Өнөр дайым эле өргө тартпайбы?

Кыргыздын маданиятын, музыкасын, алыска таанытып, анын жүзүн ачкан улуттук аспаптардын абалы азыр кандай? Теледен, же сахнадан уккан жагымдуу музыканын ары жагында кандай көйгөй жатканы эч кимдин башын оорутпаса керек. «Улуттук аспаптарды жасоо, аны кайра оңдоо учурда биртоп көйгөй жаратууда» дейт атайын адистешкен уста Сураган АЙДАРАЛИЕВ. Анын музыкалык аспаптарды жасап, оңдогон кичинекей устаканасына баш багып, бул жердеги көйгөйдү Сураган мырзанын өз оозунан уктум.

Улуттук аспап керекпи, жокпу?
— Башка мамлекеттерде улуттук аспаптарды жасоочу, оңдоочу атайын устаканалар бар. А бизде андай атайын устаканалар жокко эсе. Ошондуктан 2006-жылдан кийин Дастан Сарыгулов мамлекеттик катчы болуп турган кезде улуттук аспаптарды сактап калалы деп кат жазып кайрылгам. «Эгерде атайын жер бөлүп берсе, ал жакка мектеп куралы, кыргыз элинин улуттук аспаптарын жасап, оңдоону кийинки муундарга да үйрөтөлү. Антпесе ушундай усталар өз арбайын согуп, башка иштерде жүрүшөт» деген маселени айткам. Менин маселемди уккан Д.Сарыгулов эч кандай аукцион дебей үйүнүн жанынан мектеп ачуу үчүн жер бөлүп берилсин деп виза коюп, шаар мэрине жиберди. Агезде шаардын мэри А.Ногоев эле. Мэрге кирсем, ал карап туруп эле архитектурага айдады. Архитектурага барсам, алар дагы башка жакка жиберди. Ошентип, жердин картасын түзүп, курула турган курулуштун жерин чийгенге эле 15 миң сомдой кетти. Документтер бүтүп калганда шаардын мэрлигине Данияр Үсөнов келди.

Кыргыз маданиятын ойлобогон өкмөт
Андан кийин мага бериле турган жер мыйзамга ылайык сатылышы шарт деп аукционго коюу үчүн гезитке жарыя беришти. Бул аукционду шаардык архитектура башкармалыгы уюштуруп, эки киши катыштык. Кызматкерлер аукциондогу жерди документке 30-40 миң сомго сатып алдым деп жазыңыз, андан арзан болсо комиссия карабай коет дешти. Ал жерден 30 миң сом берем деп, эптеп жерди алыш үчүн кол койдум. Ошол жерден аукциондон мен уттум деп формалдуу документ даярдадык. Тийешелүү документтердин баары топтолуп, 49 жылга ижарага берүү үчүн комиссия токтом чыгарып берди. Муну мэрия карап, акыркы токтомду чыгармак. Бирок мэр Данияр Үсөнов бир жылга эле ижарага берилет, же биротоло сатып алып, тезирээк курулуш иштерин баштасын деп болбой койду. Өзүм жалгыз болсом, килейген мектепти кантип бир жылдын ичинде куруп бүтмөк элем. Ошол боюнча алынган жер иштетилбей, сатып алууга мүмкүнчүлүгүм жок токтоп калдым. Ижара маселеси чечилелек жердин четтерин эптеп тосуп койдум. Ушулардын баары эле биртоп каражатты талап кылды. Эми ал жерди да комиссия чечет экен, 10 миң долларга жакын болот деп баалап атышат. Менде анчалык каражат жок. Бир жылдык ижарага берген токтомдун мөөнөтү өтүп кетти. Кайрадан 49 жылга бергиле деп арыз жаздым. Бирок комиссия он жылга берилет деп чечим чыгарды. Он жылга ижарага берилсе, 49 жылга төлөнчү сумманы он жылга бөлүп, эки-үч эсе кымбатка туруп калат экен. Жылына төгүлчү ижара акысы да кымбат болоорун айтышты.

Мектепти эки кабаттуу кылып куруу максатым бар эле. Алдыңкы кабаты устакана болсо, үстүндө балдарды окутуп, музыкалык аспаптардын чиймелерин, оңдоону, ноталарды үйрөтөйүн деген оюм бар. Негизи бул маселени өкмөт көтөрүп, кыргыздын улуттук аспаптары жоголуп кетпөө үчүн жардам бериши керек эле. Мисалы, азыр мага комуз же башка музыкалык аспаптарды жасоого, же оңдоого алып келишет. Мага алып келген комуздардын көлөмү ар кандай. Кээ бирөө мойнун узун кылса, кээси чарасын узартып коет. Негизи бирдей үлгү болушу керек. Аны бир жолго коюш үчүн элдик аспаптарды жасап, оңдоп үйрөтүүгө мектеп менен бирге усталарды чогултуп, тажрыйба алмаша турган борбор ачуу зарыл эле.

Азыр мага кайрылган кардарлардын бузулган аспаптарын оңдоп берүү үчүн устаканам абдан тар. Эки киши араң иштейт, дагы бир окуучум бар. Кененирээк жай болсо төрт-беш баланы бул ишке үйрөтө баштайт элем. Аспаптарды көбүрөөк жасасак элге таралышы да жакшы болмок. Учурда бир айда ашып кетсе беш комуз жасайм. Бул деңизге тамган тамчыдай эле болот.

Скрипка, гитар жасагандар да бар
Музыкалык, элдик аспаптарды жасоо өзүнчө чоң искусство. Ага ылайыктуу материалдар керек. Мисалы, комуз жасоо үчүн материалдарды мындан төрт-беш жыл мурун Баткенден алып келгем. Аларды кургатып жакшы сактаса көпкө чыдайт. Бир тактайдан диаметрине жараша төрт-беш комуз чыгарса болот. Мурда комузду оюп чаап жасачу. Андан абдан көп таштандылар чыкчу. Азыр тактайды тилип, ийип, формасына келтирип жаңыча ыкма менен жасап атам, бул үнөмдүү жана сапаты жагынан да мыкты. Бул чаптама комуз деп аталат. Азыр кыргыздын музыкалык аспаптарынан башка да казактын домбурасын, орустун балалайкасын, мандалинин, төрт кылдуу домбура (плектрин), гитара, оркестрге ылайыктуу кыяк, кыл кыяк, прима кыяк, альт кыяк, бас кыяк, бас комуз, добулбас жана башкаларды жасайм. Эми жашым элүүдөн ашты. Дагы канчага чейин иштегенге мүмкүнчүлүгүм болот, ошого чейин кийинки муунга үйрөтүп кетсем жакшы болоор эле. Азыр мурункудай болуп музыкалык аспаптарды оңдоо боюнча Москвадан же Ташкенттен окуп келем деп эч ким деле барбаса керек.

Менин окуучуларым деле көп. Алардын ичинен Акунов Турат скрипка жасоо боюнча кыргыздан чыккан биринчи уста. Нурлан Нышанов деген окуучум үйлөмө аспаптарды жолго коюп, көбөйткөн усталардын бири. Азыр ал балдар өзүнчө иштеп атышат. Негизи, бир эле комузду жасаш үчүн канча күч, канча энергия кетет. Ушул мекемени куруп, ичинен аспаптарды жасап, оңдоп, окуучуларды үйрөтө баштагандан кийин деле өкмөт ижара акысын сураса төлөп берер элем. Азыр эч нерсе курулбай иштебей турган жерге эле акча төлөтүп атат. Буга чейин бош турган жерге бир жылдын ижара акысына 30 миң сомго чукул төлөгөм. Азыркы карызыбыз 50 миң сом болуптур. А негизи өкмөт улуттук аспап жасаганым үчүн мага жардам бериши керек эле. Чындыгында усталардын кадыр-баркы жок. Мисалы, башка системадагы бардык адистерге ылайыктуу наамдар бар. А бизде өкмөт тарабынан берилчү эч кандай наамдар да, башыбызды бириктире турган союз да жок. Ушунча жыл эмгектенип келатып наам деле алган жокмун. Жасаган музыкалык аспаптардын ичине өзүмдүн аты-жөнүмдү жазып, кол коюп коем, кийин ушул уста жасаган турбайбы деп эскерсе ошол мен үчүн чоң наам деп ойлойм.

Комузду кантебиз?
Мурда кыл кыякты чанда гана музыкант ойноп, алардын ичинде маркум Толтой Мураталиев бар эле. 1987-жылдары филармониянын астына эксперименталдык устакана ачкан элем. Ошондон баштап, кыргыздын элдик музыкалык аспабы кеңири тарап, фольклордук топтор түзүлө баштады. Ошондон кийин филармонияда «Камбаркан» тобу ачылды. Ошол кезде Нурлан Нышанов Токмокко ырлардын кароо сынагына Баткен облусунун Бужум айылынан келген аксакал Каар Саламов деген кишиден чопо чоордун үлгүсүн алыптыр. Андан кийин эле бул музыкалык аспап кеңири тарап, азыр көп колдонулуп жатат. Буга чейин чопо чоор унутулуп бараткан эле, Нурлан Нышанов алып келгенден кийин бир нукка түштү. Эгерде бизге көңүл бөлүнбөсө комуз да унутулуп калабы деп чочулайм.

Белек берерде гана эстешет
Консерваториянын кичинекей бир бөлмөсүндө музыкалык аспаптарды оңдоо үчүн анын ректору Мурат Бегалиевге кирсем, ал ушул бөлмөнү бөлүп берди. Ал киши мени түшүнүп, ылайыктуу шарт түзүп бергенине ыраазычылыгымды билдирем. Буга чейин КМУСТАнын ичине устакана ачып, Агахан фонду биздин ижара акыны ай сайын төлөп турчу. Кийинчерээк алардын акчасы тартыш болгондуктан ижара акы төлөө бизге оор болду. Агахан сыяктуу фонддор кыргыздын маданиятына жардамын берип атса, эмне үчүн биздин жогору жактагы чиновниктер кош көңүл карашат? Кыргыздын музыкасы дүйнө жүзүнө жагып, элибиздин маданиятын даңазалап, көргөзүп атат. Мисалы, кечээ эле Бишкек мэриясынын музыкалык аспаптар оркестринин бетачаары болду. Анда ойнолгон алдыда жүрүүчү музыкалык аспаптардын көпчүлүгүн жасап берген элем. Мэрияга ушундай музыкалык аспаптарды жасап, маселесин чечип берип атсам деле жардам бербей келет.

Мурунку биздин экс-президенттердин тапшырмасы менен менин колуман жасалган музыкалык далай аспаптар башка өлкөлөрдүн президенттерине белекке берилген. Казакстандын президенти Н.Назарбаев үчүн казактын домбурасы менен кыргыздын комузун жасагам, Россиянын президенти В.Путинге да балалайка менен комуз белек да менин колуман жаралган. Андан тышкары мен жасаган комуздарды чет өлкөлөргө алып кетип атышты.

Жаңы технология менен жасалган чаптама өрүк комуз 3500-4000 сомдун тегерегинде турат. Сапатына жараша андан кымбатыраак же арзаныраак да болушу мүмкүн. Негизи комуздарды сатыкка чыгарбайм, алар заказ менен жасалат. Жакында кытайлык кыргыздар музыкалык оркестр түзгөнү жатышыптыр, ага аспаптарды жасатуу үчүн мага заказ беришти. Эгерде мектеп курулуп калса алыскы аймактардан жаштарды окутуп, үйрөтүп, жатакана ачып, бир маал ысык тамагынан бери уюштурсамбы деп ойлогом. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңүүдө. Азыр иштебей жөн эле турган жерге 50 миң сомду кантип төлөйм деп башым катып турат. Бизге көңүл бөлбөгөн жогору жактагылардын карабаганына кейийт экенсиң. Бул кесибим менен башка өлкөгө Казакстанга деле кетип калмакмын. Бирок мен өз элимдин патриотумун. Бул ишти баштагандан кийин бир жолго койсом деген тилегим бар. Президент Р.Отунбаева эжекебиз маданиятка жакшы көңүл буруп атат, биздин ушул көйгөйдү чечип, жолго коюуга, ижара маселесине жардам берсе жакшы болоор эле. Маданият министрлигине да далай жолу баргам, бирок эч жыйынтык чыкпады.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий