Салижан Жигитов

Салижан Жигитов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Салижан Жигитов — чилтен…

Салижан Жигитов 5- класста окуп жүргөн кезинде эле Өзгөн районунун Көлдүк айылындагы китепканадагы китептердин баарын окуп салган. Ага да алымсынбай, айрымдарын кайталап окуй баштаган. Ал эми Фрунзе шаарындагы №5 мектепке киргенде, алгач сүйүнгөнү — борбор шаарда китептердин көптүгү, айрыкча орус тилиндеги китептердин көптүгү болгон. Орус тилиндеги китептердин айрымдарын окуганда, алардын көркөмдүгүнө, элестүү, таамай жазылгандыгына бөтөнчө баа берип, көзүнөн жаш агып кетчү экен. Ошол китептерди тынбай окуп жүрүп, алардын таасири менен орус тилин мыкты үйрөнүп алган.

Салижан Жигитов көркөм, илимий-популярдуу китептерди гана окубастан, ар нерсеге кызыгып, бардык жанрдагы китептерди окуй берген. Ал тургай бир курдай анын «Сделай сам» деген турмуш-тиричилик боюнча кеңеш берген китепти баш көтөрбөй кызыгып окуп жатканын көрүп таң калышкан экен.

Салижан агай-полиглот

Орус тилдүү окумуштуулардын, акын-жазуучулардын айткандарына караганда, Салижан Жигитов кыргыз тилинде кандай көркөм, жеңил, жалпыга түшүнүктүү, жалпак тил менен жазса, орус тилинде да дал ошондой көркөм, жеңил, бай лексика менен жаза билген. Салижан агайдын кыргызча жазгандарын кыргыздар кандай сүйүп окуса, орус тилдүүлөр орусча жазгандарын да ошондой эле сүйүп окуган.

Салижан агай түрк элдеринин тилдерин да, СССРдин тушунда эле өз алдынча, сөздүк аркылуу окуп-үйрөнүп алган. Котормо китептерин да анын түп нускасынан которгон. Алсак, Назым Хикметтин «Мажүрүм талын», Мустай Каримдин ырларын түп нускадан кыргызчага которгон.

Салижан Жигитов түрк тили сыяктуу башкыр, татар, өзбек, казак тилдерин да мыкты билген.

Өзбекстанда элчи болуп турганда, ал мамлекеттеги 32 элчиликтин арасынан, жалгыз Салижан Жигитовго интервью сурап журналисттер арбын кайрылган. Анткени ал өзбек тилинде мыкты сүйлөчү.

Досу Ишенбай Абдуразаковдун япон, англис тилдерин мыкты билгендигине бөтөнчө суктанган, себеби бул тилдерди билгенде, көптөгөн китептерди түп нускасында окууга мүмкүн болмок. «Англис жана башка чет тилдерди билбей калдым» деп Салижан ага өмүр бою арман кылып өткөн.

Кыргыз жазуучусу, улуту татар Ильгиз Гильязетдиновго татар тилин кыргыз Салижан Жигитов үйрөткөн. Анткени Ильгиз ага Аксы районундагы кыргыз айылда туулуп-өсүп, кыргыз мектебинде окуп, татарча билбей калган экен.

Салижан Жигитов — көп кырдуу талант

Салижан Жигитов акын, жазуучу, окумуштуу, ойчул, публицист, коомдук ишмер. Көркөм өнөрдө кайсы гана жанрда болбосун, камчы салдырбай, майын чыгара иштеген.

Илим жаатында эмгеги үчүн, Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Жакшы көргөн саясатчысы- Ататүрк, Ден Сяопин

Салижан Жигитовдун жакшы көргөн саясатчысы- Ататүрк, Ден-Сяопин, Уинстон Черчилл болгон.

Салижан Жигитов- басыз уруусунан

Салижан Жигитов басыз аттуу уруудан. 7-8-кылымда жашап өткөн Баасыз хан алардын түпкү атасы болгон экен.

Салижан Жигитов- пара алып көрбөгөн окутуучу

Салижан Жигитов Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде иштеп жүрүп, ал жактан кетип жатканда, Жээнбай Мукамбаев аттуу агай аябай кейип-кепчиген экен. «Салижан, сен бекер кетип жатасың. Пара албаган жалгыз окутуучубуз бар деп сени менен айрыкча сыймыктанып жүрчү элек, эми биз пара албайт деп кимди көрсөтүп сыймыктанабыз?»

Салижан Жигитов — спортсмен…

Салижан Жигитов спорт менен дайыма машыгаар эле. Ал 1-1.5 саатка чейин тынбай чуркачу экен. Бир курдай анын узак убакыт тынбай чуркаганын карап турган бейтааныш киши ага таң калып: «Кечиресиз, сиз Сатымкул Жуманазаров эмессизби?» — деп сураган экен.

Салижан Жигитов — патриот…

Салижан Жигитов кыргыз үчүн күйүп — бышып, кыргыз эч бир улуттан кем болбой, өнүгүп-өсүп кетсе экен деген аруу тилеги бар эле. Жаны кашайганда кыргызды катуу сынга алган. «Эгер менден башка улуттан, мисалы, орус, же башка улуттан бирөө кыргызды мендей сындаса, аны улутчул деп күнөөлөмөк. Мен кыргызды тилдесем, кыргыз оңолуп, өссүн деп ийги тилек менен сындап тилдейм» деп айтаар эле.

Даярдаган Айжан Айтышева,
«Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.03.2011-ж.

Таабалды Эгембердиев: Мен сыйлаган үч залкар

Нуралы Капаровдун эскерүүсүнөн… (С.Жигитов тууралуу)

Эсенбай Нурушев: «Сөздүн генийи»

Кеңеш Жусупов: «Акыл дарыгери»

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ «Сакем ички уңгусу боюнча ар бир кыры жаркыраган көөр таш сымал эле…»

Салижан Жигитов жубайы Кимия Токтосунова менен

Салижан Жигитов: «МЕН КЕТТИМ… ЖАКШЫ КАЛГЫЛА!»

«Өз мекенинде пайгамбар болбойт»

Салижан ЖИГИТОВ: «Өлүп калбайын деп жазбай жүрөм»

Салижан Жигитов чындыктын коңгуроосу эле

Салижан Жигитов: «Мен көз жумсам, сыртта агайын, дос калар, … бир гана арман: айтылбастан сөз калар!»

Салижан Жигитовдун мурастары жоголбойт

«Салижан кыргызга күйүп жүрүп өтүп кетти»

Кайрандарым, а силер жатасыңар,/Терек муңун укпастан шуулдаган!

Чындык үчүн кылыч болуп чабылган, / Чарт үзүлүп жерге түштү чагылган…

Салижан Жигитов кыргыз ЖМКларында


Айткандары, жазгандары

САЛИЖАН ЖИГИТОВДУН ОКТОЙ ТААМАЙ СӨЗДӨРҮНӨН

Салижан ЖИГИТОВ: Учкул ойлор жана үзүндүлөр

Чыңгыз Айтматов адабият майданына жаңыдан келгенде…

«Жалган жалаалар курманы» (илимий-популяр баянат)


Ырлар

ООРУКАНАДА ЖАЗЫЛГАН ЫР

Ооруп жатам. Шайым куруйт алсырап.
Дем кыстыгат, нымшып муздак тер чыгат.
Уктап кетсем жаман сырдуу түш көрүп,
көңүл чөгүп, сарсанаага тумчугат.

Тышта дүйнө кадимкидей соо турат,
кылк-кылк этип тоо артынан күн чыгат,
өмүр, шаттык, көрккө тунган жер бети
ич бышырып, көз кызартып кулпурат.

Мен көз жумсам, кызмат ордум бош калар,
бирок дароо орун басар башкалар.
Турмуштун түк токтолбосун белгилеп
ошол күнү далай бөбөк көз жарар.

Мен көз жумсам, сыртта агайын, дос калар,
алар мени аз убакка эске алар,
бир гана арман: айтылбастан сөз калар
жомок болуп эл эсинде сакталар.

Мен көз жумсам, жарык дүйнө соо калар,
Тыным албай жер өз огун айланар.
Тамак ичип,
эмгек кылып,
жер басып
соо жүргөндөн артык бакыт кайда бар?!

 

ЭЛЕГИЯ

Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректери шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган чоочун үйдө.

Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
жаны тынбай жабыла күү чыгарып
шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…

Тоо койнуна кысылган кыштагымда,
там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
турар эле шуулдап миң түп терек
тигип койгон атакем жаш чагында.

Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк – уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем
угуп жатып теректер шуулдаганын,
убайымдуу алдейлеп ырдаганын.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…

Каргадайдан бир өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
уктап жатсак, теректер ойготчу эле
желбиреген жел менен шыбырлашып,
жашыл көркүн жай гана шуулдатып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…

Апам өлүп, артынан атам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп,
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…

Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.

Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
шуулдасаң ачышып каректерим
шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..

 

ЖАЗ

Жаркырайт так төбөңдөн күн күлүңдөп.
Капыстан шатыр-шутур өткүн келет.
Көк мейкин. Жылуу жамгыр. Шүүдүрүм чөп.
Туйлаган кулун болуп кеткиң келет.

Булайып булут көчөт, булут көчөт,
ээрчитип көлөкөсүн салкын төгөт.
Сыдырым. Торгой ыры. Чырымтал чөп.
Чалкаңан ойсуз, камсыз жаткың келет.

Көпкөк түс көзүңдү арбап чар тараптан,
түркүн жыт аптыктырып мурдуңду өрдөйт.
Жашаң жер. Жашыл дүйнө. Чаңкай асман.
Бир гана өлгүң келбейт, өлгүң келбейт.
1964

 

САГА

Айткан элем мажнун чакта сага мен:
«Апаң сени бир мен үчүн төрөгөн».
Айныбаймын ал сөзүмөн дале мен:
Жалгыз мага жаралган бир жан элең.

Сага тушташ көз жарган көп кишиден,
Сага жашташ жалпы балдар ичинен
Жалгыз сага жар болууга, а балким,
Бул жалганга келгендирмин ушу мен.

Баягыда баш кошкондо экөөбүз
Бассак-турсак балатыдай кош-эгиз,
Бир жагынан пейлибиз да бап келип,
Болбойт беле турмушта бир гөзөл иш.

Жагыныштуу азил айтсам жаркылдап,
Жаңырыктуу сенин күлкүң шаңкылдап,
Бирди-жарым коога түгүл, көр жеме
Биздин үйгө баш баккандан тартынмак.

Жан эркем ай, жарым болсоң эгер сен,
Өмүрдөгү өтүп далай белестен,
Көр оокаттын көп түйшүгүн экөөлөп
Көтөрмөкпүз кабак-кашым дебестен.

Уул тапсак, кут түшкөндөй кудуңдап,
Кыз болсо деп кийинкисин утурлап,
Басып жүрсөк балдар аман, баш аман,
Бакыт бизден качып кайда кутулмак?

Бирок тагдыр төлгөсүн терс таштады:
Анда менден артык көрдүң башканы.
Байкаштырсам, бак-таалайга тунган жок
Бай үмүттүү ак никеңдин арт жагы.

Көрүнгөн кыз аркасынан сүйрөлүп
Көпкө жүрүп, алдым мен да үйлөнүп.
Андан бери аламандап келемин
Опоосу жок оомал-төкмөл күн көрүп.

Кайран жаштык кайра жанса жаңырып,
Калсам эгер кайра сага кабылып.
Эч бир жанга ээлеттирмек эмесмин,
Эркем, сени ээрчисем да ак уруп.

Өмүр-дайра аркасына агылып,
Өзүң кайра калсаң мага кабылып,
Балким, сен да барбайт белең башкага,
Менин ысык мээримиме багынып?

Бирок жаштык колдон кумдай төгүлдү,
Калды чөгүп көл түбүндө көгүлдүр.
Бушаймандуу чындык ушул: чиркин ай,
Бу жалганда жашоо жалгыз, өмүр бир!

Атаганат, «аркы дүйнө бар» деген
Анык болсо, арзып жүрүп анда мен
Сага жетип, кошо тартып тозогун,
Бейишине кирбейт белем сен менен.

Өксөп-өксөп ыйлайт белек бул жерде
Өлбөй тирүү күн астында жүргөндө
Экөөбүз тең оңбогондой жаңылып,
Эки бөлөк өксүк өмүр сүргөнгө.

Бирок мунум — кур кыялда күйгөн от,
«Тиги дүйнө бар» деген сөз — бир жомок.
Бушаймандуу чындык ушул: чиркин ай,
Бу дүйнө бар, мындан башка дүйнө жок!

Жалгыз дүйнөм жапжаш бойдон кулпурат,
Жалгыз күнүм кеч бешимден түнт турат…
Артын эстеп, алдын тескеп өмүрдүн
Аз-аз калам ыйлаганга буркурап.

Чымырканып башка түшкөн шорума,
Чыгат окшойм тирүүлүктүн соңуна
Өмүр кайра жанбасына өкүнүп,
Арман кылып а дүйнөнүн жогуна.
1984-1985

 

КҮЗ

Тоо чөбү саргыч тартып калды жатып.
Төгүлдү саргыч ыраң аңыздарга.
Саргайды сар аңыздар кайгы басып.
Саргайды суу бойлогон камыштар да.

Жаңгактын самсаалаган көркү сары.
Сапсары сөгөт-талдын бутактары.
Теректин жез сыңары барки сары.
Сай сары. Тоолор сары. Токой сары.

Табият өңдөн тайды — болду сары,
Саргайды жадагалса кайың, чыргай.
Бир гана өрүкзардын жалбырагы
өрттөнөт сары өлүмгө моюн сунбай.

А балким, өлөр адам оюндагы
өмүргө эң акыркы аралжы үмүт
дал ушул саргаюунун фонундагы
кыпкызыл өрүкзардай турар күйүп?
1965

 

ӨТКӨН БИР КҮН ЭСКЕ ТҮШҮП

Жайдын күнү канат жайып
үстүбүздө айланып кечке дейре жалын бүркөт.
Түнү салкын.
Ай жарык.

Үч күн жатты эстен танып,
тили такыр байланып.
Үч күн жатты жан далбастап
узай албай кыйналып.
Үч күн бою бүткөн шамдай
даяр турду өчүшкө.
Төртүнчү күн.
Араң-зорго
кылды ишарат эшикке.

Алпчыгышты.
Көздөрүн тек
ачууга араң жарады,
асманды бир аянычтуу
айландыра карады.

Асман тунук,
асман тунук,
асман тунук, туптунук,
тоо башына барат жылып
жалгыз булут, ак булут.
Жарык дүйнө көз алдында
тегеренди кулпуруп,
жалыны өчкөн көздөр гана
турду тилсиз кыйкырып:

«Тоолор башы,
тоолор башы
көйкөлгөн көк шибердүү,
тоолор башы, садагасы,
кантип кыям силерди?!

Жолдор, жолдор,
жаркын жолдор,
үстүңөрдү чаңдатып
басып жүргөн,
басып жүргөн
баа жетпеген зор бакыт!

О күн нуру! О күн нуру!
Ушу сенден айрылуу
кандай гана,
кандай гана,
кандай гана кайгылуу!..

О адамзат! Адам заада!
Билбейсиң сен тирүүңдө
кандай сонун,
кандай сонун,
кандай сонун бу дүйнө!!»

А эртеси кайран апам
калды жердин түбүндө.
1964

 

ТОКОЙЧУНУН ТАМЫНДА ӨТКӨРГӨН ТҮН

Карарып терезеде түн түнөрөт,
Түн үшүп, айнекти аймап, калч-калч этет.
Капчыгай шамал үйлөп күңгүрөнөт.
Жыпжылуу мен ичинде жаткан төшөк
Шуулдайт жаңгак токой азап күтүп,
Шуулдайт салмак менен, дүмөк менен.
Шуудурап жалбырактар жатат түшүп,
Мен аны угуп жатам жүрөк менен.
Күркүрөйт шамал күчөп кезек-кезек,
Бутактар кычырашат алда кандай,
Каргалар чочугандан «карк! карк!» этет,
Уюлгуйт жалбырактар кар жаагандай.
Толтуруп эс-дартыңды коркунучка,
Капчыгай карт токоюн гүүлдөтөт.
Ит улуйт. Ал улубас жакшылыкка.
Улушу бүткөн бойду дүрүлдөтөт…
Уңулдап сур учурган түн койнунда
Уйкуга кеттим чөгүп… Бир оокумда
Мен чочуп… Жымжырттыктан ойгондум да,
Таң калдым… терезенин кыроосуна.
Тыңшадым. Дүйнө тымтырс. Эшик жакты
Карадым басып барып, терезе ачып:
Акыркы жалбырактар түшүп жатты
Биринчи жааган карга аралашып…

 

* * *

Бактысыз күн капыс келди, бат келди.
Агам өлдү. Туура отуз бир жашта өлдү.
Ачуу күйүт ичимди өрттөп эңшерди.
Ыкыбалым шарт төгүлдү, бөксөрдү.

Ийип турган булак көзү бүтөлдү.
Тийип турган аптап өчүп, түн келди.
Башка эл үчүн кайдыгер бир киши өлдү,
а мен үчүн өзүнчө бир дүйнө өлдү.

Жигиттер көп ага жашташ курагы,
адамдар көп андан ысык ыманы,
азамат көп андан жакшы кыялы…
Бирок мага алмаштырат ким аны?

Мен шаардан кимди тосом сүйүнө?
Мен айылда кимдин барам үйүнө?
Санаркатып кимдин кирем түшүнө?
Эми кимди сагындырам күнүгө?
Оо, оңбогон опоосу жок дүнүйө!

II
Күргүштөп, тегеренип, иримденип
суу жаман — үрөй учат түрүн көрүп.
Мен сени таппай калдым бүгүн келип.
Жатасың айлампанын түбүндө өлүп.

Чыгарып өлүгүңдү алуу үчүн
чогулуп айлыбыздын эли бүтүн
чаалыгып болду убара эки күнгө.
Сен өлдүң. Эми мага бирдей эле
жатканың жер астында, суу түбүндө.

Мен айттым: «Убаранын кереги не,
калсын ал кашка суунун тереңинде».
Арданып чуулдады туугандарым,
калк дагы ынаган жок мага мүлдө.

Суучулдар кайра-кайра терең кирип,
бир жактан кыл арканга орок илип
жатышты сууга салып. Суу туптунук.
А менин көңүлүм толо кара күйүт.

«Илинди!» — деди бирөө ыргып туруп,
турган эл сүйүнгөндөн дуу кыйкырып.
Башыма бир ой тийди: «Орок учу
кетти го курсагын же мурдун жырып?!»

Суу жакка даай албай терс карадым,
не кылар айла таппай кайсаладым.
«Кетти да орок кирип ичине!» — деп
буркурап түтөп-түтөп кайталадым.

Мурдуму орок учу тилген өңдүү,
кардыма орок учу кирген өңдүү
зыркырап тула боюм, ич ачышып
аядым өлүп калган суу денеңди.

 

МЕН БАРАМ

Өрүк бышып, пахта шана байлаган
Айда барам, тууган жерге мен барам.
Бирок күздө келгин кушка аралаш
Мен шаарыма учуп келбейм кайрадан…

Куштар кетер кеткен жагын таптырбай,
А мен калам сынган канат ак куудай…
Дал ошондо качкым келер кыштактан
Түбөлүккө мени кармап калчудай.

Же кечкурун балет, бийге баралбай
Бук болгондо кусага сеп таба албай.
Эске түшүп студенттик күндөрүм
Ич жылытар эски тааныш авандай.

Сапар кетсең самап-самап сагынар
Шаардын көп жайлары бар, багы бар.
Калсамбы анда кур кайгы жеп наалыбай?
Мага мындан деги бир иш табылар.

Бирок өйкөйт жүрөгүмдү көп себеп:
Тууган жерде шуулдаган көп терек
Ашык жардай кадыр салып өпкөлөп
Чакыргансыйт келе гөр деп эртерээк.

Түндө муңдуу күңгүрөнсө калың бак
Эске түшүп элеттеги айыл жак.
Санаа тартам: «Сатканы аткан жапжаш кыз
Ушу тапта отурабы зар ыйлап».

Шуулдаса шуулдасын теректер,
Дүйнөдө көп бак-дарактуу бөлөк жер.
Баарынан да мага сүйкүм көрүнөт
Мени күткөн жылаңайлак бөбөктөр.

Жок, калалбайм!
Пахта шана байлаган
Айда барам, тууган жерге мен барам.
Бирок күздө келгин куштай кылактап
Мен шаарыма учуп келбейм кайрадан…

 

ТҮШТӨ ЖААГАН ЖАМГЫРДАН СОҢ

Айтор, менин терс кыялым жок белем:
Дүйнө менен мамыр-жумур жашадым,
Ырк бузушпай ынак жүрдүм от менен,
Суу менен да болгон жок эч чатагым.

Дүйнөнү мен муңайтпайын дейимби,
Же калганбы адат болуп жашыман:
Каржалсам да бийик кармап көңүлдү,
Кайгым болсо, кайра терең жашырам.

Достор айтат: «Бу кылганың ийги эмес,
Ырың такыр ый-кайгыны тата элек».
Мен актанам: «Жолдун баары ийри эмес,
Ар бир гүлдө боло бербейт тикенек».

Келгенимче ушу жашка бүкүлү
Дүйнө мага карап келди кайрымдуу:
Кээде мактап жарыбаган ишими,
Кээде жапты килейген чоң айбымды.

Бирок бүгүн жаркын пейлим түгөнүп,
Чөгө түштү көңүлүм жаман түнөрүп.

Бул ырымды жазбайт белем, ким билет,
Эгер жүрөк мага буйрук этпесе,
Жүрөк деле дебейт беле эчтеке,
Эгер бая чаңкай түштө үлдүрөп
Дыбыр-дыбыр жамгыр жаап өтпөсө.

Күн күркүрөп, чагылганы соймоңдоп,
добул болду! Сүрүнөн жер калтырап…
А жамгырчы? Жарытылуу жааган жок,
Дыбыр-дыбыр жаады бир аз тамчылап.

Эх, ырларым, силерди мен аядым:
Чыксаңар да добул кагып, жаркырап,
Тууган жерге жамгыр өңдүү баягы
Жаапсыңар араң-араң тамчылап.

Нөшөр келет. Келери анын анык-чын.
Келер маалы жакынбы же алыспы?
…Анткени менен тиги сараң булуттай
Өмүрүмдүн тең жарымын арыттым…


Азилдер

САЛИЖАН АГАНЫН КҮЛКҮСҮНӨН…

Дарбыздан дарбыган сөз

ДАРБЫЗЧЫ ДЫЙКАН (Сүйүнбай ЭРАЛИЕВГЕ)

Өткөн улуу урушта,
Өзүм көнүп миң ыкка,
Тууган болдум кыйышпас
Түрдүү-түрдүү улутка.

Кой көздөрү жылчыйган,
Кош таноосу быйпыйган.
Самаркандык Сагаалы
Болду мага бир тууган.

Өңү кыргыз көрүнөт,
Өзү бирок көбүрөөк
Өзүбекче сөгүнөт.

Агайындар көзү көк
Айтат аны: «Өзүбек».
А мен болсом шексинип
Андан сурайм бежиреп:

— Билеличи биз чынын
Кыргызсыңбы, жымшыгым?
— Жок, мен өзүм кушчумун,
Укчу белең?
— Укчумун.

Билет таамай жынысын,
Бирок билбейт улутун,
Улутум дебей уруусун
Кушчулугу курусун!

Алыс калган эл-журту
Азыр солдат эр кушчу
Тынч убакта айлында
Дыйкан экен дарбызчы.

Самаркандык ал кушчум
Салып жоого бар курчун,
Ташып жүрү баштыкта
Дан-уругун дарбыздын.

Жаз жадырап нур чачса,
Согуш тынса бир паска,
Көтөрүнгөн уруктан
Көмө берет турпакка.

— Эр болсоң да айла жок,
Эмгегиңден пайда жок,
Уруш кетсе алгалап,
Уруктарың кор болот.

Анда кушчум үн катат:
— Карап туруп көктөмдү
Кайсы дыйкан тим жатат?
Жердин куту кетпейби
Жемин берип турбасак.

Сайрайт дагы Сагаалы:
— Эшит мени, Эраалы!
Жетсем бейпил заманга
Жер бетине бүт дарбыз
Эгер элем мен анда!

Жадыраган жаз келсе,
Жайык талаа кез келсе,
Дарбыз экти ал кушчу
Дал Берлинге жеткенче.

Баш калаасын немистин
Камоого алып сегиз күн,
Бат келсе деп Жеңиш күн
Канга жуудук жер үстүн.

Тогузунчу атып таң
Токтоп калды капыстан
Аркы-терки чатышкан
Ажаан октор атышкан.

Эреркеп май айына,
Эргул кушчу дагы да
Эгип кирди дарбызын
Эки окоптун жанына.

Жан экен бир өжөр-көк,
«Кой-ай» десек, кежеңдеп,
Эпке келбей, уругун
Эгип жатты бөжөңдөп.

Ок тийди го, сыягы,
Чаккан өңдүү сар аары
Чаңырды да Сагаалы,
Оңкосунан кулады…

…Бахчасынан талаанын,
Базарынан калаанын
Дарбыз көрсөм дайыма
Эске түшөт Сагаалым.
1985

 

СОГУШ ЖАНА ДАРБЫЗ (Сооронбай ЖУСУЕВГЕ)

Жадырап күз келгенде Ошко бардым,
Жаныма бир жаш акын коштоп алдым.
Кыялай түшүп келдим сай боюна
Кызыгын көрөйүн деп көк базардын.

Базардын берекеси ташып турду,
Байкатпай мени өзүнө ашык кылды.
Дардайган ала чапан дарбыздарды
Дыйкандар ала чапан сатып турду.

Чек уруп дарбыз боорун ойгондор бар,
Чек урбай дароо гана сойгондор бар.
Атышып бирин бири дарбыз менен
Ойношот дарбыздарга тойгон балдар.

Жакшы го жаш балдардын жоруктары,
Алардын ойнун турду көрүп баары.
Тунжурап туруп калдым нес баскандай
Эрксизден эске түшүп согуш маалы.

…Жарып жеп дарбыздарды суусаганда
Жатканбыз дарбыз эккен бир талаада.
Жалп этип бомба түштү үстүбүзгө
Жаңыдан баш койгондо уктаганга.

Тарс этти жерди казып, учуруп чаң,
Турганча жаткан жерден учуп ыкчам
Көмүлүп калыптырмын топуракка,
Көз ачтым аткан чакта сызылып таң.

Көтөрүп башымды мен зыркыраган,
Карасам айланама ныксыраган:
Жатышат томолонуп жарык баштар,
Дарбыздар баштар өңдүү быркыраган.

Турдум да топуракты араң ачып,
Темтеңдеп араң басып бара жатып
Аңдасам: көлк-көлк этет дарбыз суусу
Адамдын кандарына аралашып…

…Бейпил кез — дарбыз менен балдар ойнойт,
Биз көргөн согушту алар кайдан ойлойт?
Дарбыздар казан болгон аңыздарда
Дердеңдеп ушул кезде тайлар ойнойт.

Ичинде албан улуу ой жаралган,
Келделер дарбыз эмес жолдо калган.
Бомбадан аман болсун адам башы,
Дарбыз да жарылбасын бомбалардан.
1969

 

ДАРБЫЗ ЖӨНҮНДӨ АНТРАКТ (Совет УРМАМБЕТОВГО)

Алтын башың аман-эсен барында,
Базарга бар магма болуп толкуган.
Үймөк-үймөк дарбыздардын жанында
Мен дарбызды союп салып олтурам.

Жарыктыктын буруксуган жытын көр
Эске салган Көл боюнда жалбызды.
Рембрандт, Гойя, Гоголь, Пушкиндер
Мен өңдөнүп сүйүшчү экен дарбызды.

Дарбызды мен мандаш уруп жеп жатам.
А сүрөтчү лауреат Бидструп
Мен сыяктуу жерге көчүк баспастан,
Жейт экен ой дарбыздарды тик туруп.

Дарбыз! Дарбыз! Кайдасыңар, дарбыздар,
Качпагыла кайдагы бир чыр баштап.
Кагылайын, сүйүү жыттуу жаш кыздар,
Дарбыз көрсөң өтпөгүлө кыйгачтап.

Дарбыз жеген такыр калбайт арманда,
Карыбайсың дайым дарбыз көп жесең.
Дарбыз союп, жакшы тоюп алганда
Мен өзүмдү кудай менен тең сезем.

Жеп жатамын дарбыз жыты дем берип,
Нысабыма болчу арачы, жан теңим.
Токтобосом, Тайдай-Кара өңдөнүп
Капысынан тарс жарылып кетпейин.

Аңыздарда арс чычкандар көшөрүп
Мойсойт экен дарбыздарды береги.
Жердин астын чычкандарга өткөрүп,
Жердин үстүн дарбыздарга берели!
1969

 

КӨСӨӨ КАЛЕМГЕРЕ ТҮГӨЛБАЙГА КАШКА БАШ КАЛЕМГЕР САЛИЖАНДАН

(Юбилейлик азил)
Турат Түкөм жетимиштин кырында
Сакалы жок жулуп алар ырымга.

Анткен менен тагдыр калыс экен ээ:
Чайлап чыккан чач бериптир Түкөңө.

Калың чачтуу азиз башы калдагай
Агарат чылк гүлгө тунган алмадай.

Арасында карасы жок, кири жок,
Аппак чачтар көбүрөт да көбүрөт…

Аттигиниң, Түкөң мендей кашкайып
Таздын кейпин такыр кийбейт көрүнөт!
1982

 

ДАРБЫЗДЫК МАНИФЕСТ (Рамис РЫСКУЛОВГО)

I
Байтал сүтүн шимирип,
Баш айланып чимирик,
Икар болуп кеттим мен,
Итим калды бир үрүп.

Таманыман чаң чыгып,
Талбай учуп талпынып
Өрдөп барам Жер шарын
Өркөч кылып артынып.

Миң кыялдар шыркырады,
Миң ырларым буркурады.
Ичкен сүтүм иридиби,
Ичим жаман куркурады.

Өйдө карап үшкүрөм,
Өңгөчүмөн түкүрөм.
Кудай сындуу кыйналам
Кыян жүрүп ичимен.

Жылдыздарга жетип баш,
Жылмайганда серпип каш
Жүлүн өрттөп туйлады
Жүрөгүмдө экстаз.

Күлкүсүнөн күн кыздын
Күнгө салам ыргыттым.
Урунуп Жер жарылды
Урчугуна жылдыздын.

Жердин шарын жарылган
Жулуп алып жонуман,
Кармап-кармап башымы
Кайгы тарттым: «Не кылам?»

Тең бөлүнгөн Жер шарын
Тепчип жамай баштадым.
Күн баш кыздар ыйлайт ко,
Кой, эртерээк кайтайын!

Кайгым артып келатам,
Каным кайнайт арашан.
Ал жарылган Жер эмес,
Дарбыз экен карасам.

II
Мен — дарбызмын.
Жылдыздар урчугуна
урунуп тарс жарылам.
Мен — кылымдар кылдарына
илинген дарбызмын бир.
Мен — дарбыздын кабыгымын
тоотпос атом бомбасын.
Мен — дарбыздын үрөнүмүн,
өлбөй кайра өнө берем.
Укта, коон!
Укта, ашкабак!
Укта, бадыраң!
Мен — дарбызмын,
мен келатам.

III
Буга чейин мынчалык эч
мен дарбызды сүйбөгөм,
Жетет эми.
Мен дарбызга үйлөнөм!
1969

«Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.03.2011-ж.

Котормолор

Назым Хикмет

КҮЗ

Күндөр кыска.
Дыбырайт жамгыр тышта.
Бу белгиси келген күздүн.
Эшигим ачык турду, сени күттүм…
Кечиктиң неге мынча?
Дасторкондо көк калемпир, туз-наным бар.
Шарапка мелт-калт толо кумганым бар.
Камылгам өз алынча.
Мен сени күттүм, күттүм,
сага деген шараптын жармын ичтим,
кечиктиң неге мынча?
Бах, карачы, мөмөлөр дүйүм-дүйүм
салбырайт бутактардан ширин-ширин.
Дабыр-дабыр күбүлүп, түшүп жерге
калар эле мөмөлөр,
эгерде сен
дагы бир аз… бир азга кечиккенде…

Соц тармактар:

Салижан Жигитов: 11 комментариев

Добавить комментарий