Акын жана Алай-Куу

Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүнүн, өлкө менен Кытай мамлекетинин чегинде туруп, өлкөнүн гана эмес, облус менен райондук борборлорго да алыстыгы, жолунун, жашоо шартынын катаалдыгы менен аңызга айланган Алай-Куу – быйыл 85 жашка толуп, ала жаздан бери маалымат каражаттары адабиятка кошкон салымын, табылгаларын, жаратмандык чеберчилигин, адамдык сапатын, ашкере тактыгын, чыгармаларынын маани-маңызын, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери экенин урмат-сый менен айтып бүтпөй уланып келаткан Кыргыз Республикасынын Баатыры, акын Сооронбай Жусуевдин туулуп-өскөн жери. Менин жерим. Деги, Алай-Куубуз кандай жер, алгач аны Сокемдин «Алай-Куу» деген ыры аркылуу көз алдыбыздан бир өткөрүп алсак:

Көк асманда ак шумкарың шаңшыган,
Көк токойдо көп булбулуң таңшыган.
Кадырман жер, качан, кайда болбоюн,
Канат күүлөп дайым сага талпынам.

Ар жылгаңдан агып өтүп далай суу,
Ак канатын кагып өтүп далай куу.
Кылымдарга теңтайлашып тура бер,
Кымбат жерим, кыйбас жерим

Алай-Куу
Бул акындын туулган жери тууралуу жалгыз ыры эмес. Арналуу, түздөн-түз Алай-Куу аталышы катышкан чыгармаларын эле тизмелеп чыккан болсок, акындын туулуп-өскөн жери менен канчалык жакын жана канчалык даражада ардактаганынан учкай кабар берет. Бирок, биз жогоруда белгилегендей маанилүү жана шаанилүү маареке жылында акындын тагдырында жана чыгармаларындагы туулган жердин орду жөнүндө ойлорду жалпылап чыгууну эп көрдүк. Жусуевдин чыгармаларын жумгактай караганда бир бүтүнгө бириктирген негиз — тоо менен согуш темасы. Бул эки тема акын дүйнөсүнө камтылган түрдүүлүктү ча-чылтпай, чайпалтпай тепчип өтүп, үзүлбөй уланып, бири бирин толуктап келаткан эки уч, эки түс экен.

Бир ирет сүйлөшүп отуруп: “Сиз бала кезден акын болууну максат койдуңуз беле?” деп сураганыбызда, “Баары эле ошенте беришет. Жок, антип бала кезде акын болоюн деген эмесмин. Мен максат коюп, кесип тандачу маалда согуш башталды. Согушта акын болоюнду эмес, Жеңишти, эсен-аман эл-жерге жетүүнү ойлойсуң” деген эле. Бирок, фронтто жүргөн кезде эле ырлары жарык көргөнүн билебиз. Демек, ал ырлар эли-жерге, энесине, ынактарына болгон чыныгы сагынычтын илеби болгон экен деп ойлоого негиз бар. Эгер согушта жүрүп сагыныч каттарын, ырларын жазбаса, Сокебиз балким башка кесип ээси болмоктур. Бирок, ал кишидеги ушул адамдык салаваттуу турпат, тактык жана эмгекчилдик аны ошондо да көптүн катарынан сууруп чыгып, сап башына тургузмак деп ойлойбуз.

Улуу Ата Мекендик согуш ата-бала дегидей эки муун акындардын өмүр – чыгармачылыгынан ажыралгыс менчик темасы. Алардын улуу мууну сүт ооз балапандай жаш улан же жигит кезден фронтто жүрүп, согуштун азабы менен тозогун өз ийни менен көтөрүп, кан кечип, кайрат, эркин жетилткен муун. Экинчилери, ата жытын сагынып, эне сүтүнө кошо күтүү туюму менен оозангандар. Сооронбай Жусуев мына ушул биринчи муундун өкүлү.

Өнөр адамдарынын кимиси болбосун, жаратмандыктын кайсыл түрү менен шугулданбасын, анын чыгармаларында туулган жерге орун берилбей койбойт. Бирок, Баатыр акыныбыздын чыгармачылыгында туулган жер өзгөчө: бүткүл өнөрүнө өзөк, аны улам жаңы белестерге, бийиктерге шыктандырып, демин демеп турган кудуреттүү күч экен. Анан да акынды туулган жерди туу тутуп ырдоосунда баарыга эле белгилүү болбогон бир сыры барбы деп калдым.

Балалык бактылуу кездин бешиги болгон туулган жер – эне сымал, акын андан такыр алыстагысы келбейт, алыста болсо санаасы аны менен. Бул баарыбызга тааныш сезим:

Кадырман жер, качан, кайда болбоюн,
Канат күүлөп дайым сага талпынам…

Бардыгыбыз балалык өмүрдүн айлампасына кайра киргибиз келет. Акын үчүн анын бир мүмкүндүгү туулган жерде калгансыйт. Муну акын “Менин ырчы жүрөгүм Алай-Кууда” деген ырында  “Алай-Куум бар – бул өмүрдө кайгым аз” –деп, карыбастыктын булагы туулган жерде деген ишенимде жашайт. Андыктан туулган жердин кубат-күчүнө ушунча таянган акын: ажал келсе “Асман челген Кара-Туума тоосуна чыгып кетсем, такыр алдан тайганда Кудамбес жайлоосунун абасынан кере жутсам, Кайыңдынын суусунан бир ууртасам, шумкар болуп кайкып учуп кетсем ажал таппай калаар беле?”, – деген “үмүткөр суроо” берип да көрөт. Туулган айылды турактап калбаган менен ал дайым көңүлүндө жүрөт. Ага “Акактай тунук асмандуу” айылына сөөлөт күтүп, сый-сыяпат көрүүдөн мурда булак суусун ичип, сайда сууларга кайырмак серпип, карагат терип эңсеген балалыгы менен кездешүүгө, кайрадан көңүл-дилин аруулоо, жашартуу үчүн келет (“Эч ким тү­шүнбөдү” деген ыр).

Ошентип, акындын чыгармачылыгында туулган жер деген бүтүндүктүн – бир жагы өмүр-жашоосунун башаты балалык болсо, экинчи жагы – улуу жаратылыш, аруу табият.

Алай-Куу акын абабыз тамшандыра сү­рөттөгөн ажайып кооздугу кимди болбосун көрсөм деп көксөткөн менен кези келгенде табияттын акылга сыйгыс, эске баш ийбеген кубулуштары, жашоонун экстремалдуу жагдайлары, катаал шарттары менен таңдандырган, адам эркин сынакка алган тоолуу аймак.

Райондук борборго чейинки капчыгай өр­дөгөн жалгыз жол жылда оңдосо жылда, айда оңдосо айда кайра оңдоону талап кылаары, кар көчкү, жер көчкүдөн, селден бузулуп жабылып кылышы, оор, узак кышы алайкуулуктарга көнүмүш. С. Жусуев туулган жергесинин ушундай опуртал жактарын жашырып жаппайт, “Алай-Куунун жээнине жооп” деген ырда  жээндин Алай-Куунун шартында жашоонун оордугун айтып, башка ыңгайлуу жерге көч­пөйсүңөрбү дегенине Мекенин кандай болсо ошондой абалда кастарлап, баалап, сүйөөрү тууралуу бул жоопту берет:

“Жээним, сөздү айталы кекээр эмес,
Аны айтпас
ак баамың жетээр эмес.
Тегиз, семиз жерлер көп өзүң айткан,
Тегиз, семиз жер –бизге Мекен эмес”.

Акындын чыгармачылыгында туулган жер, Мекен ырлары, түпкүлүгүндө жалпы жаратылышты сүйүүгө жана сактоого арналып, анын орду толгус коромжулукка учурап, короп баратканына кабатырлана кагылган коңгуроосу да. Демек, С. Жусуев – эколог акын. “Кайыңды, Кайың-Талаа” деген ырында акын өзүнө гана таандык ар бир сөздүн маани-маңызын сезе жана туя билген парасаттуулук менен туулуп өскөн жери – Кайың-Талаа аталганы, Кайыңды же болбосо Кайындуу деген ат бекеринен берилбегенине негиздеп, жаратылыш бөксөрүүсүн сезип, бир кезде бул жерде кайың өскөнүн божомолдойт. Качандыр кайра кайыңдуу токойго айланып, арасында булбул таңшып турса деген каалоосун билдирет.

Акын туулган жерди даңазалап, табиятка боор толгогондон сырткары да көркү сонун, түйшүгү түмөн, жер шартында калыптанган адамдардын, элдин кулк-мүнөз өзгөчөлүгүн айтуу менен тоолук болуу – өзүнчө бир сапат-белги катары карайт. Бул – адамзат тарыхындагы байыртадан бери келе жаткан салттуу ойлом. Адамзат чыгармачылыгынын башатын түзгөн мифтерде да тоо – адам өзүнүн жана түпкү тек ата-бабанын маңызын, рух айкелин жайгаштыруучу, физикалык реалдуулуктан жогорку, даражалуу сакралдуу орун катары – балалыктын жана баатырдыктын бешиги эсептелет. Жусуевдин чыгармаларында ошондой тоо – Кара-Туума. Тоолуу жергеси Кудайдын назарындагы ыйык орун. Андыктан “Алай-Куу – айдыңында кут конгон жер, Алланын назарына туш болгон жер” дейт ал. Тоолуу Алай-Куу менен Ала-Тоо – Мекен түшүнүктөрүнүн катышын, бири аркылуу экинчисин такталып, баркталып келгенин, Мекен менен сыймыктануу, Мекендин демин сезүү ушул экөө аркылуу жаралганын, ушундай Мекендин акыны болгон үчүн ыраазылыгын ырга салат.

“Тоолуктар” деген ырында алардын адамдыкты бийик сактаган, бышык, март, меймандос, сөзгө кылдат, ачыктыгына, намыскөйлүгүнө басым коёт. Башка бир (“Алай-Куулук шоферлор”) ырында тоолуктардын кыргыз турмушунун көөнөдөн калган салтты сактап, улантуучулар гана эмес заманга ылайык техниканы башкарууну ыкчам өздөштүргөн,  тоолук өткүр мүнөз менен “ ак булут, кийиктерди төмөнгө калтырып, рулду кылдат кармап, кыл чокуга чыгышып, ат мингенсип, аскалардан машиначан өтүшкөн” заманбап адамдар экенин айтат. Тоолуу Алай-Куунун атрибуттары эсептелген кымызы, шырдактары да акынга шык берет. Алай-Куунун кымызы – жөн гана азык эмес, табияттын таасирин сездирип, көңүл тазартып, жандилди жаңыртып, жашартып, азыктандырат, жашоо кумарын арттырчу касиетке ээ экенин айтат. “Алай-Куунун шырдактарын” көрүп “ийне менен ыр жазган” уздардын ырларынын ыргактарын угат.

Ошентип, С.Жусуев бүткүл чыгармачылыгында туулган жери — Алай-Кууну, ал аркылуу тоону, тоолуктарды ырдап келген тоочул акын бойдон калат. Ал ырбы, дастан же поэмабы, же ыр менен роман жазабы тоону, тоолуктарды, алардын нарк-санатын, меймандостугун, мүнөзүн зергердин асыл затындай каражат катары карманып, уруна билет.

Чынында акын “өрт кечип, суу кечип, өзүн өргө сүрөп, дыйкандай адал ак эмгектенбесе” чыгармалар өзүнөн өзү жарала коймок эмес. Кырчын кезде Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Мекенди коргоп ардагер болуу мезгил, шарттын чакырыгы болсо да, элдин купулуна толуп, казынасын байыткан, СССР  деп аталган чоң аймакка тарап, көркөмдүгү таанылган чыгармаларды жаратуу, не деген эмгекти талап кылбады да, өз өнөрканасына не деген тажрыйбаны топтободу. Чеберчилигинин байманасы ташып, жашы өйдөлөгөн азыркы учурда чыгармачылыкта улам өрлөп иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүү. Мына булар тууралуу көп жазылып, көп айтылды. Анан да чыгармачыл инсандардан сейрек кездешүүчү Жусуевдик адамгерчилик менен тактык аңыз кепке айланды.

Жалпылай келгенде С.Жусуевдин чыгармаларында туулган жер менен эне экөөнү теңдешип, бири-бирин толуктап турган маани бар. Энесинин тоо жеринде таңсык эсептелген алманы шаардагы уулуна берип жибергени тууралуу ыры, бир эсе эненин мээримин, уулуна болгон сүйүүсүн билдирсе, экинчи жагынан эне киндик кан тамган эң кымбат жеринен да табылгысты уулуна сактап берип турган кут экенди түшүндүрөт. “Баары бар, бирок…” деген ырында азыр Алай-Кууда издегенинин баары бар экенин ,

“Баарын көрүп, баарын таанып айлымдын,
Балкып турат сезимиме ченем жок.

Азыр, бирок, көрсөм көңүл жылуучу,
Таяк кармап мени тосуп чыгуучу
Жалгыз гана бүкчүңдөгөн энем жок….” дейт.

Демек, эненин жоктугу менен көңүлдө туткан бейпил балалыгы, мекен, бүткүл дүйнө кемиди. Ал буга чейин дүйнөнүн кемдигин туйган жок беле? Анан капыстан бир суроо пайда болот. Акындын дүйнөсүндө атанын орду канчалык чагылдырылган?

Ушул жерде акындын туулган жер, тоо тууралуу көп жазышынын бир купуя сыры тууралуу өз жоромолумдун учун тапсамбы деп турам. Акындын ырында мечит жанында төрт терек түбүндө жарык дүйнөгө келгени тууралуу айтылат.

“Катарлаш өскөн көк тиреп,
Тагдырлаш, теңтуш төрт терек…

Болушуп мага туушкан,

Мээримин төгүп турушкан…
Кыялга шыкты көп берет,
Кымбат да, зарыл сөз берет.
Кыйбасым Кызыл-Жардагы

Кыркалай өскөн төрт терек.”

Дагы бир ырында:

“Алай-Куунун төрүндө төрөлгөмүн,
Ай күнүнүн нуруна бөлөнгөмүн.
Тар дайрасын бойлогон тар жол менен
Таалай издеп үмүттүү жөнөлгөнмүн”.

Эмне үчүн теректер тагдырлаш, туушкан, ал эмне болгон мечит? Таалай издеп жөнөгөнүндө эмне болгон тар жол менен чыккан, же кыргыз жеринде жолдор бүт эле бирдей эмеспи? Бул жөн салды эле каражаттарбы, же акын атайын бир маанини сыйдырды бекен? Балким, башкаларга мындай суроо коюу, ага жооп издөө кажетсиздей туюлар. Бирок, ырда сөз Жусу казынын мечити, анын жанында төрт терек тууралуу болуп жатканын, билгендер үчүн жөн жерден акын төрт теректи “тагдырлаш, туушкан” эсептебегенин, тар жолду ырга салбаганын сезет. Коммунисттик идеология күүсү күчүндө кезде “Сооронбай казынын баласы болгон” деген маалымат ал учурда баардык өмүр-баяндарда жазылгандай “кедей-дыйкандын” үй-бүлөсүндө туулбаган үчүн акын С.Жусуевге кыйла эле көлөкө түшүрмөк. Же, Жусуев “менин казы атам” элди агартып, сабатсыздыктан арылтуу үчүн мечит салдырып, жанына терек тиктирген деп ыр жазып сыймыктанып көрсүнчү! Советтик идеологдор акындын өзү эле эмес, жакындарына да атасы казы — эски замандын төбөлдөрүнөн дегенден башка да, динчил, динди таратуучу деп да өгөйсүнтүүгө бир илинчек тапмак. Бирок, акын идеологияга ынанып, ыктап атасын урматтабай, сыйлабай, сүйбөй, сыймыктанбай коюптурбу? Мына, Тар дайрасын бойлогон – тар жол! Кыраакы акын социалдык шартка ылайык ар тараптан салмактап туруп, ата атын ушул төрт терек аркылуу атап, атасына деген ичтеги урматтоону ушул мечит артында төрт терекке сыйдырып, өз дилиндегини чеберчилик менен ачыкка чыгара билген.

Биздин баамыбызда тоолорго акын бардык эр мүнөздүн: “сөөлөт күтүп, томкорулбас” (“Алай-Куу жолунда”), “башың нурга малынып жаркып турат… ак калпагың түшүрбөй кийип тургун” (“Кара-Туума”) сапаттарын ыйгарат. Ушундан улам Алай-Куу, туулган жер, Ата-Журт, тоолор тууралуу ырлары биринчи кезекте акын абанын атасына болгон аруу, купуя сезимдерин:

“Алай-Куу – аруу жерим мемиреген,
Алыста болсом мейли, диттен чыкпай

Ар качан бирге жашайм сени менен” деп сыйдырганбы деген ой кетет. Андыктан Алай-Куунун тоолору менен сууларын:

“Жалаң асыл таштардан куралышкан.
Алай-Куунун тоолору нечен катал

Алааматка кебелбей туралышкан.

. . . . . . . . . . . . . . . . . . .. . . . . . . . . .

Алай-Куунун суулары муңдуу, шайыр
Жаралгансып кайгыдан, кубанычтан”, – деп кабылдап, тоолор кандай шартта болсо да кебелбеген ата образы менен, муңдуу , шайыр суулар өзү жашаган мезгил менен билинбей ассоциациялашат. Акындын туулган жер тууралуу ырлары түпкүрүндө ата-энесине болгон акындын сезимдери менен жуурулушкандыктан бүтүндөй жаратылышты, анын кубулуштарын адамдаштыруу, адамга гана таандык акыл-эсти, эмоцияны ыйгарып кабылдоо анын чыгармаларына мүнөздүү көрүнүш. Туулган жерин сырт көрүнүшүнө караганда ички дил байлыгы менен маңыздуу адам сымал кабыл алат (“Алай-Куунун сырты жана ичи”). Алсак, “Алай-Куу – бейпил дүйнө” деген ырда “Түндөсү көктөгү ойчул айын көрүп” деп адатта кыргыз поэзиясында сулуулуктун белгиси катар карап келген Ай, бул жолу акыл-эс ыйгарылып ойчул болуп каралат. Дагы бир ырында Ай – адам сымалданып, б.а. жаңы келген келин сындуу айбыгып, жаркын нурун Кулдамбекке себет. “Эсимде” деген ырда “От гана жалгыз шаңданат”.

Совет мезгилден кийин системанын өзгөрүшүнө жараша көптөр ата-бабаларын, уруулаштарын өткөн замандын агартуучулары, лидерлери деп көтөрүп чыгып, көчө аттарын, мектеп аттарын менчиктеп кетишти. Бул учурда Сооронбай Жусуев: “Мен казынын уулу болгомун. Атам тигиндей эле, мындай эле”, – деп чыга калган жок. (Ушундай бир эле ишаарат жасаса, бул күндө Сокени өзү жазган Кара-Туума тоодой көрүп, кадырлаган Кара-Кулжанын эли жапырт колдоп жиберишмек. Баатыр акын анткен жок.) Андан көрө тынымсыз ак эмгеги менен атасынын атын атпай журтка таанытты, унутулгус ысымга айлантты. Бул анын ыйман-адебинен, өз ынанымын, заманын сыйлаганын, тез эле тескери айланып чыга келбеген, Совет мезгилинин жакшы жактарын танбаган позициясынын туруктуулугунан кабар берет.

Дагы бир баамдаганыбыз, “Кайыңды” деген ырда суунун артка акпастыгы менен балалыкка кайрылууга мүмкүн эместигин түшүнүп, Кайыңды суудан “көшүбөй, тымыбай тынчыбай” дайыма кыймылдуу жашоону үйрөнүп, “турмуш дайрасында дил көксөгөн жеңишке” жеткенин айтат. Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуевдеги айтып да, жазып да бүтпөй келаткан сапаттар ага жаратылыш менен адамдын биримдигинен, Алай-Куунун тоолору менен сууларынан өтүшкөн го дегибиз келет.

Калбүбү Сариева, акын, философия илимдеринин кандидаты,
“Кыргыз туусу”, 23.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий