Чыңгыз Айтматов – ааламдын акылман сүрөткери

Биринчи кездешүү

Мен өзүмдүн ушундай улуу Адам менен замандаш, каламдаш болуп калганыма сыймыктанамын. Ушундан улам ал кишинин жана менин жаштык кезим эске түшөт.

Биз, жаштар, ошол учурда би-рибиз окууну бүтүп иштеп жүрсөк, бирибиз чыгармачылыкка кадам таштаган жаш талапкерлерден элек. Мен ыр жазып, пьеса жазсам, Чыңгыз агабыз проза жазып, чыгармаларыбыз мезгилдик басма сөздө жарыяланып калган.

Ал кезде Айтматовдун атын угуп, өзүн таанычу эмесмин. Биринчи ирет аны 1955-жылы жайында Кыргызстан жазуучулар союзунун жаш жазуучуларга арналган конференцияда көрдүм. Мен адегенде анчалык элес алган жокмун. Чыгармачылык боюнча көп сөздөр айтылып, талкуулар болду, алдыдагы милдеттер белгиленди. Анын эртеси жазуу­чулар союзунун драматургия сек-циясынын жетекчиси Токтоболот Абдумомунов өз үйүнө чакырды. Барсам ал короосунда сугат сугарып жүрүптүр: «Үйгө кире бер, суунун кезеги келип калыптыр, сугарып бүтүп калдым. Азыр кирем», – деди. Үйгө кирсем, кавказдык карачай улуту өңдөнгөн, мурду коңкогой, узун бойлуу, кең далылуу бир чоң жигит отурган экен. Көрсө, көрүнүктүү драматург Т.Абдумомунов ошол кездеги таланттуу жаштарды үйүнө чакырып тааныштырып, ой-максаттарын бөлүшүп, чыгармачылыктары өркүндөсүн деген камкордугу тура… Андан бери далай заман өтүп, далай суулар акты. Адам чиркин өмүрү учкан куштай өтүп, бардык нерсенин аягы болорун аңдабай калат турбайбы. Ошондогу жаш жазуучу Айтматов кыргыздын сыймыгын көтөргөн дүйнөлүк жазуучу болду.

Улутубузду каптаган коркунучтуу илдет

Арадан жылдар өтүп, 2000-жылдары Маданият министрлиги жоюлуп кеткен кезде, биз маданият ишмерлеринин Ассамблеясынын коомдук бирикмесин түзүп, жетекчилигине Ч.Айтматовду шайлап алдык.

Ишибизди баштаганда эле Маданият министрлигинин өзүнчө болушун талап кылып, бир топ иш-чараларды жүргүзүүгө жетишкенбиз. Кийинчерээк, 2006-жылы Чыкебиздин кызматы алыста болгонуна байланыштуу  Ассамблеянын жетекчилик кызматына мени шайлап кеткен. Ошондон ушул кезге чейин коомдук башталышта иштеп келүүдөбүз. Руханий жактан арууланбастан, эч кандай ийгиликтерге жетише албасыбыз белгилүү го. Руханий жардылык адамзатын экологиялык катастрофага кабылтарын Ч.Айтматов чыгармаларында таамай сүрөттөбөдүбү. Ал эми кийин коомдук жайларда өсүп келе жаткан жаш муундардын адеп-ахлагын бузуп, терс багытка түшүп кетүү­сүнө шарттаган гезит, журналдар, телеберүүлөр байма-бай пропагандаланууда. Аны окуган-көргөн жаштарыбыз дилин тазартуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларын кайдан окушсун.  Ааламдашуу  доорунда зордогонду, кордогонду, өлтүргөндү, сойкулукту, уурулукту, бузукулукту биринен бири ашып чагылдырган кино өнөрү өнүгүп, буга жаштарыбыз тартылууда. Батыш өлкөлөрүнүн азыркы  тескери маданиятынын күчү өзгөчө өсүп жетилип, бүтүндөй дүйнө жүзүн, анын ичинде биздин кыргыз улутун да коркунучтуу илдет каптоодо. Адабият менен искусствонун ар бир адамга тийгизген таасири зор экени белгилүү. Адам баласы өз турмушун ошол эле адабият менен искусстводогу  образдарга салыштырып өлчөп, ченейт. Ошол себептүү ыплас жашоону пропагандалоону токтотуп, кеменгер Ч.Айтматов көрсөтүп кеткен жолго багыт алуубузду турмуш өзү тастыктоодо. Чыкебиз рухубуздун тазарышына ар дайым үндөп келет. Кечээ жакында эле сыналгыдан кыргыз тилинде Чыңгыз хан жөнүндө кино тасма  көрсө­түлдү. Ал тарыхта дүйнө жүзүн кыйраткыч күч менен жеңип жүрүп отурган. Ал эми кыргыз элинен чыккан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун зор чеберчилиги, анын чыгармаларын окуп жаткан окурмандардын акыл-эсин, уят-сыйытын, ар-намысын козгоп, турмуштагы адамды жийиркенткен ыплас нерселерди көрсөтүү менен бирге, адамда болгон тазалыктын, сулуулуктун, улуулуктун көрүнүштөрүн биротоло өзүнүн таасирине багындырып ала алгандыгында. Арийне, ал кайсыл элден чыккан жазуучу болбосун, өз улутунун реалдуу турмушун, жаратылышын, өнүгүшүн, калыптанышын, адабий салттарын өздөштүрбөй,  ал жазуучу  боло албайт.

Орус доктур жана котормочу бала – Чыңгыз

Мына ушундай шыкка, даңазага жетүүгө  жана ааламга карай кеткен жолу планетабыздын бир чекитиндей болгон Шекер айылынан мындайча башталыптыр.

Шекер айылына Россиядан асыл-тукум жылкы алынып келинип, багылып жатканда бир жылкы мүрт кетип, акт жазыш үчүн райондон орус улутундагы мал доктур келет. Айылдагылардын бирөө да орусча билбейт, же тигил келген киши кыргызча билбейт. Ошондо жолдо балдар менен ойноп жүргөн Чыңгызды чакырып келишип, котормочу кылууга аракеттенишет. Чыңгыз чочулап, чоң энесинин колтугуна ыктайт. Чоң энесинин жардамы менен Чыңгызды мал доктурга алып келишет. Ал жылкы эмне себептен өлгөнү тууралуу эки тараптын суроо, жоопторун которуп берип турат. Көрсө, Россиядан келген жылкы Кыргызстанда өскөн уу чөптү жеп алган экен.  Карап турган эл Чыңгызга ыраазы болушуп, конокко бышырылып жаткан эттен бир жиликти беришкен экен. Чыңгыз аны бирге ойногон балдар менен жеп, ойноп кетишет.

Ошентип Чыкем каат турмуштун капшабынан эрте жетилип, нукура таланты менен жазуучулук кесипке он төрт жашында келген. Бул мезгил Кыргыз совет адабиятынын түптөлүп калган мезгили эле. Эми анын башка жазуучуларыбыздан айырмасы, улутубуздун реалдуу турмушун, ички диалектикасын, нравалык наркын, философиясын жалпы адамзаттык мааниде көрсөтүп, интернационалисттик окуяга айландырды.  Буга мисал кийин анын махабатты даңазалаган «Жамиласында» адамдын эң кымбат касиетин, өзүн-өзү баалай билүү, адам өзүнүн эркиндигин, назик сүйүүсүн таанып-билүүсүн, улутубуздун адабиятында мурда болуп көрбөгөн ички дүйнөнүн сырын ачты. Эгерде Чыкебиз антпей, чектелген улут салтында калганда  жер жүзүндөгү башка улуттардын окурмандарын кызыктырмак эмес. Ошентип Чыңгыз Айтматовдун дагы бир өзгөчөлүгү –жалтактабай, коркпой-үркпөй өзүнчө тенденция, жаңычылдык, изденүү маданияты өзүнө гана тиешелүү жол менен кетип, эч кимдин чыйыры менен баскан жок.  Мындай жүрүшү менен жалпы дүйнөлүк деңгээлге жеткенине айрым көрүнүктүү адабий ишмерлер бир чети канга сиңген көрө албастыктан, бир чети чектелген көз караш менен Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына оппозициялык көз карашты ээлеп келишти. Ал эми Чыкебиз ага карабастан өзүнө жол таап чыгып, улам оорду, улам татаалды карай бет алып, мезгил, заман талап кылган ааламга атагы чыккан жаңы чыгармасын жаратып, улам жаңырта берди. Анын чыгармаларынын өзөгү адамдык, атуулдук, адеп-ахлактык, ыйман-ызаттуулук, мекен, эне, жер, табият, гумандуулук, достук сыяктуу түбөлүктүү проблемаларды сүрөттөгөндө не бир керемет жан дүйнөңдү козгогон ой толгоолор  менен коштолот. Анын чыгармачылыгынын өзгөчөлүктөрүнүн бири кичинекей эле чыгармасына бүтүндөй дүйнөлүк проблемаларды батырып жазганында. Буга мисал анын «Ак кемесин» келтирсек болот. Мында тоонун арасындагы үч эле үйдүн жашоо турмушу менен ошол убактагы мамлекетибиздин башкаруу системасындагы коррупционерлерди, паракорлорду, момун, коркокторду, улутубузга таандык салттары, жаратылыш менен адамдын байланышы тууралуу жомокту өз орду менен колдонот. Өзгөчө баланын тереңде катылган сырлары адамдын аң-сезимин козгойт. Баланын образы аркылуу берилген табигат менен  адамзаттын байланышын, жаратылышка болгон адамдык таза, аяр сезим жаратылышты кордосоң, аны коргой албасаң, тигинтип кичинекей эч күнөөсүз таза наристенин өмүрү кыйылып жатканы менен эскертилет.

“Адамдар табиятка чабуул жасап бүтүштү, эми…”

Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасын албайлы, дээрлик бардыгында дүйнө жүзүндө жаратылышты коргоого, аяр мамиле кылууга, табиятыбыздын сырларын терең түшүнүүгө үндөп турат.

Атүгүл бир эскерүүсүндө Ч.Айтматов канча жыл өтсө да бир окуянын такыр эсинен чыкпаганын айтат: “Красноярск жергесинде бир карапайым эле аял козу карын туздап, кышка сактап коёт. Жаз келээри менен баягы жертө­лөнү ачса, бет маңдайында дүгдүйгөн, шишип көпкөн бир коркунучтуу желмогуз арбайып турат. Аялдын жаны оозуна кептелип, чаңырып жиберет да, айбат кылып тээп жибергенде капкандай кысып, кемирген балээден бутун кайра тартып алганда, беш манжасынын эти жок, тек гана сөөгү агарып калат. Мындай жомоктогудай желмогузду окумуштуулар изилдеп келип, козу карынга сиңген радиоактивдүү шооланын салдарынан өсүп чыккан мутант деген корутундуга келишет. Мындай желмогуз Бермуд  (үч бурчтугунда)  пайда болгон экен. Деңизде 40 сантиметрлик Медуза 60 метрге чейин өсүп жеткен жана апаат алып келген. Бир канча суучулдарды, кемелерди зыянга учуратып, жок кылып турган. Буга себеп бир кезде Совет өкмөтүнүн ядролук курал жүктөгөн суу астында сүзүүчү кемеси Бермуддун жанынан бузулуп, сууга ири көлөмдөгү радиоактивдүү, зыяндуу  заттар тараган экен.  Медуза ушунун таасиринен тез өсүп, мутантка айланган. Бул мутанттын денесинин туш-тушунан өсүп чыккан кызгылтым-көгүлтүр манжалары тийип кеткен жерин күйгүзүп, адамзатка коркунуч келтирген”, – деп жазган Ч. Айтматов (чыгармаларынын 8 томдугу, 7-том, 282-283-беттер).

Ошол эле жерде: «Адамдар та-биятка чабуул жасап бүтүштү, эмдиги чабуулду адамдар табияттын өзүнөн күтөт», – деген Циалковскийдин акылман сөзү чындыкка айланып келе жатат», – деген.  Улуу жазуучу айткандай, суулардын булганышы, токойлордун өрттөнүшү, дүйнө жүзү боюнча бир үйдүн канча мүчөсү болсо, ошончо түтүн чыгарып турган машиналары болсо, чылым чегишсе, мамлекеттер жарыша ядролук куралдарын сынап жатышса, ал эми канчалаган  завод, фабрикалардын зыяндуу түтүнү, радиоактивдүү калдыктарынан  пайда болгон мутант-желмогуздар чыга калса, алар менен күрөшүү алда канча татаал эмеспи. Улуу жазуучуну дүйнө жүзүндөгү адамзаттын ашынып кеткен ач көздүгүн, адам баласынын акыл-эсине да бийлик кылып жатканын мындай деп эскерген: “Мындай көрүнүш Африка, Австралия өлкөлөрүнөн башталыптыр. Ал жактарда өлгөндө жерге  койгондо уурдап кетпесин деп кайтарышат экен. Анткени өлгөн адамды казып алып, сыйкырдын күчү менен кайрадан тирилтип, өткөн өмүрүн унуткарууга мажбур кылат экен. Акыл-эси адамдыкындай, бирок бир жерди молоюп эле карап олтура берет дейт. Мындай адамды кул кылышып оор жумуштарды, талаа жумушун аткартышат. Кай бир учурда күчтүү, жаш адамдарды атайылап уулуу балыктын сөөгүнөн тамагына кошуп берип, же болбосо ичке бычак менен жүрөгүнө матырып, убактылуу өлтүрүп, 4-5 күндөн кийин жанагыдай күчтүн жардамы менен кайра тирилтип алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ экен” (Ч. Айтматов 7-том, 159-бет).

Адам жана мыйзам

Ч.Айтматов: “Мамлекетибиздеги бийлик системасынын туруксуздугунан президент алмашылып, парламент жаңыланган сайын, Конституция  да ошолордун көз карашындай өзгөрүлүп турса, элдин шору эмеспи. (7-том, 240-бет).

Ал эми Америка Кошмо Штатында эки жарым кылымдан ашык бир эле Конституцияны карманып келишет экен”, – дейт. Ал мындай деп эскерет: “Люксембургда бир адамды кылмышкер деп таап, эркинен ажыратат экен. Күнөөкөр чечим кагазын алып, үй бүлөсүнүн коштоосунда түрмөгө келсе, орун жок деп узатат, мындай көрүнүш 3 жолу кайталанат. Чыдамы кеткен күнөөкөр, түрмө башчыны гезитке жазганда окурмандар ызы-чуу түшүшүп, түрмө башчыны кызматтан алдырышат. Мына, мыйзамды сыйлаган эл! Конституциянын адамдарга иштегени!

Мырзабек ТОЙБАЕВ,
Кыргыз Эл жазуучусу,
филология илимдеринин кандидаты,
«Кыргыз туусу»,
26.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий