Калкың каалап укпаса, Кан Манас келбейт айтууга

Алтайдан ат арытып катуу келген кан Манас Көлдүн баш жагына келип токтоп: “Кандай керемет, Алтайдагы  көлдү кудум көтөрө келгендей болдук го, чиркин!”, – деп Ысык-Көлгө абдан таңдана, кадимкидей суктанып, бир топ убакыт өргүү кылган экен. Көлдүн күңгөй-тескей тарабына кенен бастырып эс алган баатырдын демин, баатырдын сугун туздуу көл өзүнө оп тарта терең сиңирип, жай чайпала жатса керек. Мезгилдин тээ түпкүрүндө калган ошол учурда көл боорунан далайды тамшанткан, далайды таңданткан ондогон залкар манасчылар чыгаарын бирөө-жарым болжоп, мелжеп айтты бекен, ай ким билет…

Ысык-Көл манасчылардын ордосу…бу?
Көлдөн чыккан улуу манасчылар Саякбай менен Сагымбайдан башка да Тыныбек, Чоюке, Чоң Баш, Алмабек, Нооруз, Назар, Дөңүзбай, Мамбет, Дыйканбай, Шаабай, Каба жана башка касиеттүү манасчылардын баары биз сүйгөн көлдүн жээгинен чыгышканын ким кандай божомолдойт!?

Кайсы билерманкул табият-тын бул кереметине, ушул шайкештигине кандай так-кесе бүтүм чыгараар экен? Менимче, улуу Саякбай атабыз өзү айткандай:

“Сугу түшкөн Манастын,
Деми түшкөн Манастын.
Карасаң көөнүң ачылат,
Жүзү түшкөн Манастын”, – демекчи, көлдүн касиети колдоп, манасчылардын көл өрөөнүнөн көп чыгышынын да сыры, балким, ушунда жатса керек. Тоң районундагы Шор-Булак айылынын кулуну Дөөлөтбек Сыдыковдун манасчылык өнөрү күн санап өөрчүп, далайды тамшандыра баштаганы да көлдүн касиети менен манасчылык өнөрдүн сырдуу байланышы бар экендигинин эң сонун бир далили болсо керек.

Аян болбой, баян болбойт
Дөөлөтбектин атасы Качкын, чоң атасы Сыдык да “Манасты” кадимкидей эргип айтышчу.

Өзгөчө чоң атасы жорго тилдүү, кадыресе эле сүйлөгөн сөзүндө да ыр түрмөгүнүн шапатасы согуп турган өзгөчө чечен адам эле. Айыл турмушунун бейкут кечтеринде бир үй-бүлө өздөрүнчө анда-санда күжүлдөшүп, улуулары “Манас” айтышса, ки­чүүлөрү тыңшап угушчу. Мындай кечтер өзгөчө кичинекей Дөөлөт үчүн өзүнчө бир майрам боло турган. Атадан балага билинбей өтүп келе жаткан өзгөчө касиет, анан да баланын өзүндөгү куйма кулактык шыгы дем бердиби, айтор ал өзү бой тарта чоңойгон сайын анын тээ түпкүрдө кайнаган төкмөлүк өнөрү да улам күчтөнүп, өсө берди. Тес-тиер курагындагы бир элес эч эсинен кетпейт. Балким, манасчылык өнөрдүн эшиги да ошондо ачылса керек. Эсинде, таң супасын сала электе делөөрүп, чоочуп ойгонгон. Улуу “Манастын” өзүндө айтылгандай:

“Түндө жатып түш көрүп,
Түшүндө ыйык иш көрүп…” – дегендей эле болду.Түшүндө кадимкидей жоону көрдү, миңдеген жылкынын дүбүртүн укту, ыйык Кыдыр-Атаны, (балким Жакып Атаны) көрдү, айтор түшүнөн чоочуп ойгонду да, анан өзүнүн башкача бир абалда калганын сезди. Ошондон кийин “Аян болмоюн, баян болбойт”, – деген сөздүн маа­нисин түшүнгөндөй болду. Дегеле манасчылык өнөр табышмак сыр аркылуу келчү ыйык касиет экени анык. Ушундай сырдуу аян Саякбай атабызга 6 жашында келсе, Дөөлөтбек табышмактуу түштү 12-13 жаш курагында көрүп отурат. Ошондон баштап кызый-кызый “Манасты” айта баштаганда кадимкидей эргүү, күч пайда болгонун, улуу сөздү айтып жатканда, балким, өзүнчө сүкүт абалына сүңгүп кирээрин жашыргысы келбейт. Анан өзүнчө бир жакшы тилек, жакшы максат кылып, “Манас” эпосунун кенже бөлүгү “Сейтекти” жаза баштоону чечет. Кадимкидей эргүү келгенде көкү­рөктү кере тээп келген ойлорду, сымаптай көлкүлдөп, куюлушуп турган сөз тизмектерин кагаз бетине түшүрүүгө жетишип үлгүрө албай калган учуру көп болду. Ошентсе да кайра-кайра, улам арт­ка жанып отуруп “Сейтек” кичи эпосунун жаңы варианты, тактап айтканда Дөөлөтбек Сыдыковдун варианты жаралды. Бул манасчылык дүйнө­сүндөгү зор табылга, кыргыздын рух дүйнөсүнө кошулган өзүнчө жаңы булак болгондугу анык.

Бирок төкмөлүк менен жазмакерликти бирге, шайкеш ала кетүү оңойго турбаган, адамдын өзүнүн эркине баш ийбеген өзгөчө түйшүк экенин Дөөлөтбек кийин, “Сейтекти” жазып бүткөн соң түшүндү. Көрсө, ар бир сүрөттөөгө алган кайсы бир теманын өзөгү бир болгону менен, анын айтылышы, анын ошол учурдагы төгүлүшү ар кандай чыгат экен.

Төкмө өнөрдүн төрөсү – “Манас”
Эгерде адам баласында табият берген төкмөчүлүк шык, өнөр болбосо, анда кайсы бир дастанды жаттап алып айтуудан майнап чыкпайт.

Залкар манасчы  Саякбай ата-быз “Манас” айтканда кадимкидей жер дүң­гүрөп, миң-сан жылкынын дүбүртү айланаңды каптагандай, баатырлардын сүрү көз алдыңа келип турганы өзүнчө бир табышмак касиет эмеспи. Ошол сырдуу касиет Саякбай атабыздын өзүндө жаткан таланттын күчү экени да анык. Муну дагы бир ирет кайталап айтып жатканымдын себеби, жаш манасчы Дөөлөтбектин “Манас” айтканынан касиеттүү Саякбай атабыздын ошол шапатасы сезилип турганында. Саякбай жер чапчып айтып өткөн “Манас” жаш манасчы Дөөлөтбектин жаштык деми менен, табият берген таланты менен кайрадан айтыла турган окшоп калды. Менин оюмча, Дөөлөтбектин айтуусундагы “Манас” анын добушу, кол шилтөөсү, ымдоо, жандоосу менен бир башкача көркөмдүү, жарашыктуу айтылат. Анан калса Дөөлөтбектин өзү да, (амандыгын тилейлик) сакадай бою сары алтын дегендей, балким баралына келгенде кудум Саякбай атабыздын өзү сымал кара тору, кызыл жүз, тоголок адам болчудай…

Сөз арасында Дөөлөтбектен: “Балким, ыр да жазарсың?” – деп сурап калсам:

– Кээде ыр түрмөгү көөдөнүмдү жара тээп келген учурлар болот. Ошондо көкүрөктү кере дем алып, көөдөнгө батпаган ыр түрмөгүн төгүп-төгүп алсам кадимкидей эс ала түшөм. Өзүмдүн багытымдын, стилимдин төкмөчүлүктө экенин түшүнө баштадым. Төкмөчүлүктүн ичинен “Манас” айтуу менин жан дүйнөмө өтө жакын, аны айтуудан өзүм ырахат алган учурлар болот. Жогорудагы суроого Саякбай атабыз:

“Салганым кыраан  бүркүт болсо,
Кыргыек салып не кылам?”, – деп жооп берчү экен.

Мен азыр консерваториянын “Улуттук салттуу музыка жана фольк­лор” факультетинин 5-курсунда окуйм. Ректорубуз, белгилүү композитор Муратбек Бегалиев менин өнөрүмдү көрүп, атайын төкмөчүлүк “Манас” бөлү­мүн ачып берди эле. Буюрса, 5 жылдан бери агай-эжейлеримдин аркасы менен фольклор, музыка багытында жакшы билим алуудамын деп ойлойм, – дейт Дөөлөтбек.

Манасчылардын арасынан Карбоз уулу Келдибек манасчыны манасчылар өздөрү “атчан манасчы” деп аташканын билебиз. Келдибек манасчыга байланыштуу “Аттууга жөө тең келбейт” деген ылакап сөз да айтылса керек. Ошол “атчан манасчы” төкмө өнөрдү жогору баалап, анын ичинен манасчылыкка: “Төкмө өнөрдүн төрөсү – “Манас” – деп айткан экен. Бул таамай, так айтылган сөзгө каршы пикир чыкпаса да керек.

Улуу сөздү уга алабызбы?
Төкмөлүктү жогору баалагандар, атайын издеп, кызыгып уккандар бар. Бирок алар өтө аз. Азыр биз сөз майдаланып, сөздүн куну түшкөн кезде жашап жатпайбызбы, аттиң…

Жаштар, жаштар эле эмес, орто муундагылар деле “Манасты” угушпайт жана уга да алышпайт, себеби көпчүлүк Батыштын багытына белчеден батып отурат. Музыка деп кара дүңкүлдөктү түшүнүп, ошону кабыл алганыбыз качан… Байлык деп көр оокатты түшүнүп, жорудай сагалап, туш тарапка чачырап кеткенибиз качан?!

Илгери улуу манасчылар “Манас” айтаарда, эл атайын угууга камынып келип, чак түштө башталып,

“Жылдыз тарап асмандан

Таң супасын салганча”, – айтылган “Манасты” кадимкидей ыйлап, колдоп уккан калкыбыз азыр кайда?

2005-жылы Кытайда өткөн “Манас” эпосуна байланыштуу илимий конференцияга Дөөлөтбек да катышып, “Манас” айтып келди эле. Ошондо өзүбүздүн кыргыздарга караганда кытайлык кыргыздардын “Манас” эпосуна болгон кызыгуусу, сүйүүсү сезилип турганын байкаган. Залкар манасчы Тыныбек айткандай:

“Эр Манас өзү болбосо,
Аккула келбейт тартууга.
Элден каалоо болбосо,
Эр Манас келбейт айтууга”.

Гүлсүн КАРАБЕК кызы, «Кыргыз туусу», 26.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий