Төө жана жамбаштаган кыргыз (төө сатуу, төө чечмей)

Илгерки кыргыздардын жашоосунда төө абдан чоң орун ээлеген. Ал 300-400 кг көтөрө алгандыктан, 45 күндөй суусуз жүрө алгандыктан көчүүлөрдө эң мыкты жардамчылардын бири болсо да, кыргыздардын ар кандай оюндарында катышкан. Ошондуктан “Кыргыздардын шаан шөкөттөрү” аттуу орус тилиндеги китептен төмөнкүдөй маалыматты кыргыз тиленди чыгарууну чечтим.

Төө сатуу
Бул шайыр көңүл ачуу эркектер менен уюштурулган. Эки катышуучунун бири оозуна кичине ун салып чайнап, төөнү аткарган. Экинчиси “төөнү” жүгөнүнөн жетелеп “Төө сатам” – деп айылды бакырып кыдырган. Жолуккандардын бири сөзсүз оюнду колдоону көздөп, колго түшкөн да “төөнү” сатып алууга макул болгон. Аны сынап жатканда, ал көнгөндөй тиштерин көрөйүн дегенде ундан жасалган түкүрүктү бетке жеген. Бул көрүнүш көрүүчүлөрдү аябай кубаткан.

Кээ бир тарых булактары маалымдаганы боюнча мындай тарыхый маалымат кызыктуу болуп көрүнөт: “Эркектер аялдарга караганда азыраак болчу.Эркектер кулагында сөйкө тагышкан. Алар сыймыктуу жана туруктуу. Айкөлдөр колуна ийне менен чегип сүрөт тартышкан, аялдары турмушка чыккан соң, мойнуна сүрөт чегишкен. Эки жыныс тең бөлүнбөй жашашат, ошондуктан бузукчулук көп”. Мүмкүн ак чөлмөк, бет тиштемей, бел боо, төө чечмей оюндары ушундан башталат.

Төө чечмей.
Бул оюн-зоок чоң тойлордо жана аштарда уюштурулган. Манас эпосунда дагы төмөнкүдөй эскерилиш бар:

“Жамбаштан жерди ойсок – деп,
Казык кагып төө байлап,

“Жып жылаңач чечинип,
Чечип ал” – деп, койсок деп”.

Чоң тегеректе отурган көөрүүчүлөрдүн ортосунда чыканактай терең чуңкур казылган, ал жерге казык орнотулган. Анын белине кымбат-баалуу нерселерди, килемдерди, терилерди, кийим-кечектерди, жасалгаларды жана ар кандай тиричилик буюмдарды жүктөп төөнү байлаган. Тегеректин ортосуна жарчы чыгып, “Төө чечмей” оюнунун башталганы жөнүндө жарыя айткан. Аялдар Бул оюнга катышууну каалаган аялдар төөнү чечип, кымбат-баалуу нерселерди жана төөнү алып кетишкен. Көчмөн кыргыздардын үрп-адаттары ислам дини орношкон убактысына чейин ачык пуритандык мүнөзгө ээ болгон эмес, ошондуктан, бул оюнга катышатурган аялдар ар дайым бар болушчу.

Ошондой эле бул оюнга колунда жок аялдар баалуу белектер үчүн эле катышышкан. Оюндун шартты боюнча бул аялды эки тууганы узатышкан. Алар байланган төөдөн 500-700 метр аралыктагы атайын коюлган боз үйгө киришкен. Боз үйдө аял досторунун жардамы менен жып жылаңач болуп чечинип, кымбат чапан кийгизилип, чапанын этегин чогулткан соң, ошол эле туугандары менен көрүүчүлөрдүн ортосу менен төөгө басып барган. 40-50 метр калганда ээрчиткен аялдар анын чапанын чечип токтоп калышкан.

Андан соң ал жалгыз, башынан бутуна чейин жеткен, туурасы 10-15 смдик чачпак болгон. Ал казык менен чуңкурга келип төрт бутуна туруп, чогулган адамдардын көзүнчө төөнүн тизгинин тиши менен чечип баштаган. Бул аракети отуз мүнөттөн элүү мүнөткө чейин созулган, анткени тизгин ар кандай татаал жана катуу түйүн менен байланган. Иш ийгилик менен аяктаганда ал туруп, аны узаткан аялдар чапан таштап, анан алар төө менен белектерди боз үй жакка алпарышкан дагы анын мындан кийин менчиги болуп саналган.

Ошондой эле бул оюндун башка варианты да бар болгон. Бул учурда төөнүн тизгинин чечкен аял бээ деп аталган. Ошол эле учурда эркек киши дагы катышкан, аны айгыр деп аташкан. Аял төрт буттап төөнүн тизгинин чечүүгө милдеттүү болгон, бул мезгилде эркек киши ага тоскоол болгон. Аял андан буттары менен гана тебингенге уруксат берилген. Эркек киши аялды тизгинди чечтирбөөгө жана аны ээлеп алууну көздөгөн. Эгерде аял жеңүүчү болуп чыкса анда бүт белектерди алып кеткен. Эгерде эркек киши утса, төөнү алган, ал эми белектер аялга кеткен. Эгерде аял менен эркек талаптарды аткаралбай калышса анда аял баалуураак белек катары төөнү алып кеткен, ал эми эркек белектерге ээ болгон.

Жыйынтыктап айтканда, биздин ата-бабаларыбыздын оюн-зооктору мени таң калтырды.Бирок, кыргыздын макалы боюнча: “Жүз жылда жер жаңырат,элүү жылда эл жаңырат”-, дегендей калкыбыз азыркы учурда тарыхында жаңы баракчаны ачып жатат.Бүгүнкү учурдагы элибиздин үрп-адаты илгеркиден бир топ айырмаланып турушуна мен үмүттөнөм.

«Neweurasia — Kyrgyzstan», 27.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий