Азыркы комуз күүлөрүнүн атасы

Улуу тоолордо жашаган кыргыз элинин турмушун, мурунку замандардагы жашоосун- боз үй, ак калпак, ак элечек, бал татыган кымыз, мөлтүрөгөн сулуу кыздар, көйкашка көк жал баатырлар, манасчылар, акылман-көсөмдөр, сынчылар, төкмө акындар, эл шайырлары, колдорунан көөрү төгүлгөн зергерлер, уз-чеберлер, жети күндүк жол басса да ноюбаган Камбар Ата тукумдары- буудандар, куш төрөсү буудайык, «бөрү басар» — тайган, жоо жарактары жана үч кыл комузсуз элестетүү эч мүмкүн эмес! Комуз музыкалык кылдуу — «тар», «гитар», «дутарга» окшогон башка элдердин аспаптарынын эң улуусу, байыркысы экендиги бая эле окумуштуулар тарабынан далилденген. Алгачкы күүнү ойлоп тапкан Камбаркан аттуу адамдын заманынан бери канча кылым тогошконун билген жан жок…

Үч кыл комузду Кыргыз элинен бөлүп кароого таптакыр болбойт. Анткени комуз элибиз менен тагдырлаш! Комуз эл-жерге кас-душман кыйыр ашып басып кирген кыргындуу согуш алааматтарында да, кой үстүнө «торгой жумурткалаган» бейпил замандарда да элибиздин кайгы-кубанычына ортоктош болуп, атадан балага мурасталып, башка музыкалык аспаптарыбыз- темир комуз, жыгач ооз комуз, чогойно чоор, чопо чоор, сыбызгы, добулбас, керней, сурнай, кыл кыяк ж.б. менен ушул биздин күндөргө жетти! Кыргыз эли эл болуп жаралгандан берки учу-кыйыры көрүнбөгөн мезгилдерде ар бир муун жараткан миңдеген комуз күүлөрү кутман калкыбыздын ичинен чыккан не бир өнөрлүү адамдардын жадысына жатталып, нотасыз эле эс-тутумунда сакталып келип, бүгүнкү биздин жан дүйнөбүзгө шерик, жан азык болуп берүүдө! Ошол миң кубулган, түркүн күүлөргө тил бүтүрүп, комузда кол ойноткон залкар комузчулардын ысымдары бизге белгилүү. Алар: Токтогул, Ниязалы, Коргоол, Карамолдо, Ыбырай, Күрөңкөй, Атай; замандаштарыбыз: Болуш Мадазимов, Асанбек Кыдырназаров, Мейилкан Козубекова, Самара Токтакунова, Нурак Абдырахманов, Анара Эсенгулова, Зайнидин Иманалиев ж.б. Ысымдары элге белгилүү жана белгисиз калган кыйын-кыйын комузчулар -«Таң булбулу» болуп таңшыган, «Ак тамак, көк тамак» болуп куштарча сайраган, «Улуу тоолордун» касиетин сездирген, «Сынган Бугу», «Кет, Бука!», «Бекарстан тайчы» болуп тарых-санжыраны безеген, кербендердей чубаган «Кыргыз көчүн» көз алдыга тартып, жаштарга «Насыйкат» айтып, кээде «Саринжи-Бөкөй» болуп керээзи менен муңканып, «Көкөй кести» болуп жүрөктү эзип, уккан жанды «Миң кыялга» батырып делөөрүтүп, жаштарга жакшы заман келсе экен деп, «Жаш тилекти» шаңдантып, кээде мөлтүр булак болуп шылдырап, кайра туруп күкүктөп аккан дайра болуп, толуп ташып, ушундай айтып бүткүс кереметтин баарын үч кыл комузга сыйдырып, аны эл шайырлары — комузчу өнөрпоздор «сүйлөтүп келишти»…

«Эл ичи — өнөр кенчи» демекчи, нечендеген комузчулар, ырчылар-эл шайырлары элибизде көп болуптур. Эми деле алардын көөнөрбөс өнөрлөрүнүн учу улана берээри-нен күмөнүбүз жок. Сөздү алыстан баштап, мындай ишенимдүү айтууга 24-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда чыгармачылыгынын эсебин берген, ЮНЕСКОнун атайын сыйлыгына ээ болгон КРнын Эл артисти-Нурак Абдырахманов агабыз болду! Кечирээк берилсе да, КРнын Эл артисти-деген наам өз ээсин «тапканына» Нурак абанын өнөрүн урматтаган эл-журтубуздун атынан куттук айтам! Саламаттыгы бекем болуп, чыгармачылыгы арта берсин!!! Өткөн жекшембиде Нурак Абдырахмановдун талантына таазим кылып келген көрүүчүлөрдүн арасында жаштар да арбын болду. Батыштын «даңкылдак-дүңкүлдөгүнөн» тажашкан өңдүү… Көрүүчүлөр концерттен жан дүйнөлөрүн азыктандырып, сахнаны улам-улам түркүн гүлдөргө толтурушту. Теңирден берилген касиеттүү өнөр ээси-Нурак Абдырахманов абабызды азыркы комуз күүлөрүнүн Атасы!- деп тартынбай айтууга толук негиз бар! Себеби залкар комузчу — «Соң-Көл», «Өмүр көчү», «Кулунчак», «Алтын балалык», «Ата мурасы», «Улуу тоолор», «Абай ата»- (Абай Кунанбаев тууралуу), «Аттилахан», «Сары өзөк», «Салтанат Камбаркан» ж.б. күүлөрдү чыгарып эле тим болбой, борбор калаабыз боюнча 100дөн ашык, ал эми өлкөбүз боюнча алганда 577 чамалуу жаш өспүрүм балдар, кыздардын, уландардын Устаты болуп, аларга элдик күүлөрдөн залкар комузчулардын күүлөрүнө чейин үйрөтүп, «Устат-шакирт» мектебин түптөп, ал эмгеги жемишин берип, комуздун сырларын мыктылап үйрөнгөн окуучулары эл аралык түрдүү конкурстардын жеңүүчүлөрү болуп келишүүдө. Мисалы, жакында Кылымдар Асыкбек уулу, Канат Токтобек уулу Францияда өткөн иш-чарада алдыңкы орунга татышкан. Ал эми августта өткөн республикалык комузчулардын конкурсунда Кылымдар шакирти 5-байгелүү орунга ээ болду. Нурак абабыздын элибизге таанылып калган — Рахат Көчөрбаев (Н.Абд.»Соң-Көл»), Чолпон Алымбекова (Н.Абд.»Ата мурасы»), комузчулар ансамбли (Ы.Тумановдун «Паровоз»), Кылымдар менен Улан (Н.Абд.»Алтын балалык»), Канат Токтобек уулу («Ы.Тумановдун «Жеңиш») көрүүчүлөрдүн сынына толуп, күүлөрдү өтө чоң чеберчиликте аткарышып, келечекте устатынан ашкан залкар комузчу болушаарын айгинелешти. Календеров Ишен, Гүлзат Байзакова Тоголок Молдонун «Талым кыз менен Көбөктүн айтышын» (обону Н.Абд.) ырдап беришти.

Нурак аба жалаң эле комуз чертпестен, комузду өрүктөн өзү чаба билген чоң уста! Обондуу ырларды созолонткон мыкты ырчы, обончу! Элибизге белгилүү Асек Жумабаев атабыздын ордун жоктотпой, 7 дубан элибизде азыркыга чейин ырдалып жүргөн — «Баткенчинин күйгөнү», «Төлөктүн арманы», «Үкөй», «Сыртпай», «Кичи Токмок, Чоң Токмок», «Четиндей», «Айнагүл» деген күйгөн ырларды кадимки жаш кезиндегисин эске салгандай, өтө берилип аткарып, уккан элдин жарпын жазды! Муса менен Атайдын көөнөрбөс ырларын алардан ашса ашып, кем эмес аткарды. Авазы бийик, таза, тунук үнүн уккан адам Нурак абаны 63тө — деп айта алгыдай эмес! Үнүнүн диапазону ушунчалык бийик, микрофондун деле зарылдыгы жоктой.

«Күткүн, махабатыңды» -(Алтынкыз Нурак кызы, Айдай Стамкулова аткарышты), «Өмүрлүк жар» (сөзү Аманбүбү Төрөгелдиеваныкы- өзү сонун ырдап берди), «Аппак сүйүү» (Дилшат Кангелдиева мыкты аткарды) -сыяктуу Нурак абанын ырларынын обондору өзүнүн нукуралуулугу, уккулуктуулугу менен айырмаланат. «Зайып жакшы-эр жакшы» -деген элибизде айтылып жүргөн сөз калетсиз экен. Байбичеси Аманбүбү Төрөгелдиева эже да акындык, аткаруучулук чоң өнөрдүн ээси турбайбы? Нурак абабызга Муза болуп, чыгармачылыгына шык кошуп, шарт түзүп берип, байын көкөлөтүп жүргөн эжебизге да миң мертебе ырахмат!

Көп кырдуу өнөр ээси — Нурак аба темир комузда да чебер ойной алат. «Жибек жолу» деген күү чыгарыптыр. Аны өзү аткарды. Ал эми «Так теке» ойнотуп калганын төмөнкүчө баяндап берди.- Президентибиз Роза Отунбаева мындан бир нече жыл мурда Англияда элчилик милдет өтөп жүрүп, чет элдиктерге: «Куурчак театрын кыргыздар түптөгөн. Бизде «Так теке» -деген өнөр бар. Комузчулар келишсе, көрөсүңөр!»-деп айтып салат. Элчибизди уятка калтырбаш үчүн ал өнөрдү аркалап келген Толтой Мураталиевдин шарты келбегендиктен, Маданият министрлиги Нурак Абдырахманов абабызды кысмакка алышат.Чет өлкөгө барып, «Так текени» да ойнотуп, көргөндөрдү таң калтырып келет. Ошентип, «Жакшынын — шарапаты менен»- дегендей, ушул өнөрдү да аркалап калдым- дейт залкар комузчу. Бул өнөрүн да залдагы көрүүчүлөргө тартуулап берди. Концерттин шаңына шаң кошкон «Камбаркан» ансамбли Нурак абанын «Салтанат Камбаркан» -деген күүсүн чоң чеберчилик менен аткарышты.

Ушул жерден айтпай кетсек болбос, концерттин ортосунда Нурак абанын аткаруусундагы 31 күүнү нотага түшүрүшүп, өзүбүздүн комуз сүйүүчүлөр эле эмес, дүйнө эли да комузда ойной алгыдай «Нурак Абдырахмановдун өздүк комуз үйрөтүү ыкмасы»- деген китептин «Бет ачары» да болуп өттү. Китепти чыгарууга «Агахан», «Кристенсен» жана «Айгине» маданий-изилдөө коому демөөрчүлүк кылышыптыр. Разия Сырдыбаева, Гүлнара Айтбаева, Гүлжан Кудабаева деген китепти чыгарууга тиешеси бар айымдар чыгып, чыгаан өнөрдүн ээси-Нурак абага куттук айтышты. Элибизде «Жаман айтпай-жакшы жок!»- дейт. Эски бийлик качып кеткени журтубузда маданият жаатында бир аз болсо да жылыштар байкалууда. Жазуу-сызуусу сакталбаган менен элибиздин нукура, нагыз маданияты укумдан-тукумга аздектелип өткөрүлүп берилип келген эмеспи?! Ошол улуу салтты аркалаган, түшүндө тоо булбулу Токтогулдан аян алган, чоң Устат, залкар комузчу, көп кырдуу талант ээси Нурак Абдырахмановго мындан аркы чыгармачылыгындагы албан-албан ийгиликтерди, үй-бүлөсүнө жана Өзүнө бакубат, узак өмүр, темирдей бекем ден-соолук, кетпес дөөлөт каалайм! Нурак абадай элдик адамдар Мекенибизде көп болсун!

Сапарбаева Айканыш Керим кызы, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий