Кыргыз салттары: Кийиз жасоо

Ала кийизди ата-бабаларыбыз биздин заманга чейин эле колдонуп келишкен. Анын жасалуу ыкмасы атадан балага өтүп отуруп, бүгүнкү күнгө чейин жетти. Ал тургай азыркы учурда заманбап килемдерге караганда кылдаттык менен сапаттуу тигилген туш кийиздер көбүрөөк баалана баштаса, көпчүлүк ала кийиз, шырдактарды да кеңири колдонушууда. Демек, учурда кийиздерге болгон суроо-талап жогору.

1-кадам – Жүндү тазалоо
Алгачкы кадам жүндү тандоодон башталат. Кийиз койдун күзүндө кыркылып алынган жүнүнөн жасалат. Ал эми жазгы жүн кийиз жасоого жарабайт. Жүндү тикенектеринен тазалап алган соң жагымсыз жыттардан арылтуу үчүн аны жууйбуз. Айта кетүүчү нерсе, жүндү ысык сууга жуубайт. Себеби ал кургаганда бири-бирине жабышып, тоголоктошуп, кийиз сымал кирип калат. Андыктан жылуураак сууга айна кошуп жууп, алгач жылуу суу менен, акырында муздак суу менен чайкайбыз. Жүндү күнөс жерге кургатып алгандан кийин аны үлпүлдөтө тытып алабыз.

2-кадам – Боёкко салу
Боёкко салынуучу жүн ак койдун жүнү болууга тийиш. Жуулган жүн кургатылган соң ала кийиздин бетине оймо-чийме, сүрөттөрдү түшүрүү үчүн боёкко салуу керек. Алгач жүндү таразага тартып алабыз. Болжол менен бир килограмм жүнгө 100 грамм боёк сарпталат. Казанга сууну кайнатып, ага биринчи боёкту салабыз да, ал толугу менен сууга аралашканча күтө турабыз. Эми боёк сууга туз, сода, уксус кошуп, жүндү казанга салып, аны жарым сааттай кайнатабыз. Казан кайнап жаткан учурда жүндү таяк менен 5-6 жолу которуу керек. Жүн боёлгон соң аны чыгарып, жайып кургатабыз.

3-кадам – Кийиз жасоого киришүү
Эми күнөс жерге алдына таарды таштап, токулган чийди жайып, анын үстүнө акырындык менен жүндү кабаттап, тегиздеп сала баштайбыз. Астына бир кабат жүн тегиз төшөлгөн соң үстүнө боёлгон жүн менен сиз каалаган оюуларды, сүрөттөрдү түшүрө берүүгө болот. Айта кетүүчү нерсе, чоңдугу орточо кийизге болжол менен 8-10 килограмм жүн кетет.

4-кадам – Тебүү
Чийге жүндү толук жаткызып, сиз каалагандай формадагы жана түстөгү кийиздин болжолдуу көрүнүшүнө ээ болгондо анын бетине майда тешиктери бар идиш менен самындуу кайнак суу куюп, чийге оройбуз. Чийге оролгон кийизди арчындалган аркан менен бекем байлап, маал-маалы менен ысык суу куюп, 1 сааттай күч менен ары-бери тепкилөө кажет. Бул учурда жүн кирип, бири-биринен ажырагыс абалга келет. Андан соң кийизди чийден ажыратып, анын четтери тегиз тартып, андан да бекемирээк болушу үчүн айымдар жарым сааттан кем эмес убакыт улам кайнак суу куюп, самын сүртүп, билектери менен басышат. Ошондон кийин гана кийиз даяр болуп, аны муздак суу менен чайкап, жайып кургатууга болот.

«Neweurasia — Kyrgyzstan», 21.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Кыргыз салттары: Кийиз жасоо: 1 комментарий

  • 11.08.2011 в 16:02
    Permalink

    Байкуш койлордун жунун кузундо кыркып койсон кышта кантет? (жазында кыркат)

    Ответ

Добавить комментарий