Кинорежиссер Марат САРУЛУ: «Апрель, түштүк окуялары боюнча тасма тартылыш керек»

«Кино тартып жүрөмүн мен кыйноо тартып» деп ырчыларыбыз ырдагандай, азыркы заманда чакан кино жаратуунун өзү кыйын. Бирок, кино тармагына аралашкан адам үчүн кино бир жагынан кыйноо болсо, экинчи жагынан өзүнчө кумар, ырахат. Кино тартуунун күнгөй-тескейи тууралуу белгилүү кыргыз кинорежиссеру, кезинде Чынгыз Айтматов менен биргеликте «Бетме бет», «Саманчынын жолу», «Маңкурт тууралуу ый» тасмаларынын сценарийин жазган, онго жакын тасмалардын автору, КР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, жыйырмадан ашык эл аралык сыйлыктардын ээси Марат САРУЛУ буларды айтып берди.

Марат мырза, алгач жакында көрөр-мандарды кубанта турган жаңылыктарыңызга токтолсок?
Жакында маданият министри Садык Шер-Нияз «Кыргызстан кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү» деген кинодолбоорлор конкурсун жарыялаган. Бул конкурстан менин «Адам жана деңиз» кинодолбоорум өтүп, август айында бул тасманы тартып бүттүм. 45 мүнөткө созулган тасманын акыркы аталышы «Туз» болуп калды. Кудай буюрса, жаңы жылга чейин бул тасманы көрөрмандар көрө алышат.

Азыр ар кандай деңгээлдеги тасмалар тартылып элге тартууланып жатат. Ошол эле мезгилде буларды электен өткөзүп туруп элге көрсөтүү керек эле деген сын пикирлер бар. Буга сиз кандай дейсиз?
Менимче, бул кадыресе нормалдуу көрүнүш. Ар бир кинематографияда профессионалдуу адистер да, профессионал эместер да болот. Буга кооптонуунун кереги жок. Азыр кинонун коммерциялык тармагында өз акчасына режиссерлук билими, тажрыйбасы жок адамдар кино тартып жатышат. Булардын бир гана акча табуу максаты бар. Ошондуктан азыр кинонун эки уюлу болуп турат. Бир жагы коммерциялык болсо, экинчи жагы автордук, чыгармачылык жак. Мындай карасаң, азыр эки тарабында тең мыкты да, начар да киночулар бар. Учурда жеке клубдарда аталышы кызыктай, сапаты начар тасмалар да көрсөтүлүп жатат. Ошол эле мезгилде кинотеатрларда мыкты тасмалар да эл сынына коюлууда. Алардын баарына эле көрүүчүлөр келип жатышат. Бул ар бир тасманын өзүнүн көрүүчүлөрү, катмарлары бар экенин көрсөтүп турат. Андыктан буга көп тынчсызданбай деле койгон оң го.

Көптөгөн кыргыз киночуларынын, ошонун ичинде сиздин да биртоп тасмаларыңыз Казакстанда тартылган. Буга эмне себеп?
— Чынында, кыргыз киночуларынын көбү Казакстанга жыргаганынан кетишкен эмес. 1990-жылдары мамлекеттик кино тармагы дээрлик каржыланбай калды. Ошол мезгилде кыргыздын мыкты режиссерлору Россия, Казакстанга кетип калышты. Мен дагы аргасыздан, каражаттын жетишсиздигенен улам 17 жыл Казакстанда иштедим. Ошол себептен тасмаларымдын көбү ошол жакта тартылды. Жеке эле мен эмес Хасан Кыдыралиев, Мурат Алиев, Бакыт Ниязалиев деген киноишмерлер, киноактер Доктурбек Кыдыралиев азыркыга чейин Казакстанда эмгектенип жүрүшөт. Бирок биз ал жакта канчалык тер төгүп казак киносуна атак алып келбейли, баары бир казактарга өз боло албайбыз. Биз кыргызбыз, биздин менталитетибиз башка. Жандүйнөбүздө баарыбир кыргыз боюнча калабыз. Ал эми эки элдин киночуларынын ортосундагы чыгармачылык байланыш баары бир боло берет. Кыргыз экономикасы эртеби-кечпи, жакшырат. Ошондо жаш продюсерлер көбөйүп, кыргыз киносунун деңгээли жогорулайт. Кыргыз киночулары ал учурда башка өлкөгө кетүүгө деле кызыкдар болбой каларына ишенем.

Ушундай кыйчалыш заманда казак боордоштор кыргыз элине ачык эле бой көтөрүп калышты. Муну эки элдин ортосунда жүргөн адам катары кандай кабылдайсыз?
Азыр казактар менен болгон мамилебизде көйгөйлөр көп. Орто Азия боюнча казактар кыргыздарга тил, салт, менталитет жагынан жакын. Буга чейин кыргыз-казак бири-бирин колдоп келгенин да билебиз. Калыстык менен айтканда, Кыргызстандын башына оор иш түшкөндө Казакстан чегараларын жапты. Муну кыргыз эли өтө оор кабыл алып, көбүнүн казактардан көңүлү калып калды. Балким казак эли бизге жардам бергиси келгендир. Бирок казак өкмөтүнүн чиновниктери Кыргызстандагы демократиялык реформалардын таасиринен коркушту. Ошентсе да кыргыз-казактын ортосундагы туугандык катнаш саясый, экономикалык чөйрөгө караганда маданий чөйрөдө жакшы сакталган.

Түштүк окуясы учурунда биз маалымат согушунан утулуп калдык. Бул боюнча атайын тасма тартып, адилеттикке жете алабызбы?
Россия, Орто Азия, ошол эле мезгилде айрым аймактык ММКлар Кыргызстандагы реформаларга каршы болчу. Ошондуктан июнь окуясынан соң ачык эле кыргыз элине каршы каралоо жүргүзүлдү. Мындайча айтканда, бул Кыргызстанга каршы багытталган маалымат согушу болду. Биз жеңилдик. Бир чети бул окуя кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык коргонуу системасы жок экенин аныктап берди. Өкмөт өзүн коргой ала турган официалдуу сайттарга, маалымат булактарына ээ болуп, мамлекетке каршы маалымат согушуна жооп кылышы керек эле. Ал болгон жок. Каалаганы бизге жалаа жаап, Россиянын телеканалдары окуяны терс чагылдырып турду. Кыргызстан келечексиз мамлекет катары мүнөздөлдү. Ошон үчүн менде жарым жылда биздин башыбыздан өткөн окуяларга тасма аркылуу баа берүү, анализ кылуу идеясы бар. Бул боюнча документалдуу фильм тартайын деп жүрөм. Апрель, түштүк окуялары боюнча канчалаган жыйындар өтүп, чет өлкөлүктөр катышты. А аларга биз анализ кыла турган бир дагы документалдуу фильм көрсөтө алган жокпуз. Мындай тасманын долбоорун мамлекет каржылашы керек. Ага көп деле каражат кетпейт. Бирок, анын саясый, идеологиялык таасири чоң болмок. Буга биздин киночулар даяр, а өкмөт даяр эмес.

2008-жылы эл аралык кинофестивалдарды калыс, таза өткөрүү демилгесин көтөрүп чыктыңыз эле. Ал идеяңыздын акыры кандай болду?
Албетте, ар бир эле эле кинофестивалда татыктуу баа берүү боло бербейт. Мындайча айтканда, кинофестиваль — бул лотерея. Бирде татыктуу сыйлыкка ээ болосуң, бирде кандайдыр бир киного байланышпаган себептер менен татыктуу болсоң да сыйлыксыз каласың. Менимче, муну жүрөккө жакын кабыл албай, буга философиялык мамиле кылуу керек. 2008-жылы эларалык «Евразия» киносынагында саясый себептерден улам туура баа берүү болгон эмес. Бирок, муну менен бардык эле кинофестивалдарда калыстык болбойт дегенден алысмын. Ошентсе да биз кийин эл аралык кинофестивалдардагы бут тосууларды, акыйкатсыздыкты жоюу максатында «Бишкек-Дерби» эл аралык кинофестивалын өткөрүүнү көздөгөнбүз. Тилекке каршы, каражаттын жоктугунан ал ишке ашпай токтоп турат. Каржы маселесин чечсек, бул Борбор Азияда эле эмес, КМШдагы кызыктуу фестивалдардын бири болот го деп ойлойм.

Сиз Борбор Азия киносу Батыштын көчүрмөсү болбош керек деп жүрөсүз. Батыштыкынан биздики эмнеси менен айырмаланып турушу керек?
Кыргыз киносу кайсы бир өлкөнүкүн, айрыкча Американыкын туурабаш керек, туурай да албайбыз. Анткени АКШ азыр коммерциялык кино жасап жатат. Алардын коммерциялык зор Голливуд киноимпериясы бар. Так ушул империя Американын көз карандысыз киносун жок кылды. Бул АКШ маданияты үчүн чоң трагедия. Бүгүн бул өлкөнүн көз карандысыз, таланттуу киночуларынын күн көрүүгө, чыгармачылыгын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Анткени, кино тармагынын дээрлик 90 пайызы коммерциялык болуп калган. Ал жерде кинонун өзөгү, мааниси эмес, акча негизги ролду ойнойт. Ошондуктан Кыргызстанда коммерциялык кинону түзгөн күнү да өзүбүздүн темалар, өз каармандарыбыз менен тасма жаратышыбыз керек. Бизде кино тартууга темалар өтө көп. Аны азыраак каражат менен кызыктуу тасмага айлантууга болот. Мисалы, кыргыз көрөрманы чет өлкө детективин көргөндөн көрө кыргыз детективин көрсүн. Бирок аны профессионалдык деңгээлде жаратышыбыз керек. Менимче, европалык киноүлгүлөр бизге жакыныраак. Андан жакшы нерселерди алсак болот.

Марат мырза, режиссерлук кылуу менен бирге эле ар түрдүү сценарийлерди да жазып келесиз. Экөөнүн кайсынысы жандүйнөңүзгө жакын?
Мен алгач кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, андан соң Москвадагы киноакадемияны аяктагам. Андыктан мен жаза да алам, кино да жарата алам. Кандайдыр бир идеядан сценарий жазып, аны реалдуу тасмага айлантам. Чынында бул эки кесип бири-бирин толуктап, мага жардам берип турат. Минтип айтканымдын себеби, бардык эле режиссерлор жакшы сценарий жаза алышпайт. Кинодраматург, сценаристтик кесип өзүнчө чоң адистик. Сценарист болуш үчүн ойду, идеяны мыкты сценарий кылып жаза билиш керек. Бул жагынан алганда мен утуштамын. Сценарий жазуу менен биртоп белгилүү режиссер, авторлор, кызыктуу адамдар менен да иштешип калдым. Алсак, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен биргеликте бир нече сценарийлерди жазып, иштештим. Казак, орус, немис, француз режиссерлору, киночулары менен, Актан Арым Кубат менен да иштештим. Мунун баары мен үчүн эң чоң тажрыйба болду. Азыр менде эс алуу жок. Тасма тартпай турсам сценарий жазам. Кийин ал сценарийлерден тасмалар тартылат.

Кинорежиссерлук жактан алганда сиз реалдуулукка жакынсызбы же идеягабы?
Мен тигинисин да, мунусун да байкап көргөм. 1993-жылы «Күрүлдөгөн дайра, мемиреген деңиз» деген субъективдүү кино тарткам. Кийин «Мандала», «Алтын кыргоол» деген реалдуулукка жакын кинолорду жараттым. Азыр ойлоп көрүп, идея менен реалдуулукту бириктириш керек экен деген жыйынтыкка келдим. Анткени биздин жашап жаткан жашообузда идея да, реалдуулук да, натуралдуулук да бар. Мисалы, түшүбүздү алып көрөлү, ал реалдуу эмес. Анан биздин фантазиялар дүйнөбүз, чыгармачылык деген бар. Кыскасы, биздин турмушта баары бар. Ошол эле түштү кинодо реалдуулукка айлантса болот. Ошондуктан кинематографтын өзүнөн жекелик сапат табуу кыйын. Башкача айтканда, кинодо өз стилиңди, жүзүңдү, жекелигиңди табуу татаал.

Кинонун эң жакшы ырахаты жана азабы кайсы?
— Кинодогу негизги азап — режиссердун эркиндигинин жоктугу. Мисалы, мен «Түштүк деңиздеринин ыры» деген тасмамды Германия, Франция, Россия менен биргеликте тартып, Германияда монтаждадым. Бирок немистердин көрсөтмөсү менен болгондуктан өзүм каалагандай монтаждай алган жокмун. Ушундай учурларда эркиндик жок кыйналасың. Кээде тасма тартууга керектүү каражат болбой калат. Бул да эркиндиктин жоктугу. Сени акча берген адам же продюсер башкарып, мындай тарт, андай монтажда дегени кинонун жеткен азабы. А кинонун ырахаты — бул кино тартуу процесси. Тасма тартып жатканда иш ойдогудай жүрүп турса мындан өткөн бакыт, ырахат болбойт. Тасмаң жеңип алган сыйлык да кинону тартуу процессинчелик ырахат тартуулай албайт.

Аңгемелешкен Мелис СОВЕТ уулу, «Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий