Жазуучу Турсунбай Адашбаев: “Саламга жараша жооп болбой жатат”

Орто Азияга белгилүү балдар акыны, жазуучу жана котормочу Турсунбай Адашбаевди кыргыз жана өзбек адабиятында байыртадан достукта жана ынтымакта жашап келе жаткан эки элдин ортосундагы көпүрө деп бекеринен айтышпайт. Анткени Кыргызстандын Ала-Бука районунда төрөлүп, көп жылдар бою Ошто иштеген соң Ташкентке кетип, өзбек адабиятында чоң бийиктиктерди багынткан жердешибиз 40 жылдан бери өзбек окурмандары арасында кыргыз адабиятын пропагандалап келе жатат. Былтыр өзүнүн 70 жылдык маарекесин белгилеген Турсунбай агабыз жакында Бишкекке келгенде, аны менен маек курдук.

– Турсунбай ага, Кыргызстанга дайыма бир жакшы жаңылык менен келмей адатыңыз бар. Бул жолу кыргызстандыктарды кубандырчу эмне кебиңиз бар?
– Ар бир адам алыста жүрүп өз үйүнө келээрде жакшы белектер, жада калса жакшы кабар алып келүүнү каалайт эмеспи. Сиз айткандай, бул жолу да куру келген жокмун. Жакында Ташкентте өзгөндүк жердешибиз, Ленин атындагы сыйлыктын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры, белгилүү геолог Ибрахим Хамрабаевдин 90 жылдыгына арналган “Өмүр барактары” аттуу китеби 5 миң тиражда жарык көрдү. Китепте автор Хабиб Абдуллаев атындагы геофизика институтунун мурдагы директору, белгилүү кыргыз геологу Муса Адышев жөнүндө кенен жазат. Адышев менен 1938-жылдан тартып Ташкенттеги Орто Азия университетинде беш жыл бирге окугандыгы, андан кийинки достук мамилелери жөнүндө баяндайт. Эки дос Ташкентте беш жыл бою Кыргызстандын Араванынан чыккан залкар окумуштуу, америкалык илимпоздор “геологиянын атасы” деп атаган Хабиб Абдуллаевдин үйүндө жашашканы, кийинчерээк анын аспиранттары болушкандыгын сыймыктанып жазат автор.

Айта кетчү нерсе, Ибрахим Хамрабаев Өзгөндүн Шерали айылынан болсо, Муса Мирпаязович Адышев Алайдан болот. Китепте жазылгандай, Муса Адышев Курманжан Датканын уулу Абдылдабектин уулу Мирпаяздын кенжеси болгон. Башкача айтканда Муса Мирпаязович Алай канышасынын чебереси болот.

Муса Адышев менен белгилүү акын Тенти Адышеванын тойлорун да Ибрахим агабыз менен бирге өткөрүшкөн. Кооз сүрөттөр менен кооздолгон бул китеп өзбек жана кыргыз илимпоздорунун ортосундагы достукту шаңдаган эбегейсиз чоң эмгек болду.

– Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле демекчи, бир аз жагымсыз болсо да бир суроону бербесем болбочудай. Кайгылуу Ош, Жалал-Абад окуялары убагында бизде: “Өзбекстан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына тыюу салыптыр”, – деген сөз чыгып кетти, бул кептин чын-төгүнү кандай?
– Биринчиден, ушул кайгылуу күндөрдө жакындарын жоготкон бардык боордошторума, бир тууган кыргыз-өзбек элиме терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ошол күндөрү Ошто чыгуучу “Уш садоси” гезитинин башкы редактору Мухаммадсоли Исмаилов Ташкентке телефон чалып, Өзбекстанда залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына мамиле кандай экенин сурап калды. Көрсө, Кыргызстандын телеберүүлөрүнүн “5-каналында” ушул, сиз айткан кабар айтылыптыр. Мен Өзбекстан жазуучулар союзунун өкүлү катары муну четке кагып: “Бул маалымат Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды дагы да курчутуу максатында жасалган жалган амал”, – деп жооп бергем. Тетирисинче улуу агабыз Чыңгыз Айтматовдун басууга даярдалган жети томдук китебинин алгачкы эки тому ошол күндөрү Ташкенттеги “Шарк” басмаканасында жарык көрүп, китеп сүйүүчүлөрдүн колуна жеткен.

Ушул эле убакытта белгилүү адабиятчы Ибрахим Гафуров (Ч.Айтматовдун чыгармаларын өзбекчеге которгон котормочу – ред.) Чыңгыз аганын “Тоолор кулаганда” китебин өзбек тилине котормосун бүтүрүп, “Дүйнө адабияты” журналында басып чыгарды. Тилекке каршы, теледен берилген жалган маалыматтан кийин мен сыйлаган кыргызстандык белгилүү юрист карындашым, ал менин адашым болот, эмоцияга берилип, мектептерде болгон жолугушууларда бул маселеде туура эмес пикирлерди айтып жибериптир. Ушундай пикирлерди айтуудан мурда бизден бир ооз сурап койсо жакшы болмок. Мүмкүнчүлүгүм болгондо Чыңгыз агабыздын жаңы чыккан эки томдугун ал карындашыма белекке берейин деген оюм бар. Кыскасы, бүгүнкү күндө Өзбекстанда Чыңгыз агабыздын чыгармаларына кызыгуу канчалык күчтүү болсо, башка кыргыз жазуучу жана акындарынын эмгектерине да талап, кызыгуу күчтүү.

Туура сөздү айтсам туугандарым таарынбасын, бирок Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарында ушундай жоопкерчиликсиз пикирлер бат эле кезигип турушу мени таң калтырды. Ошко келип Бишкекте чыгуучу бир гезитте чыгыш элинин залкар ойчулдарынын бири болгон Ахмад Яссави жөнүндөгү макаланы окуп калдым. Макалада автор Яссави Өзгөндүн Яссы дарыясы боюнда төрөлгөн деп, окурманга туура эмес маалымат берет. Яссавинин Чимкент облусунун Сайрам айылында туулгандыгын ким гана билбейт? Амир Темур бабабыз өзүнүн пири эсептеген Яссавинин сөөгү коюлган Туркистан шаарында анын урматына чоң эстеликтерди тургузгандыгы да дүйнөгө белгилүү эмеспи. Макаланын автору кыргыз адабыятынын мен сыйлаган жаш, таланттуу өкүлү, бир катар ырларын өзүм өзбек тилине которгон Эгемберди Эрматов экенин көрүп капа болдум. Эгерде Эгемберди инимдин мүмкүнчүлүгү болсо аны Туркистанга зыяратка алып барганга мен убакыт табат элем. Эгемберди иним белгилүү өзбек жазууучусу Мурод Мухаммад Дуст менен Москвада, ошондой эле Оштон чыккан таланттуу өзбек акыны Шавкат Рахмон менен бирге окушкан.

– Жогоруда сиз Өзбекстанда кыргыз жазуучуларынын чыгармаларына талап күчтүү деп айттыңыз, ошол талапка жараша иш да барбы?
– Мисалга айта турган болсом, Ташкентте совет доорунан бери чыгып келаткан “Дүйнө адабияты” журналында кыргыздын Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев, Кеңеш Жусупов, Омор Султанов, Жолон Мамытов, Жунай Мавлянов, Анатай Өмүрканов, Кален Сыдыкова, Султан Раев, Сагын Акматбекова сыяктуу адабиятчыларынын чыгармалары ондогон жылдар бою өзбек тилине которулуп, үзгүлтүксүз басылып келүүдө. Мындан сырткары Салижан Жигитов, Төлөгөн Мамеев, Атантай Акбаров, Бактыгүл Чотуровалардын ырлары да тез-тез которулуп, адабий басылмаларда жарык көрүп келүүдө. Жакында эле аталган журналда атактуу кыргыз жазуучусу, мага бир тууган агамдай болуп калган Мырза Гапаровдун “Каракөлдүн каздары” китебин анын өлүмүнөн кийин “Мургаптыктар” деген аталыш менен басуудан чыкты. Ташкентте чыгуучу “Гулхан” (“Жалын”), “Гунча” аттуу балдар журналдарында кыргыз балдар адабиятынын белгилүү өкүлдөрү Токтосун Самудинов, Каныбек Жунушов, Байтемир Асаналиев, Сулайман Рысбаев, Карымшак Ташбаев жана башкалардын ыр жана икаяларынын котормолору бат эле басылып турат.

– Былтыр Ошто 70 жылдык юбилейиңизге арналган маарекеде сүйлөп жатып, оштук өзбек тилдүү адабиятчыларга бир аз таарынычым бар дедиңиз эле…
— Ооба, анткени бүгүнкү күндө оштук чыгармачыл жаштарыбыз кыргыз адабиятына жетишээрлик деңгээлде көңүл бурбай жатышкандыгы бар. Биздин муун бул багытта өтө активдүү иштөөчү. Ошент­се да иш токтоп калды дегенге болбойт. Мисалы, жакында эле тоолуу Арстанбапка жакын Каба айылында жа-шоочу Курбон Саттор инибиз Алыкул Осмоновдүн ырларын өзбек тилине которуп, Жалал-Абадда өзбек тилинде чы-гуучу “Жалолобод тонги” гезитинде бир бет кылып чыгарыптыр. Мен үчүн бул өтө чоң ачылыш болду, өтө күчтүү котормо болуптур. Буга чейин Алыкулду эч ким мынчалык мыкты которгон эмес. Аны окугандан кийин Курбон инимди телефон аркылуу куттуктадым. Кийин оштук белгилүү акын жана Алыкулдун бир топ ырларын өзбек тилине которгон Усмон Темурга да чалып, Курбонду мактадым: “Сен деген Алыкулду эптесең которбойсуңбу?”, – деп тамашалап, аны чычалаттым. Мындан сырткары Курбон Саттор Дубаш Калназаровдун “Өлүм майданы” повестин которуп, басмага даярдап коюптур. Тилекке каршы, өзү катуу ооруп жатыптыр, колдоого муктаж экен. Усмон Темур, Карим Рахим сыяктуу коллегаларыбыз да ушундай котормолорду жасап жатышат. Бирок бул демилгелер чоң колдоого муктаж экендиги байкалууда.

Негизи жаштарыбызды өз ара кызматташууга үйрөтүшүбүз керек. Мисалы, кыргызда бүгүн Атантай Акбаров деген жаш, күчтүү акын бар, биздин оштук Азамжан инибизге окшогон. Ошол жаштар бири-бирин издешип, достошуусу керек, биз жашы улуулар аларга үлгү болушубуз абзел. Убагында мен Жолон менен ушинтип достошком. Азыр Бишкектеги ар бир жазуучу, акынды жатка билем, Бишкекке барсам алардын үйлөрүндө мейманда болом. Майрамдарда бири-бирибизди куттуктап турабыз.

– Ташкенттеги алгылыктуу иштердин негизги демилгечиси сиз экениңиз мага сыр эмес, сизди кыргыз-өзбек элдеринин ортосундагы көпүрө деп да аташат. Ал эми Кыргызстанда өзбек адабия­тына болгон мамиле жөнүндө эмне дей аласыз?
– Рахмат, мен Кыргызстанда туулуп чоңойдум. Адабиятка кирип келишиме Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Жунай Мавлянов жана Байдылда Сарногоев сыяктуу устаттардын көмөгү зор болгон. Кийин кыргыздын улуу эпосу “Манасты” которгонумда ташкенттик улуу устат Миртемир бешенемди сылаган. Өзбекстан менен бир катарда Кыргызстандын көптөгөн сыйлыктары менен сыйланганмын.

Кыргызстандагы өзбек адабиятына болгон мамиле жөнүндө мындай деп айтмакмын: адатта эки дос жолугушканда бири ассалом алейкум десе, экинчиси валейкум ассалам, деп жооп берет. Тилекке каршы, Өзбекстандагы адабият чөйрөсүндө кыргыз адабияты көңүлдөн четте калбай келатса, бир боор кыргыз адабиятчыларыбыз ушуга жараша валейкум ассалам, деп жооп кылалбай жатышкандыгы чын.

– Кыргыз жана өзбек жазуучулары ортосундагы өз ара мамилелер Чыңгыз Айтматовдон кийин солгундап кетти десек туура болобу?
– Азыр да бул мамилелерди жакшыртууга, өнүктүрүүгө шарт бар, үмүт бар. Анткени бүгүнкү күндө Кыргызстандагы бийлик чыгармачыл инсандарды өзүнө тарта баштаптыр.

– Сиздерде да китеп басуу спонсордун жардамы менен болобу?
– Ананчы… Өзбекстанда мамлекет адабиятка катуу көңүл бурат, бирок ошого карабай, адабият чөйрөсү бардык эле өлкөлөрдө мамлекеттин гана эмес, капчыгы да, руханий дүйнөсү да бай кишилердин колдоосуна муктаж болуп, алардын колдоосу менен өнүгүп келген. Мен бүгүн кыргыз адабиятын колдоого, анын чы-гаан классиктеринин китептерин чыгарууга көмөктөшүүгө дарамети жеткен чыныгы ата уулдардын бар экендигине ишенем.

– Элдердин арасында достукту бекемдөө жана өнүктүрүү багытында адабият чөйрөсүндөгү ишмерлердин ролу аябай чоң. Ош жана Жалал-Абаддагы кайгылуу окуялардын кесепеттерин жоюу, эки элдин мамилелерин кайра калыбына келтирүүгө салым кошуу максатында Кыргызстанга келели деген оюңар барбы?
– Албетте, бар. Биз буга милдеттүүбүз да. Бирок бул маселеде демилге Кыргызстан тараптан болушу керек. Буга чейин деле адабий жана маданий ишмерлердин катышуусу менен ар кандай иш-чараларды өткөрсөк болмок. Себеби, менин оюмча, биринчи диалог, алгачкы түшүнүү мамилелери ушул чөйрөдөн башталышы керек. Эгерде Кыргызстан маданият министрлиги же Жазуучулар союзу ушундай демилге менен чыгышса, биздин мамлекет, албетте, аны колдойт, келебиз. Эми биз өзүбүз чакыруусуз келе албайбыз да, муну кээ бирөөлөр мамлекеттин ички ишине аралашуу катары баалап да жибериши мүмкүн.

Туура, мага Ош облустук администрациясынан телефон чалышты, келип кетпейсиңерби, дешип. Бирок бизде тартип деген бар, эмне болгондо да эки көз карандысыз мамлекетпиз, расмий түрдө кат менен кайрылышса, биздин жетекчилер муну жакшы кабыл алып, бизди Бишкекке, Ошко карай өздөрү узатып коюшмак.

Биздин маалымат: Турсунбай Адашбаев белгилүү акын, Өзбекстанда эмгек сиңирген мугалим, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 30дан ашуун адабий китептердин автору. Ал чыгармасын которбогон кыргыз акыны жана жазуучусу жокко эсе. Кыргыз-өзбек элдеринин достугун бекемделишине кошкон салымы үчүн коңшу мамлекетте “Достук” ордени менен сыйланган болсо, Кыргызстанда улуу кыргыз эпосун пропагандалоо багытындагы эмгектери үчүн “Манас” ордени менен сыйланган. Чыгармалары орус, кыргыз, казак, тажик, латыш жана башка тилдерге которулган.

Турсунбай Адашбаев кыргыз авторлорунун 30га чукул китебин которуп басмадан чыгарган. Алардын ичинде Төлөгөн Касымбеков, Жунай Мавлянов, Шабданбай Абдраманов, Кеңеш Жусупов, Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Байдылда Сарногоев жана башкалардын чыгармалары бар. Бир топ жылдар Ташкенттеги мамлекеттик “Чолпон” басмаканасында Өзбекстандагы кыргыз тилинде окутулуучу мектептер үчүн китептерди чыгаруучу бөлүмдү башкарган.

Маектешкен Абдумомун Мамараимов, “Кыргыз туусу”, 23.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий