Төрөбай Өмүрзаков: «Таза кандуу күлүктөрдүн жоголуп кетүү коркунучу бар»

— Төрөбай ага, учурда сизди ата-бабыздын көөнөргүс мурастарынын бири болгон саяпкерликке ык койгон замандаштарыбыздын бири катары таанып отурабыз. Маегибиздин башында өзүңүз тууралуу кеңири кеп салып, азын-оолак өмүр жолуңузга токтоло кетсеңиз?
Орто билим алып мектепти бүткөндөн кийин эле кайра мектепте иштеп калдым. Төрт жыл катары менен кенже класстарга сабак берип, андан соң кесип алмаштырууга туура келип айылдык клубдун башчысы болуп эмгектендим. Эки тарапты тең кармап иштеп жүрүп бара-бара агартуу ишине толук оодум десем болот. Учурунда комуз, драмкружокторду уюштуруп тарбиялаган балдарым ушул күндө китеп, ыр жазып чыгармачыл адам катары таанылып жатканы мага сыймык алып келүүдө.

Өзүңүз да колуңузга калем кармап ыр жазат экенсиз, бул да өзгөчө талант эмеспи.
Ыр жазууга болгон шык мектепте мугалим болуп иштеп жүргөндө келген. Ошол учурдан бери мезгил тандап келген ырларды кагазга түшүрүп коюп жүрдүм. «Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар» дегендей ырларымды көпчүлүктүн сынына алып чыга элекмин. Бишкек шаарына көчүп келгенибизге аз гана убакыт болду, буйруса ошол сандыкты ачсамбы деген ойлор келүүдө. Келечекте жазгандарымды жыйнап китеп кылсамбы деген илгери үмүттөрүм бар, аны убакыт көрсөтөөр. Чоң акындардай болуп ырларым менен кыйратам дебесем да топтолуп чыгаар деген үмүтүм менен жашайм.

Күлүк таптоого кызыгууңуз качан башталган?
Балачагыман эле ат чаап, күлүккө кызыгдар болчумун. Бир күлүгүмдү чаап жүрүп акыры бутунан кеткенде сатып жибергем, мал адамдын боор эти менен тең деп элибизде бекер айтылган эмес да. Барган сайын бул кызыгуум жогорулап жети жыл жалаң жорго минип, жорго таптадым. Кийин күлүк таптоого өттүм. Жакында эле Таластан кызыма күлүк келип калды, азырынча тай, акырындап таптап баралына келтирүүгө аракет кылып жатабыз. Шаарда туруп жаткандыктан шартын тууралоого убакыт кетип калып жатат.

Күлүк таптоо кичинекей баланы бапестеп баккандай эле эмгекти талап кылат дешет.
Чындап келгенде күлүктү таптоого киришкенде чындап келгенде байбичесин, бала-бакырасынын кызыкчылы­гын тышта калтырып баш-оту менен кирип кетет. Бапестеп жем-чөбүн берип, кадимкидей сүйлөшөбүз. Ал эми таптап, байгеге салаар мезгилде үч күн, үч түн уктабайбыз. Акыркы түнү уктатпай түнү менен жетелеп чыгабыз, анткени жашып кетет деген маани бар.

Спортчулар мүнөздөп тамактанган сыяктуу эле жем-чөбүн мүнөздөп бересиздерби?
Спортчулардан эч кандай айырмасы жок, жем-чөбүнөн, суусунан жаңылса да таптаган эмгегиң талаага кетет. Таптаган күлүктүн ар бир кадамына көз салып бапестеген эмгектин баары саяпкердики болот.

Илгери байгеге түшкөн күлүк ээсине атак-даңк алып келген, бүгүнкү күндө кеп күлүк таптоо менен аны чабуунун кумарында эмес, заман агымына жараша бизнеске ооп бараткансыйт. Мисалы, азыр күлүктүн эртеңки күнү байгеге жарабай калышынан чочулабай эптеп бүгүн байге алып келишин каалашат. Буга сиздин оюңуз кандай?
Чындыгын айтсам күлүк таптаган адам жан дилин берип калган соң аны жамандыкка кыйбайт, күлүктүн алдыга сүрүлүп келишинин өз кумары болот. Менин жеке оюмда таптаган күлүгүм мага байлык алып келсин дебейм, аны таптоо кумары мага артык. Ата-бабадан калган мурас катары да баалайм, балдарым кыргыз ат үстүндө өскөн, таза кандуу жылкы баласын таптаганын унутпай жүрүшүнө кызыгам. Ал эми багына туура келип калса алдыга озуп чыкканы жаман болбойт, күлүк өзү да алдыда экенин сезет.

Камбар ата тукумунун саны азайып кетти. Буга эмне себеп, багуу жарашпай жатабы, же атты машинага алмаштырып заманбаптыкка оодукпу, же кыргыз баласы аттын канаты менен тең өскөнүн унутта калтырып баратабызбы?
Буга себеп жогоруда кеп козголуп кеткен бизнеске ооп кетүү себеп болууда. Сырт жактан, коңшу казак элинен соодалашканы келип мынча миң доллар деп койсо не бир таамай күлүктөрүн карматып жиберип жатышат. Ошонун негизинде бизде таза кандуу күлүктөрдүн жоголуп кетүү коркунучу пайда болууда.

Той-аштарда жорго салыш, кыз куумай, күлүк чапмай сыяктуу нарк-насилдүү оюндарыбыз унутта калып жатканын улуу муун өкүлдөрү нааразы болуп, азыркы ресторанда өтүп жаткан мааракелерге көңүлдөрү толбой жатканын айтып калышат. Бул тууралуу сизде кандай ой бар?
Ата-бабадан калган салттын унутта калып жатканы албетте өкүнүчтүү. Мүнүшкөрлүк, саяпкерлик, балбан күрөш деген тойду көркүнө чыгарчу өнөрлөр бар. Ушул жагын колго алып кайра көтөрүп чыккан адамдар аз болуп жатат. Улуу уулумду үйлөнткөндө Таласта той берип кыз куумай, ат чабыш, күрөш кылдым, артынан көкбөрү болду. Уу-дуу менен коштоп көңүл ачып, канды кызытып тойлогонго эмне жетсин. Ушундай нерсени башкалар да жасаганга аракет кылышса жаш муундарыбызда кызыгуу ойгонот эле, аларды биз тартпасак ким тартат. Канында бар кыргыз баласына жол көрсөтүү болсо ары көздөй кызыгуусу артпай койбойт деп ойлойм. Алыскы айылдарда куш таптаган мүнүшкөр, күлүк таптаган саяпкер, боз үй жасаган уста, кыргыз тайганын бапестеген адамдар көп, бирок аларга колдоо, ошол жасаган ишине көңүл буруу жок. Бир кушту тапташ үчүн ага күн сайын жаңы эт керек дегендей, муктаждыктары өтө көп болот. Эгер улуу мурасты улайлы деп аракет жасалса мамлекет тарабынан ошол алыскы райондордо жашаган керемет өнөрдү кадырлаган адамдарга көңүл буруу керек. Таласта күндөп-түндөп айыл четиндеги бакта таң аткыча жарык кармап куш кармаган балдар көп.

Жер-жердеги сиздердей өнөр ээлерин борборго чогултууга жасалган аракет жүз пайыз ишке ашпайт экен. Бирөөнүн шарты болсо экинчисиники болбойт дегендей. Ал үчүн жыл сайын ар кайсы региондо өтүп, өнөр ээлерин кушу, күлүгү менен кошо атайын жол каражатын көздөп жолуктуруп, биринен бири тажрыйба алуу менен бирге жаштардын да кызыгуусун арттырса кандай болоор эле.
Туура, бир жерден экинчи жерге алып барууга көп адамдын шарты жок, ал жакка баргыча башка ишимди бүтүрүп алайын дейт, же жол кире таппайт. Бул багытта сөзсүз колдоо керек болуп, атадан калган мурастарыбызды үзбөй сактап калышыбыз керек.

Өзүңүз таптаган күлүккө кандай ат ыйгардыңыз?
Кудаман келген бул күлүгүмдүн атасы Таластан чыккан таза кандуу Кудайберген дейт, апасы Пакет деген бээ экен, бирок күлүк болуп, жарышка түшүп жүрүптүр. Меники Пакеттин жээни болот, күлүктөр ушинтип тагдыр кууйт экен. Арча-Бешикке көчүп келдик, «Арча тору» дейли деген сунушту балам айтты, бирок мен анын оюн бузуп бизге кудалыкка тайында келди, өзү тору деп Тайтору деп коелу десем балам каршы болгон жок. Кичүү балам да ат таптоого абдан шыктуу, улуу балам кызыгат, бирок башка тармактагы иш менен алек, буйруса кийинки жылы дагы бир күлүктү кошолу деген оюбуз бар. Ишеничтүү адамдан албасаң алданып калып жаткандар көп болуп жатат.

Төрөбай агадан кийин өмүрлүк жары Аскеркүл эжени да сөзгө тарттык:
Төрөбай ага менен бирге өмүр сүрүп жатканыңыздарга канча убакыт болду?
Отуз төрт жыл болду, беш баланы тарбиялап өстүрүп турмуш жолуна салдык. Бүгүнкү күндө небере жытын искеп, алардын амандыгын тилеп отурган мезгилибиз. Жашообуз жаман эмес, бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөкпүс.

Менден күлүгүңө көп көңүл бурасың деген таарынчтар кээде болуп калбайбы?
Кошо аралашып жүрүп мен да күлүк таптоо оңой эмес экенин, көп түйшүктү талап кылаарын билип калдым. Кээде өзүм да кошо аралашып тигини минтип койсоңорчу деп калам. Улуу мурасты атабыздан балабыз өтүп уласа деген тилек менде да бар. Күлүгүн байгеге салып биринчиликти алып келе жатканда мен да толкунданып, аябай сүйүнгөм. Булар кубанса кошо кубанып, толкунданса кошо толкунданам, кейисе анысына да ортоктош болом. Түнү менен уктабай бастырып жүрүшкөндө мен деле кошо уктабай тынчсыздана берем. Бир үй-бүлөдө жашап, баарын көзүң менен көрүп турган соң андан алыс кете албайт экенсиң.

Айзада Көчкөнбаева, Расул Үсөналиев, «Кыргыз-руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий