Алыкул Осмоновдун «Көл толкуну» кайрадан жарык көрдү

Кыргыз поэзиясынын атасы, залкар акын Алыкул Осмоновдун атын укпаган, ырларын окубаган кыргыз жок болсо керек. Дагы бир атактуу инсаныбыз акын жана котормочу Эрнис Турсунов «Эгер, Ысык-Көлгө тил бүтсө, өзүн тунук поэзияга чайкап, жарык дүйнөгө даңазалаганы үчүн эң биринчи алкышын Алыкулга айтат эле..»-дегендей, кыргыз бермети аталган кереметтүү Ысык-Көлүбүздү Алыкулча даңазалаган, сүйгөн адам жок десек ашыкча болбос. Улуу акын кереметтүү Сары-Өзөн Чүйдө туулгандыгына карабастан, көпчүлүк аны Ысык-Көлдүн кулуну катары кабылдап келишет.

Эгемендүүлүктүн оош-кыйыш заманы башталганы Алыкулдун эмгектери эстен чыгып, китептери кайрадан басылбай калды. Акындын китебин чыгарып, коомчулукка таратууну мурдагыдай жазуучулар союзу же китеп палатасы дегендер колуна албай калганына быйыл 20 жылга аяк басып отурат.

Ошентсе да айрым азамат уул-кыздарыбыз мамлекеттен жардам күтүп отурбастан, Алыкул Осмонов деген улуу атты кийинки муундарга өрнөк кылып калтырууга болгон аракеттерин жумшап келишет. Алардын арасында ысык-көлдүк социал-демократтар Рита Борбукеева жана Бактыбек Асанбаевдерди айтсак болот. Катардагы бул мекендештерибиз өз каражаттары менен былтыр 12-декабрда Алыкулдун каза болгон күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында акындын үй музейин ачышкан. Быйыл болсо, дагы бир көлдүн чыгаан жигиттеринин бири, КСДП партиясынан депутаттыкка аттанган, жеке ишкер Бактыбек Чалжановдун демөөрчүлүгү менен Алыкулдун 36 жылдан бери басыла элек «Көл толкуну» деп аталган китебин бастырып чыгарып, 3-ноябрь күнү китептин бет ачаар аземин өткөрүштү. Бул иш-чарага Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын алгачкы лауреаты, Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов, Орозбек Айтымбетов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Ысык-Көл районунун акими Н.Насирдинов Алыкул үчүн өз демилгелери менен музей ачып, китебин чыгарып атышкан Р.Борбукеева, Б.Асанбаев, Б. Чалжановдорго ыраазычылыгын билдирип, алардын ушундай демилгесин көрүп, бийлик өкүлдөрү да жөн турбай колдоого алаарын айтып, Алыкулдун үй музейинин жанындагы паркты «А.Осмонов» атындагы чоң гүл бакчага айлантууга, акындын эстелигин орнотууга жардам көрсөтүлөөрүн убада кылды. Чүй боорундагы акындын жердештеринин атынан келген публицист жана жазуучу П. Казыбаев Бактыбек Чалжанов, Рита Борбукееваларга терең ыраазычылыгын билдирди.

Облус губернаторунун орун басары Нурбүбү Кененбаева үй музейдин ремонт иштерине деп 35 миң сом бөлүнөөрүн ырастады.

Тилекке каршы, Маданият министрлигинен жана Жазуучулар союзунан чакырылган коноктор бул иш-чарага катышып кетүүдөн эринип, демилгечилердин демин суутуп койду. Бирок Рита Борбукеева башчылык кылган бул демилгечилер эч кимге догун артпастан, бул ишин андан ары да улантып, акындын чыгармачылыгын кийинки муундарга калтырууга дагы да болсо болгон аракетин көрүшөөрүн билдиришти. 2015-жылы Алыкулдун 100 жылдыгына карата акындын эстелиги тургузулуп, көл жээгине чейинки жолго 100 түп бак тигилип, «Алыкул» аллеясын түптөсөк деген ойлорун айтышкан демилгечи топту мамлекет колдоого алса эң сонун болмок. Дүйнөлүк деңгээлде атак-даңкы бар Алыкулдун үй музейи туристтик аймактын очогу болгон Чолпон-Ата шаарында орун алышы — бул музейдин келечекте эл аралык деңгээлдеги маданий жай катары калыптанаарына негиз болуп берчүдөй. Демек, мамлекет бул демилгени сөзсүз түрдө колдоого алышы керек. Баса, учурда Алыкул Осмоновдун таржымалы тереңирээк изилденип, акындын жашоосуна байланышкан экспонаттар чогултулууда. Көмөк көрсөтүүнү каалагандар Алыкул Осмонов атындагы үй-музей менен 03943 43 2 99, 03943 72 3 13 телефондору аркылуу байланышса болот.

Тиленбек АЗЫК, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий