Аны менен иштешүү жагымдуу эле

1945-жылдын октябры. Пишпек темир жол станциясында Төрөбай Кулатов баштаган Кыргыз өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин тобу турат. Алар Кыргызстандын Эл комиссарлар советинин төрагалыгына дайындалган Исхак Раззаковду тосуп чыккандар эле.

Тагдырдын жазмышына ылайык, 8-9 жаш курагында туулган жеринен кеткен И. Р. Раззаков арадан 27 жыл өткөндөн кийин өз үйүнө, Ата Мекенине кайтып келе жаткан эле. Ошондо ал 35 жашта болучу…

Кыргыз ССР Жогорку Совети-нин кезексиз сессиясы. Трибунадан жаш жетекчи депутаттарга кайрылып жатты: “Эгерде мага ишеним көрсөтүлүп калса, депутаттар да, мен да ишке бир кишидей, активдүү киришсек, бири-бирибизди урматтап, жакшы иштешсек, ал эми, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети мага жардам берсе жакшы болор эле. Ал эми, биздин бардыгыбыздын алдыбызда эң эле кыска мөөнөт ичинде согуштан кийинки бардык маселелерди че­чүү, адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу милдети турат”.

“Анын кыска жана нуска сүйлөгөн сөзү сессиянын катышуучуларына дароо эле катуу таасир этти жана жакшы пикир жаратты, – деп эскерген ошол кезде Ош облустук аткаруу  комитетинин төрагасы болуп иштеп жүргөн Кадыркул Кач-кеев. – Биз бир добуштан Исхак Раззаковду Республиканын Министрлер Советинин төрагалыгына шайладык”.

1947-жылы мен ден соолугума байланыштуу армиядан демобилизацияланып, аялым жана кичинекей кызым менен Фрунзе шаарына келдим. Согуш бүтүп, жарандык тынчтык турмуш башталган учур эле. Көп өтпөй мени Министрлер Советине чакырышты. Иш башкармалыгынын башчысы А.Силкин мени Министрлер Советинин төрагасынын кабинетине ээрчитип баратканда айткан “аксакалга” аңгемелешүүгө алып келди да, “кабинетке киргин”  деди. Мен аскер формачан элем. Мен кабинетке кирип, аскер адамы катары рапорт берип жибериптирмин: “Жолдош аксакал”, сиздин буйругуңуз боюнча келдим”. Олтурган столунан татынакай жаш жигит туруп келип, жылмая күлүп туруп: “Сиз жолдош Колосов, “аксакал” деген сөз эмнени туюндурарын билесизби?” – деп сурады. Мен минтип жооп бердим: “Бул сиздин фамилияңыз окшойт го”. Ал күлүп, мындай деди: “Аксакал “ орусчага сөзмө сөз которгондо “белая борода” дегенди билдирет. Улгайган даанышман адамдарга кыргыздар ушинтип кайрылышат, а мен болсм 37 жаштамын жана өзүңүз көрүп тургандай, сакалым да жок. Ал эми, сиз канча жаштасыз?” “27 жаштамын”, – дедим мен.

Биз ушинтип таанышканбыз. Исхак Раззакович менден үй-бүлөм, кайдан окуганым, кайсы жерде кызмат өтөгөнүм жөнүндө, жапон тилин үйрөнүү оңойбу же кыйынбы (согуш мезгилинде мен Сахалинде аскердик кызмат өтөп, аскердик котормочу болгом) деп сурады. Андан кийин Исхак Раззакович мен анын жардамчысы болуп иштээримди айтты. Ошону менен бирге, ал менден жарандык терминологияга тезирээк өтүшүмдү, цивилизациялуу жашоо-турмуш образын жана келгендер менен жагымдуу баарлашууну өздөштүрүшүмдү өтүндү. Мени өзүнүн эки жан сакчысы менен тааныштырды.

Мына ушул укмуштуудай адам менен менин иштешүүм ушинтип башталган. Ушунчалык жогорку кызматта иштесе да, ал ушунчалык карапайым адам эле. Мен өзүмдүн жардамчылык ролумду тез эле өздөштүрдүм, бул киши менен иштешүү мага ушунчалык жеңил жана кубанычтуу эле. Биз ал кезде эртең мененки саат 9дан түнкү саат 3кө чейин иштечүбүз, түшкү тамакка да барчу эмеспиз.

Көп өтпөй мен Исхак Раззаковичтин оюн айттырбай биле баштаганымды туйдум. Мында мага аскердик чалгындоодо иштегеним жардам берди окшойт.

Исхак Раззаковдун иш стили аябай калыптанган жана секундасына чейин эсептелген. Түнү бою чогулуш канчалык узак болбосун, ал жумушка ар дайым эртең мененки саат тогузга жакын келчү, келгендерди кабыл алуу белгиленген убакта жүргүзүлчү, документтер менен иштөө так аныкталган убакта аткарылчу. Бюронун отуруму кечкисин гана – түнкү саат тогуздан 12ге чейин өткөрүлчү. Отурумду так жана кызыктуу өткөрөр эле. Карала турган ар бир маселенин канчалык татаалдыгына байланыштуу күн тартиби регламенттелчү. Документтерди тез эле окуп чыкчу жана аткарылуу мөөнөтүн ачык жана так көрсөтүп, өз колу менен резолюция койчу. Кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө аябагандай катуу болучу.

Исхак Раззакович адамдарды аябай  урматтаар эле. Эртең менен эрте ишке келе жатып, ал адегенде коридордо келе жаткандар – бөлмө тазалагычтар, аны кабыл алуу бөлмөсүндө күтүп турушкан жардамчыларына чейин кол берип учурашар эле. Өзүнүн орун басарларына, министрлерине, иш боюнча жолугушууга туура келген аппарат кызматкерлерине насаат айтып, кылдаттык менен алардын кемчилигин оңдоого түрткү берер эле.

Исхак Раззакович эч качан өзү жалгыз жекече мамлекеттик маанилүү чечим кабыл албоо принцибин катуу кармаган. Иш боюнча өз жолдошторунун практикалык тажрыйбаларын жана сунуштарын эске алуу менен жолдоштук маанайда, коллегиалдуу талкуулоодон кийин гана чечим кабыл алуучу. Өзүнүн ой-пикирин ал эч качан таңуулаган эмес, бирок, логикалык түрдө негиздеп кандай чечим кабыл алуу максатка ылайык болорун ынандырууга аракеттенүүчү. “Кадрларды мектеп партасынан даярдоо, жеке жүрүш-турушу менен өрнөк көрсөтүү, алардын мекенчилдигин, жоопкерчилигин өнүктүрүү керек”, – деп көп айтуучу ал.

Исхак Раззаков жогорку билимдүү экономист болгондуктан, ал адистердин кеңири катышуусунда республиканын эл чарба тармактарын өнүктүрүү багыттарын, республикалык түзүмдөрдү башкаруунун бардык звенолору үчүн стратегиялык максаттарды жана практикалык милдеттерди илимий жактан негиздеген жана аныктаган.

И.Раззаков чыныгы мамлекеттик жана алысты көрө билген ишмер болучу. Ошентип, 1956-жылы эле ал экономикалык жана маданий маселелерди чечүүдө союздук республикаларга кеңири укук берүү, аларга түздөн-түз башкарууга айрым ишканаларды эле эмес, ошондой эле, эл чарбасынын бүтүндөй тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө маселени негиздөө менен тартынбастан КПСС БКга маселе койгон.

Ал дагы бир принциптүү маселени – укуктук база түзүү маселесин көтөргөн. Анткени, Исхак Раззаков Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдарын иштеп чыгуу жана бастырып чыгаруу мезгили бышып жетилди деп эсептеген, алар жалпы союздук укуктук жоболор менен катар эле жергиликтүү улуттук өзгөчөлүктөрдү да  чагылдырышы керек эле.  Натыйжада кийинчерээк Республиканын Жогорку Совети тарабынан андай кодекстер иштелип чыккан жана мыйзамдаштырылган болучу.

Ал ошондой эле, зор жоопкерчилик сезим жана жарандык каармандык менен союздук республикалардын аймактык чек аралары жөнүндөгү маселени көтөргөн. Ал тайманбастан эле союздук бир республиканын аймагында экинчи республиканын “аралчалары” жана “жарым аралчалары” жайгашып турган баш аламандыкка таптакыр жол берүүгө болбойт деп ар дайым айтып келген.

И.Раззаков Кыргызстандын элинин ден соолугу жөнүндө маселеге зор маани берген жана камкордук көргөн. Тактап айтканда, ал бул маселени Борбордук Комитеттин бюросунда жана Өкмөттүн жыйынында караган. Мунун натыйжасында 1957-жылдын 1-октябрынан баштап республиканын бардык мектептеринде 1-4-класстардын, ал эми, 1958- жылдын 1- январынан баштап 1-7-класстардын окуучуларына акысыз ысык тамак бериле баштаган.

Исхак Раззакович республикалык, облустук, шаардык жана  райондук деңгээлдеги жетекчилерди аябагандай кылдаттык менен тандаган. Жаш, келечектүү, өсүп бараткан кадрларды тайманбастан көтөргөн, зор ишеним арткан жана аларга тапшырылган ишке жогорку жоопкерчилик менен мамиле жасоого тарбиялаган.  И. Раззаков менен бирге иштешкендер аны кудайындай көрүшчү жана “коркконунан” эмес, урматтаганынан абийирдүүлүк менен жашы иштешкен.

И.Раззаков өзү жетим болуп өскөн жана муну эсинен чыгарган эмес, жетим балдарга өзгөчө көңүл  бөлөр эле жана аларга аябай камкордук көрүүчү. Анын жубайы Розалия Ихсановнанын айтымында, алар Исхак Раззакович экөө жетим балдар үйлөрүнүн бирине барышат.  Алар топтошкон балдардын ортосунда калышат. Алардын бири – кичинекей, өткүр, кара көз бала Розалиянын мойнуна тырмышып жетип кучактап: “Сен менин апамсың”, – деп кыйкырып жиберет. Исхак Раззакович ошондо мындай дейт: “Мына эмесе, биздин кичинекей уулубуз табылды”. Ошентип алар баланы өздөрү менен кошо ала кетишет да, өздөрүнүн жети жашар Эрик деген уулу менен тааныштырышат, андан соң асырап алышат да, Эмил деген ат коюшат. Раззаков жубайлар мындай дешчү:

“Чоочун балдар болбойт. Балдардын баары кимдир бирөөнүн уулу же кызы жана алар ата-эненин мээримине жана камкордугуна муктаж”.

Ошол каардуу согуш жылдарында, Өзбекстандын эл агартуу комиссары болуп иштеп турган кезинде Исхак Раззаков Ташкентте жетим балдар үйүн уюштуруп, ага бүткүл союздан жетим балдар алынып келинген.

Исхак Раззаковичтин Эльвира аттуу кызы мындай деп эскерет: “… ал жөн эле ата эмес, баарынан мурда, эң бир жакын, эң бир сүйүктүү досубуз эле. Ал эч качан узун жана көңүлсүз насаат айтуучу эмес, биз менен ар дайым мээримдүү, досторундай сүйлөшүүчү”.

Иван Колосов, “Кыргыз Туусу”, 03.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий