маданият багытындагы эл аралык «Мустафа Кемаль Ата-Түрк» Фонду, «Тарых боюнча Азиядагы эң мыкты чыгарма» деп табылып, Алтын медаль менен сыйлаган. Эми жакында тарыхтык трилогия чыгарма катары анын экинчи китеби «Темирландын» бетачаар аземи болуп өттү.

Урматтуу окурмандар! Сиздерди Асыкбек Оморовдун «Темирлан» аттуу илимий-популярдуу чыгармасын сандан-санга сунуш кылабыз.

I БАП. ЧАГАТАЙ УЛУСУ
Дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу Чыңгызхандын экинчи уулу Чагатай жана анын заманы тарыхчылар тарабынан талаптагыдай деңгээлде жазыла элек. Анын хандык жана инсандык чыныгы бейнесин тарыхчылар да, жазуучулар да жеткиликтүү жазып бере алышпады. Асыресе кыргызча жазылган эмгектер жокко эсе.

Чагатай (монголго — Чаатай, кыргызча Жаадай) улусу деп аталган тарыхый аймак 1224-Маймыл жылында Чынгызхандын (Жеңгизхан) уулу Чагатайга энчиге тийген Борбордук Азиянын бир бөлүгү. Тагыраак айтканда бул аймакка Мавераннахр (Мангытай-Сүбө), Жети-Суу жана Кашгар жерлери кирген. Чынгызхандын бул аймактарды Чагатайга бөлүп бергенинин да негиздүү жөнү болгон. Көчмөндөр балдарына жайыт жерлерди бөлүштүргөндө улуу баласына эң алыскы жайытты, андан кийинки кичүү балдарына улам жакын жайыттарды берип, акырында эң кенже баласына өзү туруктаган журтту энчилеп берген жалпы улуттук салт болуп калган. Ошол себептен Чынгызхан биринчи уулу Жоочуга, анын балдарына Чыгыш Европаны, экинчи баласы Чагатайга — Орто Азияны, кичүү баласы Төлөйгө бүт Монголиянын аймагын жана Шибер токоюндагы кыргыздарды мурастап бергени бизге «Чынгызхан» деген китептен маалым.

Орто Азияда, анын ичинде Теңир-Тоодо да жаңы этнос-тук топтор (монгол жана чыгыш түрктөрү) агылып келип, жергиликтүү элдерге жуурулушуп, XIII кылымдын ичинде бул аймактардын этностук картасы бир кыйла татаалдашкан. Мындай жагдай кийинки XIV — XV кылымдар үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп, жаңы тарыхый окуялардын чыгышына себепкер болгон. Бул аймактарда саясий жана этностук өнүгүү түзүлүшүндө да, ошондой эле маданий этностук алакаларында XIII кылымдын тарыхый окуялары кийинки кылымдарга да сөзсүз таасирин тийгизип турган.

Эми Чагатай улусунун жаралышы жана негизделиши жөнүндө айрым бир саясий окуяларга кыскача токтолуп кетели. Тарыхта белгилүү болгондой, 1302-Жолборс жылында Өгөдөй хандын небереси Хайду хан каза болгондон кийин анын мурас-корлорунун ортосунда да узакка созулган күрөш башталган. Хайдунун кызы Кутлан Шага (Марко Поло боюнча Ангиарн, кыргызча — Жарык Ай) атасынын ордун басып, бийликти өз колуна алууну көздөгөн. Тилекке каршы, анын бир туугандары Шапар менен Дуба Кутлан Шагага: «Ийне-жибиң менен казан аягыңды билип ал, мамлекеттик иш боюнча эмнени түшүнөсүң» — дешип, анын мамлекеттик бийликке келишине каршы чыгышкан.

Бирок Марко Поло менен Рашид ад-Диндин жазган маалыматтарына караганда, Кутлан-Шага мамлекет башчысы болууга толук жөндөмү бар, идиректүү, ички, тышкы саясатты түшүнгөн акылдуу аял заты болгон. Ал эрки күчтүү, сергек, кыраакы жана жортуулдарда бир кыйла эрдиктерди көрсөткөн эр жүрөк, анча-мынча баатыр эркектерден калышпаган кыз болгон. Өзүнүн аракетинен натыйжа чыкпасын түшүнгөн Кутлан Шага бир тууганы Орусуттуну хан тактыга отургузууга аракет кылган, бирок бул аракеттер да оң натыйжа берген эмес. Акырында бир туугандар арасында узакка созулган кармашуулардан кийин 1303-Коен жылында Эмил өрөөнүндө Дуба хандык бийликке отурган.

Шапардын мамлекетти башкарууга жөндөмү жок болгондугуна байланыштуу Дуба бийлик башына келген. Дуба келгенден баштап аймактардагы бийлик төбөлдөрүнүн ич ара араздашууларынан мамлекетте саясий абал өтө начардаган. Мына ушундай абалдан пайдаланган Токтохан эзелки душманы болуп эсептелген Кублукту колуна салып беришин Шапардан талап кылган.

Кийин Дуба (Туба) менен Шапар Кутлукту Ордо улусундагы башкаруучу бийликтердин бирине олтургузуп, Төлөйдүн үчүнчү баласын Монгол империясынын Багдаддагы сол канатын башкарган Хулагуга каршы согушта өздөрүнө шериктеш кылып алууну көздөшкөн.

1304-Балык жылында Багдадда Орто Азия жана Моголстан аймактарын ээлеген хандар ортосунда жарашык келишими түзүлгөн. Бул келишим боюнча бардыгы тең Темирландын бийлигин таанууга макул болушкан. Бирок Орто Азия чөлкөмүндө болуп өткөн бир катар саясий окуяларга байланыштуу келишимдин негиздери иш жүзүнө ашкан эмес. 1305-Жылан жылында Шапар менен Чагатай балдарынын ортосунда өз ара кагылышуулардын чоо-жайы тарыхта белгисиз бойдон калган. Бул согушта жоолашкандар тарабынан Дуба ортомчулукка чакырылган. Дуба касташкан тараптарга Ташкенге чогулууну сунуш кылган. Бирок сүйлөшүүлөр башталганга чейин эле Талас өрөөнүндөгү Чоң-Балык деген жайда Чагатай хандарынын аскерлери Шапардын иниси Шахка кол салышкан. Шах аман калып, өзүнүн санаалаш адамдары менен агасы Шапарга качууга аргасыз болгон. Бул учурда Шапар Эртыш жана Алтай аймактарында жортуулда жүргөн эле. Ошол мезгилде Шапардын аскерлеринин ичинде да нааразылыктар пайда болгон.

(уландысы бар)
Кызыктуу суроолор болсо төмөнкү тел.: 0772 41 13 57 чалууңуздарды суранабыз,
Аалам”
(«Кыргыз гезиттер айылы»), 04.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий