“Азыр эки нерсени көтөрүшүбүз керек: улуттун маданиятын жана түштүктөгү элибиздин духун!..”

– Жакында түштүктө болуп  келген экенсиздер, адегенде ошол  тууралуу кеп кылсаңыз? Бул сапарыңыздардын максаты кандай болду?

Асан ЖАКШЫЛЫКОВ, Кыргыз эл жазуучусу, “Манас эл” кыймылынын төрагасы:
– Эмне үчүн кыргыз байыркы эл катары өлбөй-житпей, жоголуп  кетпей жашап келе жатат? Анткени, кыргыздын энергетикасын Ала-Тоонун төрт аймагында кармап, колдоп  турган  Манас бабабыз, Сактан атабыз, Түпкү Түмөн атабыз, Угуз хан атабыз сыяктуу пирлерибиз бар. Ушул төртөө кыргыз жерин, кыргыз элин төрт багыттан коргоп, колдоп турат. Мисалы, Угузхан атабыздын руху Алайда анти уйкуда жатат жана ошол тарапты колдоп, коргоп турат.

Пир аталарыбыздын атын атаган сайын жерлерибиз касиеттенет. Алардын энергетикасы жер аркылуу элибиздин боюна, каны-жанына өтөт. Мисалы, тоолуктар эмне үчүн тоого  окшош болушат? Тоолуктар касиетти, энергияны, анткени тоолордон алышат. Ал эми улуу тоолордо биз пир туткан аталарыбыздын руху жатат жана алар тоолордун кудуретин калыптандырат.

Ошентип, пирлерибиздин, жерибиздин, элибиздин духу дайыма байланышта болуп турат. Ошолордун биринен эле кемчилик кетсе, мисалы, пирлерибизди унутуп, аларга такай бата жалгабай калсак, алар сөзсүз алсыздана башташат. Эл болсо, алардын руханий күчүнөн сыртта калсак, анда ар кайсы элдин аркасынан эрчиме, туурама, бечара элге айланабыз. Акыры жок болобуз.

Түштүккө барып келгенибиздин жөнү ушул, Угузхан атабыздын Алайда туулганы, Алайда анти уйкуда жатканы анык экенин билгенден кийин, атабызга барып куран окуп,  таазим кылып келиш үчүн “Манас эл” кыймылы барып келдик.

Түштүктүн эли муну кандай кабыл алышты?
– Түштүктө, бул тууралуу көбү билишпейт экен. Албетте,  аябай таң калышты. “Угузхан өзүбүздүн атабыз экенин билбей жүргөн турбайбызбы. Биз эми изилдешибиз, илимий жактан такташыбыз керек деп сүйүнүп калышты. Биздин улуу рухубуз бар турбайбы”, – дешип Гүлчөдө атайын кан чыгарып – мал союп, чоң бата кылышты. Оштон да барышты, манасчылар чогулуп “Манас” айтышты. Комузчулар күүлөрдү чертишти. Кыскасы, кыргыздын маданий майрамына айланды. Андан соң Жалал-Абадга, Ошко бардык. Ушул жерден сөзсүз айта кетүүм керек, кыйраган шаарлардын кейпин көрүп бир катуу зээним кейип, жүрөгүм ооруду. Көп кабаттуу бир чоң тамда он чакты эле үй-бүлө жашап жатканы, анан да адамдардын дагы дале бири-биринен корккондой маанайы байкалат. Ошолорду көрүп туруп, мен бир нерсени түшүндүм. Биз эки тараптуу уруш эмнеден келип чыккандыгын ачык айтып, ак сүйлөшүбүз керек экен.

– Мисалы?
– Мисалы, ошол эле өзбек элинин энергетикасын бузган бузукулар тууралуу айтышыбыз керек. Эгерде биз чууну ким баштаганын, элди ким кыргандыгын, “Кыргызстанда автономдуу республика болобуз!” – деп аракет кылгандарды, кыргыз мамлекетин бөлүп-жарам деп он жылдан ашуун убакыттан бери  даярданып келгендердин жашырып, айтпаган болсок, туура сая­сий баа бербесек,  анда биз түштүктөгү кыргыздарды сыйлабандык кылган болобуз. Ошондуктан, ал жердеги окко учкан, мекенди коргойбуз, мамлекеттин, элдин бүтүндүгүн сактайбыз деп, бузукуларга  каршы күрөшкөн жигиттерибизди бул жактагы 87 азаматты кандай бааласак, так ошондой баалашыбыз керек. Биз калыссыздыкка жол бербешибиз керек. Бизди дүйнө эли карап турат. Кашкайган чындыктын негизинде жыйынтык чыгарып, бул окуяны кыргыздар баштабаганын, алар өздөрүн жана мекенин коргогонун, өзүнүн эли-жери үчүн күрөшкөндүгүн, ошонун аркасында канчалаган эр-азаматтарыбыз шейит кеткендигин ачык айтып, ак сүйлөшүбүз керек. Бул маселеде саясатчылдык өтпөйт. Анткени, элдин тагдыры жатат. Болбосо, анык чуу баштагандар өңүттө калып, аргасы кеткенде коргонгондон кырылган элди күнөөлөш, тарыхта болбогон жорук. Ошондой эле бул маселеге кайдыгер карагандык – кыргыздын тагдырына кайдыгер карагандык экенин саясатчылар туура түшүнүшү керек. Эгерде азыр түш­түктүн духун көтөрбөсө, анда түндүктө тургандар деле жарып кетпейт.

Сталбек АЛМАЗБЕКОВ, Кыргыз эл артисти,  опера ырчысы:
– Эгерде, эгемендик алгандан тарта эле кыргыздын саясатчылары өз маданиятын, менталитетин сактап калууга аракет кылган болсо, анда бүгүнкүдөй кыйынчылыктар болмок эмес. Так ошол маданиятыбыздын тайыздап, аң-сезимдерибиздин жалаң эле “алсам, жулсам” ээлеп алгандан, пейилибиздин тарып, ыйманыбыз жоголуп баратканынан улам эл азаптуу күндөрдү баштан кечирип келатат.

Асан ЖАКШЫЛЫКОВ:
– Биз сыяктуу эле элдер ар кандай касиеттерин карманып алышып, ошол аркылуу жашап жатышат. Мисалы, араб, перси элдери  дин аркылуу  өздөрүнүн күчүн дүйнөгө таанытып, өзүн сактап жүрөт. Батыш элдеринин да өз алдынча өнүгүү, жашоо сырлары бар. Ал эми кыргыз байыртадан эле өзүнүн маданияты аркылуу элдигин сактап келген. Бирок, жыйырма жылдан бери биз маданият – кыргыздын уңгусу экенин унутуп, эми аны жоготуп жиберсек эл болбой кала турганыбызды таптакыр эстен чыгарып салдык. Ушул боюнча саясат иштелип чыга элек. Жалаң гана жеке кызыкчылыктар үчүн жанталашып, элдин шорун кайнатып келишти.

– Маданият тармагыныдагы  эң олуттуу көйгөй эмнеде деп ойлойсуздар?
–  Бүгүн биз 5 миллионго жакын элибиз бар деп мактанабыз, бирок ошол элдин 99%ы китеп окубаса дагы, 1%ы эле китеп окуса, анда ал элдин жол баштаган интеллекттүү элитасы бар деп түшүнсө болот.  Болбосо, ал эмне деген мамлекет, эмне деген эл?

Ошол 1%ды эсептесек, 50 миң киши болот экен. Демек, биздин китептер 50 миң тираж менен чыкканда гана элди кайра жандандыра турган акыбалга келебиз. А биз болгону 500-1000 түп нуска менен эптеп-септеп китеп чыгарымыш болуп, өзүбүздү алдап жатабыз. Бул кимисине жетип жатат?  Бул – өлүп бара жаткан адамдын оозуна бир тамчы суу тамызган менен барабар.

Азыр ар ким өзүнүн саясатын жүргүзүп жатат. Анын ичинде буд-дисттер, баптисттер, кришначылар, исламдын канча түрлөрү чуркап жүрүшөт. Кыскасы, дүй­нөдө канча дин болсо, баарына тең эле “келе бергиле” деп эшик ачып койгонбуз.  Натыйжада алакандай кыргыздар көрүнгөн динге чачырап, мүрзө талашып, кадырыбыз кетип жатат.  Эгер биз маданиятка таянган болсок, анда ишти китеп жана театрдан башташыбыз керек.

Улуттун күзгүсү – театрга эл келбей калды. Мына ушул маселелерге көңүл буруп, элдин китеп окуу маданиятын, элитаны тарбиялоо саясатын калыбына келтирүүнү күн тартибиндеги биринчи маселеге коюшубуз керек.  Болбосо, аң-сезим төмөндөгөндөн улам,  кыргыз өзүнө-өзү ээ боло албай, башка менталитеттерге, элдерге көз көрүнөө алдана турган акыбалга жетип баратабыз.

Сталбек  АЛМАЗБЕКОВ:
– Театрдын ишмердүүлүгүн азыртадан күчөтпөсөк, 10-15 жылдан кийин көп баалуулуктарыбыздан ажырап калабыз. Ал эми  азыркы жана буга чейинки маданий жакырдануубуздун дагы бир себеби, “мен эле болоюн, менде эле болсун”  деген өзүмчүлдүк, ичи тарлык болду десем жаңылышпайм.

Соңку убактарда  театрда элдик ырлар такыр ырдалбай баратат.  Кыргыз опералары коюлбай калды.  Жалпы репертуарга кире турган, мен билгенден 10-15 опералык чыгармалар бар. Мисалы, “Ажал ордуна”, “Манас”, “Олжобай менен Кишимжан” деген мыкты чыгармаларды кайра жандандырууга эмнеге болбосун. Башкача айтканда акча каражатынын бөлүнбөгөндүгүнөн, кыргыздын опералары көздөн учуп турат. Бир кезде Москваны, союзду таңдандырган Муса Баетов, Анвар Куттубаева, Сайра Кийизбаева сыяктуу корифейлер ошол эле элдик ырларды ырдап чыгып таанылышкан.

Азыр эл үндөрү тартипке салынбаган, акыл-эсти чакчалекейге  салып жиберген – массалык маданиятка таандык ырларга ык алып баратышат. Ал эми чет элде бир жыл музыкалык билими бар адам эстрада ырчысы, үч-төрт жыл окуган адам гана опера ырчысы боло алат. Бул эле эмнени айтып турат? Биз дагы эстрада ырчыларыбызды тартипке салышыбыз керек. Болбосо, элдин музыкага болгон табити, ырларыбыздын көркөмдүгү күндөн-күнгө начарлап баратпайбы.

Дагы бир өзгөчө баса белгилеп кете турган нерсе, КТРге Эшимканов келген убакта, кыргыз маданиятына кара санагандай эле иш кылды. Тактап айтканда искусствону тааныган, музыканы түшүнгөн кадр­лардын бардыгын телерадиодон  кетирип жиберди.

Азыр алардын ордун толуктай турган киши калбай калды а жерде. Ал турсун оркестр көчөдө калды.

Асан ЖАКШЫЛЫКОВ:
– Театрларда, биринчиден, кыргыз элине иштей турган репертуарларды байытышыбыз керек.  Азыр опера-балет театрында дүйнөлүк классикаларды  коюп жатабыз деп эле, “Манасты”,  “Олжобай менен Кишимжанды” ж.б. музыкалык шедеврлерибизди унутушту. Чындап келсе, азыр Атайдын, Мусанын, Боогачынын ырларын ырдатыш керек. Булар менен эл театрга тартылат.  Биздин колубуздагы куралыбыз – маданият экенин биле турган заман келди.

Сталбек АЛМАЗБЕКОВ:
– Илгери Саякбай  атабыз “Манас” айтканда үндүн 60 кыраатын келтире айтчу экен. Биздин азыркы манасчыларыбызды да ушул багытта даярдашыбыз керек. Ал үчүн “Манас” айтуунун техникасын үйрөтө турган мастер-класстарды ачуу зарылдыгы бар.

Асан ЖАКШЫЛЫКОВ:
– Биздин опера ырчыларыбыз Токтонаалы Сейталиев, Болот Миңжылкиев, Кайыркүл Сартбаева сыяктуу залкарларыбыз вокалдык искусстводо дүйнөлүк деңгээлге жетишкен. Бул деңгээлди мындан ары да сактап калуу биздин милдет. Ал үчүн улуттук репертуарды алып чыгуу керек. Мунун баары келип-келип эле каржы маселесине такалат. Эгерде мамлекетибизде маданиятты өстүрөбүз десек, анда чыгармачыл тармактарга, мисалы, театрдын репертуарын байытууга, акын-жазуучулардын китептерин чыгарууга ж.б. жаратмандык иштерге мамлекет туура маданий саясат жүргүзүүгө милдеттүү. Чыгармачылык колдоого алынбаса, каражатты кайда бөлүп жаткандарына көзүм жетпейт.

Ал эми биз, чыгармачыл чөйрө, жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз кызматташып, жумурай-журттун көңүлүн өзүбүзгө, демек маданиятка бурушубуз керек. Телерадиодон тантырак ырлардын ордуна Сайра Кийизбаеванын, Болот Миңжылкиевдин, ушул эле Сталбек Алмазбековдун ырларын эмне үчүн бербейбиз? Карамолдонун комуз күүлөрүндөй эч ким күү черте элек, эмне үчүн анда Кара Молдону дүйнөлүк деңгээлде оркестрлештирбейбиз? Кыргыз поэзиясын эмнеге окубайбыз?

Тескерисинче маани-маңызсыз ырлар менен элдин табитин бузуп, тилин, дилин бузуп, чакчалекей салып, душманга тете иш кылып жатабыз. “Балтыр бит – башка чыгып кетти”.

Азыркы муундун мойнунда чоң милдет турат – биз менталитетибизди, тилибизди, дилибизди сактап калуу үчүн саясатты маданияттан баштоо керек. Муну айткан көп, бирок аткарган эч ким жок. Каражат бөлүштүрө келгенде эле маданият жетим балага окшоп дайым артка сүрүлөт. Жаңы парламентке шайланган депутаттардын жүзү дагы, деңгээли дагы бюджетте маданиятка бөлгөн акчадан билинет.

Жазып алган Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”, 03.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий