«Ашыке»

Жакында төкмө акын Жеңишбек Токтобековдун демилгеси жана түзүүсү менен устаты Ашыраалы Айталиевдин ырларын, айтыштарын, маектерин жана залкар акынга болгон эскерүүлөрдү, арноолорду камтыган «Ашыке» аттуу китеп «Турар» басмасынан жарык көрдү. Сөз башында эле устатынын ырларын жана ал тууралуу арноолорду мыскалдап чогултуп, өзүнчө бир китеп кылып чыгарып койгон Жеңишбек Токтобековдун эмгегине баа берип койгонубуз оң деп ойлойбуз. Бардык эле устаттардын шакирттери ушул Жеңишбектей болсо кана.

Залкар ак таңдай төкмө Ашыраалы Айталиевди кимдер билбейт. Анын төкмө акындыгын айтабызбы, же обончулугунбу, дастанчылыгынбы, бар тарабынан шайма-шай келген талант эле. Ашыкени — улуттук акындык төкмөлүк жана обончулук өнөрдөгү кайталангыс өзүнчө бир ажайып доор десек эч жаңылбас элек. Жашырганда эмне, Ашыкедей таланттар кылымда бир жаралат. Бул анын талантын ашкере мактоо эмес. Бул анын талантына карата татыктуу айтылган сөз.

Ашыраалы Айталиев залкар талант эле. Бирок, ал бир келген өмүрдө карапайым жашады. Ал атак-даңкка да, башкага да умтулган жок. Арийне, жалпы элдик сыймык ага өзүнөн өзү келди. «Ашыке» аттуу китепти барактап олтуруп, мына ушу ойлорго жетеленесиң. Көрүнүктүү музыка изилдөөчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Балбай Алагушов «Ашыкеңдин атак-даңкын чыгарып, ыр дүйнөсүнүн багын ачкан «Жылкычынын ыры» менен «Нарындан жазган салам кат» болду. Булар мазмуну жагынан бири-бирине окшош ойлорун улаган махабат ырларынан болсо да обондору, аткаруу (ырдоо) ыкмалары, аваздык көркөм боектору жагынан асман менен жердей айырмаланды. … Ашыкеңдин жалпы чыгармачылыгы тууралуу ой жүгүрткөндө ак таңдай акындыкты, обончулукту, ырчы-аткаруучулукту аралаштырбаганда нака лирик акын болмогуна күбө болосуң» деп жазат китепке жазган баш сөзүндө таамай белгилеген экен.

Ашыке өз чыгармачылык өмүрүндө ак таңдай акын, обончу, ырчы-аткаруучу гана болбостон, кыргыз төкмө акын жаштарынын бир муунунун сүйгөн устаты да боло алды. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри Садык Шер Нияз «Ашыраалы атабыздын кийинки муундарды тарбиялаганы кыргыз эли үчүн опол тоодой чоң эмгек. Ар бир айтышта балдар жеңип келсе, терисине батпай сүйүнүп, катасын көрсө күйүнүп турар эле. 2001-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин ар он күндө жолугуп, ар бир сөзүн тасмага түшүрүп, айтыштын архивине сактап калдык. Ашыраалы Айталиев бирибизге ата, бирибизге ага болсо да Ашыке деген улуу ат менен жүрөгүбүздө кала берет» деп эскерет бул китепте.

Ооба, Ашыраалы Айталиев Ашыке деген атка татыктуу жана сыймыктуу өмүр сүрдү. Бирок, ошондой болсо да Ашыкенин жубайы Наиля Айталиеванын эскерүүсүн окуп олтуруп, эмнеге өз учурунда ак таңдай акын Ашыраалы Айталиевге Токтогул сыйлыгы, «Кыргыз Эл Баатыры» наамы ыйгарылбады деп таңгалып да кетесиң. Андан да таңгалычтуусу, Ашыраалы Айталиев «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген жупуну наамды анын ырларын аткарып жүрүп, «… эмгек сиңирген артист» болгон жаштардан бир топ кийин алган экен. Ашыке 75 жашка, 80 жашка келгенде да бийлик Ашыраалы Айталиевди унутуп коюп, залкар акындын мааракеси «Айтыш» фонду жана анын уюштуруучусу Садык Шер Нияздын демилгеси менен өткөрүлүптүр. Таңгаласың, арагасыз таңгаласың!!!

Мына минтип «Ашыке» аттуу китеп да анын шакирти Жеңишбек Токтобековдун демилгеси менен чыгып атканы да көп нерсени айтып турат. Урматтуу окурмандар, эгер сиз Ашыраалы Айталиевдин талантын сыйлаган болсоңуз, «Ашыке» аттуу өтө кызыктуу китепти кайдан болбосун таап алып окуйт деген ойдобуз. Дегенибиз, Ашыке элдик адам болучу. Анын ырлары, обондору, дастандары эл жүрөгүнөн эбак эле түнөк тапкан залкар талант болчу.

Болотбек Таштаналиев, «Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий