Исхак ата – аруулук эталону

Мартабалуу кыргыз калкымдын кеменгер, көсөм жетекчиси катарында көөнө тарыхта аты аттын кашкасындай таанылган, ак эмгеги менен түбөлүктүү калган Исхак ата менен адепки учурашканыбыздан тартып улуу инсанга «Ата» деп кайрылып жүрдүм.

Исхак ата Раззаковго 1972-жылы Москвага окууга өткөндөн тартып атам Жоро Чотбай уулунун кеңеши менен барып жолугуштум. Атам 1913-жылы туулуп, Исхак ата менен Хоженттеги интернатта удаалаш окуган, бирин-бири жакшы таанышкан адамдар болушкан.. Исхак ата да 1910-жылдын декабрь айында, токсон түшкөндө жарыкка келгенин айтаар эле.  Ал эми 25-октябрь символикалуу… Исхак атанын ийиндеш өскөн эң жакын досу, көп жылдар бою Лейлектеги «Кулунду» колхозунун башкармасы  болуп турган Кудайкул Ниязматов аксакалдан үй дарегин, телефондорун алып алган болчумун. Атам: «Чындап окууга өтсөң, анан гана үйүнө барып учурашкын. Эл-журттан, бизден салам-дубаларды айткын», – деп каттуу дайындаган болчу.

Ошо, окууга өткөн 1972-жылдын сентябрь айында, 21 жашымда эң биринчи ирет Исхак атанын үйүнүн босогосун аттагам. Бирок, үйдө кызы Эльвира эже гана бар экен. Эже да мурда көрүп жүргөндөй боор тартып кабыл алды. Исхак ата байбичеси Рауза Исхаковна менен шаар сыртындагы атайын дачада эс алып, дарыланып жүрүшүптүр. Мен Лейлектен келгенимди, М.Горький атындагы адабият инстутуна окууга өткөнүмдү, мекендештери-достору  Исхак атабызга салам жолдошконун эжеге маалымдадым. Эже болсо: «Атамдар менен тез-тез байланышып турамын. Сиздин айткан саламдарыңызды жеткиземин…» – деп мени узатып койду. Көрсө, кийин аныктап билгенимдей Лиза Чайкина атындагы көчөдөгү ошо 27-үй «КПСС БКнын атайын интернат үйү…» деген аталышта, ал кездеги СССР курамында турган республикалардан пенсияга чыккан, же кызматтан бошотулган партиялык-советтик көрүнүктүү, таасирдүү кызматкерлер төрт чарчы болуп курулган, ортосунда бакчасы бар үйдүн батирлеринде «үч тамганын» катуу  көзө­мөлүнүн алдында жашашканы эч кимге деле сыр болбой калыптыр.

…1972-жылдын октябрь айынын эстен чыккыс дүйшөмбү күнүндө, сабактан келип жатаканадагы бөлмөмө көтөрүлгөнү жатсам, вахтадагы аял:

– Сага телефон чалышты, номерин калтырышты, чалып кой, – деп жазган кагазын көрсөттү, карасам Исхак атанын үйүнүн телефон номери. Саамга демимди баса, номерди тердим. Телефонду Эльвира эже алды:

– Атамдар кечээ, жекшембиде үйгө келишти. Эми, келип учурашып кетсеңиз болот!

– Рахмат эже!.. – деген бойдон, төртүнчү кабаттагы бөлмөмө кандай жеткенимди билбей да калдым. Жүрөгүм дүрс-дүрс кагып, толкундоо сезими бийлеп алды. Тез душка түшүп, анан жакшы ниет менен сактап, кийбей жүргөн жаңы кийимдеримди кийип, Кулундудан досу Кудайкул аке даярдап берген 2-3 килограммдай салмактагы баштыкты сумкама салдым. Анын ичинде «жетеби-жетпейби…» делген шартта аз-аздан ак баштыкчаларга салынып, оозу тигилген соога-аманатта мейиз, өрүк, бадам,  майда курут бар эле.

Исхак атанын үй-бүлөсү жашашкан батир тогуз кабаттуу сүрдүү имараттын түндүк-батыш тарабында экен. Ошол сүрдүү үйдүн бир тарабындагы кире бериш аркада, бак арасындагы орундуктарда кирген- чыкканды тескеп, «үч тамганын» өкүлдөрү  «жылма маданияттуу»  күзөттө туруусу шарт экен. Алардын текшерүү­сү­нөн жөн-жайымды, барар үйүмдүн дарегин айта өтүп, улуу көсөм Исхак ата жашап турган үйдүн босогосун экинчи ирет атаганмын… Ошондо, Исхак Раззакович лейлектиктер урматтап кие турган зире бейкасам тонун ийинге сала чоң залдын ортосунда туруптур!

Учураштык…Сураштык…Ошо, биринчи барганда эле төрт сааттан ашык акыл-насаатын, кеп-кеңештерин угуп былк этпей жанында олтурдум. Исхак ата:

– Атаңыз айтып түшүндүр­гөндүр, сиздер бизге тага журт болосуздар, – деди.  (Улуу-кичүүгө бирдей «Сиз»деп урмат менен кайрылат экен). Бир учуру келгенде көзүнөн сүйкүм нуру , кусалык жалыны чачырап ойго батып: – Менин энем Жамбил Каңды молдо Жусуптун кызы болгон… Сиздин адабият институтуна киргениңиз жүда саз иш болуптур. Адабият – адеп илими, ал өтө керек. Анан көп тилди терең билип, үйрөнүштүн жолун да издеп, аракеттениш керек. Биз дагы көп жолу калем кармаганбыз… – деген баянынан соң Исхак ата жадырап туруп, кайра ойлор деңизине чумкуп кеткендей боло түштү. Мезгилинде И.Раззаков К.Маркстын «Капиталын» нак­та өзбекчелеп, А.Чеховдун далай-далай мыкты аңгемелерин да  өзбек тилине которгон экен. Алар азыр да Өзбекстандын окуу жайларында пайдаланылып жүрөт. Дагы бир уулу чындык – Исхак ата түркий тилдерден тышкары тажик-фарси, орус, араб, немис тилдеринде да эркин сүйлөп, булбул таңшык мукам ыргакта аңгеме-баян кура билген.

Ошол эң биринчи болгон унутулгус, кеңири жолугушуу учурунда Исхак ата мен алып барган баштыкчадагы Лейлектин  мөмө-жемиштеринен өзгөчө мейизди бөлүп алып, мыкчып-мыкчып туруп, кайра-кайра жыттап, терезенин түбүндө  кыйлага тунжурап туруп калганы… бүт тулкумду дүркү­рөткөн. Улуу инсандын элине, кыргызга болгон кусалыгы, кайгысы зээнимди кейиткен. Ошол учурда мындай абалга келген кеменгер, улуу инсандын ийнине адашып учкан чымын да конбосун деп Жараткандан тилеп кеттим. Сыздоо, сагыныч кучагында турган атабызга чымын да оор салмак салардай сезилип кеткен.

– Кудайкул досум билет… билет… Бул ошо өзүнүн багынын мейизи. Атаңыз да билет…-деп, чаңы, өзөгү тазаланбастан жиберилген мейизди жыттап турганы… Бул кусалык, сагыныч кыйнаган улуу сүрөт-элес, азыр да көз алдымда. Мекенге болгон сагынычтын, са-моонун символундай турат.

Кийин да Исхак атага жолугушканда ар бир сөзүн калтырбай укканга тырышчумун. Ал турсун жатаканага келип алып, уккандарымды кастарлап кагаз бетине жазып алган учурларым болгон. Каникулда Кудайкул досуна, атама жазган каттарын ала келчү­мүн. Алар жазган жоопторду жеткирчүмүн. Бир жолу,  бериле, сүйлөшүп  олтуруп:

– Сиз экөөбүз түспөлдөшүп, окшошуп кетет экенбиз, тага-балам… – деп, жылмая тигилди. Оо, улуу инсан, кеменгер-көсөмдүн өз оозунан угулган ушул сөздөрдө канчалык кереметүү күч, милдет жатат?!

– Рахмат ата…Исхак Раззакович, – деп, өтө жумшак, таптуу колдоруна колумду койдум. Кыскасы, беш жыл бою ыңгайы келе калганда барып, жолугушуп кеп-сөзүн угуп, жанында олтурган чактарым бакыттын сересиндей өмүр-жашоомо дем берип келет. Бул жолугушуу­лардын кадыр-наркы мезгил өткөн сайын, өмүрүм өйдөлөгөн сайын бийиктей берет.

Кийин, 1994-жылы көрүнүктүү партиялык-мамлекеттик ишмер Кулназар Ташиевдин жекече музей-бөлмөсү Куршаб айылындагы кесипчилик-техникалык окуу жайында ачылып калды. Ошондо Оштун губернатору Абдыганы Эркебаев досум, өлкөбүздүн сый-урматтуу инсаны Абсамат Масалиев байбичеси менен, дагы бир топ сый коноктор салтанатка келишти. Мен анда радиого шыр-баян даярдоого, «Кыргыз Левитаны» атка конгон устатыбыз Азиз Исмаилов теле-көрсөтүүгө материал даярдоого барып калдык. Ошондо, музей-бөлмөнүн ачылышындагы  кызыл тасма кесилген соң, келгендер Кулназар Ташиевичтин мамлекеттик жооптуу кызматтардагы өрнөктүү эмгек жолун тастыктаган документтеринин, күбө­лүктөрүнүн өтө таза, аяр сакталганына бардыгы тан  беришкен. Окуу жайдын кадимки эле курсанттар тамактануучу ашкасына сый тамак даярдалыптыр. Азиз аке  экөөбүз аны-муну сүйлөшүп, такташып турганыбызда, Кулназар Ташиевичтин өзү – маараке ээсинин жанында А.Масалиев, Т.Шамшиев, А.Эркебаев сындуу коноктору турганында мага карап:

– Эй, бери карачы, кабарчы  дос,  бу сен экөөбүз мурда, качан учураштык эле? Аравандабы же Ленинскидеби?.. – деп, мага  суроо салып калбаспы, мен:

– Кулназар Ташиевич, сизди, сыртыңыздан көп укканым менен бетме-бет, жүз көрүшкөнбүз ушул, биринчиси… – дедим.

– Койчу, кантип эле… – деди, кыраакы инсан да. Кулназар аке:

– А, баса, кай жердин кулуну болосуз? – дегенче тигиле карап калды.

– Лейлектен болом, Бабылдан, Кулундудан…

– А-аа, болду. Баятан бери сени кайра-кайра карадым, кабарчы досум. Сенден мен Исхак Раззаковичтин айрым белгилерин көрүп, түспөлдөштүрүп  жаткан экенмин. Баскан-турганыңда да окшоштук бар экен…

Бул сөзгө устатым Азиз Исмаилов да, мен да сыймыктанып калдык. Анан, Кулназар Ташиевич далыман  таптап  буларды кошумчалады:

– Бул жердеги салтанаттан соң Азиз акең экөөңдү Куршабдагы уулумдун үйүнө алып кетемин. Силерден башка үч эле конок болот. Экөөсү Өзбекстандан, бири жердешим, акын агам Төлөн Шамшиев. Балдарым тай союшкан. Байбичем экөөбүз кошулсак 7 киши эле болобуз.  Калгандарды үйгө чакырган жокпуз. Ушул жерден эле кайтышат…

Ошентип, диктор Азиз Исмаилов акем экөөбүз кыргыздын дагы бир улуу инсанында конок болуп, Исхак ата туурасындагы баянын укканбыз. Баса, Кулназар аксакал сый дасторконго келген тайдын учасы салынган табакты мага сунуп: “Ушуну, Төлөн Шамшиевичке, сен Исхак Раззаковичтин мекендеши, баласы катары узатып кой?-деп сыймык менен атаганы.

Ушу, баскан-турганымды, өңү- түсүмдү Исхак атага окшоштургандардын бири 16 жыл бою Ош телерадиосун  жетектеген, маркум Толтой Алдыраков боло турган. Өзү томолой жетим өсүп, өз киндигин өзү кесип… Жетилгендердин катарына кошулуп, бир иш сапар учурунда улуу инсан Исхак атанын бешенесинен сылаган жылуу мамилесин дайыма айтып калар эле…

Өткөндө эле, Исхак Раззаковдун 95 жылдыгын Исфана шаарчасындагы стадиондо майрамдап жатканда мен борбордук сахнанын  айланасында телерадиого метериал даярдап жүргөм. Оо, көптөн бери республикабыздын тарых институтун жетектеп жүргөн көрүнүктүү аалым Ж.Жунушалиев да:

– Сен  И. Раззаковичке куп окшошот экенсиң! –деп колумду кысканда, анын жанында турган, министр Султан палван анча-мынча кабары бар эле, өзү да «И.Раззаков» аттуу пьесасын койгон:

– Менин акем… Москвада, адабият институтунда  Исхак атанын үйүнө кирип-чыгып жүрүп окуган. Тууганчылык жайы да бар… – деп аалым агабызга «бышыктап» жиберди.

Эми, Эгемберди Эрматов аттуу атактуу акын, драматург, учурда эл депутаты болгон досумдун арманы туурасында эки сап. Эгемберди экөөбүз институтта удаалаш окудук. Бир ирет Эгембердини Исхак атага жөнөп жатып чогуу барып учурашып келели деп өтүнсөм, ал негедир тарткынчыктап туруп алды. Анан эле ашхабаддык түркмөн курсташыбыз Чарымурат Аширов:

– Эрматов барбаса, мен барайынчы? Исхак Раззаковду түркмөн­дөр да өтө баалашат. Жок дебе, кардашым. Мен эми, жуунуп-таранып келе калайын… – деп камынып  кошо жөнөп калбаспы. Эгемберди досум, барбай калды. Улуу инсанга учурашпай, сөзүн укпай, колун кармабай, азырга чейин бул арманын айтып жүрөт. Учурда түркмөн элинин мыкты кара сөз чеберине айланган Чарымурат досубуз, ошондо барып, жатаканабызга келгенибизден кийин: «Мен пайгамбардай болгон адамдын кебин угуп, колун кармадым!» – деп сыймыктанып айтып, мактанып бир жума бою бети-колун жуубастан өзүн таптаза алып жүргөн. Бул да болсо асыл, аруу, кеменгер атага, зор урмат десек куп  жарашар.

Ушунча болду, Исхак атадан айтылган бир арман: өзүнүн алтымыш жашка толушун утурлай санаа­лаштары, бирге иштешкендери, туу­ган-уруктары менен жүз кө­рүшүү ниетинде өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын соңунда Кыргызстанды түрө кыдырып чыккандыгын жалпы журтубуз жакшы билишет. Ошондогу келишинде кыргыз жерине, өзүнүн элине кайтып, аныгы Айыл чарба институнда иштеп берсемби деген каалоо-тилеги болгон экен. Анын чет жакасын ортого чыгарганда эле, жергиликтүү бийлик башындагы тө­бөлдөр  безге сайгандай секиришип:

– КПСС БКнын токтомун бузалбайбыз… Москвада деле иштеп тураганы оң го… – дешкен болуптур! Арман, оо, асылды алсыраткан АРМАН … Ушул каалоодон кеч да болсо кабар табышкан өзбекстандык үч белгилүү инсан, ичинде таланттуу жазуучу Уктам Усманов да бар, Москвага барганда жолугушуп, атайылап Исхак атага учурашканча:

– Өзбекстан сиздин өнүп-өскөн, чоңойгон жериңиз… Каалагандай кызматка алып кетели… Абасы таза жерге там-таш курдуруңуз… – дешкенде, кайра-кайра рахмат айтып, аларды узатып, интернат үйүнүн чоң эшигин жаба салып, кадимкидей солкулдап ыйлап, терезе түбүндө капастагы туйгундай тунжуруп олтуруп калганын Рауза эненин бир ирет айтканы бар…

Кептин чыны, мындайда кө­бүртмө-жабыртма «көркөм» чалыш сөздөрдүн көлөмүн кыскарта, бир эле чапкан оңдур. Ошентсе да мен Исхак атабыздын тага-журт тарабынын бир жупуну өкүлү, куса болуп жүргөнүндө мээрим толгон  көздө­рүнө тигиле, эч бир кайталангыс, таттуу, мээримдүү сөздөрүн угуп, өтө жумшак колдорун, ооба, таптуу колдорун көп ирет кармаган  катардагы кыргыз атуулу, калем ээси катарында мезгилдүү басма сөзгө, атайын арноо-топтомдоруна чыккан замандаштарынын мыкты-мыкты, таптаза, таамай эскерүү­лөрдүн мол экендигине сыймыктанамын.

Ошолордун арасында мыкты, көр­көм, чынчыл, залкар, Баатыр, гений акын устатым  Сокемдин (С.Жусуев) нар көтөргүс улуу эмгектерин, ыр-романын, жазуучу агабыз Абдыкерим Мырзаевдин «Раззаков» аттуу тарыхый-документалдуу романын, Исхак атанын чыныгы сүйүктүү ишмер кадры Рабия Менсеитованын какшап-какшап айтып жүргөн радио-теле баяндарын, ыйманы бийик инсандардын басма сөздөгү эскерүүлөрүн  атаар элем. Бул таза дил авторлорго миң рахмат. Исхак ата өзү: «Мен эң биринчи тамганы сегиз жашка толгондо гана тааныдым…» дегенин   өз оозунан уккам.

Дагы бир  айтылар улуу чындык, тактык, Кетмен-Төбөдөн Э.Сыргабаев деген ардагер-журналист агабыз: «Мен, Маскөөгө, семинар-жыйынга барганда, метрого түшкөнү турсам, алдыман көөнөргөн костюмчан, колуна баштык кармаган И. Раззаков чыга калды…» -деп жазып жүргөнү бар. Бул, нак жалган сөз. Башка бирөөнү окшоштуруп алса керек. Эгер, И. Раззаковдо Москванын көчөлөрүндө ээн-эркин басып жүрө берүү бактысы, мүмкүн­чүлүгү  болгондо, анда өмүрү узарып, Ата Журтуна, Ала Тоосуна кусаланып, көз жашын көлдөтпөй эле, ыңгай-шартына жараша байма-бай каттап турмак, эй! Жок, ал ошо, өзү жетилген коммунисттик системанын капастагы кушу-булбулу бойдон, буулугуп, «үч тамганын», ал турсун «анын мүрдөсүнөн» корккондордун  тыкыр көзөмөлүндө армандуу жашап өттү го кайран киши. Ар бир кадамы, телефондогу ар бир сүйлөшүүсү көзөмөлдө болгон. Кийим жагына келсек, кексе  курагында да  таза, адеми эле кийинип жүрдү, сынын эч бузбады кыргыздын кыраан-султаны!

Улуу инсан атабыздын, кеменгер-көсөм­дүн колун кармаган биздей балдарынын, кыргыз элинин дили таза инсанынын кылымдык маареке учурундагы ортого салар дил баяндарынын соңуна али чекит коюла элек. Тазалыктын чыныгы эталонундай болгон Исхак атанын рухуна миң ирет таазим! Менин дагы улуу инсан Исхак Атага арнаган ырларым, дастандарым, дил сыры катары сактап жүргөн баян-ойлорум көп. Бул жолку мүмкүнчүлүктө «Исхак Ата мурасы» аттуу ырымды гезит окурмандарына сунуштап коюуну туура көрдүм:

Исхак Ата мурасы

Исхак Ата – нак көсөм мурас кылган,
Илим – аалам жүгүнөр улуу нуска:
Ак дил менен Ата Журт жүгүн тартсаң –
Ашуу, сыноо, сапар-жол болор кыска!

Исхак Ата дап-даана жазып койгон,
Ишмер мүнөз баарысын таба турган.
Жеңил-желпи нан табар азыткы ойдон,
Жалпы калкты калкалап кала турган:

«Коом таза – сен тазасың – журт аруу,
Келечегиң кең болор көөнө кыргыз!
Биз бириксек – эгерим сынгыс каруу –
Биз бир турсак – Күн сүйөр тунук нурбуз!»

Улуу көсөм бир келген кыргызыма,
Улууланар кадыры жылдар сайын.
Жаңы муун туу тутуп турмушуна
Жашайт, доор кербени жылган сайын.

Ата Журттан алыстап, арман ичте,
Ак ийилип сынбасын туюп турган…
Журтташтарын чакырып адал ишке,
Жан сыздаткан тагдырга муюп турган…

Жупжупуну жашоосу даңазадай:
Жаңы муун үйрөнөр-нуска-бата.
Калктар үчүн эң бир так таразадай-
Кылымдарга эталон Исхак Ата!

Турабай Жороев, акын, Ош шары, «Кыргыз туусу», 26.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий