«Кыргыз өңү– Чокморовдун өңүндөй»

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, «Сүймөнкул Чокморов — даректүү баян» аттуу китептин автору, актердун агасы – Намырбек Чокморов менен маек.

— Сиз Сүймөнкулдун улуу агасы катары иниңиздин өмү рүн, чыгармачылыгын тактаган, өзүнчө эле бир институтка татыган далай эмгектерди жараттыңыз. Рахмат! Ошондой орошон иштерди жасоого түрткү, күч берген касиет эмнеде?
— Мен кичинекейимен эмгекчилмин, жадабайм, чарчабайм, өзүмдү-өзүм ошого көндүргөм, кыйынчылыкта, турмушта тар жол, тайгак кечүүсүндө болушаарың бир гана байкуш жаның болот. Өзүңө өзүң ишенишиң керек. Мен көп нерсеге кызыгам, бир нерсени бат эле үйрөнүп алам, ар нерсеге шыктуумун, намыскөймүн. Ата-энем ошондой тарбиялаган окшойт. Ушундай касиет билим алганга, иштегенге, китеп жазганга ж.б. эмгектерди жаратканга мага түрткү, күч берди го деп ойлойм.

Мындай касиеттер Сүймөнкулда да бар эле. Ал аябай эмгекчил болчу. Анын башкалардан айырмаланган өзгөчөлүгү, ага табияттан берилген кудурети болуш керек, талант – Кудайдын берген олжосу. Бир чоң иш аткараар алдында өзүнчө бирдемени күбүрөп, сүйлөгөндөй өңдөнүп эки жагын карап, анан ошол ишти аткарууга чечкиндүү түрдө киришчү. Дагы, бир өзгөчөлүгү – мүнөзү жайбаракат болгону менен керек болгондо тоо дайрасындай буркан-шаркан түшө, баатыр сымал келбеттенип, өзгөрүлүп, жыланча тирилип, тез, куюндай болуп кетчү касиети да бар эле.

— Сүймөнкул байке жөнүндө чыгарган биринчи эмгектериңиз, китептериңиз азыркысы эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
— Экинчи китепте жалаң эле Сүймөнкулдун өмүр баяны жана чыгармачылык жолу гана эмес, ал жашаган ХХ-кылымдын элеси, тарыхы, кыйынчылык, азаптуу замандагы жашаган элдердин турмушу, Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы кандуу жылдар толугу менен берилди. Бул китеп менин жакында жарыкка чыккан «Чоң-Таш» айылынын тарыхы (азыр Сүймөнкул айылы), «Катаал жылдар сабагы», «Жаш чагыбыз»,  «Чыгаан футболисттер» ж.б.китептердин материалдары менен толукталганы менен баалуу деп ойлойм.

— Сүймөнкул байкенин балдары да бар дегенди укчу элек. Аялдар Сүймөнкулдун кайсы сапатын жактырчу эле?
— Аялдар тууралуу Сүймөнкул мени менен көп ой бөлүшчү эмес, ал менден уялчу. Сүймөнкул жалаң эле СССРде эмес, көп эл аралык кинофестивалдарда 1970-1980-жылдары биринчи байгени эч кимге бербей, жеңе баштаганда анын атак-даңкы дүйнөгө тез эле тарады. Чет мамлекеттердин кинолоруна тартуу чакырыктары көбөйө берди. Кыргыз киносуна кызыккан чет мамлекеттик искусствосунун өкүлдөрү да Кыргызстанга келе баштады. Кыргызстанга келгенде: «Сүймөнкулду көрөлү» дешип, аны менен жолукмайын кетишчү эмес. Ал айылга же башка жакка кетип калса артынан издеп барып жолугушчу. Алар көбүнчө Сүймөнкулдун тубаса талантына, турпатына, жүрүш-турушуна, мүнөзүнө, көз карашына, кыргыздын каада-салтын жакшы билгендигине, адамгерчилигине чоң  баа беришчү. «Сүймөнкул – нак кыргыздын жүзү экен» дешчү.

Сүймөнкул менен жолукканда, сүйлөшкөндө анын жөнөкөй, кыргызча кийинген кийиминен, турпатынан, сөзүнөн нукура кыргыз жыты, руху, илеби сезилип турчу. Аны менен баарлашкан чет мамлекеттердин искусство ишмерлерине, көбүнчө актрисаларына: «Ала-Тоонун жигиттери Сүймөнкулдай турбайбы» деген ойлор жаралмагы табигый көрүнүш да.

Сүймөнкулдун эл менен катнашы, сүйлөө манерасы да, мамилеси, а түгүл саламдашуусу да элге жагымдуу, кыргызча болгон. Кыргыздын үрп-адаты, салты ага адат болуп калган. Анын мээримдүү адамга жасаган назик мамилелери эстен чыккыс, унутулгус, ойдон кеткис эле. Чет мамлекеттен келген коноктор, селкилер Сүй мөнкулдун ушул касиетин жактырышчу, андан көп интервью алышчу.

Көбүнчө Африка өлкөлөрүнөн, Өзбекстандан, Казакстандан, Хакасиядан, Монголиядан, Япониядан, Араб өлкөлөрүнөн жана ошол убактагы социалисттик өлкөлөрдөн келишчү. Ошол мезгилде «Кыргыз өңү – Сүймөнкул Чокморовдун өңүндөй» деген ырлар, ар түрдүү уламыштар да айтыла баштаган. Бул ырды кыргыздын таланттуу акындары Эсенгул Ибраев, Жолон Мамытов, Мар Алиев  жазган. Бул ырлар эл арасына бат эле тарап кетти. Анын аты менен көпчүлүк эл Кыргызстанды элестетишкен. Сүймөнкул Чокморовду кыргыз кино искусствосунун кайрадан жаралып өнү гүү доорунун эн тамгасындай эсептешкен.

Сүймөнкулдун балдары бар, ар бири өз оокаттары менен алек, эл катары иштеп жүрүшөт. Азырынча эл ичинен суурулуп чыга элек. Кийинкисин Жараткан билет.

— Иниңиздин дүйнөдөн өткөнүнө он беш жыл болду. Анын элеси унутулуп бараткан жокпу? Мурасын сактоо тууралуу Өкмөт тарабынан кандай колдоолор бар?
— Сүймөнкул дүйнөгө белгилүү СССР эл артисттери, Россиянын кино актерлору М.Ульянов, В.Тихонов, В.Шукшин, Ю.Соломин, Н.Губенко ж.б.лар менен замандаш жашады. Алар менен кинодо бир убакта тартылды. Сүймөнкул кино майданына 1967-жылы келгенге чейин бардык өткөрүлгөн Бүткүл союздук жана эл аралык кинофестивалдарда (1930-жылдан баштап) Россиянын актерлору биринчиликти эч кимге берген эмес. 1970-80-жылдарда (Бүткүл союздук кинофестиваль эки жылда бир жолу өткөрүлчү) кыргыздын киноактеру Сүймөнкул Чокморов ушул Бүткүл союздук кинофестивалдарда 50 жылга созулган салтты бузуп, эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн беш жолу катары менен баш байгени ээледи. Сүймөнкулдун убагында Россиянын мен-менсинген киноактерлору башкы байгеге ээ болбой калышкан. Мындай жетишкендик буга чейин СССРде такыр болгон эмес. Ошого карабай Сүймөнкулдун көзү өткөндөн кийин анын атак-баркы биздин Өкмөт тарабынан негедир бааланбай калды. Ошол эле маалда дүйнөлүк деңгээлде таанылып калган казак-кыргыз киносунун баркы да төмөндөп кетти.

Кыргыздын актерлук билими жок, айылдан келген бир сүрөтчү баласына бардык байгебизди тарттырып жибердик деп ыза болгондор убагында Россияда көп болгон. Бул тууралуу ошол убактагы КПСС БКнын пропаганда боюнча катчысы Тяжельниковго көп арыз каттар түшкөн. Ал: «Сүймөнкул Чокморов тубаса талант, Советтер Союзу тарбиялаган азыркы мезгилдин эң мыкты киноактеру, бул – факт» деп жооп берген. 1980-жылдарда Тяжельников Кыргызстанга келгенде Аламүдүн районунун Стрельников атындагы асыл-тукум совхозунда болуп: «Этот край малая родина известного Советского киноактера Суйменкула Чокморова» деп айтканын айылдаштары менен бирге өзүм да угуп, төбөм көккө жеткен.

Бүткүл союздук кинофестивалдарда беш жолу баш байгени алган СССР эл артисти, кыргыз киноактеру Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги да курула элек. Жакында тургузулат деген үмүттөбүз.

Кыргыз элинде адабият жана искусство боюнча дүйнөлүк деңгээлге жеткен саналуу гана таланттуу инсандарыбыз бар. Алардын көпчүлүгүнүн чыгармалары республиканын окуу жайларынын программаларына толук киргизилбеген жана жаштарды тарбиялоодо алардын өрнөгү кеңири колдонулбайт. Тескерисинче, биздин окуу жайларда, басма сөздө чет мамлекеттин искусство ишмерлерине көп көп көңүл бурулат.

— Сүймөнкул аганын кинодо дагы кандай пландары, максаттары бар эле?
— Сүймөнкулдун максаты – кыргыз кино искусствосун дүйнөлүк аренага алып чыгуу, дүйнөлүк деңгээлдеги ролдорду аткаруу, кыргыз киносу менен чет өлкөлөрдүн кино искусствосунун байланышын күчөтүү, жакындатуу эле. Ушул максатта ал көп аракеттерди жасады: Япония, Арабия, Африка өлкөлөрүндө, Германияда, Англияда, Кубада, Индияда ж.б.өлкөлөрдө болду. Сүймөнкул тартылган кинолор көп өлкөлөрдө көрсөтүлө баштады. Алардын бир нече делегациялары, кино жылдыздары Кыргызстанга келишти. Ушул демилгени Сүймөнкул баштаган эле. 1975-жылкы Москвада чыккан «Совэкспортфильм» тарабынан чыгарылган фотоальбомдун (бул альбомдо Сүймөнкулдун портрети тартылган) маалыматына караганда Сүймөнкул тартылган тасмалар дүйнөнүн 103 өлкөсүндө көрсөтүлүптүр. Сүймөнкулдун дагы көп сырлары, пландары, ойлору бар эле, ачылбай калды. «Алдыда дагы кандай планың бар?»,- деген суроого: «Бул башталышы гана, жакшы ролдор, жакшы иштер алдыда»,- деп жооп берип күлүп койчу, муну чоң ишеним менен айтчу эле. Ошол ойлорун аткаралбай дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кетти. Өкүнүчтүү.

— Сизге, Намырбек аксакал, миңдеген окурмандардын атынан чың ден соолук каалайм. Аңгемеңиз үчүн чоң рахмат! Китебиңиз кут болсун!

Маектешкен  Памирбек Казыбаев

P.S: Агабыз менен жылдызы кошо жанган В.Шукшинге орус туугандар эстелигин тургузду, ысымы район, шаарларга  чейин берилди, сыйлыгы уюштурулду.

Дүйнөлүк киностудия саналган Голливудда тартылган тасмалар, өзгөчө бизге жакын көчмөндүк турмуш жөнүндөгүлөрү деле анчалык деңгээлде эместиги байкалат. Ошондо ойлойт экенсиң, салыштырат экенсиң, өкүнөт экенсиң. Бекер жеринен япон режиссеру Акира Куросава: — Чыңгызханды азиат актер, болгондо да Сүймөнкул гана ойнош керек эле,- деп актер агабыздын ооруп калганынан улам, өзү да ушул кинону тартууга батынып барбаган эместир…

«Кыргыз туусу», 12.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий