Кыргыз жыттанып, кымызга суусаган ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВ

Улуу режиссёр, кыргыздын патриот уулу, кыргыз кереметин тутандырган жалындын бири…» Замандаштары Төлөмүш Океев жөнүндө ушундай дешет. Ал эми кийинки муун ал адамды тасмалары аркылуу билебиз. Кыргыз киносунун «атасы» Төлөмүш Океев тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак.

КЫСКАЧА…

  • Улуу режиссёр 1935-жылы 11-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында туулган. 2001-жылы 18-декабрда, Түркиянын Анкара шаарында каза болгон.
  • Эки кыз, бир уулу бар. Улуу кызы Азиза Океева атасынын атындагы фондду түзүп, жетектеп келет. Уулу Искендер музыка жаатында эмгектенип, Түркияда жашайт. Жубайы Жумаш эже учурда уулу менен Түркияда.
  • 16-ноябрь күнү Москванын Кино үйүндө Төлөмүш Океевди эскерүү кечеси болуп өттү. Жолугушууга режиссёрдун үй-бүлөсү, достору, искусство адамдары катышышты.
  • Тартууга камдаган акыркы тасмасы Чыңгызхан болгон. Бирок, тилекке каршы, бул ишке үлгүрбөй калган.
  • 2002-жылы 17-ноябрда Кыргызфильм киностудиясына Төлөмүш Океевдин наамы ыйгарылган.
  • Гайдайдын “Ы” операциясы” тасмасында үн режиссёр болгон.

БАЛАЛЫКТАН ЭЛЧИЛИККЕ ЖОЛДОМО
“Океев тууралуу” аттуу макалада Төлөмүш ага балалыгы тууралуу мындайча эскерет: “Мына, элүү жашка чыктым. Жөнөкөй арифметика менен алганда 600 ай, 18 000 күн, 432 000 саат… Бул убакытта эмнелер гана болгон жок. Кыялдануу, өкүнүч, жеңиш, жеңилүү… Менин оюмча, эң бактылуу кез – балалык, энеңдин мээрими, атаңдын насааты, жылкынын дүбүртү, комуздун күүсү, манасчылардын дастаны…

Мен боз үйдө төрөлгөм. Көп жерлерди кыдырдым. Бирок балалыгымдын ошол элестериндей жылуу сезимди эч жерден таппадым”.

Боз үйдө төрөлүп, жайлоодо өскөн Төлөмүш ага өспүрүм кезинде эле келечегине жол издеп Фрунзе калаасына келип, №5-мектепке кирет. Орто мектепти бүткөн соң Ленинграддагы Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетинде окуп, үн режиссёр адистигине ээ болот. Барган сайын киного ышкысы артып, Москвага окууга тапшырып, жогорку режиссёрлук курсту бүтүрүп келет.

Аганын тасмаларын көрүп отуруп, балалыктан келечегине жолдомо алгандай сезилет. “Жылкылар” аттуу документалдуу тасмасы режиссёрдун биринчи эмгеги болсо, биринчи жеңиши “Бакайдын жайыты” тасмасы болгон. Бул фильмдин таасирдүүлүгүн ушундан билиңиз, дүйнөлүк 100 мыкты кинонун катарына кирген.

“Ак илбирстин тукуму”, “Кызыл алма”, “Сүйүү закымы”, “Отко таазим”, “Көк серек” тасмаларын элестетсеңиз, дээрлик бардыгында кыргыз руху даңкталып, кымыз жыттанып турат. Советтик көркөм кеңеш анын кыргызды даңктап жатканына да кайыл болуп, дүйнөлүк аренага алып чыккан. Анын тасмаларында жөнөкөйлүк жана реалдуулук басымдуулук кылган.

Океев келечекти көрө билген саясатчы катары да белгилүү. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты, Кыргызстандын Түркиядагы биринчи толук ыйгарымдуу элчиси болгон. Кыргыздын чыгаан уулу 65 жаш курагында оорунун азабынан жарык дүйнө менен коштошуп кете берди. Төлөмүш Океев Анкара шаарында каза болуп, сөөгү өз жерине алынып келинип, “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

ЗАМАНДАШТАРЫ ЭСКЕРЕТ…
Нуртай Борбиев, режиссёр, оператор:
– Төлөмүш экөөбүз киностудиядан тааныштык. Ошол кезде ал үн режиссёр болуп иштеп жүрдү. Төлөмүш энергиясы ашып-ташып турган, ар дайым изденүү менен жүргөн, духу күчтүү адам болчу. Өзүнө жаккан нерсени көпкө издеп түйшөлүп жүрчү да, издеген нерсесин тапса, зор табылга тапкандай барбаңдап калчу эле. Мындай талант чанда жаралат. Ушуга байланыштуу бир нерсени эстеп кеттим. Бир жолу Төлөмүш мага апасынын көргөн түшүн айтып калды. Апасынын айтымында, ал чатырдын үстүнө чыгып алып асманды ар кандай түскө боёп, сүрөт тартып жаткан экен. Кызык түш ээ? Айткандай эле даңкы далайга кетип, фильмдери дүйнө кыдырды. Кыргызды алгач Айтматов китептери менен таанытса, кийин тасмалары менен Океев таанытты. Экөөбүз “Ак илбирстин тукуму”, “Сүйүү закымы”, “Мурас” тасмаларын бирге тарттык.

Кино тартып жүргөн элүүдөй адамдын баарынын кулк мүнөзүн билип, ошого жараша мамиле кылып, тежиктерди да тизгиндеп алчу. Төлөмүштөй кыргызга күйгөн адам аз.

Бир жолу Грузияга конокко барат. Параженов деген мыкты режиссёр бар эле. Ал аябай коноктоп, шаарын көрсөтүп, тарыхын айтып мактанат. Кыязы “силерде мындай тарых да, шаар да жок” дегендей кылса керек. Анда Төлөмүш: “Биз ар дайым жортуулда жүрүп, чеп салганга убактыбыз болбогон. Биздей калктан корккондор силерге окшоп шаарынын алдына минтип чеп салып алышкан. Биздин жашаган үйүбүз силердикине караганда миң эсе гениалдуу. Кана, көрсөтчү, силердин жарым саатта тигилип, он мүнөттө жыйнала калчу үйүңөр барбы?”— деп оозун ачырыптыр. Эгемендүүлүктү алганда да аябай кубанган.

Адам катары Төлөмүштүн дагы бир сапатын айта кетейин. Үй-бүлөсүнө өтө камкор болчу. Түркияда жүргөндө жубайы Жумаш ооруп калды. Ошондо Төлөмүш “мен дарыгер” дегендин баарынан кеңеш алып, Германияга алпарып операция жасатып, жубайын аман алып калды. Жараткандын жазмышы менен өзү каза болуп, азыр Жумаш балдарынын маңдайында…

Гүлсара Ажыбекова, актриса:
– Төлөмүш эч бир эрежеге баш ийбеген, өзүнүн мыйзамы менен жашаган адам эле. Баарыбыз олуттуу отурсак, ал келип алып бирин шылдыңдап, экинчисин күлдүрүп же талаш-тартыш жаратып жиберер эле. Тасмаларында курч сезимди бере алчу. Профессионалдар көп, бирок Океевдей адам чанда гана. Адамдын сырткы кутусун ачып, жан дүйнөсүнө сүңгүп кетчү. Анын көздөрүн мен “Көк серек” тасмасындагы карышкырдын көзүнө окшоштура берер элем. Анткени көздөрүн жүлжүйтүп, бир башкача акылдуу, кашкөй караар эле.

Нуржамал Жийдебаева, «Супер-инфо», №421 26-ноябрь — 2-декабрь, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий